УКМК Кара-Көл постундагы коррупция боюнча 13 адамды кармады
HTML-код
- Опубликовано: 4 апр 2023
- УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Транспорт министрлигине караштуу Салмак көзөмөл департаментинин Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик контролдоо постунда туруктуу коррупциялык схема болгонун аныктады.
Маалыматка караганда, жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү жана ташылып жаткан жүктүн уруксат берилген чегинен ашкан салмагын жашыруу үчүн акча ар бир унаадан 500 сомдон 10 миң сомго чейин акча алып турушкан.
“Бул ишке Транспорт министрлигинин борбордук аппаратынын Транспорттук көзөмөл башкармалыгынын айрым кызматкерлери да катышып, алар аралыктан мониторинг жүргүзүү жана жүк ташуучу унаалардын ашыкча салмагын белгилөө менен бирге, бузууларды жашыргандыгы үчүн посттун кызматкерлеринен системалуу түрдө “өз үлүшүн” алып турушкан” , - деп айтылат маалыматта.
Алар мындай кылмыштуу ишин жашыруу үчүн УКМК кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан.
Ушул жылдын 4-апрелинде айдоочудан ашыкча салмак үчүн 5 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик контролдоо постунун 8 кызматкери, ошондой эле посттун улук нөөмөтчүсү, транспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысы кармалды.
Бул иш боюнча жалпысынан Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалганы айтылды.
«ЭРКИН-ТОО» МАМЛЕКЕТТИК РАСМИЙ ГЕЗИТИ
_________________________________________
Биздин сайт - www.erkin-too.kg/
Инстаграм - / erkintoo.kg
Фейсбук - / erkintoo.kg
Ютуб - / @user-tv6iw1xk4b
Телеграм - telegram.me/+-Vvnr0xngUA4NjEy
#кыргызстан #эркинтоо #кабарлар #ош #баткен #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #чуй #бишкек #жаңылыктар #маалымат
Базар жок
Дагы мындайлардын далайын кармагыла
Эмне учун бетерин корсотпойсунор Эл душмандары булар бетин корсотуш керек эл билиш керек
Акыреттеги сурактан коркпогондор...
Мындай жеп - жутаарлардын колдогон крышаларын кошо кармабаса , кутулуп кетишет .
Булар бере турганын берип, боштондукта эле журушот. Кармаганы жон эле шоу окшойт
Оппа
Сасновкадагы гаи пост налоговый автовес ушуларды эч ким карабайт наглый акча алышат
Арам акча жегендерди жакшы кылды .
Бумеранг 😂
👍👍😂
Сёмканы Ким кылган ошондо
Бети бет эмес эшшектин артындагы жериби эмнеге бетин корсотпойсун . Эл корсун , билсин балким бул эшшектердин курмандыгы болгондур .
Жеп тойбой олосунор
Арам Акча Тешип Чыгата
Эртең койуп жибересинер бирок 😂😂😂