Аюб ал Ансарий

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 1 окт 2024
  • Жихат баатыры - Абу Аюб ал Ансарий
    Пайгамбарыбыз сав өз хадисинде “Сахабаларым жылдыздар сыяктуу. Кайсынысын ээрчисеңер дагы туура жолду табасыңар!” деп айтат. Жылдыздар - кашкайган караңгыда компас сыяктуу жол көрсөтөт эмеспи? Биздин да түндөрүбүз, күндөрүбүз, ойлогон ойлорубуз караңгы түн сыяктуу карарып бара жатат. Ошондуктан бүгүн да сахабалардын бирөөсүнүн бейнесин ачуу менен жолубузду түздөөгө аракет жасайбыз. Кана, кеттик эмесе...
    Абу Аюб аль Ансарий. Анын өз аты - Халид бин Зайд. Тун уулунун аты Аюб болгондугунан улам эл аны “Аюбдун атасы” деген мааниде “Абу Аюб” деп чакырышчу. Ал тарых барактарында да Абу Аюб аль Ансарий деген ат менен калды. Демек бул атты бизче которгондо “Ансарлык Аюбдун атасы” деген маанини туюнтат. Анын тарыхта Абу Аюб аль Ансарий деген ат менен калуусунун да жөнү бар. Анткени Ибн Хажардын “Аль-Исабасында” Халид бин Зайд деген ат менен үч сахаба кездешет. Берки сахабалардан айырмалоо үчүн ошол учурдагылар да кийинкилер да аны Абу Аюб деп атоону туура көрүшкөн.
    Биздин бүгүнкү каарманыбыз 580 - жылы жарыкка келген. Демек эсептеп келгенде Пайгамбарыбыз савдан тогуз жашка кичүү. Ал Мадина шаарында төрөлгөндүгүнөн улам Исламият менен Исламият келгенден он жыл өтүп таанышкан. Абу Аюб аль Ансарий ошол учурларда 40 жашта болгон. Ал Акаба антташуусуна да катышкан.

Комментарии • 62