ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЭМНЕЛЕРДИ ЭСКЕ АЛУУ КЕРЕК? ЭЛ МУГАЛИМИ ГАПЫР МАДАМИНОВ ЖООП БЕРЕТ

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 21 янв 2025

Комментарии • 230

  • @НурайУбраимова
    @НурайУбраимова 2 года назад +87

    Мыкты философ, оратор, көрөгөч, мугалим

  • @АйгеримОмуракунова
    @АйгеримОмуракунова 3 года назад +112

    Ушундай адамдар бар экени биздин заманда кубандырат,кооп жашаныз,элге кооп

  • @ulanbekkadyrov8684
    @ulanbekkadyrov8684 2 года назад +56

    Агай бар болуңуз,эмгегиңиз акталып жатканына,улан кыздарды тарбиялап,мөмөлүү дарак сыяктуу,балдар кыздарга туура билим берип жатканыңызга рахмат.Сиз дарак болсоңуз,окуучуларыңыз мөмөлөрүңүз.Бар болуңуз агай!🇬🇧🇬🇧🇬🇧🇬🇧🇬🇧🇬🇧🇬🇧Улуу Британиядан салам.

  • @ytbaysalbek
    @ytbaysalbek 3 года назад +48

    Сизден ишине ашкере берилген мугалимдер кобоё берсин

  • @ГулбарчынМамасадыкова

    Агайдын омуру узуун болсун!

  • @anurlanbekova1755
    @anurlanbekova1755 3 года назад +39

    Ма Шаа Аллаh,,,агай сизге Аллахым ден-соолук, берекелуу омур, эки-дуйно бактылуулук берсин Амин

  • @АаламАалам
    @АаламАалам 3 года назад +23

    Агай азамат, Аллах ыраазы болсун, ушундай мугалимдер коп болсо, олкобуз тез онукмок

  • @SAITAHAT
    @SAITAHAT 3 года назад +14

    "Мектеп директору ким болуусу керек? Мыкты башкаруучубу? Чарбагерби? Уюштуруучубу...? Ал барынан мурда мыкты мугалим болууга тийиш"-деген
    В.А.Сухомлинскийдин сөзү менен баштагым келди. Себеби Г.Мадаминов агай мыкты мугалим.
    Umma журналына берген интервьюсуна пикир:
    1️⃣ Теманын ичинен кайсы жери (абзац, ою ж.б.) сизге жакты.
    "Билим тарбия берүү мектептин гана проблемасы эмес, ал саясий, маданий системанын бүткүл коомчулукту ойлонто турган мезгил келди..."деген жери абдан жакты жана туура айтты.
    2️⃣ Кайсы бөлүгүн өзүңүзгө алдыңыңыз?
    "Адамдагы адамдыкы жоготуп койбойлу..."
    Информациялык коомдо информацияны ылгап пайдалануу методу.
    1-Аң сезим ууланып бара жатат.
    2-Эң кымбат адам ресурсу убакыт кетип жатат.
    3-Ден соолук кетип жатат.
    Акыл гимнастикасын, тарбия гимнастикасын өзүмө алдым.
    3️⃣ Кайсы жери сиз үчүн өтө кызыктуу болду?
    Пётр биринчинин "Мен түбөлүктүү окуучумун, түбөлүктүү устат издеймин"деген мөөрүндөгү жазуу. Бүгүнкү күндө барыбызга эң керек...!
    "Ааламдашууга адамдашууну каршы коёлу!
    Ааламдашууга адамдашуу менен жооп берели!
    Адам болуу, адамдыкы сактап калалы!"-деген цитаталар абдан жакты. Мындай ой толгоолор даанышман ойчул адамдардан жаралат. Ч.Айтматовдун "Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу" деген учкул сөзүнө үндөш келип тарбиялык мааниси терең ойду айтып кетти.
    4️⃣ Кайсы жери түшүнүксүз болду?
    Бардыгы түшүнүктүү. Өтө кызыктуу маек болду.
    5️⃣ Кайсы жерин (абзац, сүйлөм, сөз) сиз башкаларга окууга сунуштайсыз?
    Өзүн-өзү тарбиялоону, өзүн-өзү таанууну, өзүн-өзү анализдөөнү сунуштаймын.
    6️⃣ Кайсы жерин өзүңүзгө пайдаланасыз?
    Өзүн өзү тарбиялоону, өзүн-өзү анализдөөнү, терс сапаттарды жоюуну.
    Агай окуучуларына эле ТАРБИЯ гимнастикасын өтпөстөн бизге дагы, алардын ичинен мага да айрыкча тарбия гимнастикасын өтүп келет. Терс сапаттар, адамкерчилик тууралуу лекцияларды эң сонун өтүп, тарбиялап келет... Учурдан пайдаланып жаза кетейин агайга терең ыраазычылык билдирем. Канча убактысын кетирип ар дайым жекече да иш алып барып адамдык сапатты, адамкерчиликтин баалуулуктары ж-дө айтып акыл-насаатын тынбай берип келет...Ал үчүн чоң ырахмат сизге АГАЙ!
    7️⃣ Сиз ошолорду окуп, түшүнүп өзүңүзгө кандай таасир алдыңыз?
    Адамкерчиликтин баалуулуктарын бул маектен да терең түшүнүп, улуу асыл инсандык сапаттар тууралуу айткандары абдан таасир берип, ойго салды😔😊👍.
    Агайдын ар бир сөзү, маеги чоң тарбия ал эле эмес кыймыл аракети баскан турганы отурганынан да чоң тарбия ала алсак болот. Ал ж-дө кызык болсо кийинчерээк жазып, же айтып берээрмин...
    Тарбия гимнастикасын барыбыз, жашообузда пайдаланалы! Аң сезимди ойготолу! Адамкерчиликтин олимпиадасын өткөрөлү! Өзүбүздү өзүбүз ата-эне болууга, келин, күйөө бала, чоң ата, чоң эне болууга тарбиялайлы!
    Методдор тууралуу айтканы да таасирдүү. Абдан бизге керектүү кулак кагыш коңгуроо кылгандай жан дүйнөбүзгө төңкөрүш кылып, патриоттук сезимди да ойготуп жиберди!
    Маекти уюштурган "Umma" журналынын жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирем. Агайды бат-бат чакырып интервью алып турууңуздарды сиздерге да сунуш катары айтып кетким келди🙈🤭🙈
    Себеби агайдан көп нерсени эл угушу керек!!!
    Көңүл буруп аягына чейин окугандарга чоң ырахмат. Бул маекте өтө терең философиялык ой толгоолор даанышмандык кептер айтылган.
    Кыскача жазып оюмду билдирген:
    Салтанат Бейшенова
    Талас облусу.
    26-сентябрь 2021-жыл. Түнкү саат: 03:15

    • @ЖумагульБожоновна
      @ЖумагульБожоновна 2 года назад

      Салтанат айым, мен бул агайды анда санда коруп журдум эле, бугун озун озу онуктуруу бобнча издегенимдн чыгып калып, Кыргызстанга барган бул агайды мага устат болунуз деп суранайын деп чечтим. Машалла, ушундай агайыбыз бар экенине, кандай гана керемет создор, журогумо каждый созу так отуруп калды, мынча издеген создорду таба алдым. 🤔🥺

    • @БусаадатТавакилжанкызы
      @БусаадатТавакилжанкызы 2 года назад

      Эн жакшы

  • @ЭнелермектебиЖалал-Абад

    Өтө мыкты маек болуптур.Уюштуруучуларга Аллах ыраазы болсун.Агайдын сабактары табылгыс тренингдер.Тарбия гимнастикасы укмуш экен.мектепте колдонсо жыйынтык болмок.Мен сөзсүз колдоном. Агайдын усулу уникалдуу,системалуу.Бар болуңуз агай биздин көч башыбызда.

  • @baktygul8559
    @baktygul8559 2 года назад +16

    Аллахыма чексиз шүгүр сиздей инсандарды Кыргыз элиме бергенине... Өмүрүңүз узун болсун.Ден-соолук каалайм.Агай аман болуңуз.

  • @Erbol-er2og
    @Erbol-er2og 2 года назад +24

    Сиздей адамдар көп болсун.

  • @КенжеАжымудинова-г8у
    @КенжеАжымудинова-г8у 2 года назад +20

    Агай көп жашаңыз. Ой максаттарыңыз 100% ишке ашсын. Сиздей адамдардын болушу- Кыргыз элинин келечегинин өсүшү.

  • @Майрам-в8в
    @Майрам-в8в 2 года назад +16

    Агайга коп коп колдоолор корсотсо жакшы болмок биздин тоболдор

  • @НурипаСуеркулова
    @НурипаСуеркулова Год назад +1

    Агай эки дуйно бактылуу болун,мкгалим момолуу дарак деген соз туура айтылган,Гапыр агайдай инсандарыбыз бар экен Кыргыз эли байбыз.Ото сонун философиялык мааниси чон создор,заман талабы болуп жаткан,элибизге эн керек билимдер.
    Министр образования Гапыр агай болуш керек,

  • @БозуланМатмуратов

    Гапыр агайды колдоо учун каражат топтоого макулмун дегендерден бир класс.

  • @dinaraaitbekova9615
    @dinaraaitbekova9615 3 года назад +16

    Ден соолукта болуңуз агай👍👍👍

  • @kadyrova.b.akylbekovna.28
    @kadyrova.b.akylbekovna.28 3 года назад +22

    Бар болунуз. Ден соолук, узуун омур берсин 🤲🏻

  • @к.о.жашоокандайсоонункарачы

    Сиздей Гений агайларыбыз кобойсун рахмаат агай ден соолукта болунуз

  • @ира-б2ъ
    @ира-б2ъ 2 года назад +7

    Бишкекеда ушундай мектеп ачыныздар агай кыздарыбызды окутаар элек

  • @ФаридаТоксобаева-п1п
    @ФаридаТоксобаева-п1п 2 года назад +10

    Ушунчалык керек окууларды айттыныз .Рахмат агай

  • @СалтанатАсаналиева-л6е

    Карагылачы кандай Гана маанилуу создорду айтып жатат.Оорубаныз агай.Кыргызстанда номер биринчи акылман агайыбыз.угуп Гана отургун келет.жонокойлугун карагылачы,кандай сулуу Адам.Кудайым Ден соолук бактылуу карылык берсин..

  • @МастураСабирова-ю2ю

    Эн туура , айткандарыныз. Абдан акылдуу агайсыз. Сиздин жолунузду улоочу Соонун кызыныз бар экен.
    Рахмаат!

  • @НургульАсангулова-ц4о

    Кыргыздан чыккан Аманашвили Гапыр агай сиздин усулдук кеңешиңиз улуттун келечегин түптөөгө жасаган аракетиңиз үчүн башымды ийем

  • @tattygulabdraimova13
    @tattygulabdraimova13 Год назад

    Омурлуу болунуз агай. Сиздин мектептин филиалдарын ачыш керек башка областтарга

  • @salima8276
    @salima8276 2 года назад +12

    Ма Шаа Аллах,омурунузго кудайым береке берсин,оорубаныз агай

  • @НазираЧотбаева
    @НазираЧотбаева Год назад +2

    Ото эмгекчил, ожор, мээнеткеч, корогоч агайсыз Гапыр Мадаминов!!! Колдоо керек, уникалдуу ыкмасын бардык мектепке колдоонусу зарыл, азыркы учурда!

  • @РахатКалдыбаева-и3и
    @РахатКалдыбаева-и3и 2 года назад +6

    РАХМАТ АГАЙ ӨМҮРҮҢҮЗГӨ ДЕН СООЛУГУНА БЕРЕКЕ БЕРСИН АЛЛАХЫМ

  • @ГулбараАтамбекова-ъ5б

    Рахмат Газар агай, баарыбызга ушундай билимдер буйрук насип кылсын.

  • @salamatsuinalieva4230
    @salamatsuinalieva4230 Год назад +1

    Кандай керемет маек курдунуз агай. Ото пайдалуу кенештер. Бар болунуз !

  • @АйсулууТуйгункызы
    @АйсулууТуйгункызы 2 года назад +9

    Аллахка чексиз шугурлор мактоолор болсун.элимде ушундай инсандар бар экен дагы деле улутубуз коп кылымга жок болбой жашайт.Ушул агайыбызга кыргызстан боюнча эн чон лицей куруп беруубуз керек деп ойлойм.

  • @КумушайАсилбеккызы-щ1ь

    Эң сонун Агай 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @ШекерканАттокурова
    @ШекерканАттокурова 2 года назад +21

    Кыргыз качан кыргыздын мырзасы болот, ал качан озунун салт санаасын сактаганда, Жана курандын негизинде, Мухаммад саллаллооху вассаламдын кудай коргозгон сунноттору менен жашаганда.

  • @toibasalieva8866
    @toibasalieva8866 2 года назад +9

    Маша Аллах отто чон озунуз айткандай анча мынча айтылбаган эн кыммбат тарбиялык создор акылынызга омурунузго береке

  • @ЗуляЖолматова
    @ЗуляЖолматова 2 года назад +4

    Умма журналына ийгилик каалайбыз. Агайдын эмгегин кыргыз журтчулугуна жайылтырууда чон салым кошуп журушот.
    А Агайдын методикалары 27 жылдан бери эксперимент жургузулуп, тастыкталган методдор.
    Бир эле мисал: 2021-2022 окуучунун жылынын жыйынтыгы боюнча ОРТ орточо балл 119.5 экен. Ал эми #3 гимназияда 165 балл болду. Бул Бир эле мисал.

  • @GISSAR_AFGAN
    @GISSAR_AFGAN Год назад +5

    Агайым алтын башыныз аман болсун. Кооп жашаныз омурунуз узуун болсун.
    Тентек окуучуларыныздын биримин. Европанан салам баарыныздарга.

  • @jusueva5272
    @jusueva5272 Год назад +3

    Рахмаат агай өмүрүңүз берекелүү болсун

  • @komoliddinjaloldinov2037
    @komoliddinjaloldinov2037 Год назад +8

    Даайым эле чет олконуу туурай бербей,ушундай агайга окшогон агай эжейлерибиздин кеп кенешин алып озубуздун улуттук билим беруу системабызды онуктуруп,жеке нукура кыргыздын менталитетине туура келетурган предметтик китептерди чыгарышыбыз керек.Агайга чон рахмат,агайдын омуру узун,берекелуу болсун,жаштарга талыкпай оз билимин тажрыбасын уйрото берсин.

    • @nabirausubakunova2564
      @nabirausubakunova2564 Год назад

      Агайдын китептерин кантип көбөйтүп элге таратабыз

  • @АзизаШаакеримова
    @АзизаШаакеримова 2 года назад +4

    Гапыр мырза биздин мектепке келип тренинг өтүп берсеңиз жакшы болот эле 102 мектеп мугалимдер үчүн пайдалуу маалымат болот эле деп ойлойм

  • @АйтолкунШатманова-ь1р

    Кандайсыздаар агай сизге,терээн ыраазылык билдиребиз, сизди биринчи жолу кордук, коруп аябаай суйундук сизден сураанарым мени да сабагынызга жазып коюнузчу, учурда биз россиядабыз алдын ала рахмаат сизге

  • @azamataydarov7977
    @azamataydarov7977 2 года назад +4

    Агайдан Алла ыраазы болсун элдин сабаттуулугу учун мээнети чон экен

  • @liliacaraeva9477
    @liliacaraeva9477 Год назад +2

    Кыргыз элими жаркыраган Чолпон жылдызы бар экенине кубанып , элимди алдыга , туура жолго баштаган Гапыр агай бар экенине аябай кубанып отурамын, сизге чооң рахмат агай ,сизден дагы дагы чооң ийгилик жаратат деп ишенебиз

  • @marliskarataev4552
    @marliskarataev4552 Год назад +2

    Өзүнүн ишин жан дүйнөсү менен жакшы көргөн адам👍

  • @usonbaitashiev
    @usonbaitashiev Год назад +12

    Эл баатыры наамын ушундай адамдарга берүү керек...

    • @rewwee3858
      @rewwee3858 Год назад

      Ташиевден артпайт наамдар азыр

  • @АзатбекСатаров-в5ю
    @АзатбекСатаров-в5ю 11 месяцев назад +1

    Көп жашан Гапыр агай

  • @ЖылдызЭргешова-з6э

    Алла ыраазы болсун агай сизден, Кыргыстанга чоон салымынысты кошуп келесиз.

  • @ТорогелдиАйдарбеков
    @ТорогелдиАйдарбеков 2 года назад +1

    Айдарбекова Райхан.
    Гапыр агай, сизге Алла фразы болсун.Сиздин адамкерчилинезге таазим кылам!Сидин онлайн "КУТ"курсунузда окупкоп пайдалуу ыкмаларды алып сабактарда пайдаланып датам.Сиздин интернете анемелерди кызыгуу менен угуп датам.Менда тарбияга чон конул бурам.Озгочо мага абдан жакты ыйман,тарбия олимпиадасы болсо Деген.Бул нерсе жалан балдар учун да мугалимдер учун эн керек нерсе.Менда сизге окшоп кайгырам мерездик коомдо болуп жатканына.

    • @mederkul1390
      @mederkul1390 2 года назад

      Китептерин кайдан алабыз

  • @АбдиллазизУбайдиллаев

    Өтө мыкты маек болуптур мага абдан жакты👍👍агайдын гимназиясына кантип окууга кирсе болот экен кантип байланышса болот

  • @aibabrat
    @aibabrat Год назад +2

    Ушул агайды Аллах Таала ыраазычылыгы үчүн жакшы көрдүм.

  • @ГулнараЖумабекова
    @ГулнараЖумабекова 9 дней назад

    Бар болуңуз агай бар болуңуз, сиздей адамдардын бардыгына шүг үр

  • @azamataydarov7977
    @azamataydarov7977 2 года назад +4

    Омурунузго береке!

  • @КыргызКарышкыр-п7г
    @КыргызКарышкыр-п7г 2 года назад +3

    Таазим 🙏

  • @Андрей-ф3р8р
    @Андрей-ф3р8р 2 года назад +4

    Агай иштеринизге ийгилик омурунуз узун болсун бала-чаканыздын убайын корунуз.Окуу жайынызга барып аябай тан калдым ушунчалык жетишкендигинизге,сабырдуулугунузга таалим-тарбия жонокой адамгерчилигизге .Сизден коп нерселерди уйронсо болот .Агай сизге сиздин жамаатка ден-соолук дагы жаны ийгиликтерди каалаймын.....

  • @ЖаннаРакаевна
    @ЖаннаРакаевна Год назад

    Чиркин кандай соонун Инсан,баарыбыз окуп окурман болсок экен🤲🤲🤲🙏🙏🙏бар болунуз

  • @Mayrambek21
    @Mayrambek21 Год назад +1

    Молодец Агай👍🏻✊🏻, Аябай жакшы пайдалуу болду тушунгондор учун

  • @КыргызКарышкыр-п7г
    @КыргызКарышкыр-п7г 2 года назад +5

    Жердешим менен сыймыктанам

  • @нуржамалНовый
    @нуржамалНовый 4 месяца назад

    Ушундай мугалимдер бар болсун

  • @gumaxanym
    @gumaxanym Год назад

    Аллаһ разы болсын Гапыр ағай! Осы кітаптардың электронды нұсқасы сатыла ма? Арзан бағада...

  • @JK-21223
    @JK-21223 Год назад

    Отто кучтуу мугалим,ар бир нерсени маани берип айтат.Бут тараптан акылы МОЩНЫЙ бир соз мн айтканда!Омуру узуун болсун ,кыргызга пайдасын тийгизип кокторго,бийиктиктерге чыксын.

  • @bakylamadmarova5010
    @bakylamadmarova5010 2 года назад +6

    Саламатсызбы Агай сиздин суйлогон созунуз ,маегиниз мага абдан керек жана ото отумду экен. Абдан соонун создор кыргыз элимде ушундай создору алтынга тете маанилуу создор айтылды ыраазычылык !!! Мен озум педагогмун менин оюумдагы создорго жооп таптым , Кудайдан сиз менен бетме - бет маекте коруштурсун.

  • @ФаридаТоксобаева-щ5т
    @ФаридаТоксобаева-щ5т 2 года назад +4

    Рахмат сизге.Сонун создорду угуп суйунуп атабыз

  • @АянаКамилбекова
    @АянаКамилбекова Год назад +3

    Аллахым омурунузго берекесин берсин агай,сиздей инсан менен сыймыктанабыз.

  • @Рустам-т2с
    @Рустам-т2с 2 года назад +4

    Ушунча жыл жашап бул агай жонундо мен бугун угуп коруп жатам. Менда Баткенден болуп туруп туруп кантип билбей калдым.

  • @nuraiymmaks
    @nuraiymmaks Год назад

    Окунучтуусу бизге мындай агай буйрубады

  • @ainagulnamazbekova7908
    @ainagulnamazbekova7908 2 года назад +3

    Ммына азыркынын Разакову , бар болунуз агай . Сиз ен туура айтасыз , озун ОЗУ башкаруу дан башташ керек екен.

  • @jeniya-ow9xj
    @jeniya-ow9xj Год назад +1

    Эн сонун кыргыз үчүнчү мотивация айтып кетти Гапыр агай чет элди айтпай өзүбүздү мектепте тарбиялабасак азыркы жаштар унутат

  • @КундузТашбаева-о4ц

    Эн туура сунушту айттыныз агай. Биринчиден адамдык сапатты биринчи орунга койолу бири бирибизге мамлебизди ондойлу, кичууну ызаттап, улууну урматтайлы.

  • @gulzadapaizova2405
    @gulzadapaizova2405 Год назад

    Ден соолукта болуп кооп жашан.Сиздей педагогдор коп болсо жакшы болмок

  • @ВенераИсраилова-л7с
    @ВенераИсраилова-л7с 2 года назад +3

    Аман болунуз!Ден соолук Уй булоолук бакыт!

  • @ГулнараСултаналиева-ц1щ

    Агай,бар болуңуз,мектептеги балдар эле эмес,ар бир адам үчүн абадай керек тарбиялуу создорунузго таазим.

    • @ПеризаКадырова
      @ПеризаКадырова 2 года назад

      Рахмат сизге агай кооп жашан .Кандай гана таасирдуу создор

  • @Гафур-ш9м
    @Гафур-ш9м 2 года назад +2

    Омурунуз Узун болсун агай!

  • @ТынараМамытбекова-о2ф

    Ээ кандай соонун тарбиялык создор айтылды. Ооба ар бир адам озун адамкерчиликтуу тарбиялаш керек.

  • @Madina-cv4yu
    @Madina-cv4yu Год назад

    Агайдын омуру уузун болсун ден соолукта болсун мыкты философ, оратыр мугалим

  • @АзизаШаакеримова
    @АзизаШаакеримова 2 года назад +3

    Сиздин ишиңизге ийгилик каалайм эмгек сиңирген мугалим деген наам алыңыз.

  • @Алое-ь5ш
    @Алое-ь5ш Год назад +3

    МУГАЛИМДЕР КАПЫР АГАЙДАН САБАК АЛГЫЛА ДЕП АЙТААР ЭЛЕМ БУТ КЫРГЫЗСТАН МУГАЛИМДЕРИНЕ

  • @ГулмираШамшиева-ж4ж
    @ГулмираШамшиева-ж4ж 2 года назад +2

    Кандай гана керемет мындай исан сейрек жаралат го кылымда бир президент колдосо соонун болмок

  • @user-abd6
    @user-abd6 Год назад

    Азыркы жаштарга ушундай сабактар абдан керек! Жан дыуйнонун тазалыгы эн биринчи орунда болуш керек!

  • @user-firdaus
    @user-firdaus Год назад +1

    Сизден Аллах ыраазы болсун! Сиздей өз ишин жан дилиңиз менен аткарган, иштин көзүн билген, кыраакы, акылман, талыкпас, эмгекчил адамды кандай эне жарыкка алып келип, кандай ата тарбиялады болду экен деген собол келбей койбойт экен. Ушундай адамдар Билим берүү министри болуш керек деген көз караштамын. Бүткүл Кыргызстанга тажрыйбаныз менен бөлүшкөнгө, дагы да көп көп муундар сизден тарбияланып, илим билим булагынан сугарылуубузга тилектешмин 🤲🏻🤲🏻🤲🏻

  • @АйгулКамил
    @АйгулКамил 2 года назад +4

    Агац сиздин мектебинизди Бишкеке ачсаныныз жакшы болот эле .

  • @ГулмайрамАлибаева-н8х

    Кандай керемет акылдуу инсан Эне мектебин ачканыныз учун таазим сизге.

  • @АнараКалиева-в5ф
    @АнараКалиева-в5ф Год назад +4

    Агай омурунуз узун болсун,ишинизге ийгилик

  • @БолотбекТемиркулов-ь2ц

    Ушундай агайлардан тажрыйба алсам, кандай кана сонун болот эле

    • @마사벡
      @마사벡 2 года назад +1

      Сизде агайдан тажырыйба алуу максатыныз бар экен. Сиз дагы мыкты инсансыз

    • @nurkyzamankeldikyzy6717
      @nurkyzamankeldikyzy6717 Год назад +1

      Гапыр агай 100/тура айтасыз аман болунуз сизге омур Ден сролук. Кыргызда да эн кучту тартип талимибиз бар бирок аларды Сиз айткандай эскиликтей карап атабыз

  • @РозаАкимжановна-ш1с

    Аллах раазы болсун. Мен да мектепте иштегем бир гана акча үчүн 🤦‍♀️. Агайды тааныгандан кийин ниет, каалоолорумду өзгөртүп өзүмдүн үстүмдө иштеп анан кайтам жумушка буйурса

    • @nabirausubakunova2564
      @nabirausubakunova2564 Год назад

      Роза Акимжанова садагасы сага окшогон сезимтал адамдар көп болсун жакшы ойлорун ишке ашсын

  • @rasulkaliyev8812
    @rasulkaliyev8812 Год назад +1

    Бар болунуз агай сизге Ден соолук каалайбыз,мен албетте окугум келет балдарыма озумо керектуу тарбияны алат экемин

  • @qwerasdf8014
    @qwerasdf8014 Год назад

    Соонун интервью болуптур ✊

  • @МирланОмуралиев-щ3л

    Аябай оратор билимге сугарылган карындашы быз экен.
    Азамат ушундай уул кыздар Кыргызстанды дүйнөлүк аренага чыгарат.

  • @user-g.k.77
    @user-g.k.77 Год назад +3

    Кандай сонун адам! ❤❤❤ Ден соолукта болуп, коп жашаныз! Максаттарыныз орундалсын!

  • @bekbolotormoshov
    @bekbolotormoshov Год назад +3

    Аллахым Баарыбызга Агайдын айткандарына Амал кылышлыкты Насим кыла көр Адам оңолсо Аалам оңолот Ар бирибиз Өзүбүздү оңдойлу

  • @rayaabdullaeva5129
    @rayaabdullaeva5129 Год назад +1

    Маашаллах!
    Агай өмүрүңүзгө береке.
    Ата -энеңизге Алла Ыраазы болсун.
    Сиздей мыкты инсанды тарбиялап өстүргөн.
    Көп адамга таасири бар , заман талабына ылайык видеолоруңузду калтырбай көрөбүз.

  • @Lamboo-o2j
    @Lamboo-o2j Год назад

    МаашааАллах өмүрү узун болсун агай

  • @aisulusapyweva9706
    @aisulusapyweva9706 Год назад +1

    Агай дын Баардык видиолорун издеп коруп жатам !!!

  • @samara8569
    @samara8569 2 года назад +2

    Омурунуз узун болсун !

  • @aziretaisaev-vs1rx
    @aziretaisaev-vs1rx Год назад

    Давно эле ойлонуш керек болучу. Азыр билим берүү сапаты өтө эле начарлап кеткен.

  • @Umut-hv6pt
    @Umut-hv6pt Год назад

    Агайдын интеллектуалдык деңгээли өтө бийик, жогору инсан

  • @melisrahmanuulu
    @melisrahmanuulu 2 года назад +1

    Балдар менен диалог кылууну да уюштуруу герек. Өздөрү кызыккан кесиптер тууралу.

  • @Erbol-er2og
    @Erbol-er2og 2 года назад +2

    Ден соолукта болуңуз.

  • @БекСамалбеков
    @БекСамалбеков Год назад

    Гапыр агайыбызды билим берүү министри кылып шайласак жакшы болоор эле

  • @dinmukhammedtashov801
    @dinmukhammedtashov801 3 года назад +5

    Ото сонун мыкты инсан.

  • @АйгулКамил
    @АйгулКамил 2 года назад +1

    Ааламга жол айылдан башталат деген ушул да молодец .Отунбаева мырка коруп тушунуп ал.

  • @Майрам-в8в
    @Майрам-в8в 2 года назад +4

    Агайдын идеаларын колдоп лицейлер курулса ото жакшы болмок...

    • @Курманбу-н1э
      @Курманбу-н1э Год назад

      Оо садага болойун кудайым өщү жакшы екен мен
      Айабай сүйүнүп ыйлап жибердим ушундай адамды жиберген аллага еки дүйнө раазымын бар болуңуз көп жашаңыз өмүрүңүз узууун болсун

  • @АнараКысымкызы
    @АнараКысымкызы 2 года назад +6

    Энелер мектеби Бишкекте кайсыл жакта? Жана ушул китепти кайдан алсак болот?