Жарамазан 2020 (карантинде)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 сен 2024
  • Жарамазан - орозо (мусулман календары боюнча рамазан же рамадан) айында, асыресе, айдын экинчи жарымында түнкүсүн үймө-үй кыдырып ырдалуучу эски диний жана каада-салт ырлары. Жарамазанды илгери көбүнчө балдар, кээде чоңдор (демейде кедейлер) айтышкан. Жарамазан айткандар эки-үчтөн болуп алып үймө-үй, айылма-айыл кыдырып, үй ээсинин кадыр-баркын, ата-тегин, үй-бүлөсүн, мал-жанын мактап ырдашкан; ага ден соолук, байлык-бакыт, кармаган орозосунун кабыл болушу сыяктуу жакшы тилектерин билдиришкен. Жарамазан учурашуу, мактоо, суроо жана бата сыяктуу бөлүктөрдөн турган. Жарамазан туруктуу даяр ыр түрмөктөрүнөн туруп, ага айтуучу ырчылык жөндөмүнө жана ар кыл кырдаалга жараша алымча-кошумча киргизе алган. Жарамазан комуздун коштоосунда да аткарылат.
    Жарамазан - ислам динине чейин пайда болгон фольклордук жанр жана өзү нүн мазмунун ислам дини менен толуктап, байыткан. Жарамазан айткандар үйгө, анын жашоочуларына бакыт, бейпилдик, байлык, ырыс, ынтымак, тилеп, бала - бакырасына өмүр каалап ырдашат. Ырдын мазмуну айтып тургандай, жарамазанды кедейлер орозо күндөрү байларга барып ырдашкан.
    Жарамазандын бардык түрү бири - бирине окшоп, түрлөрүндө айырмачылыктар аз.

Комментарии • 24