Үммөттүн эң ишеничтүүсү Абу Убайда бин Жарах

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 1 окт 2024
  • Ата эне сыноосу десе сиздин ойуңузга эмне келет? Жеке өзүм үчүн айтсам; “Сагындык, кыйналдык...” деп сыздаганы, “Илим алып жатканың жакшы да бирок мурундары иштеп бизди багам дечү элең...”деп буга чейин берген убадаларың менен сени бурчка такоого далаалат жасагандыктары, “Элдин ыйманы үчүн чуркаганга башкалар да бар, сен болсо биздин жалгызыбызсың!”деп назик сезимдериңди тырмагандыктары, “Элдин балдары...” деп сени да дүйнөгө кызыктырганга, аны менен жаралаганга аракет кылгандыктары... Деги койчу бир топ ачуу-жылуу сөздөр... Бирок согуш талаасында атаңыз менен карама каршы келип калгандыгыңызды элестетип көрдүңүзбү?! Кудай сактасын! Менимче эч кимибиз мындай сыноо менен сыналбасак керек. Сынабасын да... Жыйынтыгында Аллах ар кимге көтөрө алган сыноосун берет. Аз.Абу Убайданын Бадр согушундагы сыноосу да өз атасы менен кылычташуусу болгон. Ушул сыноодон эле Аз.Абу Убайданын кайрат - күчүнүн көрсөткүчүн баамдап билсек болот. Анда эмесе, бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын кезектеги каарманы каналыбызда...
    Аллах Элчисинен 12-13 жашка кичүү болгон Абу Убайда бин Жаррах, Аз.Умар менен теңтуш болушкан. Мына ошондуктан болсо керек кийинчерээк экөөсү бири бирине аябай жакын достордон болушат. Атасынын аты Абдуллах, Жаррах болсо анын чоң атасынын аты. Чоң атасы эл арасындагы белгилүү соодагерлерден болгондугунан улам чоң атасынын аты менен аталып калган. Атасы Абдуллах уулун ок атууда, ат минүүдө, соода тармагында аябай жакшы жетиштирип тарбиялайт. Кийинчерээк Пайгамбарыбыз савдын дубасы менен эң мыкты кол башчы жана Суффа мектебинин көзгө басаар аалымдарынан бири болуп чыгат. Абдуллах бин Абирдин айтымында Меккеде сөзү жүрөктөргө жеткен жана маектешинин кемчилигин издебеген үч киши болчу. Алар; Аз.Абу Бакр, Усман бин Аффан жана Абу Убайда бин Жаррах эле.

Комментарии • 119