С.ЖАПАРОВ А.ГУТЕРРИШКЕ КОМУЗ БЕЛЕК КЫЛДЫ

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 1 июл 2024
  • Президент Садыр Жапаров Антониу Гутерришке кыргыздын улуттук аспабы - комузду белек кылды
    Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборуна барышты.
    Конокторго опера ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа, ошондой эле балет спектакли тартууланды.
    Президент Садыр Жапаров менен БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш комуз түрүндө курулган пирстен басышты, ошол жерден аларга улуттук кийимчен комузчулар фольклордук музыканы аткарып беришти.
    Андан соң Президент Садыр Жапаров терең урматтоо иретинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке эстеликке белегин, улуттук аспап - комузду тартуу кылды.

Комментарии • 3

  • @SultanBek-kh4vs
    @SultanBek-kh4vs 23 дня назад

    Өнүгө бер Кыргызстаным 🔥🔥🔥

  • @user-ol9od5nk7h
    @user-ol9od5nk7h 23 дня назад

    Алга Кыргызстан!!!

  • @user-cy6ul4ru7q
    @user-cy6ul4ru7q 23 дня назад

    Аллахым приздентибиздин ыйманын бекем кыласын