Ай секет Сыймык Бейшекеев
HTML-код
- Опубликовано: 15 янв 2021
- Ай секет
Сөзү, обону Элмирбек Иманалиевдики
Арманым бойго сыйбады секет,
Ашыктык дарты кыйнады секет.
Күйүтүм бойго сыйбады секет,
Кургулук күчү кыйнады секет.
Өзүңдү сүйдүм бир гана секет,
Өзөгүм күйөт тим гана секет.
Тактайын ырдап сүйүүмдү эми,
Табалбайм башка бир дабаа секет.
Жылдызы болбо жанымдын секет,
Жыл өтпөй туруп сагындым секет.
Айы сен болбо жанымдын секет,
Ай өтпөй туруп сагындым секет.
Өзгөчө кыздар элде көп бирок,
Өзүңө гана багындым секет.
Мерседес сымал зыркырап секет,
Мезгилдер алга умтулат секет.
Сай-сайдан ылдый суу агат секет,
Саргайып жүрөк уланат секет.
Самаган акын өзүңдү анан,
Сагынбай кантип тура алат секет.
Коктудан ылдый суу агат секет,
Козголуп жүрөк ууланат секет.
Каалаган акын өзүң деп анан,
Какшанбай кантип тура алат секет.
Арманым бойго сыйбады секет,
Ашыктык дарты кыйнады секет.
Күйүтүм бойго сыйбады секет,
Курбулук күчү кыйнады секет.
Өзүңдү сүйдүм бир гана секет,
Өзөгүм күйөт тим гана секет.
Тактайын ырдап сүйүүмдү эми,
Табалбайм башка бир дабаа секет.
Жылдызы болбо жанымдын секет,
Жыл өтпөй туруп сагындым секет.
Айы сен болбо жанымдын секет,
Ай өтпөй туруп сагындым секет.
Өзгөчө кыздар элде көп бирок,
Өзүңө гана багындым секет.
Мерседес сымал зыркырап секет,
Мезгилдер алга умтулат секет.
Сайдан кар ээрип агылар секет,
Саргайып жүрөк уланат секет.
Самаган акын өзүңдү анан,
Сагынбай кантип тура алат секет.
Коктудан ылдый суу агат секет,
Козголуп жүрөк ууланат секет.
Каалаган акын өзүң деп анан,
Какшанбай кантип тура алат секет.
Баскамын сенин артыңдан секет,
Баргандан бирок тартынгам секет.
Кайкалай бүткөн далыңды сенин,
Кара бир чачың жайпаган секет.
Өрттөнүп жүрөк жанчылды секет,
Өзүңсүң жазаар жарпымды секет.
Жылмайсаң түн да жарк этет аттиң,
Жылдыздан түшкөн жансыңбы секет.
Өрттөдүң, күйгөн күл калды секет,
Өмүргө келген бир жанды секет.
Төгүлгөн кундуз чачыңды эми,
Төшөктөн көрөөр күн барбы секет?
Күйгүздүң күйгөн күл калды секет,
Күнүмдүк келген бир жанды секет.
Жайкалган кара чачыңды эми,
Жаздыктан көрөөр күн барбы секет?
Кырдан кар ээрип агылар секет,
Кыйноонун дагы жазы бар секет.
Кыса бир кармап белиңден сенин,
Кызыгуум бир күн жазылаар секет.
Сайдан кар ээрип агылар секет,
Санаанын дагы жазы бар секет.
Саамайың сылап, бой балкып чиркин,
Сагынчым бир күн жазылаар секет. Видеоклипы
Элмирбек ага бир кылымда бир келген коронголуу, акылы тунук, айтканы улук, атагы бийик мандайыбызга буткон бакыт болгон экен! Эске албай кабырынды, Кеч билдик кадырынды...😔😓
ЭХ.ЭЛМИРБЕК ..😭😭😭
КАЙРАНГАНА БУЛБУЛУМ .
УККАН САЙЫН ЫЙЛАП АЛАМ 🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲
😓😓😓Аллахым бейиштен орун берсин Элмирбек Агай 😓😓Ичим жамаан орт болуп жатат
Коп жашаныз..Сыймык ага..Залкарыбыздын арты кайрылуу болуп, бейишин берсин..🤲🤲🤲🤲🤲
Үнүңүзгө баракелде аман болуңуз үй бүлөлүк Бакыт каалайм залкар акыныбыз бейштен жай насип кылган болсун Аллахым
Мыкты агалар👍🏻👍🏻 балалык кездери бирге эле отуптурда кандай сонун кез айыл да 👍🏻👍🏻эми токтогулдан сиздердей инсандар чыкпачуудай сезилет
Элмирбек Иманалиев кандай гана керемет инсан эле, 😪 каза болгонун уккан да, аябай ыйлагам... жаткан жериңиз жайлуу болсун... 😭💔 Аттиң арман өмүр кыска экен.. 😭😭😭
Эх Элмирбек Элмирбек пусть земля будет пухом тебе,будь в раю 🤲🤲🤲
Жаткан жери жайлуу болсун Аамиин Аллахым бейишинен орун берсин Аамиин 😥
Жаткан жери жайлуу болсун 🙏🏼
Кайран гана залкарым, Элмикем😢
Элмирбек кайра жаралбайт мындай акын кылымда бир жаралат
Ырдын мааниси терең экен, уккулуктуу үнү да керемет, Бар болуңуз ! С.Бейшекеев.
❤️💙💜
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун ии акыныбыз олгондо кандай ыйладык журогум азыркыга чейин журогум титирейт 😥😥
Кандай соонун ырлар созу маазмуну ото баалу создор уй булоонуз менен ден соолукта болунуз уй булоонузго ыйман ынтымак ырыскы ден соолук бак береке тилейм уйунуздон кут кетпесин элибиз онорунузду баалап озунузду барктап ырларынызды сыймыктануу менен угабыз бар болунуз эл уулусуз омурунуз узуун болсун унунузго береке бар болунуз Элмирбектин жаткан жэри жайлуу топурагы торко болсун Аллахым беейиштин торунон орун берсин ото окунучтуу арабызда жок
Аман болунуз рахмат
Бугун Элмирбек байкенин туулган куну ,бирок озу жок аттин.
Жаткан жери жайлуу болсун
Элмирбектин Гулбубуго арнап чыгарган ыры, экоо тен жок эми, жаткан жерлери жайлуу болсун!
@Майрам Табалдиева Сыймык Бейшекеев айтып эле журбойбу Элмирбектин "Гукуш" деген ырын Ай секет деп ырдап чыкканмын деп
ЖАРАТКАН АЛЛАХЫМ КОЛДОСУН ,БААРДЫК ОЙ ТИЛЕКТЕРИН ИШКЕ АШСЫН . БУЛБУЛДАЙ ЖАГЫМДУУ УНУН КЫЛЫМДАР БОЮ ТАНШЫЙ БЕРСИН !!! ДОСУНДУН АРТЫ КАЙЫРЛУУ БОЛСУН,ЖАТКАН ЖЭЭРИ ЖАЙЛУУ БОЛСУН !!!
Э.Иманалиев мекенчил. Кыргыздын мыкты акын болчу, жакшы акыныбыздан айрылдык, жаткан жериңиз жайлуу болсун. 😓😓😪
Голос 👍👍👍
Эх элмирбек кандай гана талант
Досунуздун арбагы ыраазы болсун
Ден соолук Сыймык
😢биздин журогузбо Элмирбек Иманалиев
Элмирбек кайталангыз талант эле аттин Арман жанын жанната болсун
Сыймык Байкем Токтогулдук жердешим залкар адамсыз талантынызга соз жок кулк мунозунуз да жакшы
Соонун 😭😭😭😭
Ийй секет ийгилик сиз Ага
Мына эми ай секетти экоо эрчишип кете берди жаткан жери жайлуу болсун
Абдан, жакшы ырдайт эле.
1
Ушундай мурунку ырларды жуктонузчу
Сыймык Бейшкеев аткарган кайдагы Омурзак
👍👍👍🙏🙏
😭😭
😢😢😢
Кузгу ношор ырыныздын акардеон менен чыкканында жуктосонуз
ruclips.net/video/IZlwML8eyFY/видео.html
2
Эмне ал
Жаш кезде чогу болушкан экенда
😂
Алтын жигит,алп акын
😓😓😓
Сыймык Элмирбек ыры эмес Жанат Канат уулу деген ырчы ырдаган
Элмирбек кайталангыз талант эле кайран Жигит жаткан жерин жайлук болсун Аллахым Оз ырайымына алып кунолорунду кечирип Жаннатан лрун берсин
😪😪😪😪😪😪😪
Сыймык агай 5 б класста ырынызды жуктоп койосузбу анан Таалайбек Бектургановдун сагыныч аттуу ырын озунуз аткаруунузда жуктоп койосузбу.
Бул ырдын аткаруучусу Өмүрзак Кайыпов. Элди адаштырып, туңгуюкка айдаганыңарды качан токтосуңар? Бүт кыргызстандын маалымат булактары, мындай бир нерсени текшербей туруп ура беришет. Анан элдин арасында түшүнбөстүктөр пайда болуп, элдин арасында аркандай ойлор ойноп кетет. Кичине мындай тагыраак маалыматты элге жеткиргенге аракет кылсаңар боло...
Ырдап аткан С. Бейшекеев, Өмүрзак Кайыпов эмес. Элмирбектин Гүлбүбүгө арнап "Гүкүш" деп чыгарган ыры. Сыймык "Ай секет" деп атап "ырдап чыккам" - деп маек берген
1994жылы чыккан ыр, а дегенде Э Иманалиев Гүлбү деп жазган экен анан С Бейшекээв Секет деп өзгөртүп мен ырдайын деп сурап алган