Ажарыңа арбалып, Дидарыңа зарланып. Муңканып ыр ырдадым, Булбул кушка айланып. Кыйноо салган кылыгың, Кызгалдактай буралып. Күн кечке созом обон, Күкүк болуп үн салып. Үн салып эй, үн салып ой, үн салып. Айыбы жок жаралган, Ажайып көркөмүңө. Ашыгып ыр арнадым, Асыл кечим өзүңө. Өчпөс болуп жанасың, Өрт сымал жүрөгүмдө. Өзүң гана болсоң дейм, Өмүрлөшүм өмүрдө. Өмүрдө эй, өмүрдө ой, өмүрдө. Миң сулуунун ичинен, Бир өзүңдү каалаймын, Туткуну болдум эркем, Тушалган бул жагдайдын. Бир өзүңдү ойлоймун, Бир өзүңдү самаймын. Тагдырга башымды ийип, Тартым сен деп убайм. Убайым эй, убайым ой, убайым. Алдыман чыга калсаң, Ай сымал түндө жаркып, Арзуум күчөп ан сайын, Алоолоп сага тартып. Күлмүңдөп чыга кельсен, Күндөй жаркып таңдагы. Суусат бүткөн боюң, Сулуулугуң андагы. Андагы эй, андагы ой, андаги. Карааныңа зар болуп, Кайгырсам, кубансам да. жалгыз өзүңдү эң Менсейм, Келсе деп кучагыма. Сагынтасың күн сайын, Саргайтып сарсанаага. Арманга тумчуктурбай, Алганым болчу жанымда. Жанымда эй, жанымда ой, жанымда.
Сонун ыр экен
👏👍
😢
Москва 07 07 2023
Ажарыңа арбалып,
Дидарыңа зарланып.
Муңканып ыр ырдадым,
Булбул кушка айланып.
Кыйноо салган кылыгың,
Кызгалдактай буралып.
Күн кечке созом обон,
Күкүк болуп үн салып.
Үн салып эй, үн салып ой, үн салып.
Айыбы жок жаралган,
Ажайып көркөмүңө.
Ашыгып ыр арнадым,
Асыл кечим өзүңө.
Өчпөс болуп жанасың,
Өрт сымал жүрөгүмдө.
Өзүң гана болсоң дейм,
Өмүрлөшүм өмүрдө.
Өмүрдө эй, өмүрдө ой, өмүрдө.
Миң сулуунун ичинен,
Бир өзүңдү каалаймын,
Туткуну болдум эркем,
Тушалган бул жагдайдын.
Бир өзүңдү ойлоймун,
Бир өзүңдү самаймын.
Тагдырга башымды ийип,
Тартым сен деп убайм.
Убайым эй, убайым ой, убайым.
Алдыман чыга калсаң,
Ай сымал түндө жаркып,
Арзуум күчөп ан сайын,
Алоолоп сага тартып.
Күлмүңдөп чыга кельсен,
Күндөй жаркып таңдагы.
Суусат бүткөн боюң,
Сулуулугуң андагы.
Андагы эй, андагы ой, андаги.
Карааныңа зар болуп,
Кайгырсам, кубансам да.
жалгыз өзүңдү эң Менсейм,
Келсе деп кучагыма.
Сагынтасың күн сайын,
Саргайтып сарсанаага.
Арманга тумчуктурбай,
Алганым болчу жанымда.
Жанымда эй, жанымда ой, жанымда.