Саламат Садыкова - "Кыргыз жери" (Анталия шаары 2019)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 4 окт 2020
  • "Кыргыз эли" коому тарабынан уюштурулган "Ак-Деңиз кечинде Кыргыз маданияты жана "Манас" эпосу" масштабдуу маданий иш-чарасы бийик деңгээлде өттү.
    2019-жылдын 12-июль күнү Анталия шаарындагы Кыргыз мекендештерибиз жана Түрк боордошторубуз үчүн өзгөчө күн болуп калды. Себеби "Кыргыз эли" коомунун демилгеси жана эмгеги менен жалпы эмгек жамаат биригип Түркияда "Ак-Деңиз кечинде Кыргыз маданияты жана "Манас" эпосу" маданий иш-чарасын өткөрүштү.
    Кенен, масштабдуу түрдө түзүлгөн иш-чаранын бөлүктөрү элдин кол чабуулары жана ыраазычылыгы менен коштоп жатты. Алсак эң алгач 11-июль күнү Кыргыз боз үйү Муратпаша муниципалитетинин жанындагы чоң аянтка курулду. 12-июль күнү жасалгалуу боз үйдө Кыргыз салт-санаасын көргөзгөн көргөзмөлөр көрсөтүлдү. Улуттук стилдеги сувенирлердин көргөзмөсүн Анкара шаарынан келген "Айжан этно" башчысы Айжан айым өз колуна алып мыкты сувенирлерди эл назарына койду. Саат:10:00 дөн баштап кечки 20:00 гө чейин уланган бул көргөзмө келген конокторду кайдыгер калтырбай суктануу менен көңүл буруп жатышты.
    Ал эми саат:12:00-13:00 арасында Стамбул шаарынан келген Жылдыз айым өз сүрөт көргөзмөсүн кылды. Аталган сүрөт көргөзмөсүндө Кыргызстандын мыкты сүрөтчүлөрдүн эмгектери дагы коюлуп эл тарабынан бийик бааланды.
    13:00-19:00 гө чейин Кыргыздын боз үйүнүн ичинде ак элечек кийген энелер, шөкүлөчөн эжелер, асылзат айымдар улуттук даамдардан куралган дастарконун жайып келген конокторду жылуу маанай менен тосуп алып жатышты. Анталия шаары туристтерге бай шаар болгондуктан Түрк, Орус, Казак, Татар, Англис жана башка улуттун өкүлдөрү жандуу маданиятыбыз менен таанышып жатты. Арасында алгачкы жолу көрүп суктанып жатса, кээ бири көптөн бери боз үйгө кирбей сагынгангандыгы жана Анталия шаарындагы курулгандыгы жагымдуу көрүнүш экендигине токтолуп жатты.
    Албетте элдин бүйүрүн кызытып күткөн концерттик программа Муратпаша муниципалитетинин маданият залында саат: 19:00 дө старт алды.
    Алгач Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын гимндери ырдалды. Аталган иш-чаранын уюштуруучулары "Кыргыз эли" коомунун башчысы Рысгүл Кадырова жана "Түркмен эли" коомунун башчысы Юнус Баятлы кенен маалымат берип сахнага КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковду ачылышын жасоого чакырды.
    Андан соң Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзира Жумакунова "Кыргыз маданияты" жөнүндөгү илимий докладын окуса, Кыргызстандан келген, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин мугалими, доцент: Алпаслан Ашык "Манас" эпосу боюнча түрк тилиндеги докладын окуду.
    Концерттик программа "Манас" эпосунан үзүндү аткарылып театралдашкан постановканы элечекчен энелер аткарылды. Коом башчы башкы катчысы Светлана Эсенгүл кызы даярдаган театралдашкан үзүндү элдин купулуна толду.
    аншлаг коштогон концертте Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова, Маданияттын мыктылары Догдурбай Урманбетов жана Лира Урманбетовалар ырдап мындан сырткары "Лира Севенден 21-кылымдын шөкүлө майрамы" аталышында 12 кыздан турган чон көргөзмөсү болуп өттү. Гүлзада Рыскулова алгач "Курманбек" ыры менен элди көтөрүп "Мен Кыргыздын кызымын" чыгармасы алга карай жетеледи.
    (Уландысы кийнки чыгарылыштардан окусаңыз болот)
    "Кыргыз эли" коомунун маданият жана маалымат бөлүмү
    Анталия шаары, 13.07.2019

Комментарии • 72

  • @user-tc4uz4jr2x
    @user-tc4uz4jr2x Год назад +17

    Укан сайын укун келет,бул ыр кыргыздын экинчи гими деп ойлоймун.Азаматсын Саламат эже

  • @user-tc4uz4jr2x
    @user-tc4uz4jr2x Год назад +45

    Ушул ырды кыргыздын гимне корсткон эле.Кадайдыр чоондордун кигилишуусу менен откорбой койгон.Саламат эже оотто чеберчилик менен аткарган аман бол эжэке

    • @user-xo1we1mm4b
      @user-xo1we1mm4b 9 месяцев назад +2

      Себеби автору туштуктон Жалал Абаддан болот да, ошон учун откорбой койгон, болбосо гимн учун номер 1 ыр ушул болчу.

    • @Saayra-hc4sy
      @Saayra-hc4sy Месяц назад

      Трайбализм де ырга да создун.маанисин тушунсо болмок ошол каршы чыккандар

  • @gylzina3003
    @gylzina3003 Год назад +26

    Сонун чыгарма эч качан үнүңүз өчпөсүн эч кимдин үнү жетбейт ырдаганга алга саламат

  • @user-oe8li4ft9f
    @user-oe8li4ft9f Год назад +21

    Мынча сонунтим эле журоко жетет Кыргызстандан алыс журосом да журогум ошол жакта рахмат сизге Саламат апа!!!!

  • @user-rw2yj1lf1d
    @user-rw2yj1lf1d Год назад +21

    Талантынызга таазим, бар болунуз!!!!!!!

  • @user-xo1we1mm4b
    @user-xo1we1mm4b 7 месяцев назад +4

    Ыйлап угам ушул ырды дайыма, ушунчалык журоко жеткирип ырдаган эжебиз.

  • @azra780
    @azra780 Год назад +17

    Жаша Кыргызым! Саламат эжебиз ырдаганда журокттор ойгонотго чиркин😇😘😘😘

  • @muminjanuzakov3416
    @muminjanuzakov3416 Год назад +18

    Шедевр.!!!.Аллахым раазы болсун Саламат.

  • @user-gb3tf8yj3l
    @user-gb3tf8yj3l Год назад +14

    Эн сонун ыр мыкты аткаруу Саламат эже просто шедевр козумдон жаш чыгып кетти....

    • @user-sy4nf9vv5m
      @user-sy4nf9vv5m Год назад +2

      Кыргыз жерин, даңазалап.Коркун чыгара ырдады!!!!! Азаматсыз.урматту Саламат Садыкова,бар болуңузАман болунуз.оте керемет.❤

  • @ArhatArhatovich-pk6gr
    @ArhatArhatovich-pk6gr 3 месяца назад +3

    Эжеке ырынызды уккан сайын уккум эле келе берет,сизди аябай жакшы көрөм рахмат Эжеке 👏👏👍🌹❤

  • @user-qx4sz6bq3x
    @user-qx4sz6bq3x 3 месяца назад +2

    Жашасын коп жылдарга Саламат эжебиз,эмне деген талант, конгуроодой уну менен бул ырды чынын айтсам эч ким Саламат эжедей ырдай албайт, бар болунуз эжеке

  • @user-bm3yg5zg9o
    @user-bm3yg5zg9o Год назад +22

    Эмнеге коментарий аз. Биздин экинчи гимни.

  • @user-yd4cc3ce8p
    @user-yd4cc3ce8p 10 месяцев назад +7

    Саламат ырда сага ден соолук сенин унундой ун жок коп жаша унуно береке

  • @user-sk9lp7ty3k
    @user-sk9lp7ty3k Год назад +18

    Молодчина, наша Саламат! Кыргыз ЭДИТ ПИАФ БИЗНИ ТЮРК МИЛЕТНИ!!!

  • @user-qx8hi5uu2s
    @user-qx8hi5uu2s 4 месяца назад +3

    Чон рахмат Саламат эже, унунуз жана ырдаган ыр " Кыргыз жери" отоо укмуштуу, бар болунуз!

  • @user-cc7cj2zy9u
    @user-cc7cj2zy9u Год назад +10

    Тамаша !!!Жасай бер Саламат !!!Жасай бер Қырғыз елі !

  • @user-rl8vp5zz6y
    @user-rl8vp5zz6y 12 часов назад

    Москвада электричкада ишке кетип атып уктум Кыргыз жерин сагыныпмын козумо жаш келди.Саламат Садыкова унунуз очпосун узун омур берсин сизге жаратканым оорубаныз .

  • @user-bn7qm5cn7x
    @user-bn7qm5cn7x 7 месяцев назад +4

    Мен эжени аябай жакшы кором аман болун эже

  • @ilazsagynbekov5363
    @ilazsagynbekov5363 10 месяцев назад +4

    Кыргыз жери нурдан буткон. Сезилет ата эненин мээримдери, кандай гана создор

  • @user-uf2ev1wd8c
    @user-uf2ev1wd8c 5 месяцев назад +3

    Кандай сонун ырдайт Саламат Садыкова

  • @nurdaim5912
    @nurdaim5912 Год назад +10

    Соонун эжем

  • @user-rj2vb5ng1e
    @user-rj2vb5ng1e Год назад +7

    Алтын ун ,алтын добуш коп жашаныз ,бар болун.

  • @user-sy4cv5wc8n
    @user-sy4cv5wc8n Год назад +9

    КЫРГЫЗ ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ, УККАН САЙЫН УККУН КЕЛЕТ ОВ..

  • @user-pq1pg8dq9z
    @user-pq1pg8dq9z 9 месяцев назад +4

    Укмуш бар болунузСаламат эжеке!!

  • @user-lp8uh3tn8i
    @user-lp8uh3tn8i 7 месяцев назад +3

    Саламат Эже биз сизменен Сыймыктанабыз ушугул ырыныз ото соонун мен бала кезимден жакшы коруп угам анткени мени 4 унчу класс качейин окуткан Эжейим музыка сабагында ырдатчу еле бар болунуз Саламат Эже

  • @omurbekkamchybekov8387
    @omurbekkamchybekov8387 Год назад +4

    Саламат эженин ушул ыры абдан жагат гимн катары көрөм

  • @user-xo1we1mm4b
    @user-xo1we1mm4b 7 месяцев назад +6

    Мамлекет Гимн катары кабыл албай койсода, эл озу эле Гимн деп колдоп алышты.

  • @user-tk7om7mz3d
    @user-tk7om7mz3d 10 месяцев назад +4

    Саламат Садыкоа- горость нашей страны,воодушевляет народ,спасбо!

  • @user-bz1di1tk9v
    @user-bz1di1tk9v Месяц назад

    Салам эже шедеврсиз❤ Жаратылыш сизден эч нерсесин аябаган экен❤кайталангыс кубулжуган унду,тогорогу топ келишке чыныгы кыргызча сулуулукту, кайталангыс алтын талантты берген экен❤коз тийбесин ылайым коп жашаныз ❤ сиздин ырдаганызга,суйлогонунузго,маданияттынызга суктанбастан башка айла жок 🌹🌹🌹🌹🌹Бул сиздин ушундай улуу адам экениниздин белгиси🌹🌹🌹Онорунуз оркундойберсин,денсоолукта болунуз🌹🌹🌹🌹🌹

  • @yalinayak98
    @yalinayak98 Год назад +10

    Sesine, yüreğine sağlık

  • @user-qc3oj5zj8j
    @user-qc3oj5zj8j 4 месяца назад

    Ырды укканда көздөн жаш кететко атаганат.Чыныгы үн сонун чыгарма Легенда Саламат Садыкова

  • @user-hn1ur4ww6w
    @user-hn1ur4ww6w 2 месяца назад

    Саламат эже өзүңүз да ырларыңыз да сонун кыргыздын сыймыгысыз

  • @user-eb7db4cm9n
    @user-eb7db4cm9n 9 месяцев назад +3

    Үнүңүзгө таазим кылам, Рахмат

  • @user-vd7mo2wg6w
    @user-vd7mo2wg6w 5 месяцев назад +1

    Эн сонун экен ❤

  • @FGF-AA
    @FGF-AA 4 месяца назад

    Канча уксан дагы уккун келет Саламаттын гана аткаруусунда угам ырды уксан журогун элдирейт

  • @user-nd9vi2yj9r
    @user-nd9vi2yj9r Год назад +7

    Саламат Султан.

  • @user-yn5kw2dq9e
    @user-yn5kw2dq9e Год назад +8

    Ырдын коркуно чыгарган аткаруучуга жана ырдын авторуна чоон рахмат!

  • @dilbarjonibekova2211
    @dilbarjonibekova2211 3 месяца назад

    Саламатсыздарбы ?
    Мен ушул Саламат Садыкова десе жанымды төшөймун. Негедир ушул ырды уксам сагынычтан ыйлагым келет. Өзүм ОшМУну бүткөнмүн.
    Өзбекистандын Жизак областынан боломун.
    Өзбекистан жараны Манас Кожогелдиев.

  • @mairakedr7860
    @mairakedr7860 Год назад +3

    Азамат эжекебиз,бар болунуз!!!

  • @eduart9274
    @eduart9274 6 месяцев назад +2

    Бул ырдыуккандан тажабайм гооо чиркин

  • @user-xb3yz6ow1j
    @user-xb3yz6ow1j 9 месяцев назад +1

    Братья кыргызы Вам есть кем гордиться у Вас есть плеяда Звёзд мировой известности одна из них Золотой Голос Кыргызстана Саламат Садыкова сохраните свою самобытность Вы уникальная народность🙏👍👍👏👏🇰🇬🇰🇬🇰🇬❤

  • @user-mo3ds3bx5e
    @user-mo3ds3bx5e 5 месяцев назад +2

    Саламат эженин ун у эн сонун ❤❤

  • @user-tz9py5xj3e
    @user-tz9py5xj3e Год назад +9

    Голосунузга таазим

  • @user-yf3wq4kg5u
    @user-yf3wq4kg5u День назад

    Саламат эжэ асмандагы Чолпон жылдыз❤❤❤❤

  • @user-lw8cr1hp6h
    @user-lw8cr1hp6h 7 месяцев назад +2

    Эх кыргыз эли гул бергенди билбейбиз да

  • @FGF-AA
    @FGF-AA 3 месяца назад

    Саламаттын ырын уксан жан сергийт

  • @temirkulstamaliev935
    @temirkulstamaliev935 9 месяцев назад +2

    Керемет!!!

  • @AlmashTursunbekkyzy-kw6ci
    @AlmashTursunbekkyzy-kw6ci Месяц назад

    Керемет ❤❤

  • @user-pm9dj9mr8u
    @user-pm9dj9mr8u 13 дней назад

    Бар болунуз эжэ

  • @user-hz1kn8hl5j
    @user-hz1kn8hl5j Месяц назад

    Обонунуз оболой берсин денсоолукта болунуз омурунуз Узун болсун Оомийин

    • @europattt7299
      @europattt7299 Месяц назад

      Аман жүріңдер қырғыз бауырлар! Жақсы жыр екен. Жоғарыда Қазақстанның флагі көрінбейдіғо 😊

  • @user-oo1fi4mz6b
    @user-oo1fi4mz6b 10 месяцев назад +2

    Кыргыз

  • @user-xd8yv5jg2v
    @user-xd8yv5jg2v Год назад +2

    ушул ырды канда эле Апаз Жайнаков эске келет

  • @user-bq2je4wg1j
    @user-bq2je4wg1j Год назад +3

    Бар болунуз Саламат эже.Сиз мыкты патриот инсансыз.

  • @yhvalkamilovna6807
    @yhvalkamilovna6807 Год назад +2

    ❤️❤️❤️❤️🕊️🕊️🕊️🕊️

  • @user-hi4gw9gw2w
    @user-hi4gw9gw2w Год назад +4

    Саламат эже бул Апас Жайнаковдун Кыргыз жери аттуу ырын аткарганда канында кыргыздын каны болгон уул- кыздары жон туралбайтго. Канынды оргуштатып намыс , сыймык Кыргыз элибиздин суугуна , ысыгына туруп бере турган сезимдерге алып келет. Бар болун аяшэже , биз баарыбыз сиз менен сыймыктанабыз.

  • @user-zx8sq7rz4f
    @user-zx8sq7rz4f Год назад +3

    Кыргыз жери заделать ГИМ Кыргыз гимни ВСЕ будут петь.

  • @user-cc7cj2zy9u
    @user-cc7cj2zy9u Год назад

    Тамаша !

  • @user-qw4zz7fo5p
    @user-qw4zz7fo5p Год назад +4

    Майрам Акаева кызганып гимн кылбай койгон

  • @user-dm9gh5ki9x
    @user-dm9gh5ki9x Год назад +3

    Жан жүрегіңме

    • @user-dm9gh5ki9x
      @user-dm9gh5ki9x Год назад

      Жан жүрегіңмен тыңдайсың

  • @user-qz3tq8yd7c
    @user-qz3tq8yd7c 10 месяцев назад

    Акчасын толоп берсе болмок

  • @user-xr8jj9yj2e
    @user-xr8jj9yj2e 17 дней назад

    Ушул ыр гимн болсо жарашмак

  • @user-fb9iu7rx3m
    @user-fb9iu7rx3m 11 дней назад

    бундай эжекебиз чыкпайт эми баалап калышыбыз керек

  • @user-ky2qu4vo1z
    @user-ky2qu4vo1z 4 месяца назад

    Турк куйоо балдар коп келищиптир концертке

  • @user-ft5kx7cf5s
    @user-ft5kx7cf5s Год назад

    Могу отвратительный слуху бар киши эмне учун коштоп жатат😊

  • @user-vd9fn3hh6m
    @user-vd9fn3hh6m Год назад +2

    Чет өлкөдөгү кыргыз кыз-келиндери сельфимания менен ооруп калган го. Уят дегенди билишпейт окшойт

  • @user-bj9rh3lk9j
    @user-bj9rh3lk9j Год назад +17

    Сонун ыр керемет ун эч ким мынчалык денгелде ырдай албайт уккан сайын уккун келет бар болун Саламат эже

    • @jajfffyu9562
      @jajfffyu9562 Месяц назад

      Саламат сыймыктанабыз сени менен❤❤