TV show I

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 17 окт 2024

Комментарии • 2,4 тыс.

  • @surotcu
    @surotcu Год назад +342

    Буйрса🙏 бул "Агай" телесериалы көп тилге которулуп дүйнөнү багындырып Оскар жана башка сыйлыктарга ээ болсун! 🤲

    • @aikanaysh4_04
      @aikanaysh4_04 Год назад +3

      Буйруса чыгат. Азиянын эң мыкты сериалы болсун🤲

    • @dvlpsuccess7289
      @dvlpsuccess7289 Год назад +2

      жерге тушунуз
      чындыг козуно караныз

    • @Мария-с9ы3к
      @Мария-с9ы3к Год назад

      Иншаа Аллах❤❤

  • @sunnat6998
    @sunnat6998 Год назад +265

    Бу кинофильмни ку́риб ку́зимдан
    Ёш келди, Ватан учун , халк учун
    Шундай устоз педагоглар ку́пайсин..... 👍🤝🤲

  • @adhamjonmalikov1023
    @adhamjonmalikov1023 Год назад +288

    Мен Киргиз элига доим омат тилайман халкларимиз доим дуст булсин филмни куриб хурсанд булдим 🙌👍🇺🇿

  • @Руслан-в7ч4л
    @Руслан-в7ч4л Год назад +84

    Бул менин агайым! Гимназияны ачканда биринчилерден болуп биз окуганбыз! Мектептен ар Бир класстан балдарды тандап гимназияга алган! 2 жыл окугам!Ачкачылык, кыйын увакта ачыптыр азыр ойлосом! Ото кучтуу АГАЙ! Эми баркыны билип атабыз!

    • @faberlikfaberlik3287
      @faberlikfaberlik3287 Год назад

      Гимназия кайсы жылы ачылган сиздер кайсы жылы окугансыздар

  • @scorpioantares1049
    @scorpioantares1049 Год назад +156

    ...Самое прекрасное в этом фильме то, что прототип главного героя, учителя истории, наш живой современник из Баткена Гапыр Мадаминов, он герой нашего времени, его ученики сейчас учатся во многих ведущих университетах мира Европы, США и Азии!
    Алга Кыргызстаным!💪🇰🇬

  • @cinemakg9901
    @cinemakg9901 Год назад +564

    Возможно многие думают что это работа обычного сценариста, и не больше. Но этот сериал, снят на основе реальной истории жизни учителя Гапыр Мадаминова. Всем участникам этого сериала , режиссёру огромное благодарность🙌🏻🙏🏻🇰🇬

    • @ЗебинсаАбдиллаева-ф3ю
      @ЗебинсаАбдиллаева-ф3ю Год назад +2

      👍👍👍👍👍👍👍👍👍

    • @sunrise4507
      @sunrise4507 Год назад +1

      К сожалению так много разочарований, вы знаете, всё время кажется будто это заказной сериал в подарок отца от богатых детей.

    • @Boocker_league
      @Boocker_league Год назад +2

      ​@@sunrise4507 В чем причина вашего замешательства? Почему вам так кажется?

    • @moi.zelenyi.sad312
      @moi.zelenyi.sad312 Год назад

      ​@@sunrise4507 возможно вам так показалось не спорю. Я увидела случайно этого учителя В соцсетях. И мне его мысли понравились. Чтобы наши дети были умными, мы родители должны давать пример, учится, книги читать. И поэтому сериал для меня как его автобиография. Мне понравилось. Возможно есть недочёты. Но главное-это суть. Я рада такому сериалу. Наши кырг. Фильмы современные немного простые, упор на то чтобы понравится зрителям и заработать деньги. Коммерческие фильмы. Это воспитательный фильм.

    • @moi.zelenyi.sad312
      @moi.zelenyi.sad312 Год назад

      ​@@sunrise4507 этот учитель рассказывал как он начинал свой путь учителя. Как он плакал, когда ученики не приходили на урок. Вы представьте из всего класса всего 2 ученика сидят на уроке, остальные заняты домашними работами, работой в поле, в хозяйстве. И он спрашивал себя:зачем всё это, может бросить. Вы видели такого учителя чтобы ученики приходили заниматься он сажал поле, растил урожай, кормил детей? Это удивительный человек.

  • @ЕрасылҚобдабаев-я5л

    Жарайсыңдар нағашы жұртым! Өте керемет сериал екен! Жиендеріңізден жалынды сәлем Қырғыз еліне!🇰🇿🤝🇰🇬

  • @NURABZ
    @NURABZ Год назад +38

    Қырғыз бауырлар жарайсыздар! Бізді дамытатын тек білім ғана! Білімді ұрпақ көп болсын! Чон рахмат! 🇰🇿🇰🇬

  • @kyrgyz77777
    @kyrgyz77777 Год назад +369

    Элдин табити бузулуп сабатсыздык күч алып турганда мындай тасмалардын тартылышы абдан жакшы көрүнүш. Бирок тилекке каршы мындай маанилүү сериалдын көрөрмандары аз болгону мени өкүндүрөт. Мен Гапыр агайды таанычу эмес экенмин сериалдан кийин ал адам жөнүндө көп маалыматка ээ болдум. Гапыр агай сиз эл тарабынан да мамлекет тарабынан да сыйга татыктуу инсан экенсиз. Ал эми Байрак групп жанан анын жаратманы Руслан мырзага ушундай өлкө үчүн билим үчүн күйгөн каарманыбызды алып чыгып элге жеткиргенине терең ыраазычылык. Бар болгула кыргызымдын мыктылары..

    • @ЖыпарКурбаналиева
      @ЖыпарКурбаналиева Год назад +13

      Туура айтасыз,элибиздин көрөңгөсү сокур болуп,сабатсыздык сүңгүп кирип бараткан мезгилде өтө таасирдүү кино тартылганы аябай кубандырат. Азыр коомубузда ушундай адамдар көп болсо, Кыргызстаныбыз эчак эле онукмок да. Тилекке каршы,андай болбой жатат....

    • @КумушайОктяброва-ь7ъ
    • @ГулсаадатКоргонбаева-ы9м
      @ГулсаадатКоргонбаева-ы9м Год назад

      😢😢😢😢😢

    • @Ала-тооКыргыз
      @Ала-тооКыргыз Год назад

      😢😢😢😢😢😢

  • @АсяАся-о8д
    @АсяАся-о8д Год назад +5

    Керемет түсірілген көркем фильм көзі ашық сауаты саналы адам гершілігі мол азамат екен қызыл туын құламаи ұлменен қызын жыламаи мәнгілік болсын тәулсіздігі бір туғаң қырғыз елімнің

  • @MAMETOV9
    @MAMETOV9 Год назад +20

    Дагы да көп, көп өзүбүздүн тарыхыбыздагы чыгаан инсандарыбыздын тарыхын киного тартып элибизге, жаштар бизге мотивация берип тарта бериңиздер , сиздерге чооң рахмат жана ийгилик!!!!

  • @alisherturdaliev6947
    @alisherturdaliev6947 Год назад +291

    Мен Дубайдан сиздин билимиңиздин негизинде жүрөм Агайым . Ыракмаат сизге баары үчүн 🤝🤗

  • @ЗуляТолубаева-ж6у
    @ЗуляТолубаева-ж6у Год назад +168

    Ыраазымын ,11 жыл бою Гапыр агайдан гимназиядан билим алдым !"Акыл эмгегинин маданиятын", "Билимге сапар" аркылуу сабак уйрондук !Агайымдын омуру узак ,ден соолугу чын болсун !

    • @Кыргызкызы-э9ф
      @Кыргызкызы-э9ф Год назад +6

      Кыргызстанга кызмат кылган Инсандандардан боло коргуло 😊

    • @Miki_pro101
      @Miki_pro101 Год назад

      Чындап бул агай барбы

    • @A_A12460
      @A_A12460 Год назад +6

      ​@@Miki_pro101 Гапыр Мадеминов азыр советник министра образования жакында эле дайындалды

    • @ГулдестеИсакова-ы4ш
      @ГулдестеИсакова-ы4ш Год назад +5

      @@Miki_pro101 Агайга ден соолук каалайбыз.Лейлектин Жаштык деген айылында жашайт.

    • @Ахиллес-ь4г
      @Ахиллес-ь4г Год назад +7

      ​@@A_A12460 министр болууга 100% татыктуу экен Гапыр Агай👍🏻👍🏻👍🏻

  • @БегаимКалманова
    @БегаимКалманова Год назад +133

    Союз таркагандан бери мындай кино коро элекмин.Козумдон кандай жаш куюлганын билбейм. Рахмаат баарынарга. Гапыр агайдын суйлогонун, эмгектерин коруп, угуп, таасирленип журчу элем. Эми болсо чын журоктон сыйлап калдым. Комментарийлерди окусам копчулугу ыйлап корушуптур 😢❤.

  • @samara7431
    @samara7431 Год назад +167

    Атасы алманы жол кире катары алчы деп суранганда көзүмөн жаштар акты.Кандай колдоо ата эне тарабынан .Ушундай ата -эне мн гана өнүгүп өсөсүн!

    • @ГулжамалНурмаматовна
      @ГулжамалНурмаматовна Год назад +10

      Ооба,менда озумдун атамды эстеп кеттим,11ди буткондо,мени Бишкекге окууга жонотуп кала берген,колунда барын берип,апам казакстанда эжем экоо иштеп,эжем озу окубай,мени окутту,апам экоолоп,Мед.Академияны ийгиликтуу бутуп,азыр врач акушер гинеколог болдум,атам апам,эжемдин колдоосу менен.

    • @videomaster5923
      @videomaster5923 Год назад

      Ооба менда токтоно албай ыйладым😢

    • @МырзайымАбдыкалыкова
      @МырзайымАбдыкалыкова Год назад

      Менда ошол жеринде чыдай албадым

  • @АйдайКайыпбекова
    @АйдайКайыпбекова Год назад +1146

    Мен кыргыздын ушундай даанышман адамдары менен сыймыктанам. Топ келиптир да Гапыр Мадаминов агайыбыз жонундо Руслан Акундун кино тартуусу бул шедевр болсо керек

    • @БегайБайсымакова
      @БегайБайсымакова Год назад +70

      Башынан аягына чейин ыйлагым келип кордум. Азыр агайга окшогон адамдар жокко эссе. Ар Ким озун ойлогон заман болдуго.

    • @bairakgroup
      @bairakgroup  Год назад +29

      Рахмат❤🙏🏼

    • @anaraorozalieva2587
      @anaraorozalieva2587 Год назад +24

      Эмгегинизге таазим🙌

    • @tolkunmamatova9415
      @tolkunmamatova9415 Год назад +19

      Оа соонун тартылыптыр.

    • @АйгулБахвпова
      @АйгулБахвпова Год назад

      ​@@bairakgroupанг тилин билбегендер да окуп уйронсо болобу

  • @adiletlife6807
    @adiletlife6807 Год назад +18

    Мәәә, сериал мыкты👍👍 базар жок, Молодцы Кыргыз аға-бауырлар 🇰🇬🇰🇿 улкен салем Казакстаннан✊✊✊✊

    • @Токтогулакын
      @Токтогулакын 7 месяцев назад

      Баалаган казак баурларыма Рахмат чоң. Силерде да мыкты кинолор бар го

  • @АйжанТурусбеккызы
    @АйжанТурусбеккызы Год назад +209

    Самый лучший кыргызский фильм который когда либо смотрела 😍😍😍

    • @kyrgyzjigit518
      @kyrgyzjigit518 Год назад +1

      орусча говориш да.А кыргызчасычы...

    • @cobachiper2995
      @cobachiper2995 Год назад +5

      @@kyrgyzjigit518 Анда эмне болот? Мен кээде ушундай билдирүүлөргө таң калам. Адам мыйзамды буздубу? Түшүнбөйм эмнеге ушуну жазып жатасың?

    • @РиНаТХ-ш4г
      @РиНаТХ-ш4г Год назад

      Не пизди

    • @kasaikasai6809
      @kasaikasai6809 Год назад

      @@cobachiper2995акылдуу боло бербечи, эгер кыргыз болсо кыргызча уйронуу милдет

    • @cobachiper2995
      @cobachiper2995 Год назад +2

      @@kasaikasai6809 Досум, тереңирээк кара. Ал киши бул сериалды субтитр менен көрүп, өз баасын берди. Адам эне тилин билсин деген милдет жок. Бул кандай стереотип, кыргыз кыргызды билиш керек дегендей. Тилибиздин бардык жагынан алсыз экенин моюнга алышыбыз керек. Албетте, аны өнүктүрүү керек. Бирок мындай сөздөр менен өз эне тилин начар сүйлөгөндөрдүн же билбегендердин бардыгын гана четке кагасың. Адам өз элине, тилине жете баштады. Биз муну колдошубуз керек!

  • @simpleviewer3361
    @simpleviewer3361 Год назад +110

    Честно удивлен, что сняли такой классный сериал, рад за свою страну за то что развивается. Ну и
    Алга Кыргызстан!!!

  • @КылымбекЖенишбекуулу-с6ч

    Гапыр Мадаминов агайдын эмгегин баалап кино тарткан режиссёрдон Аллах ыраазы болсун

  • @snnd8988
    @snnd8988 Год назад +799

    Кыргыз халкы молодец. Бірде бір жаман сөз айтатын анаиы уятсыз кино түсірген емес. Біздің қазақтардың киносин көру мүмкін емес болып барады. Тəрбиелік осындай кино түсіруге кашан біздікілердің миы жетер екен.

    • @ai724kam
      @ai724kam Год назад +37

      Бул чыныгы өмүрдөн тартылган кино. Гапыр Мадаминовдун методикасы, ачкан гимназиясы азыр бүт Кыргызстанда тарап жатат.

    • @РомаКраус-т3е
      @РомаКраус-т3е Год назад +3

      Пустой домду корсон

    • @АзадаАмиракулова
      @АзадаАмиракулова Год назад +5

      @@kg1170 лейлектен

    • @ЫсаковаПеризат-э6б
      @ЫсаковаПеризат-э6б Год назад +13

      Қазақтарда да жакшы кинолор бар ,кайгырбаңыз ..!Бирок чынында сиздерде өтө көп боқтайды киноларда

    • @kdkfkkslf6076
      @kdkfkkslf6076 Год назад +1

      ​@@ЫсаковаПеризат-э6б 3((@89й

  • @manzuragaparova7098
    @manzuragaparova7098 Год назад +60

    Биз агай жөнүндө тартылган кинону чыдамсыздык менен күтүп үй - бүлөбүз менен көрдүк .Агай өтө көп кыйынчылыктардын арты менен ушул даражага келиптир.Бул кинодо агайдын сабырдуулугу,тырышчаактыгы, өз ишинин үстүнөн чыккандыгы ,адамдык асыл сапаттары даана ,так көрсөтүлүп турат.Агайдын иштерине ийгилик ,ден соолукта болуп жүрө берсин

  • @АйданаОмуржанова
    @АйданаОмуржанова Год назад +50

    Азыркынын "Дуйшону" Гапыр агай! Козу тируу кезинде сыйлап, барктап калалы. Билим берууго кошкон ат которгус эмгеги бар агайдын. Жараткан узун омур, чын ден соолук берсин!

  • @koreashop
    @koreashop Год назад +12

    Манас Халдаров менин иним эн мыкты режиссёр Кыргызстанда.Кыргызстанды дуйно жузуно тааныткан кинолорду жарата бер иним.Биз сени менен сыймыктанабыз .Голливдду багынтасын ИнщааАллах.АМИНЬ

  • @ЕрнарБакбергенов-ж8м

    Ассалаумагалейкум Қазақстан Манғыстау Каспий теңіз жағалауынан Бір Туған Бауырлар 💯😊👍 Қырғыз Бір Туғандардың Киносы Қандай Жаксы Сүйсініп Қарайсың 😊👍

  • @aifox9713
    @aifox9713 Год назад +132

    Гапыр агай ушунчалык биз окуучулар учун кыйынчылык коруп журуп гимназия ачкан турбайбы. Сизге соз жок агай, ушундай окуу учун куйуп жанган мугалимибиз бар экенине журогум жылып кетет😇😇😇

  • @Aika012
    @Aika012 Год назад +152

    Агайыбыздын көзү тирүүсүндө эле келечек муундар үчүн, илим билим, коом үчүн кылган эмгектери бааланып, калың элге таралып жатышы биз үчүн чоон сыймык!!! Өз ишин мыкты аткарган Руслан Акунга өзгөчө ыраазычылык билдирем!!!

  • @МатлюбаПансатова
    @МатлюбаПансатова Год назад +45

    Спасибо Вам, уважаемый Г.Мадаминов, я учитель в сш" 40лет Кыргызстана "Лейлекского района,горжусь Вами, я рада, что Ваши труды оценили, сняв этот фильм, живите долго ,Дай Аллах

  • @gipartglobal1816
    @gipartglobal1816 9 месяцев назад +3

    Гапыр агай тууралуу маани бербеемин Корсо билим аба менен суудай зарыл экен, режиссер Руслан агабыз омуру узун болсун Кыргызстаным ды Аллахым озун сакта жардам бер онугуп кучтуу олко болсун,элимдин биримдиги баарынан кымбат Алга Кыргызстаным 🇰🇬 козумон жаш тегеренип журогум каным дирилдеп Кыргыз экенимден улутум эртени учун эмне кылышым керек деп ойлоно берем

  • @aidanabdikarimkuzu1668
    @aidanabdikarimkuzu1668 Год назад +13

    Руслан Акун өтө патриот режиссёр. Гапыр агай азыркы замандын Дүйшөнү. Экөөңүздөргө чын жүрөктөн таазим!!!

  • @Ала-тооКыргыз
    @Ала-тооКыргыз Год назад +4

    Гапыр Мадаминов агайга АЛЛАХЫМ узаак өмүр берсин. Агайдын алы күчү барда илимий тажрыйбаларын пайдаланып сиңирип калышыбыз керек. Агай өтө тажрыйбалуу эмгекчил, илимий эмгеке жан дүйнөсү бай адам.

  • @elamanmuzappar7769
    @elamanmuzappar7769 Год назад +59

    Қазақстаннан жалынды сәлем🇰🇿🇰🇬Руслан Акун мен Байрак Групп 👏👏

    • @z99KGZ
      @z99KGZ Год назад +2

      рəхмет Қазақ бурларым👆🙂👍🏼

  • @kaiyrgul...7100
    @kaiyrgul...7100 Год назад +226

    Ыйлабай көрүү мүмкүн эмес 😪
    Гапар агай Сизден Аллахым ыраазы болсун өмүрүңүз узун болсун🤲🤲

    • @МирланСаламатов-в3з
      @МирланСаламатов-в3з Год назад

      саламатсызбы эжеке мен 7 кл окуймун .Гапар агай жашоодо ким болгон.Ракмат

    • @ЭлизаКарыева-ф4т
      @ЭлизаКарыева-ф4т Год назад +2

      @@МирланСаламатов-в3з Гапыр Мадаминов деген агай бар ал окуткан окуучулар эн мыкты жетишкендикке жеткендер .Интернеттен карасанар коп маалыматтар бар агай жонундо .

    • @МирланСаламатов-в3з
      @МирланСаламатов-в3з Год назад +1

      @@ЭлизаКарыева-ф4т ракмат эжеке мен мындай агай бар экенин кинодон билдим агайдын окутууларын коруп жатамын жана озумо керектуулорун коруп жатам.Сизге ракмат.

    • @ВасяПонамаренко-я5з
      @ВасяПонамаренко-я5з Год назад +6

      Гапыр агай лейлек району жаштык айылынан бт

    • @abdumalikabdumalik4161
      @abdumalikabdumalik4161 Год назад

      Жорщрмшрмщр

  • @kdololo
    @kdololo Год назад +26

    На сердце такая гордость!
    Спасибо всем, кто причастен к созданию этого сериала. История Гапыр агая просто поражает. Долгих счастливых лет ему жизни!
    ❤🇰🇬

  • @anarabaltabaeva1179
    @anarabaltabaeva1179 Год назад +10

    Агай тирүү легенда.Бар болуңуз Гапыр агай .Көп элдин бири болуп жашай бербей,элдин балдары үчүн керт башыңызды байлап жасаган эмгегиңиз үчүн таазим !!!!!!!

  • @tilekbishkek1559
    @tilekbishkek1559 Год назад +27

    То что основано на реальных событиях по истине впечатляет! Аплодирую стоя Реальному Гапыр агаю и всем кто снял этот шедевр!

  • @tinatoktahunovna5749
    @tinatoktahunovna5749 Год назад +28

    Руслан Акун омурлуу болунуз❤, Гапыр агайдын кызынын интервьюсун кордум тажиктер кол салганда, агай уйун эмес мектебин кайтарып кетпегенин угуп ыйладым😢❤ден соолукта омурлуу болунуз

  • @МунараТурдумаматова

    Гапыр Мадаминов агайдын басып откон жолун угуп олтуруп ыйлабай койо алган жокмун. Байкуш агай ушунчалык кыйынчылык коргон экен. Ошол тарткан азаптарын арты эн бактылуу кубанычтуу кундор болсун. Аллахым эки дуйно бактылуук берсин. Ден соолукта болсун агай. Сизди таазим кылып урматтап, сыйлайым. Сиздин окуучуларыныздан болбой калганыма окуном. Сизге данк медалыда аздык кылат агай. Омурлуу болун. Ар дайым Аллахым колдосун сизди.

    • @КанатМуктаров-с4с
      @КанатМуктаров-с4с Год назад +4

      Чыныгы Дуйшон агай экен

    • @РахатБайтерекова
      @РахатБайтерекова Год назад +4

      Чыныгы мугалим -деп ушуну айт,азыркы мугалимдерге сабак болчудай экен.

    • @upolisaeva6395
      @upolisaeva6395 Год назад +2

      Гапыр Мадаминов агайга ден соолук, узун өмүр ,кажыбас кайрат каалаймын.

  • @ИброхимАбдуллаевич

    Агайдын улуу адам болушуна ата энесинин,жубайынын колдоосу зор экен. Агайдын атасындай ата болсо бала максатынан артка кайтпайт. Аллахым ыраазы болсун агай.

  • @КуанышКенжаев
    @КуанышКенжаев 8 месяцев назад +4

    @күшті кино,көрерге тұрарлық👍👍

  • @smithgarden3329
    @smithgarden3329 Год назад +88

    Мен азыркы куну Кыргыз деп куйгон 2 кишини жолуктурдум. Бири- Гапыр Мадаминов, экинчиси - Руслан Акун. Эки кишини бир эмгектен коруу - бул кыял болчу. Бул - шедевр. Буюрса Кыргыз жаштарына жакшы таасирин тийгизет деген тилектемин.

    • @АкмаралНурбаева-ж4э
      @АкмаралНурбаева-ж4э Год назад +5

      Нуржигит Кадырбеков да бар

    • @КайрыАбилова
      @КайрыАбилова Год назад +2

      Адахан Мадумаровду да кошсоңуз болот .

    • @smithgarden3329
      @smithgarden3329 Год назад +6

      @@АкмаралНурбаева-ж4э балким, бирок менин оюмда ал киши - теорик. Ишке ашырган эмгегин коро элекмин. Руслан байке кинофильмдери менен, Гапыр агай "АЭМ", "ата-энелер мектеби "менен жаштарды суйроп келе жатат.

    • @smithgarden3329
      @smithgarden3329 Год назад +8

      @@КайрыАбилова сиз учун ошондой чыгаар, бирок мен учун андай эмес. Бул кишилер башка, Мадумаров совсем башка)

    • @РпмовЛанкщрочгела
      @РпмовЛанкщрочгела Год назад +1

      Анан көрүп колдогондор э😁көп э эл үчүн куйгондор

  • @AsanMasabirov
    @AsanMasabirov Год назад +29

    Я очень тронут от этого сериала . Так как я и сам учился на этом гимназии и помню те дни. И это мне помогло посмотреть на агая Мадаминова с другой стороны

  • @Ерке-к1т
    @Ерке-к1т Год назад +88

    Казакпын бырак осы кыргыздын кинолары казактыкынен кушты кыргызша виренып алдым осы кыргыздын киноларын корып

    • @Кыргызкызы-э9ф
      @Кыргызкызы-э9ф Год назад +1

      😊😊😊😊Баарибир тууганбызда

    • @kubakarypbekov3907
      @kubakarypbekov3907 Год назад

      Канча тил билсен ошончо дил билесин

    • @АйсалкынБердибаева
      @АйсалкынБердибаева Год назад

      Ерке казак киносунда суйушолучу бизче өбүшөлүчү деген жерлери жылаңач жаткандары кинолрунарда көп кездешет бул чындык

  • @adiltursynov3418
    @adiltursynov3418 Год назад +45

    Қырғыз бауырлар, өте керемет сериал. Сапасы бірден ұнады, өте мағыналы екен 😍😍😍

  • @АйгульОмуралиева-з8ы

    Кино абдан сонун тартылыптыр.Чыныгы реалдуулукту корсотуптур.Тартуучу топко, кыргыз элине ушундай кереметтуу, пайдалуу, тарбиялык мааниси зор кино тартуулап жатканы учун чон рахмат демекчимин.

  • @ШайыргулКанатбеккызы

    Кинону кутуу жана толкундануу менен коруп жатам.Руслан Акун агайга чоон ыраазычылык!

  • @Chyngiz.Erdeshov
    @Chyngiz.Erdeshov Год назад +58

    Байрак группа рахмат ушинтип колдоп берип жатканынарга. Ар дайым историяны чагылдырганга себебкер болуп журо бергиле!! Руслан мырза азаматсын

  • @mirlanbektt7652
    @mirlanbektt7652 Год назад +42

    Өтө мыкты сериал болуптур болгон окуя экен, Гапыр агайдын жубайын мүнөзү жакты жакшы аткарыптыр.
    Беш-миң жылдык тарыхы бар Кыргыз элим, тарыхды билуу эң сонун❤️🇰🇬

  • @ЧолпонАшикеева
    @ЧолпонАшикеева 8 месяцев назад +2

    Самый прекрасный очень нужный в наше время очень глубокий фильм получился! Радует что снят на реальных событиях! Низкий поклон УЧИТЕЛЮ И ВСЕМ НАШИМ УЧИТЕЛЯМ! Особая благодарность создателям фильма! Браво!❤❤❤❤❤

  • @nargizasultanalieva8367
    @nargizasultanalieva8367 Год назад +50

    Сары автобус😢, чон атамдын кызыл алмасы, платочкидеги шириндиктер😢😢😢 это же мое детство 😢😢

  • @Nurkyz_Bekberdi
    @Nurkyz_Bekberdi Год назад +13

    Мугалим,окуучубуз баарыбыз соз менен сындап атабыз,жакшы деп атабыз,таасирдуу деп атабыз ушул Агай сериалындагы методика менен азыркы 2023 жылдан баштап мугалим окуучубуз калбай иштеп корсок биздин чатырга да кун тийер беле деп ойлоп коём🤲🤲

  • @ЖумашКапаров
    @ЖумашКапаров Год назад +14

    😢😢😢😢😢агайды сиздей адамдар мин жылда Бир жаралчу адамдар

  • @Жамалкан-з1у
    @Жамалкан-з1у Год назад +30

    Гапыр агайдын биринчи окуучусу болгон балдар,вообще бактылуу балдар экен...

  • @merishabdanalieva5472
    @merishabdanalieva5472 Год назад +13

    На одном дыхании посмотрела,тронуло до душ.Не возможно без слез посмотреть.Спасибо Руслану Акуну

  • @kasymbekovariet3758
    @kasymbekovariet3758 Год назад +37

    Ким ушул комментарийди окуса өмүрү узун болсун эки дүйнө бактылуу болсун адамдарга садака берген байлардан болсун балдарынын сый урматын көрсүн

  • @kami.abbas.8077
    @kami.abbas.8077 Год назад +14

    Көзүмө жаш алып көрдүм Гапыр агайыбыздын өмүрү узун ден соолугу чың болсун Аллахым дайыма колдоп жүрсүн 🤲🤲🤲😭😭😭

  • @aisezima3942
    @aisezima3942 Год назад +65

    уландысын чыдамсыздык менен кутуп жатабыз 😇
    Ушул моменттерди соонун чагылдырыптыр
    Гапыр агайды Бишкеке жоноткондо жол кире ордуна алма бергени,
    маршрутда жарык жок болсо да,китеп окуганы, столовой да чай мн боорсок жегени🥺💔
    Сериалды тарткан баардык командага чоон рахмат, ийгилик! ✊🤗

  • @БакайДулатов
    @БакайДулатов Год назад +30

    Агай деген сериал чыгыптыр деп темасын окуп конул бурган эмес элем,Гапыр агай жонундо экенда,коруп баштап эле сунгуп кеттим, Маша Аллах ото сонун сериал болуптур.

  • @aisuluuturganbaeva8603
    @aisuluuturganbaeva8603 Год назад +6

    Эн мыкты сериал болуптур,аябай ыйладым, ушундай мугалимдерге таазим.

  • @АидаСамидинова-ш9т

    Жакшы адамдар бар учун ушул дуйно сакталып турат😢
    Журогум ыйлады. Агайга болгон сыйым чексиз.

  • @akmcargo2322
    @akmcargo2322 Год назад +57

    Какой же прекрасный сериал ! Тысячу благодарностей создателям серяла ! Как же мало осталось тех кто сердцем и душой работают во благо народа !

  • @gulshairtashieva5803
    @gulshairtashieva5803 Год назад +10

    Укмуш. Ото сонун тартылыптыр. Аябай ыраазыбыз ушул кинонун чыгышына себепчи болгондорго. Анан агай тууралуу да интернеттен корур, акыркы убакта жакшыы пикирлерин коруп кубанып, сабак ала баштадым эле. Агайдын откон жолу да женил болгон эмес экен. Ушунчалык жасаган эмгектеринин узурун корсо экен мындан ары. Олкону агартууга салым кошкон, улуу инсан экен. Рахмат агай.

  • @ЖылдызЖолдошбекова-э5щ

    Мурунку муундагы мугалимдер менен жаш муундагы мугалимдердин балдарга жасаган мамилеси ачык чагылдырылганы биринчи серияда эле байкалыптыр. Эң сонун тартылган сериал экен🔥🔥🔥

    • @bairakgroup
      @bairakgroup  Год назад +5

      Рахмат😊❤️

    • @БаймантыУрматов
      @БаймантыУрматов Год назад

      2-сезон качан болот экен

    • @БаймантыУрматов
      @БаймантыУрматов Год назад +5

      Комиссия келсе тамак бериш керек деп чабылып калышат балага билим бербей эле.Андан кийин директор баш болуп майрам. Болот.Директорлор керек болсо сабак алып алат да жыл бою сабак өтпөйт.Чейрек болгондо бир күнгө отуруп толтуруп чейрек чыгарып коёт.Ал Тургай Хасен да алышат

  • @tvoridobra
    @tvoridobra Год назад +14

    Мааниси терең, мазмундуу, аябай түшүнүктүү кылып чагылдырып берипсиздер.
    Коомубузда Гапыр Мадаминов агайдай инсандар көп болсун

  • @Жаркынай-и6с
    @Жаркынай-и6с Год назад +11

    Агайга берекелүү өмүр каалайм 💐 Мугалимдин көйгөйүн жакшы чагылдырган актерлорго чоң рахмат:)

  • @СайкалНабиева
    @СайкалНабиева Год назад +35

    Сериал эң мыкты деңгээлде тартылган😍 Бул сериалды көрүп жатып ар бир мугалим шыктанып,алдыга дагы да чоң максаттарды койду болуш керек.

  • @СапаргулЖураева-ш2б

    Мугалимдик сапатты терең ачып бергениздер үчүн рахмат,көңүлүм бошоп аябай башкача сезимдер менен көрдүм бул тасманы,канчалаган кыйынчылык ээээ,Гапыр агай сиздей педагог көбөйө берсин

  • @АйдынРазыкулова
    @АйдынРазыкулова Год назад +10

    Коруп буткончо ыйладым. Суктандым тан калдым. Эртенден кечке баарын коруп буттум. Агайга таазим… Омурдон кийин унутулгус из деп Агайдын эмгегин айтса болот экен. Тасманы жеткире тартып, рольдорду туура болуштургон Руслан Акунга да таазим мыкты. Агай омуру узун берекелуу болсун.

  • @arturogatti914
    @arturogatti914 Год назад +151

    Слов нет, очень хороший фильм. Тронул до слез. В разы приятнее смотреть, чем голливудские блокбастеры. И актёрский состав какой хороший. Света настолько хорошо отыграла секретаршу, что через экран захотелось ушатать)
    Красавчики, так держать, кыргыз элим 🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @azizaajibekova5747
    @azizaajibekova5747 Год назад +27

    Замечательный сериал! Браво создателям 😍👏👏👏 Хотелось бы ,чтобы также были субтитры на английском языке, чтобы иностранцы тоже могли насладиться этой историей❤ Пожалуйста, рассмотрите такую возможность 😊

  • @ГулшайырКалыбаева-ь5в

    Чыныгы мугалим сөзсүз кандай күндө,кандай мезгилде,кандай шартта болсун өз билимин көрсөтө жана жыйынтык чыгара алат Гапыр агайдын баскан жолу чоң тарых. Кыргызстандын ар бир мектеби сиздей мугалимге чаңкап турган мезгил!

  • @UMARKG-xf6mq
    @UMARKG-xf6mq Год назад +30

    Көзүңө жаш толотго Кыргыз экениме сыймыктанып!!! Азаматсыңар дагы да көбөйткүлө ушундай пайдалуу өткөн күндөрдү эске салчу кинолорду...

  • @АльфияТаирова-к5и
    @АльфияТаирова-к5и Год назад +107

    Посмотрела дважды первую серию.... хороший фильм об учителе ....пробило до слёз! Огромное спасибо создателям фильма!

  • @nice_woman
    @nice_woman Год назад +23

    Гапыр агайдын атасы менин таятам экен. Бишкекке узаткан учуру таятамдын мени айылдан шаарга университетке жиберген убагын эске салды. Аллахым таятама бейиштен орун берсин! Ыйлап жибердим😢

    • @Кыргызкызы-э9ф
      @Кыргызкызы-э9ф Год назад

      Аябай соонун Адам болгон экен. Аллахым жайын Жаннатан кылсын 🤲

  • @эльзадаканаева-ш9о

    мен 1-серясынан эле таасирленип кордум ,ыйладым .Бул агайыбызды барктап баалашыбыз керек .Гапыр Мадаминов бизе Кудайдан берилген белек

  • @user-g.k.77
    @user-g.k.77 Год назад +20

    Руслан Акундан дагы бир сонун сериал!!! ❤❤❤ Актерлорду сонун тандаптыр!

  • @АйдайКайыпбекова
    @АйдайКайыпбекова Год назад +114

    Мен агайдын улуу ишти баштап, коптогон кыйынчылыктарды башынан откоргонун коруп абдан ыйладым, все таки арабызда ушундай жаш муундар учун куйгон адамдар бар экени мени абдан толкундантты. Мен да ушул сапатсыз, туура эмес билим беруудо коп оспурумдордун келечегине балта чаап жатканыбыз адаттагыдай эле корунуш болуп калганы коп ойлондурат. Агай коп жашаныз, кыргыз эли учун, жаш муундар учун коптогон пайда алып келесиз деп ишенем.

    • @bairakgroup
      @bairakgroup  Год назад +1

      🥺❤️

    • @arzmaterkinbaev2923
      @arzmaterkinbaev2923 Год назад +1

      Ушунчалык аябай ыйладынызбы?

    • @АйдайКайыпбекова
      @АйдайКайыпбекова Год назад +7

      @@arzmaterkinbaev2923 илгерки индийский кинолорго да мындай ыйлаган эмесмин. Аны чындап патриоттор сезет, анча мынча киши бул киного сиз сыяктуу маани бербеши толук мумкун.

    • @ЗвездаЗвезда-г5ч
      @ЗвездаЗвезда-г5ч Год назад +1

      Ушунчалык ичим ачышты агайга 🥺🥺

    • @МирланСаламатов-в3з
      @МирланСаламатов-в3з Год назад +1

      мен да ыйладым алыскы сапарга аттанганда

  • @nuraiymomuralieva4202
    @nuraiymomuralieva4202 Год назад +25

    «Агай» тасмасын көрүп илимге умтуулугум келип, шыктандым.Гапыр агай сиздей адамдар бар үчүн жашоо сулуу.

  • @user-ox1um4bl8g
    @user-ox1um4bl8g Год назад +6

    Сериалды жараткан Руслан Акун сизге ыраазычылык билдирем чын журоктон!Сиздей инсанды колдоо керек мамлекет тараптан.Жараткан кинолорунуз шедевр просто слов нет!

  • @РахатКалдыбаева-и3и

    АГАЙДЫН ӨМҮРҮНӨ, ДЕН СООЛУГУНА БЕРЕКЕ БЕРСИН АЛЛАХЫМ КОЛДОП КОШТОП ЖҮРСҮН 🤲👍❤💪🇰🇬

  • @KeeGuyooZaah
    @KeeGuyooZaah Год назад +36

    Алга Кыргызстан!!!🇰🇬🇰🇬🇰🇬Өрнөктүү Адамдар жөнүндө кинолор, сериалдар көбөйө берсин! Байрак Групп Азаматтар!!!

  • @Творюмечтаюнаблюдаю

    Алла ыраазы болсун! Дем бере турган чыгарма экен! Ата энелерге да, балдарга да,мугалимдерге да жүрөгүнүн түбүнөн өзгөрүүгө мотивация берет экен! Жараткан берекесин берсин!

    • @bairakgroup
      @bairakgroup  Год назад +4

      Чоң рахмат❤️🙌

    • @КокБоору
      @КокБоору Год назад

      @@bairakgroup Насиридин Исанов туралуда кино тартпйстарбы тунгуч пример министирго кумторду озубуз иштетебиз деп кол койбогон учун олдуго И Разаковдун киносу бар Н Исанов туралуда тарткылачы суранч рахмат алдын ала

  • @KamilaBorkosheva-rc7ej
    @KamilaBorkosheva-rc7ej Год назад +4

    Молодец агайдын омуру узун болсун, коруп ыйлагым келди мектеп ачам деп канча кун кочодо кутконуно 😢.

  • @RayNur777
    @RayNur777 Год назад +1

    Кандай сонун кино ээ, корсон эс аласын, эч бир жасандылык жок, аябай сонун тартылыптыр. Гапыр агайдай адамдар бар учун, дуйно туптолуп келет. Ушундай асыл адамдарыбыз коп жашасын, барктап, баалап алайлы. Гапыр агайга Аллахым эки дуйнонун бактылуулугун насип этсин 🤲 🤲. Кинону тарткан баардык жамаатка ийгилик каалайм.

  • @ГульзинаАлтынбекова-о3ы

    Руслан Акун рахмат сизге ,ото соонун сериал экен сабак алчу

  • @nuralikalykov6019
    @nuralikalykov6019 Год назад +9

    Мен ушул агайдын колунда окуганыма сыймыктанам Гапыр агай мыкты устат,3 эксперименталдык гимназия жыл сайын мыктыларды билимдүү окуучуларды уядан учурат!

    • @АйсалкынБердибаева
      @АйсалкынБердибаева Год назад

      Кинодо аты Гапыр бы же чыныгы жашоодо аты Гапыр бы Баткенде мектепте иштейби

    • @NurNur-lj1po
      @NurNur-lj1po Год назад

      ​@@АйсалкынБердибаева Гапыр агай

  • @ДиларканКасымбекова

    Бул чыныгы мугалимдин тарыхы,жашоосу,тагдыры.Эң сонун берилген образ.Ыракмат,агай.

  • @ПравдаПравдович-е7э

    Бийликтегилердин чыныгы жузу корсотулуптур, кандай гана ахыбалыбыз айанычтуу!!!Азыркы мезгилде да ушул эле корунуш .

  • @nagimamaksatbekova5847
    @nagimamaksatbekova5847 Год назад +10

    Агайды мурун эле таанычумун. Сериалдын тартылганына кубанычтамын. Мин алкыш 🎉

  • @КЫРГЫЗКЫЗЫ-в7ч
    @КЫРГЫЗКЫЗЫ-в7ч Год назад +506

    Мен мугалиммин, көрүп жатып көзүмдөн жаш токтободу,көлдө турам кудайдан тиленип жатам жайкы каникулда Баткенге барып агайга кезигүүнү кудайым насип кылсын.

  • @Kumura_himik
    @Kumura_himik Год назад +26

    Эн сонун чыныгы атанын уулу,журогу келечек деп соккон ардактуу агайыбыз устатыбыз,бугунку кундун Дуйшону Гапыр Мадаминовдун омур жолун эн туура тасмага чыгарган.Дайыма ийгилик коштолсун .Агайга бекем ден соолук,узун омур кетпес доолот каалайм .Ар бир кыргыздын уул-кызы агайдан улгу,орнок алып бийик-бийик максаттарга жетели.Эркибиз кучтуу ,жоопкерчиликтуу бололу.Бийлик жетекчилергеда сабак болсун.Осо турган карапайым калктын билимдуу,акылдуу балдарын колдосун.Канча билимдуу ,акылдуу балдар эски синип калган саркынды тааныш-билиштен тажап мигрант болуп журушот.

  • @KABAN-e3q
    @KABAN-e3q Год назад +20

    Я считаю что Байрак единственная кино компания которая так офигенно снимают сериалы

  • @Nelka-w4r
    @Nelka-w4r Год назад +130

    2-СЕРИЯСЫ КАЧАН ЭФИРГЕ ЧЫГАТ?
    БОЛОТ ЭКЕН ГО, ТҮРК СЕРИЯЛДАРЫ МЕНЕН ЖАШАЙ БЕРБЕЙ, ӨЗҮБҮЗДҮН КЫРГЫЗЧА СЕРИЯЛДАРДЫ ЖАРАТСАК.
    УШУЛ СЕРИАЛ ЫЛАЙЫМ ДҮЙНӨДӨ БИРИНЧИ ОРУНДУ АЛСЫН ДЕГЕНДЕРДЕН ЛАЙК.

    • @ОмурбекНуридинов-б9ш
      @ОмурбекНуридинов-б9ш Год назад +1

      Оскарды,же европанын сыйлыгын алыш учун кинодо Гапыр агай Бишкекте секретарша менен ойноштук кылып,сигарет сураган жеринде сигарет берип кошо чегиш керек,

    • @musabekzhoroev5288
      @musabekzhoroev5288 Год назад +2

      ​@@ОмурбекНуридинов-б9ш Туура айтасыз.. ошондой уят сценалар болуш керек кинодо эгер Оскар алам десең.. Оскардын талабы ошондой.

    • @ЭминоваАзада
      @ЭминоваАзада Год назад +2

      Аллахамдулилла Аллахыма бээсеп шугурлор болсун Аллах ушундай акылдуу зээндуу корогоч курч инсандарды жаратып кыргыз эли мындан да коп жетишкендиктерге Аллахым буюрса жеткирсин баарынарга эки дуйно бактылуулукту берсин ден соолугуна баары жакшылыктарына берекесин берсин Аллахым оомиин Оомиин

  • @KamilaBorkosheva-rc7ej
    @KamilaBorkosheva-rc7ej Год назад +5

    Кыйналганы коруп токтоно албай ыйладым , эч качан оорубан агай сиздей агайыбыз барыга сыймыктанам Лейлектик болгонума шугурлор болсун .

  • @RAIN0398
    @RAIN0398 Год назад +8

    Мынчалык ыйлап кино көрбөгөн екенмин мына Тарбиялык мааниси өттө терең кино екен рахмат агай сизге билиминизге😪😪😪

  • @mirlanishenov9724
    @mirlanishenov9724 Год назад +21

    Министрликтин алдындагы шаардагы унаалардын ызычуусу тасмаага абдан тосколдук жаратат экен.Таалай Бектурганов байкебиздин чыгармасын,комуз менен кыл кыяктын коштоосу коркун ачыптыр.Агайга бекем ден-соолук.Экинчи болугун чыдамсыздык менен кутобуз.Чыгармачыл топко Тон айылынан салам айтам.

  • @nurperi_kalenova
    @nurperi_kalenova Год назад +8

    Алгачкы сериясында эле толкунданып, агайга кабатырланып отуруп көрдүм. Кинону жаратуучуларга терең ыраазычылык жана кинонун тартылышын насип эткен Аллахыбызга чексиз шүгүрлөр болсун!

  • @badanperle2466
    @badanperle2466 Год назад +9

    "Акыркы сабак" сериалындагы биз сүйгөн Кубаныч агай! Эми кайрадан Гапыр агай, демек биздин агай! Өз ролун мыкты аткарган актёр Бактыяр Шаршенбаевге ийгилик! Жашоодон алынган шедевр тасмага айланып "Акыркы сабактай" жүрөгүбүздөн орун алсын! Күтөбүз, көрөбүз!

  • @СаттарКадыров-ц9т
    @СаттарКадыров-ц9т 9 месяцев назад +1

    Гапыр агай ошо түштүк аймагыбыздын эң эле шарты төмөн жерде ,дагы кыйын кезде ачты ,азыр мына таң калтырып отурат. Агай сиз биз учун сыймык,🙏💯✊🤝👍👍👍👍👍👍

  • @ЗейнепАбдылдаева-д5ш

    Аттигин ай тирүү кезинде баалап калыш керек.Бар илимин алып үйрөнүп калыш керек.Агайдын дени сак ден соолугу бекем болуп.Сиздей адам кылып бала тарбиялоо бизге дагы буйрусун.