Элдин канын соргон Томоженный союз

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 29 сен 2024
  • 6000 - 6500$ долларга 2015-жылкы prius hybrid, 5500$ 2012-жылкы Субару Аутбек алгың келет беле?
    Ооба, алгың келмек, бирок бул эми сенин түшүңдө гана болот.
    Аууу Томоженный Союзге кирсек эле жыргап кетебиз, итибиз алтын аяктан сүт ичет деп,
    Атамбаев баш, Сариев төш болуп “торможенный союзга” алып барып тыгып салышкан.
    Кой ай, бул болбойт, бир ууч өлкөгө байланбай, дүйнө менен соода кылалы деп, каршы чыксак бизди КөТРКсы, жалданма эксперт менен сайттары “Эл душманына” айлантып тынышкан.
    Мына эми, кандай пайдасын көрүп жатабыз?
    Унаалар кирбей, кирсе да кымбат болуп, оң рульга тыйуу салынып, тыңыраак унаа ала албай жүрөбүз.
    Экспорт деген укмуш болот, эми россияга баарын сатабыз дешти эле, өрүктөрдү уйларга берип жатабыз.
    Мигранттар жыргайт, мигранттарды ойлогула деди эле, мигранттар канча пайызга жыргап калды?
    Кыскасы, жарандык коомду укпай, душман кылгандар ушундай эле сазга сайыла берээри айдан ачык.
    Ар бир кабыл алынган чечимдер, мыйзамдар Элдин жашоосун жеңилдетиш керек.
    А бизде тескери, баардык кабыл алынган чечим менен мыйзамдар Элдин жашоосун оорлоткондон оорлотууда!

Комментарии • 3

  • @akylorozkojoev448
    @akylorozkojoev448 Год назад

    Чыгыш керек союздан

  • @talisman8972
    @talisman8972 Год назад

    Россияда бир миллион жургон кыргыздарга ЕАЕС жакшы болду бирок.

    • @akylorozkojoev448
      @akylorozkojoev448 Год назад

      Ошол 500 мин кыргыз учун 5 млн Эл кыйналып жатат Бажы биримдиги кереги жок