«Орусча эмес кыргызча билбеген уят» -Ыдырыс Исаков

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 8 июн 2024
  • Тарых барактарында, улуттук өзгөчөлүк океанында ар бирибиз өзүбүздүн ким экенибизди, дүйнө бизди кандай кабыл алып жатканын түшүнүүгө умтулабыз. Бул кызыктуу маекте алып баруучу Алия Суранова белгилүү журналист Ыдырыс Исаков менен колониалдык түшүнүктөрдөн арылуу жана өзүн-өзү тааный билүү маселесин талкуулайт.
    Каарманыбыз азыркы шартта тил саясаты, орустун таасири улуттук өзгөчөлүгүбүзгө терең таасирин тийгизип жаткан доордо кыргыз болуу эмне үчүн маанилүү экендигине токтолот.
    Кыргызстандагы тил саясатын талкуулап жатып, Ыдырыс кыргыз тилин сактап калуу канчалык маанилүү экендиги тууралуу пикирин айтат. Ал Орусиянын биздин саясий процесстерге жана коомдук түзүлүшүбүзгө тийгизген таасири тууралуу маселелерге токтолуп, бул тышкы саясатта чыныгы досторду жана душмандарды кантип таануу керектигин айтып берди.
    Интервьюда көз карандысыз маалымат каражаттары жана алардын демократиялык процесстердеги ролу тууралуу да сөз болот. Ыдырыс Исаков алардын иш жүзүндө кандай иштээри тууралуу өз көз карашын айтып, заманбап маалымат коомунда критикалык ой жүгүртүүнүн жана маалыматты өз алдынча издөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
    Ыдырыс Исаков менен болгон бул маек деколонизация жана өзүн-өзү таануу дүйнөсүнө эшигин ачып, көптөн бери айтылып келген божомолдорду четке кагып, колониалдык ой жүгүртүүдөн кантип чыгып, өзүбүздүн чыныгы жолубузду табуу жөнүндө ойлонууга чакырат.
    00:00-01:03 Саламдашуу.
    01:03-01:30 Кыргыз болуу деген эмне
    01:30-04:23 Кыргыз тилин билүү
    04:24:05:59 Улуттук иденттүүлүк тууралуу ойлор
    05:59-07:36 СССР убагында жашоо кандай болгон
    07:36-14:01 Орусча сүйлөсө акылдуураакбы?
    14:01-28:05 Кыргызстандагы тил саясатынын жүрүшү
    28:06-30:45 Эмне үчүн орусча ката жазылбашы керек да кыргызча ката жазылса боло берет?
    30:46-37:22 Колонизатордун таасири азыр кандай
    37:23-43:13 Орусия бизге тең ата сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк бербейт
    43:14-47:39 Дүйнө баскынчылык менен өнүкпөй калган
    47:40-47:55 Жыйынтыктоо
    47:56-48:06 Досубуз ким, душманыбыз ким ошону тааный жүрөлү
    48:07-51:18 Азаттык элге каршы иштейби?
    51:19-52:05 Коштошуу.
    #деколонизация #улуттукиденттүүлүк #ыдырысисаков #кыргызтили

Комментарии • 1,7 тыс.

  • @Melis_Myrza
    @Melis_Myrza 3 месяца назад +178

    Сонун болуптур! Кыргызча көбүрөөк чыгарып тургула!

  • @azzamnomad872
    @azzamnomad872 3 месяца назад +267

    Қырғыз біртуғандарға Қазақтардан салем!!

    • @robinhood5935
      @robinhood5935 3 месяца назад +11

      Привет из России, и киргизам, и казахам, и всем моим бывшим советским соотечественникам!

    • @user-lp2lm8rz9d
      @user-lp2lm8rz9d 3 месяца назад

      ​@@robinhood5935ты что у врача телефон одолжил комент написать,советов уже нет как 35 лет.

    • @azzamnomad872
      @azzamnomad872 3 месяца назад

      @ood5935 "Прощай, немытая Россия, Страна рабов, страна господ, ,.." М. Лермонтов. Ничего личного. Классика.

    • @josephbelov6212
      @josephbelov6212 3 месяца назад

      Привет, бот@@robinhood5935

    • @josephbelov6212
      @josephbelov6212 3 месяца назад

      Привет, бот@@robinhood5935

  • @user-yy9gm1yx5l
    @user-yy9gm1yx5l 3 месяца назад +48

    Кыргыз элин улут катары сактап турган тили, салты, маданияты. Ушул үчөөнүн бирөө жоголсо кыргыз элим жоголуп кетүү коркунучу бар.

    • @AisanatDautova-kf4ks
      @AisanatDautova-kf4ks 3 месяца назад +3

      Ии, айтпаныз бирок кобу ошону тушунбой жатышпайбы.

    • @Blitz__360
      @Blitz__360 3 месяца назад +2

      Биздин киргиздер качан тушунот экен

    • @user-jl6yn5oe7e
      @user-jl6yn5oe7e 2 месяца назад

      Бишкекте оштуктар көбөйүп кыргыз тили сакталып калды

  • @user-eu8pt2fx5l
    @user-eu8pt2fx5l 3 месяца назад +138

    Мен, жашым 57де. Ушул, журналист айым, озунун студиясына мени чакырса, аябай жкткиликтуу жооп бермекмин. Бирок ойлобогула, озуну Ыдырыстан акылдуу сезип атат деп. Жоооок, андай эмес. Жон гана, Ыдырыс, коомчулуктун инсаны, ошон учун аянып жана аяп жооп берип койду. Мен ТОК этээрин айтмакмын, орустан да, башкасынан да коркпой ачык айтмакмын. Ыдырыска жан дилим менен ыраазымын. Ушундай жаштарыбыз коп болсун, Оомиийн...

  • @user-fz8lh5pr2h
    @user-fz8lh5pr2h 3 месяца назад +177

    Алға Казақстан ! Алға Кыргызстан ! Өз тілінды біл, басқа тілды құрметте.

    • @user-ug9jg6rl6s
      @user-ug9jg6rl6s Месяц назад

      Орустар кыргыз тилин билишсин

  • @user-hx5cs3fr1q
    @user-hx5cs3fr1q 3 месяца назад +65

    Ото сонун алтын создор болуптур, азаматсынар кыргыз тылы 1 орунда болуу керек

  • @user-sd5bu8ff6g
    @user-sd5bu8ff6g 3 месяца назад +16

    Кыргыздар кыргыз тилин - эне тили деп билууго милдеттуубуз . Анан орус , англис , немис ,испан тилин билсек биздин жаштар учун эн пайдалуу болот эле азыркы учурга жараша .

  • @eldario2629
    @eldario2629 3 месяца назад +12

    Мен Кыргызмын дегендер барынар лайк баскыла

  • @bekenazaroff2851
    @bekenazaroff2851 3 месяца назад +194

    Ассалам Əлейкүм Қырғыз нағашыларым! 🇰🇬🤝🇰🇿.

    • @RR-xc6kx
      @RR-xc6kx 3 месяца назад +4

      Уалейкум ас САЛАМ баур.

    • @user-ph5rx9fn4y
      @user-ph5rx9fn4y 3 месяца назад +3

      Азаматсын жееним

    • @user-cb4tg5yr4d
      @user-cb4tg5yr4d 3 месяца назад +4

      Аман бол жээним.

    • @user-sc3si6rl7y
      @user-sc3si6rl7y 3 месяца назад +1

      Алейкум ассалам жээн

    • @user-oe4cf9tn1s
      @user-oe4cf9tn1s 3 месяца назад +1

      Ва ьалайкум ассалаам

  • @user-oj3hh5uw9y
    @user-oj3hh5uw9y 3 месяца назад +42

    Ушундай беруулорду кобойтушубуз керек!Ото маанилуу маек болуптур азаматсынар!Буйурса баары алдыда Эркин Кыргызстан учун баарына даярмын!Ассалому алейкум!!

  • @daniyarkhalbaev4069
    @daniyarkhalbaev4069 3 месяца назад +77

    Ыдырыс мырза азаматсын, эн керектуу маселе айтылды. Мындай беруулор коп болсун!

  • @user-on7cu7xh4d
    @user-on7cu7xh4d 3 месяца назад +31

    Бирге жүргөм кыргыз тилим кадырлайм.
    Бул тил менен сүйлөйм, иштейм, ыр ырдайм.
    Башка тилди жандан арттык көрсөм да.
    Өз тилимди сүйүүдөн мен жаңылбайм.
    (Алыкул Осмонов)

    • @user-vh4xr7fp7q
      @user-vh4xr7fp7q 3 месяца назад

      Мыйзам ошондой коп улуттуу элбиз биз баарыбыз 7миллион баарыбыз кыргыз болсок мейли эле басымдуусу орус обзбек Жана башка орус тили расмий Тил катаары бааланат дуйноодо коп колдонот олбогулочу эй куркторго окшоп улутунар жок эмес барго кудайга шугур кылгыла ошол орус неисмерге туруштук берип ушул заманда жашап жатасынар ойлонсонор эй Америка 2дуйноодо жакшылык кылбайт азияга.

  • @user-ty9zv8uj1g
    @user-ty9zv8uj1g 3 месяца назад +25

    Ушул баладай жигиттер көөп болсун.

  • @user-gq5mr9ho2e
    @user-gq5mr9ho2e 3 месяца назад +87

    Азаматсың Ыдырыс сени эң жакшы тили таза баардык терс жагын көзүнө сайып көрсөткөн журналист деп билем .Ырахмат сага ишиңе ийгилик каалайм.

    • @user-ug9jg6rl6s
      @user-ug9jg6rl6s Месяц назад +1

      Кыргыз мектептердеги китептер Аман элэ болсун тантык тушунуксуз мааниси жок жазылган Билбесен акмактар жазгаг Конул буруш керек Ошол тантык жазылган китепти балдар окуп жатышат

  • @azizkamilov
    @azizkamilov 3 месяца назад +142

    Чыныгы патриот чыныгы элге куйгон Эл уулу Ыдырыс ушул баланы колдогондор болсо бирден 👍

  • @nursultan5439
    @nursultan5439 3 месяца назад +91

    Эң сонун, жан дүйнөгө азык маек болуптур. Мээси ууланган маңкурттар тезирээк айыгып кетишсин. Кулдук аң сезимден эртерээк арылып, өнүккөн өлкө бололу.

    • @user-op9wx4hn2h
      @user-op9wx4hn2h 3 месяца назад +4

      Мен узбекистан кыргызымын идрис чон ррахмет тыл боюнчажетечи болгун суранч

    • @FlyLem0n
      @FlyLem0n 3 месяца назад

      ​@@user-op9wx4hn2h ❤

  • @2galaxy296
    @2galaxy296 3 месяца назад +146

    ыдырыс аябай креативный,грамотный. акылдуу жигит алга эн туура ойлорду айттын

    • @user-to1ht3fb9s
      @user-to1ht3fb9s 3 месяца назад +8

      *Креативдүү, билимдүү*

    • @user-ys7pp6nw3o
      @user-ys7pp6nw3o 3 месяца назад

      ​@@user-to1ht3fb9sЧыгармачыл, сабаттуу

    • @user-qy5rq9pk5n
      @user-qy5rq9pk5n 3 месяца назад

      Акмак батышчы

  • @gabidanny8276
    @gabidanny8276 3 месяца назад +5

    Эн кучтуу журналист Ыдырыс 👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍, орусча эмес кыргызча билбеген уят, кыргызча билбеген кыргыз, кыргыз эмес башы тескери айланган бирдемкеге окшош

    • @user-ug9jg6rl6s
      @user-ug9jg6rl6s Месяц назад

      Жогоку кенеште кыргызча билбесен депутаттар иштебей элэ койгулачы

  • @eldario2629
    @eldario2629 3 месяца назад +32

    Ыдырс мырза экөбүздүн көзкарашыбыз 200% бирдей экен Абдан туура сүлөдүнүз.

  • @user-ll8et2yc9c
    @user-ll8et2yc9c 3 месяца назад +137

    Мен 1986жылы окуу жайын кыргызча бутком. Мектепке мугалим болуп ишке кирсем мага орус класстарды окутасын деп болуп берип коюшкан. Мектепте 65 мугалимден учоосу орустар болчу ошол 3 орус учун чогулуштарды да орусча отчубуз токомду да орусча жазчубуз. Менин ошого куйбогон жерим куйуп кетчу. Бактыбызга 1989ж Кыргыз тили статусу чыгып калып тилибиз кичине болсо да узарып калган. Тил статусуна 35ж болсо да дагы эле орус тили басымдуулук кылат. Мунун баарына ажолор ЖК нын депутаттары окумот башчылары жуз пайыз куноолуу. 😢😢😢😢😢😢😢

  • @Nokio.1
    @Nokio.1 3 месяца назад +70

    Намыской Ыдырыс акам, аман болунуз. Эн туура маселени которуп жатас

    • @designer8774
      @designer8774 3 месяца назад +2

      Кыргыз элим" деген сөзгө каршы чыккан Ыдырыс акаң

  • @user-lu3ev2dx1r
    @user-lu3ev2dx1r 3 месяца назад +10

    Ыдырыс туура айтат Фейсбукта эле эмес ютубта ж. б. комментарий жазгандардын 70% туура кыргызча жаза алышбайт дагы акыл уйротуп жазышат кобунчосу жаштар жазалышбайт.

  • @user-ux1nu4sd2t
    @user-ux1nu4sd2t 3 месяца назад +7

    Ыдырыс ообв мыкты журналист баласын. Бирок орустар "акмактар" дегенине кошула албайм. Биз мигрант болуп орусияда журобуз. Кыргыздын канча инсандары ушул жерден нан таап жеп журот жана Кыргызстанга зор киреше алып келип жатат. Орустарды акмактар дегенден коро озубуздун тоболдорду элди тентиткен акмактар!десен болот. Тилди билип, сыйлаш, суйлош ар бир адамдын озунон

  • @user-dd3oj6yf1b
    @user-dd3oj6yf1b 3 месяца назад +12

    Тупа туура айтынныз Ыдырыс мырза Бишкектен башташ керек Мен окунуп кеттим Бишкеке барганда баары орусча суйлогонун угуп Мен Россияда 20жыл жашап жадап ошолордун тилинен келсем озубуздун борбордо жашынан чалына чейин орусча суйлошот экен Мен орус тилин билем бирок кыргыз озумун тилимде суйлогонду каалайт элем озумун жеримде

  • @Oljobay99
    @Oljobay99 3 месяца назад +16

    🌍🕊🇰🇬Жашасын Кыргыз тили👏✊️🤝👍💪.
    аскар акаев жондо туптуура айтты акмак эле президент болчу тантыраган. Чек араны чечпегени учун кунолуу тормоз эле президент болгон

  • @user-gx8zg2rv4o
    @user-gx8zg2rv4o 3 месяца назад +79

    Кыргыз тилин билбеген Кыргызстанга куйбойт жана биздин душманыбыз

    • @den23ist
      @den23ist 3 месяца назад +3

      Прям по Геббельсу)

    • @azilsozlana7009
      @azilsozlana7009 3 месяца назад

      Нацист

    • @Ibragim362
      @Ibragim362 3 месяца назад

      Антип айтпа ,дөпарас 😂..нацистсиң го ...кыргызча сүйлөбөгөн адамдар көпүрө куруп ,жол салгандар толтура Кыргызстанда

    • @user-ko3zj1ob4g
      @user-ko3zj1ob4g 3 месяца назад +2

      Туура айтасың

    • @Ibragim362
      @Ibragim362 3 месяца назад +1

      Кыргызча билбегендер парк,жол , көпүрө салып жатат ...андан ары фашист болуп кетпегиле

  • @ksh8754
    @ksh8754 3 месяца назад +54

    Кыргыз тили, урп-адаты, салт саннаа менен айырмаланат башка улуттан. Тилибизди, урп-адатты(традиция-обычае) эч качан унутпай муундан муунга беришибиз керек!

  • @user-uj8ch7gi5v
    @user-uj8ch7gi5v 3 месяца назад +19

    Ыдырыс аябай раазы болдум сага Кыргыз тилин которуп атканына .Сен озу Крокодилдин ордуна билим министри болушун керек болчу .

  • @user-pu5oz6yi4c
    @user-pu5oz6yi4c 3 месяца назад +5

    Болунбойлу туугандар, болунгондон чыгып жатат согуштун баары, Кыргызстан эсен болсун...🎉🎉🎉

  • @user-ub1di5ww6q
    @user-ub1di5ww6q 3 месяца назад +8

    Орусча сүйлөп мактанбай , кыргызча билбегенден уялалы , баарыбыз коомдук жайларда кыргызча сүйлөшүбүз керек , балдарыбыздан да ошону талап кылалы .

  • @user-ko6pj1lr6t
    @user-ko6pj1lr6t 3 месяца назад +5

    Ыдырыс азаматсын.Сен жогорку кенеште трибунада сайрашын керек.Сен 50 депутатка татыйсын.Сен Кыргыз элине жардам беришин керек ,кыскача айтканда кыргыз элинин козун ачкандардын катарында болушун керек.

  • @ayss4757
    @ayss4757 3 месяца назад +11

    Туп-туура сөздөр болду 🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @user-pc4fg3re7p
    @user-pc4fg3re7p 3 месяца назад +9

    Ыдырыс молодец сендей билимдуу жагиттерибиз коп болсун элге жол корсотуп билимдуу болушун кам коргуло сени колдойм

  • @user-cc4rs8tl4f
    @user-cc4rs8tl4f 3 месяца назад +9

    Азаматсын Ыдырыс омурунду берсин сен жон эле журналис эмес улутчул улуттун кызыкчылыгын ойлогон адам экенсин Алла Ыраазы болсун сага Кыргыздын тили жонундо жакшы маек болуптур тилибизди которуш керек жакшы ойлор максаттар бар экен Кыргызстанда Кыргыз тилинде гана суйлонуш керек башка улуттар да билиш керек билбесе уйротуш керек.

  • @user-bh9bh7ku3o
    @user-bh9bh7ku3o 3 месяца назад +11

    Ыдырыс Исаков ишинизге ийгилик!

  • @Muro-Djon
    @Muro-Djon 3 месяца назад +35

    *Бизга ўхшаган инсонларга, яъни қондош халқларни тилига қизиқувчи одамлар учун, субтитрли ролик чиққани яхши бўлибди!👍🏻*

  • @ultk9941
    @ultk9941 3 месяца назад +9

    Ракмат иш-чараңызга, аракетке. Ушундай кыргызча эле керемет кептешсек кандай сонун. Ыдырысты биринчи жолу тындап атам, түз, курч ой жүгүртүүсү жакты. Ийгилик сага!

    • @user-ug9jg6rl6s
      @user-ug9jg6rl6s Месяц назад +1

      Ыдырыс иним бар бол Ишине ийгилик Сендей кыргыздын уулдары коп юолсун

    • @user-ug9jg6rl6s
      @user-ug9jg6rl6s Месяц назад

      Эн сонун маек болсун

  • @seitjuma3740
    @seitjuma3740 3 месяца назад +8

    Орус тилин билуунун негизги нерсеси, билим же маалымат алуу болуп эсептелинет. Ошол убакта бирден бир маалымат алуу, дуйнодогу илим билимдин жетишкендигин окуп билуу жашоодо пайдалануунун негизги булагы болуп эсептелинген. Азыр маалымат чогултуп корсон басымдуу коп маалыматтар англис тилинде. Дуйнолук илимдин,маданияттын, акыл эмгегинин жетишкендигин кабыл алууда, орустар оз баалулугуна же саясатына жараша которот. Биз кыргыздар маалыматтарды биринчи булактан же кол жазмадан окуп жашоого пайдалана билсек эн мыкты болот. Кыргыз тилин байытуу,Кыргыз дуйносун кенейтуу, кооздо, аны жаны баалулуктар менен толтуруу. Жаны заманбап журум турумдун эрежелерин иштеп чыгуу,карым катнаштардын жаны турлорун колдонуу, башкаруунун жаны кыргызча турун иштеп чыгуу , калониялык адаттан айрылуу болот.

  • @user-ce4cb7gs3o
    @user-ce4cb7gs3o 3 месяца назад +224

    Мен 1983жылы мектептин дубалына"СССР тьюрма народов"деп жазгам.ошондо мен 15жашта элем.азыр ойлосом ошондо эле улутчул экемин.бул сезим Алладан гана берилет.

    • @user-oj2yb9tp9k
      @user-oj2yb9tp9k 3 месяца назад +31

      СИЗ УЛУТЧУЛ ЭМЕССИЗ СИЗ МЕКЕНЧИЛ ( ПАТРИОТ) БОЛОСУЗ, СССР ЧЫН ЭЛЕ ЭЛДЕРДИН ТҮРМӨСҮ БОЛГОН, ЖАРАТКАНГА ШҮГҮР ЭГЕМЕНДҮҮ БОЛДУК

    • @dreamtaimmaks7767
      @dreamtaimmaks7767 3 месяца назад +2

      😂😂😂😂😂😂😂😂😂😂Окшоттун го

    • @ABONENT-312_05.
      @ABONENT-312_05. 3 месяца назад +11

      😂😂😂 казыр эмнени кыйратып жатасың улуттук жигит.

    • @ABONENT-312_05.
      @ABONENT-312_05. 3 месяца назад

      @@user-oj2yb9tp9k 😂😂😂 эгемендуу болуп

    • @myrzakarimergeshov570
      @myrzakarimergeshov570 3 месяца назад

      Озун эмнени кыйраттын ​@@ABONENT-312_05.

  • @sardarbekomurbekov1030
    @sardarbekomurbekov1030 3 месяца назад +10

    Азамат Ыдырыс ар бир айткан создоруно кошулам. Онуго бер осо бер. Кыргыз элин онуктуро бер остуро бер.

  • @JanarAlmazbekDeniz
    @JanarAlmazbekDeniz 3 месяца назад +4

    Эне тилим - эне сүтүм.
    «Уй мөөрөйт, уйдун тилинде,
    Кой маарайт, койдун тилинде.
    Уй, койдон төмөн болдук го,
    Өз эне тилин билүүдө.
    Кыргызча сүйлой билбеген ,
    Кыз уулан чыкты бул күндө.
    Арбыды “Папа” “ Мамалар”,
    Азайды “ АТА” “АПАЛАР”.
    Байдылда Сарнрогой(ев) атабыз

  • @user-zq1dq4ol1k
    @user-zq1dq4ol1k 3 месяца назад +11

    Сабаттуу болушубуз керек ар бир жаран, биздин сабатсыздыгыбыздан, озубуздун укугубузду билбегендиктен , озубуз эле чиновнигинеда, врачынада милитсиясынада, прокурорунада, адвокатынада, акиминеда, бригадиринеда, замбригадиринеда жем болуп журобуз, жакшы пешенебизге Ыдырыстай, Улукбектей азаматтарыбыз бар экен элдин укугун коргоп, элге укуктарын корсотуп келишет, ишинерге ийгилик жолунар ачык болсун, силердей азаматтарыбыз, кыздарыбыз кобойсун!

  • @user-st4xe6gm2w
    @user-st4xe6gm2w 3 месяца назад +4

    Ыдырыс азаматсын акам Эр экенсин чынында

  • @user-ie8iy9sp6s
    @user-ie8iy9sp6s 3 месяца назад +4

    тил онукпой жатса башка улуттар куноолу эмес, озубуз Кыргыздар куноолубуз , ар бирибиз Кыргызча суйлосок онугот

  • @user-tw6ss3kn6d
    @user-tw6ss3kn6d 3 месяца назад +22

    Эн туура соз болуп жатат Орустардан уйроно турган эч нерсе жок,билгендер айткылачыэмнесин уйронолу.Онуккон мамлекеттерден жакшы жагын озубузго алалы.Каада салтыбыз эн сонун

    • @Ibragim362
      @Ibragim362 3 месяца назад +3

      Каада салт менен жүрө беребизби? ТЭЦ салалбай жүрөбүз ар кимге жалдырап ,5 адам бар кен ТЭЦти түшүнгөн ,алар да орусча окуган адамдар 😂...
      Англисче,кытайча ,же французча тил билбесек орусча китеп окуйбуз да ..
      Кана кыргызча китеп ???

  • @user-tw1xf4kf5o
    @user-tw1xf4kf5o 3 месяца назад +32

    Молодец Ыдырыс акылдуу журналист.

    • @user-qu5xb5bm7b
      @user-qu5xb5bm7b 3 месяца назад

      Эй как нашот мигрантов а

  • @user-jw2dj4fs6x
    @user-jw2dj4fs6x 3 месяца назад +4

    Ыдырыс.мен сага биринчи жолу жазып жатам, бирок көп көрөм Сөз байлыгың өтө жакшы Сага ден соолук.

  • @user-bp1kq6vp8k
    @user-bp1kq6vp8k 3 месяца назад +12

    Жумушта 54 жаштагы байке бар откондо айтат, орустар бизди басып эле алса жакщы болот деп, менинда кызылым куйуп экинчи этаждан ыргытайын дедим болбой калды.

    • @user-no6vy1en5r
      @user-no6vy1en5r 3 месяца назад +3

      Кеебирги инсандар ошондой акылынан айнып каарыйт Муну старость не радость деп коет ке биросу мудрый болуп каарыйт

  • @bekenazaroff2851
    @bekenazaroff2851 3 месяца назад +186

    Орыстан " досың" болса АЙБАЛТАҢ қасыңда болсын!-- Қазақ Халық даналығы.☝️🇰🇿🇰🇬

    • @user-lp2lm8rz9d
      @user-lp2lm8rz9d 3 месяца назад +8

      Орустар кайра жаны куч менен келебиз дейт,баарын сатып алыш керек дейт алар, русский бизнес деген планы бар алардын,Орус алем деп корот бизди,ошондуктан бизге Орток Тил керек,озгочо Казак Озбек Кыргыз ортобузда.Аста Аста Туркмен даагы кошулат бизге кечби эртеби.Татар Башкор тили бизге да окшойт.

    • @bekenazaroff2851
      @bekenazaroff2851 3 месяца назад

      @@user-lp2lm8rz9d Біз ОДКБ, ЕВРАЗ.СОЮЗдан шығуымыз керек☝️Бізге еш пайдасы жоқ...

    • @user-wg6jb6kh5q
      @user-wg6jb6kh5q 3 месяца назад +26

      Орус менен дос болгончо ай балтаң ала жүр,кыргыздын макалы😂

    • @user-ue9so2bu1x
      @user-ue9so2bu1x 3 месяца назад +18

      Орис билан дост болсанг ойболтангни олиб юр. Узбек маколи😂

    • @user-xv4pe1eo7v
      @user-xv4pe1eo7v 3 месяца назад

      😂😂😂😂

  • @user-go5ul2cy3d
    @user-go5ul2cy3d 3 месяца назад +6

    Озубуз кыргыз тилине маани берели✊

  • @user-hl4xx6ed8j
    @user-hl4xx6ed8j 3 месяца назад +2

    И, то есть деп абдан коп колдонот экенсиз, аябай тажатып жиберди

  • @armanomarov9737
    @armanomarov9737 3 месяца назад +8

    Асалаумағаликұм Қырғз боұрым молодец

  • @greatequalizer1838
    @greatequalizer1838 3 месяца назад +9

    Эн туура создор ,ОЙЛОН КЫРГЫЗ ОЙЛОН ВОТ ЭТА ВОТ ЭТА ДЕП ЖУРО БЕРБЕЙ КЕЛГИЛЕ КЫРГЫЗЧА КОП СУЙЛОЙЛУ

    • @user-ug9jg6rl6s
      @user-ug9jg6rl6s Месяц назад

      Эн кызыктууу свет болду

  • @rastishkamiki3370
    @rastishkamiki3370 3 месяца назад +7

    абдан туура айтасын мен 60ка чыкты сен айткандай тегерегимде копчулугу орускулдар ушунчалык туркойлук пропоганданын астында калгандар оз улуттук ар намыс ойготуу журналистер мектеп садиктен бери озгоруу керек

  • @user-oq6hp6iz4n
    @user-oq6hp6iz4n 3 месяца назад +3

    Ассалому алейкум ижодингизга омад ку́п яшанг

  • @user-ii8ul3mk4q
    @user-ii8ul3mk4q 3 месяца назад +3

    Кыргыз болу, биринчиден эне тилин билип туура адабий тилде сүйлөө жана туура жазуу дан башталат,нукура кыргыз тилин колдонуп деп айтсам ката болбойт коо деп ойлоймун ! Орус кулдуктан,орус маңкурттуктан чыгышыбыз керек,жаш муундарга туура багыт берип ! Мындай карасаң үч кыргыз турат орусча сүйлөп атканы өтө өкүнүчтүү көрүнүш, же кыргыз класс балдар орусча сүйлөп турганы кандай. Туура көп тилди билсең жакшы,бирок өз жериңде эне тилиң өгөй тилдей болбоого жол бербешибиз керек !🕋🇰🇬🇰🇬🇰🇬🌱🌎🕊️🌿☝️🫵🤲🤲🤲Алга Кыргызстан !

  • @user-hl8sz7kd7u
    @user-hl8sz7kd7u 3 месяца назад +9

    Эң туура айкындап айтылды, орустадын үлгүсүн алып башкаруу журуп жатат,жада калса көчүрүп алган закондорунда орусча сөздөрдү кездешет

  • @user-ww5mg4cg2h
    @user-ww5mg4cg2h 3 месяца назад +1

    Чындыгында аябай кызыктуу маек болуптур кечеден бери озумо келе албай жатам бугун жумушка баратып жол катары жарнама жана башка жазууларды окуп кеттим. Соз жок .

  • @user-ze4eo3pp1k
    @user-ze4eo3pp1k 3 месяца назад +5

    Маша Аллах кыргыз элимдин сагаогон мекнчил балдардан айланса болот.Аллахым колдосун. Аллаху Акбар ❤

  • @Muro-Djon
    @Muro-Djon 3 месяца назад +13

    Қўшиламан спикерни сўзларига, "ўз она тилида хато ёзган одам, у ўз она тилига тупурганидек!"

  • @manastorobekov935
    @manastorobekov935 3 месяца назад +7

    Azamatsynar. ❤❤ 👏👏👏👍👍
    Kyrgyzdyn altyn basz asyldary .

  • @user-oc9qc6hf1t
    @user-oc9qc6hf1t 3 месяца назад +13

    Азаматсың Ыдырыс Кыргыздын орчундуу көйгөйүн козгобсуң .

  • @user-rl5ey2sp3q
    @user-rl5ey2sp3q 21 день назад

    ЭН ТУУРА, ЫДЫРЫСТЫН ОРУСТАР ТУУРАЛУУ АЙТКАН АР БИР СОЗУ ТУУРА☝️☝️☝️👍👍👍

  • @user-hf1wk6sn3n
    @user-hf1wk6sn3n 3 месяца назад +4

    Ассалому алейкум, Алия эжеге Ыдырыс Исаковка чооң рахмат.

  • @barsikbarso5732
    @barsikbarso5732 3 месяца назад +17

    Бишкекте Орус тилин түп тамыры менен жок кылыш керек, ошол Бишкектеги , Кавказдар, Орустар, Уйгурлар, Казактар, өзбектер, корейцтерди , дунгандарды Кыргызча Сүйлөтүш керек😡

    • @user-th9nn1sf6c
      @user-th9nn1sf6c 3 месяца назад +2

      Орус тилин жок кылгандан мурда орус тилсиз жашап ургон!!Озунду багып ургон.тил ургон!!.

    • @user-dj5ot9mm6b
      @user-dj5ot9mm6b 3 месяца назад

      Кыргызды эле суйлотуп алайлы биринчи анан калганы озу эле суйлоп калат

    • @user-hm9zs8dp3c
      @user-hm9zs8dp3c 3 месяца назад

      ​@@user-th9nn1sf6cургонун неси 😅

    • @user-lp9yk8vq8q
      @user-lp9yk8vq8q 3 дня назад

      Ошто дагы өзбектерди кыргызча сүйлөтүү керек. Жеке эле Бишкек эмес

  • @Adilet2733
    @Adilet2733 3 месяца назад +2

    Баракелде. Ыдырыс Ысаковтун ой жугуртуусу абдан жакты👍

  • @mahabatamanatovna
    @mahabatamanatovna 3 месяца назад +2

    Абдан сонун маек болуптур! Алга Алия, Ыдырыс! Азаматсыңар! Чыныгы патриот кыргыз уулу менен кызы!

  • @temirkulstamaliev935
    @temirkulstamaliev935 3 месяца назад +23

    Эң туура берүү болду! Бишкекке барсан Орустардын бир шаарына баргандай болосуң!

    • @Ramazan55009
      @Ramazan55009 3 месяца назад

      Эшек неме кылгычтар кимдер ошондо?

    • @Ibragim362
      @Ibragim362 3 месяца назад +1

      Бишкектин кай жеринен орусча сүйлөп жатат сага? Мен уга лекмин го ..же остановка деп койсо ошодон чочуп жатасынбы? 😂😂😂 Общага деп койсо ,эл көнүп калган ошого ..жатакана ,милициякана деген колдонбой калган илгери ле ...

    • @user-uj7pl2jd3f
      @user-uj7pl2jd3f 24 дня назад

      ТУУРА МОСКВПНЫН УКОЗУ

  • @marlboro.989
    @marlboro.989 3 месяца назад +16

    Москвада таксиде иштейм , бир жолу орус аял тушуп калды суйлошуп калдык экообуз колдук орус экен башында жакшы суйлошуп баратканбыз анан мага айтат кыргыздар рф паспорт коп аласынарго биздин составга эле кошулуп алгыла дегенде , мен айттым эч качан андай болбойт деп: анан баштады силерге караганда уз тж мигранттар жакшы деп , адреске жеткенче сайрап барды ар нерсени айтып , жеткенден кийин ашата соктум орус аялды эртеси мага жалоб кылган экен яндекстен чалышты . Азыркы учурда оз жерибизде кыргыз тили кор болууда , мисалы борборго барсан орусиянын бир шаарына баргандай болосун , бут орусча суйлошушот , ар бир жаран озубуздон баштасак кыргызча суйлоп , келген коноктор да айла жогунан уйронушот тилибизди . Кыргыз тили кылымдарды каарыткан , эч ким аны очуро албайт тарыхтан !

    • @abacada317
      @abacada317 3 месяца назад +1

      😂😂😂далбаебсунда😂😂😂

    • @user-jw7om4fc8j
      @user-jw7om4fc8j 2 месяца назад +1

      ​@@abacada317сен акылдуумун деп ойлойсунбу озунду мазгайоп😅😅

    • @user-ug9jg6rl6s
      @user-ug9jg6rl6s Месяц назад

      Кыргыз тилин онутуруш керек

  • @maksatosmonov2175
    @maksatosmonov2175 3 месяца назад +2

    КЫРГЫЗ ТИЛИ КОРГООГО ЭМЕС КОЛДОНУУГА МУКТАЖ. Кыргыз тилинен экзаменден өтпөгөн абутирент окуу жайларга кирүүгө уруксаат берилбеш керек, азыр Кыргыз тилин күчөтпөсө качан күчөтөбүз.

  • @user-um3ty3bl8f
    @user-um3ty3bl8f 3 месяца назад +1

    Жыргап кордум ар бир созу маанилуу.Ушундай мырзаларды коруп Кыргызстандын келечегине умут кыласын.Баардык жактан билимдуу,адам экен.

  • @qutlugmurodabduganiev4651
    @qutlugmurodabduganiev4651 3 месяца назад +10

    Ыдырыс узбеклар хам яхши куради сени Кыргызстанга куп фойданг бор умринг узок булсин

  • @user-ur9hb8rg8b
    @user-ur9hb8rg8b 3 месяца назад +2

    Азаматсын Ыдырыс Иним Кыргыз тилибиз биринчи орунда туруш керек .

  • @user-fl8gk9it9m
    @user-fl8gk9it9m 3 месяца назад +1

    Ыдырыс сен азаматсын аябай көп маселелерди козгоп абдан туура айтып кеттин сага ийгилик каалайм.

  • @azataza2345
    @azataza2345 3 месяца назад +1

    Эн туура Тилди азыркы школдогу балдарга уйротуш керек

  • @user-bu7xw3bm2g
    @user-bu7xw3bm2g 3 месяца назад +1

    Ыдырыс сага, чын дилимден сени сыйлайм, акыйкатты, чындыкты, туура жүрүүнү даңазалаган учун.

  • @Alisher-00kgz
    @Alisher-00kgz 3 месяца назад +13

    Башыңыз аман болсун, орустардын колу сизге дагы жетпесин, сак болуңуз байке.

  • @user-ds3ih9qk7e
    @user-ds3ih9qk7e 3 месяца назад +2

    Кыргыз тилибизди сыйлап, баалап, барктап алалы кыргыз бир туугандарым ....,.

  • @aigulbegalieva-px4df
    @aigulbegalieva-px4df 3 месяца назад +1

    Эне тилин билбеген эси жогун аныктайт,Эне тилим,эне сутум.Тилим менин дилим, туура маек болду, озубузду тааныйлы,барктайлы, намыской бололу.Уй да мооройт уй тилинде,кой да маарайт кой тилинде,ит да урот оз тилинде,ал эмне учун кыргыз билбей оз тилин чулдурашат,адам туруп болбодукпу айбанча, ойлонгула кыргыздар сактап тилди,урп адатты,салтынды,бекемдегин сен олкондун келечегин,терен орнот тамырын .❤

  • @yzatbektoktosunuulu1383
    @yzatbektoktosunuulu1383 3 месяца назад +6

    Ыдырыс аке азаматсыз уйбулонуз менен аман болунуз

  • @OpenOpen-fx9oo
    @OpenOpen-fx9oo 3 месяца назад

    Оба орусча эмес кыргызча билбегенден уйалуу керек тилиг менен журтсун кыргыз тили менен Кыргызстан деген мамлекетпиз❤

  • @user-ed7jg1bu8o
    @user-ed7jg1bu8o 3 месяца назад +1

    Рахмат, берүүңүздөр абдан кызыктуу болуптур. Ыдырыс иниме ийгилик каалайм, аман бол. Сага окшогон акылы тунук патриот жигит, кыздарыбыз көп болсун!❤❤❤

  • @user-cp6qh1rt8b
    @user-cp6qh1rt8b 3 месяца назад +2

    Ыдырыс туура айттын кыргыз кыргыстанда кыргызча билиш керек. Бирок орусча да билиш керек зыяны тийбейт пайдасы кана тийет. Орусча билбеген мигранттар отто кыйналып жатат Россия да. Элементарный орусча создорду билбейт кебир кыргыздар.

  • @almazshermatov6000
    @almazshermatov6000 3 месяца назад +3

    Кыргыз болуп келгенден кийин кыргыз болуп кеткен аябай маанилүү

  • @user-kt8wy2gv6n
    @user-kt8wy2gv6n 3 месяца назад +6

    Кызыктуу маек болуптур 👍🔥

  • @user-lc1xv3kv3e
    @user-lc1xv3kv3e 3 месяца назад +1

    Ыдырыс ака эн туура айтыптырсыз

  • @user-tb7te4ns3h
    @user-tb7te4ns3h 3 месяца назад +1

    Ыдырыс,дайыма уккулуктуу,маанилүү сүйлөйт.

  • @user-vj4yk2jj2j
    @user-vj4yk2jj2j 3 месяца назад +1

    Ушундай Жигиттер коп Болсо экен.Эн сонун маек болду .Ыдырыстын Бардык интервьюларын кором.Азамат жигит

  • @askaralymkulov815
    @askaralymkulov815 2 месяца назад +2

    Арабдардан коркпойбуз, аларды колдойбуз, коргойбуз, эң көп жардам берген эл, бул Араб эли, Ислам дин гана бизди сактап келген, Мухаммад Пайгамбарыбыз айткан: Мекенди сүйүш Фардз (Милдет) сөзсүз сүйүп, жан беребиз кыяматка чейин!!!!

  • @user-hg4to4en1b
    @user-hg4to4en1b 3 месяца назад +1

    Эн туура айтасын Идирис!!!Биринчи Оз Эне тилибиз болуш керек.А башка тилдер (орус англ кытай жб тилдер)турмушта инструмент катары колдонулушу керек.Негизи орус тилин эмес англис тили колдонгону ынгайлуу жана пайдалуурак,бут кат кабарды алсан болот!орус тили ушул эле эки уч олкодо пайдалана аласын ,калган олколордо бутундой англис тили колдонулат!

  • @user-tj3vo8xj6m
    @user-tj3vo8xj6m 3 месяца назад +1

    Ыдырыс,азаматсыз!Сиз.туура айтып жатасыз.Ачык айтып,болгонун болгондой айтканыныз жакты.Ооба,орус тилин билгендер акылман боло беришет,билимсиз деп айтып келишкен.Оз эне тилибизди унутпайлы.Бирок орус.тилин да билели!

  • @Abdinazar-sz1mi
    @Abdinazar-sz1mi Месяц назад +1

    Биз мекенибиздин ичинде жалаң кыргызча сүйлөгөнгө милдеттүүбүз 😢😈💪

  • @user-fr9oj6eq4z
    @user-fr9oj6eq4z 3 месяца назад +1

    Эн туура маселе Ыдырыс айткан ене тилибизди балдарыбызга толук уйротсок жакшы болмок

  • @user-xo1id1bd2i
    @user-xo1id1bd2i 14 дней назад

    Ыдырыс инимди колдоймун, мыкты эркин журналист туура айтат Кеп орусча билиш керек эмес кыргыз болгондон кийин кыргызча жашаш керек кыргызча тактап суйлоп алсак

  • @Alim-fd2ue
    @Alim-fd2ue Месяц назад

    Туппа туура Ыдрыс создоруно кошулам Бишкектин кележеги орустардыкы болот,тилин саткан киргиздер коп.орус тилинде суйлогондорго пазор ата энеси куноолу деп ойлоймун.

  • @honesthonest944
    @honesthonest944 3 месяца назад +3

    Сонун , рахмат жакшы,азаматтар .

  • @user-dx4cq9cu2j
    @user-dx4cq9cu2j 3 месяца назад +4

    Ыдырыс.азаматсын.туура.айтып.жатасын.негизи.баардыгыбыз.аракет.кылышыбыз.керек.

    • @user-ys7pp6nw3o
      @user-ys7pp6nw3o 3 месяца назад

      Азыр эле айттыго , туура жазышты уйрөнүш керек деп

  • @user-fc1uh6gk3y
    @user-fc1uh6gk3y 3 месяца назад +3

    Кыргыз тилин эч качан унутпашыбыз кк биз кыргызбыз туугандаар

  • @damishr5079
    @damishr5079 3 месяца назад +1

    Ыдырыс ака Тажикстан менен чек араны эн туура айттыныз,Акаев мезгилинде Тажикстандагы этникалык кыргыздар илгертен байырлап келген Жерге-Тал жана Мургаб райондорун болуп алса болмок жана кучу да жетмек.Азыркы учурда этникалык кыргыздар тажик бийлиги тарабынан ар тараптан кысымга алынып келет.Копчулугу Чуй областына кочуп келишкен,ошого мажбур болушкан.

  • @user-um2cv1zr5d
    @user-um2cv1zr5d 3 месяца назад +1

    Салам Ыдырыс сендей Кыргыз жигиттери коп болсун