Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Куран жарыштын жеңүүчүсүн куттуктады

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 10 сен 2024
  • Мухаммадали кары Умаров: «АЛЛА ТААЛА ЖЕҢИШТИ БИЗГЕ ЫРАА КӨРҮП, НАСИП КЫЛГАНЫНА СҮЙҮНДҮМ»
    Кечээ, 22-сентябрь күнү Сауд Аравия Падышалыгында Бүткүл дүйнөлүк Куран окуу жана Куран тафсири боюнча конкурс болуп өттү. Мекке шаарында өткөрүлгөн жарышка дүйнөнүн 111 мамлекетинен 153 конкурсант катышты. Кыргызстандын атынан жалгыз барып катышкан Мухаммадали кары Умаров жеңүүчү болуп, 250 миң риал (5 млн 500 миң сом) утуп алды. Атпай журтту кубанычка бөлөгөн Умар кары менен учкай маектешүүгө үлгүрдүк.
    Ассаламу алейкум! Алланын тынчтыгы жана саламы сизге болсун. Бүгүнкү жумаңыз маарек болсун! Жеңишиңиз кут болсун.
    - Ва алейкум ассалам ва рохматуллахи ва барокатух. Бирге болсун! Ыракмат сиздерге.
    Жарыштан жеңип чыкканда кандай сезимдер болду. Жеңем деп ойлодуңуз беле?
    - Чынын айтсам күтүүсүз болду. Аябай кубандым. Алла Таала ошол жеңишти ыраа көрүп, насип кылды деп сүйүндүм. Алла Таала дубаларыбызды кабыл кылганы өтө толкундантты.
    Куранды кайсыл жерде жаттагансыз?
    - Аламүдүн районуна караштуу Лубяное айылында жайгашкан «аль-Аксаа» медресесинде жаттаганмын.
    Куранды канча жашыңызда жаттап бүткөнсүз? Устазыңыз ким?
    - 11 жашымда жаттап бүткөм. Алгачкы устазым атам. Атам жана анын шакирттеринин колунда окудум.
    Өтө сонун!Атаңыз жөнүндө сөз болуп калды. Ата-энеңиз жөнүндө да айта кетсеңиз?
    - Атам Умаров Абдуманан, апам Пирмухммадова Фатима. Атам айылда чакан медресе түптөп, көп жылдан бери балдарга Курандан сабак берип келет. Ал эми апам болсо үй кожойкеси. Үйдөгү иштерден сырткары медрседеги балдарга да каралашып, тамак-ашын жасайт.
    Билишимче Сауд Аравияга окууга өтүпсүз.
    - Ооба. Алла насип кылып, Медина шаарындагы Ислам университетине бюджеттик негизде окууга өттүм.
    Окууну бүткөндөн кийинки максатыңыз кандай?
    - Кудай насип кылса окууну бүткөндөн кийин элибизге кайтып келип, үйрөнгөн нерселеримди башкалар менен бөлүшүп, элге кызмат кылсам деген ниеттемин. Айрыкча ата жолун жолдоп, жаш балдарды окутсам дейм.
    Бүгүн КРнын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов менен жолугупсуздар. Жолугуу кандай өттү?
    - Жолугушуу абдан мыкты деңгээлде болду. Элчибиз аябай кичипейил, ыймандуу, жөнөкөй инсан экен. Жогору баа бердим. Улук башын кичик кылып, бизди өзү тосуп алып, мына азыр өзү узатып жатат. Аябай жакшы сый көргөздү.
    Эми башка өңүттөгү суроого өтсөк. Эгер сыр болбосо, 250 000 риалды эмнеге жумшайын деп жатасыз?
    - Бул сыр боюнча эле калсынчы.
    Атайын убакыт бөлүп, жооп бергениңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Илим сапарыңыз байсалдуу болсун!
    - Сиздерге да ыракмат. Учурдан пайдаланып Муфтиятка да ыраазычылык билдирем.
    Маектешкен: Максат Атабаев
    Мухаммедали хафиз тууралуу фактылар:
     Мухаммедали Умаров 1998-жылы Аламүдүн районунун Октябрь айылында төрөлгөн.
     Хафиз 4 жашынан баштап Куран жаттап баштаган. Ал эми 11 жашында Ыйык Куранды толук жаттап бүткөн.
     Анын Куран жаттап калышына ата-энеси себепчи болгон. Алгач Куранды атасы үйрөткөн.
     Мухаммедали Умаров былтыр Иран мамлекети уюштурган Дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду ээлеген.
     Учурда ал Медина шаарындагы Ислам университетинин 1-курсунун студенти.

Комментарии • 145

  • @egmailabdisattor
    @egmailabdisattor Год назад +44

    Маша Аллох Кыргызстонимизда шундай Олимлар Мураттаб Корилар Ку́паяверсин Амин

  • @user-du7jm4kr5d
    @user-du7jm4kr5d Год назад +72

    Бизге да жуксун Неберелеримден ушундай Каары дайиилер чыксын

    • @user-je9cy1ww7g
      @user-je9cy1ww7g Год назад +1

      Иншшалах

    • @aisuluusultanova3056
      @aisuluusultanova3056 Год назад +2

      Амиин

    • @ruusruus4190
      @ruusruus4190 Год назад +1

      ИншаАллах Аллахым бизге да насип кылсын балдар неберелер ИншаАллах 🤲

    • @ruusruus4190
      @ruusruus4190 Год назад +2

      Баарына тегиз насип кылсын заманыбыз тынч Болсун талаадагы балдарыбыз тынч Аман эртереек келсин ИншаАллах

  • @user-lc3xe7ob6i
    @user-lc3xe7ob6i Год назад +36

    Жерге-тал дан кочуп келген кыргыз боордоштор Рахмат чон! Кыргызстан атын чыгарган ыймандуу жигит!!!

    • @user-jd5dl6uu7x
      @user-jd5dl6uu7x Год назад +1

      Жалал абадтанбы бул кары

    • @user-lc3xe7ob6i
      @user-lc3xe7ob6i Год назад +1

      @@user-jd5dl6uu7x Алай районунун ары жагында Кыргыздар жашаган ото чоон район бар ,аты Жерге-тал,бул баланын атасы ошол жактан кочуп келген,жыланды айылынан болот!!!

  • @user-vi1zh1jq4i
    @user-vi1zh1jq4i Год назад +13

    Ананайыным,күндүн нурунан нурдуу кийгизген таажың ата-энеңе кут болсун🤲Алла ыраазы болсун🤲🤲🤲😘🥰❤️

  • @user-ic3fo4zn6k
    @user-ic3fo4zn6k Год назад +29

    ТАЖИКИСТАН ЖЕРГЕТАЛДАН КОЧУП КЕЛГЕН КЫРГЫЗ БИРТУГАНЫМ АЛЛА ТААЛАМ РААЗЫ БОЛСУН СИЗДЕН КЫРГЫЗСТАН ЖЕЛЕГИН АБРИЙИН КОТОРГОН САГА МАША АЛЛАХ АЛГА КЫРГЫЗ БИРТУГАНЫМ СУБХОНАЛЛОХ

    • @user-td7lk6ts9n
      @user-td7lk6ts9n Год назад +2

      Кайерден болот

    • @nuriknisanov90
      @nuriknisanov90 Год назад +2

      Кайсыл шаардан болот

    • @user-he5ct2wi8u
      @user-he5ct2wi8u Год назад

      @@nuriknisanov90 тажикстандан кочуп келген кыргыздардан болот экег
      Ата энеси чуйдун жаны - пахта деген айылда жашашат экен

    • @user-he5ct2wi8u
      @user-he5ct2wi8u Год назад

      @@user-td7lk6ts9n чуй область село Жаны - пахта

  • @BeRk92_03
    @BeRk92_03 Год назад +2

    Көп жаса қарекем! Қырғызстанды жақсы көремiз

  • @behappy924
    @behappy924 Год назад +5

    Ушул карыбызга чондор үй машина беришиниздерди суранам. . Бул Аллахтын ыйык сөздөрүн толук жаттап, Кыргызстанды биринчи орунга, Кыргыздарды даңктап келгени үчүн.

  • @user-lw3gt9se7o
    @user-lw3gt9se7o Год назад +3

    Аллахым баарыбызга биздин урпактарга да ушундай сыйлыктарды жеништерди буйрусун

  • @Sh-yq1zi
    @Sh-yq1zi Год назад +6

    Биринчиден мусульман болгонума экинчиден Кыргыз болгонума сыймыктанам Аллахыма рахмат.

  • @julianakarypova2748
    @julianakarypova2748 Год назад +2

    Яя Роббим менин 7урпагымдан ,70 урпагыма жетип,андан ашкан урпактарыма каары,саалиха пенделеринден насип кылакор 🤲 Аллахым Аллахым сен ырыскы беруучу,омурубузду узартууучу,бардан жок,жоктон бар кылуучу Чексиз Мээримдуулугун менен Бир озуно сыйынам 🤲 Жаратканыма ШУГУРЛОР болсун 🤲

  • @dinimislam2281
    @dinimislam2281 Год назад +32

    МА ША АЛЛАХ АЛЛАХЫМ ЫРААЗЫ БОЛСУН АЛЛАХЫМ БИЗГЕ ДА НАСИП КЫЛСЫН

  • @zamirazinnura8648
    @zamirazinnura8648 Год назад +10

    МАШААЛЛАХ УМРИЗГА РИЗҚИЗГА ИЙМОНИЗГА БАРАКОТЛАР БЕРСИН ТАРБИЯ БЕРГАН ОТА ОНЕЗДАН УСТОЗЛАРИЗДАН АЛЛАХ РОЗИ БОЛСИН ҚЫРГЫЗИСТОН ЮРТИМИЗГА ТИНЧТЫК БАРАКА БЕРСИН.

  • @sadasdwasdasdw9905
    @sadasdwasdasdw9905 Год назад +2

    Masha Alloh!!! Allohim rozi bolsin o'zbegim ota onangizga jannatlarda oltindan toj kiydiring🤲

  • @user-po9nb5ed6h
    @user-po9nb5ed6h Год назад +34

    Ананайын жылдыздуу бала экенсин Аллахым ыраазы болсун , менин балдарым дагын сендей балдардан болгонго Аллахым насип кылсын омийиин

    • @user-uu8xh9ie3j
      @user-uu8xh9ie3j Год назад +2

      Аллахым бизге да ушундай окумуштуу неверелерди берсин ылайым

    • @user-ct9dy4vm3l
      @user-ct9dy4vm3l Год назад +1

      Ооммиин

  • @FGF-AA
    @FGF-AA Год назад +3

    Ооба бизге да жуксун Алаа разы босун омурун узуун болсун ата энен жакшылыгынды корсун балам

  • @user-yj2rk9do3n
    @user-yj2rk9do3n Год назад +32

    АЛЛОХ РОЗИ БУЛСИН.РАХМАТ КОРИ БОЛАМ.СИЗГА ТАРБИЯ ИЛМ БИЛИМ БЕРГАН ОТА ОНАНГИЗГА УЗТОЗЛАРИНГИЗГА РАХМАТ.АЛЛОХИМ БИЗЛАРГА ХАМ КУРЬОН ХОФИЗЛАРИ КУРЬОН ХОФИЗАЛАРИ ЗУРРИЕТИДАН АТО КИЛСИН АМИИИЙН

  • @user-vj8tp9vy8b
    @user-vj8tp9vy8b Год назад +3

    Бизге да жуксун Аллахым раазы болсун дагыда жакшы жакшы ийгиликтер коштоп жашоондо кубанычтар Кооп Кооп болсун🤲🤲🤲

  • @ulanulan8631
    @ulanulan8631 Год назад +3

    МаашаАллах биздин уулубуз да кары болсун инншаАллах

  • @murodalimurodali9673
    @murodalimurodali9673 Год назад +3

    Илимини янаямда зиёда🤲🤲🤲 болсин

  • @user-xw4gq2ph9b
    @user-xw4gq2ph9b Год назад +1

    Шу боладан интерю олсин деганлар канчамиз

  • @user-vi3oy7uu9x
    @user-vi3oy7uu9x Год назад +3

    Жакшы коз тийбесин жузунон нур чачырап турат экен азамат

  • @muslima3843
    @muslima3843 Год назад +2

    Маа шаа Аллах,ээээн соооонун.Кыргыздын айкол эл экенине далил

  • @user-up6zm6wx5q
    @user-up6zm6wx5q Год назад +9

    Аябай нурдуу бала экен 👍Маа шаа Аллах 🌺🌺🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @user-xg7dr7ji4x
    @user-xg7dr7ji4x Год назад +2

    مَا شَاء اللَّهُ لَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللَّهِ

  • @user-ye4cg5wk2e
    @user-ye4cg5wk2e Год назад +31

    МашаАллах мынча жакшы. Баардык уул кыздарыбызга насип кылсын.

  • @urmataiahraab5802
    @urmataiahraab5802 Год назад +2

    Ма Ша Аллах карыке жениш кут болсун.Кыргызстандын жениши .Биздин ажоо телефон менен куттуктап койсо жакшы болоор эле спортсмендерди куттуктагандай конул да.

  • @user-dd6zt5yv8v
    @user-dd6zt5yv8v Год назад +10

    Маа Шаа Алла 👍 Аллахым бизге да уул кыздарыбызга да Куран жатап Куран окуган насип кылсын 🤲🏻🤲🏻🤲🏻

  • @user-jg7rj3ss8q
    @user-jg7rj3ss8q Год назад +19

    Маа Шаа Алла!!! Биздин да балдарыбыз ушул баладай болуп осуп чонойуусун Аллахым Насип кылсын

  • @madinakhamitova6413
    @madinakhamitova6413 Год назад +2

    Нуру толугуп тураткой бетинен маа шаа Аллах
    Жуксун каарылык жаш оспурумдорго

  • @bekbolot0812
    @bekbolot0812 Год назад +1

    Аллах раазы болсун карыкебизден 🤲🇰🇬😍Аллаху Акбар ☝️

  • @user-bs8ul8cw1h
    @user-bs8ul8cw1h Год назад +4

    Калпагыңдан кагылайын кыргызым, КЫРГЫЗ болгонума Аллахыма чексиз шүгүрлөр айтам.

  • @user-ki6tp5sg5b
    @user-ki6tp5sg5b Год назад +13

    Аллахка чексиз шүгүрлөр болсун! Кыргыз элине,жерине берген белеги үчүн.Силердей жигиттерибиз көп болсун.Биз энелер силер менен сыймыктанып жүрө берейли.

  • @user-lu4it4vz4v
    @user-lu4it4vz4v Год назад +14

    Маашоллох бизга ва бизни болаларимизга насип килсин

  • @fya2378
    @fya2378 Год назад +16

    Аллахыма шүгүрлөр,алкыш мактоолор болсун дүйнө жүзү боюнча биринчиликти насип кылган😢
    МаашАллах бул башталышы болсун
    Менин дагы балдарым Хафиз хафизалар болушсун🤲🤲

  • @user-xb4bg1zu6j
    @user-xb4bg1zu6j Год назад +4

    Аллахым ыраазы болсун! Мээримдүү жана ырайымдуу затсың. Менин Мустафам дагы ушундай мыкты жигит болсун аминь.

  • @user-zq5rd4yr6d
    @user-zq5rd4yr6d Год назад +7

    ОО ЖАРАТКАН АЛЛАХЫМ бизди да ушундай балдардан болсок, Оомииийн 🤲🤲🤲 АЛЛАХЫМ

  • @user-yc8fd3jz1c
    @user-yc8fd3jz1c Год назад +8

    Маа шаа Аллах көз тийбесин, Кыргызстанды Аллахым колдосун ,тынчтык, ынтымак туулушу болсун

  • @boss777askm77
    @boss777askm77 Год назад +2

    Кана еми бизге да насип кылсын каары болуш.ким 100 мин бере алат карызга.уй бутпой жатат.стройка жеди.

  • @user-hb1rc4yt6n
    @user-hb1rc4yt6n Год назад +4

    Аллахым сага ыраазы болсун
    Аллахым берекелүү өмүр берсин баарыңарга 🤲🤲🤲

  • @user-kt1so8nq1v
    @user-kt1so8nq1v Год назад +2

    МашаАллах МашаАллах

  • @vfdgfugx3388
    @vfdgfugx3388 Год назад +2

    Аллахым эки аалам азиз этсин

  • @user-yo1qn8bu7z
    @user-yo1qn8bu7z Год назад +9

    Маа Шаа Аллах ❤️😭 Ата-энесине Аллах раазы болсун.

  • @user-zv4ir5tw5e
    @user-zv4ir5tw5e Год назад +2

    Маашаалах Аллахым ыраазы болсун

  • @user-ts5in6jn1m
    @user-ts5in6jn1m Год назад +1

    Ассалому алейкум Аллах Ыраазы болсун Сизге Омурунузго Береке 🤲 🤲 🤲 🤲

  • @user-ex1fg4nx5e
    @user-ex1fg4nx5e Год назад +3

    Машааллох илми зиёда булсин

  • @user-qp4xl8tr1v
    @user-qp4xl8tr1v Год назад +2

    МашаАллох

  • @user-ph1xe6ok9l
    @user-ph1xe6ok9l Год назад +9

    Улукбектен Алла раазы Болсун.

  • @sheralyturdiev3694
    @sheralyturdiev3694 Год назад +4

    Ма Ша Аллах. Акжол, Жоламан менен гана эмес, ушул жигит менен да сыймыктансак болот

  • @user-jc2xs8vw2h
    @user-jc2xs8vw2h Год назад +5

    Азаматсын илимдуу,билимдуу бала экенсин.Менин да балдарым сендей болушун каалайм,ыйман жолунда.

  • @zumratabdukadirova379
    @zumratabdukadirova379 Год назад +1

    Аллах сизге разы болсун омиин!!!❤

  • @pleypley4349
    @pleypley4349 Год назад +10

    Аллох муборак килсин.ма шаа Аллох🤲

  • @user-oh6oh1qp7p
    @user-oh6oh1qp7p Год назад +6

    Буйруса бизге да ушу баладай такыва небере бер ?!
    Кандай сонун сыймык.Аллах эки дуйно ыраазы болсун!

  • @alisherabazov8838
    @alisherabazov8838 Год назад +2

    😀😀😀битта сат зор мотивация учун

  • @raziyaormonova6806
    @raziyaormonova6806 Год назад +7

    Маашалах МаашаАллах. Козумо жаш алып кордум. Кыргыз болуп, Алхамдулиллах Мусульман болуп жаралганыма чексиз шугур. ОО Аллахым Кыргыз элини душмандардан озун сакта.

  • @user-ns6jx6kw7c
    @user-ns6jx6kw7c Год назад +12

    Асалом алейкум биздин да балдарыбыз ушул карыдай балдар болсун буюурса кыргызстандын атын көптөгөн өлкөлөрдө кууран жарышта менен таныта бериңиздер

  • @user-ur2kw1yx7i
    @user-ur2kw1yx7i Год назад +5

    Аллах бизге да Насип кылсын Куран жаттап тушунуп амал кылып жеткирууго

  • @user-fl4hc4xq9x
    @user-fl4hc4xq9x Год назад +6

    Рахмат Оллох Рози болсин

  • @НурикЭргешбвев
    @НурикЭргешбвев Год назад +3

    Аллахым өзү колдоп Кыргызстаныбыздын желегин Куран менен биринчи орунга чыкты Аллахым ден соолук бер жаштарга үлгү болду

  • @user-uj2ru2id1f
    @user-uj2ru2id1f Год назад +8

    Ма Шаа Аллох.Жараткан акыретте дагы ата энен башына таж кийдируу насип квлсын.Устазына эки дуйно бактылулугун берсин. Биздин уул кыздарыбыздан дагы каары каариялар чыгышын насип кылсын.Жэнишин кут болсун.Омуруно береке берип Илим билимин менен дуйнодо келечек муунга Кур ан окууну жаттонуу уйротуп алган илиминдин пайдасын эки дуйнодо коргун.

  • @aisuluusultanova3056
    @aisuluusultanova3056 Год назад +3

    МааШааЛлах, БаракаЛлоху фикум

  • @begimaieshdolotova7626
    @begimaieshdolotova7626 Год назад +6

    Ма ша Аллах. Аллахым ыраазы болсун сизден. Кандай керемет Аллахтын созун жаттаган. Курандын журогу Ясин болсо сиздин журогунуз Куран экен. 💚💚💚🤲🤲🤲. Алган баардык белектериниз кут болсун.

  • @munarmalabaev3132
    @munarmalabaev3132 Год назад +3

    Аллахым ыраазы болсун ❤️🇰🇬🇰🇬

  • @user-mi8gq2tp1o
    @user-mi8gq2tp1o Год назад +4

    Асаламу алекум рахматуллохи ва баракатуху ТУУГАНДАРЫМ КЫРГЫЗС ЭЛИМ. женишиниздер Кут болсун Аман БОЛУНЗДАР.бизге дагы НАСИП кысын балдарыбызга кууран окуу жатоо АМИН АЛЛАХ АКБАР СУБХАН АЛЛАХ АЛЬХАММДУЛЛЯХ АМИН.

  • @user-hb2ed4wo3f
    @user-hb2ed4wo3f Год назад +2

    Аллах кадырова чексиз шугүрдор болсун

  • @user-hs4gu7nt5r
    @user-hs4gu7nt5r Год назад +3

    Кудайга шугур неберелерибизге жуксун

  • @user-ih1lz6cz2l
    @user-ih1lz6cz2l Год назад +5

    менинда балам ушундай кары. болсун оммин Рахмат. сизге тарбия береген ата ененизге Аллах ыраазы болсун . Жараткан Аллах кыргызтандын озу колдосун кыргызтанда ушундай карылар кобойсун машааллах

  • @user-th1sg8fu9r
    @user-th1sg8fu9r Год назад +5

    Ма ша Аллох илимиз унданда зиёда болсин Аллох рози болсин

  • @user-li1zv4ln8f
    @user-li1zv4ln8f Год назад +2

    Черге Тал Кыргыздары журоктору Кыргызстан деп согот Аллах ыраазы болсун

  • @s.anjelika
    @s.anjelika Год назад +2

    Кыргызстан сыймыгы

  • @user-gv2mg4ro6b
    @user-gv2mg4ro6b Год назад +3

    МаашАллах, Аллахым илиминизди берекелуу кылып берсин.Менин балдарым,неберелериме дагы насип кылсын. Куранды окуп, жаттап, чоон чоон ийгиликтерге жетишсин.

  • @ALGIMHTYPUSH
    @ALGIMHTYPUSH Год назад +5

    Аллахым ыразы болсун унунузго береке берсин Кыргыз элиме тынчтык болсун

  • @user-bx9zi4el8z
    @user-bx9zi4el8z Год назад +6

    Маа шаа аллах. Елчи сизгеда аллах ыраазы болсун

  • @user-sq3rl7ss9p
    @user-sq3rl7ss9p Год назад +3

    МАШАЛЛАА АЛЛАХЫМ НАСИП кылсын ушундай карыкелерди

  • @user-er9bv6nx7t
    @user-er9bv6nx7t Год назад +2

    Елчибиз туура кылдыңыз

  • @hellohello2538
    @hellohello2538 Год назад +3

    МАА ШАА АЛЛОХ

  • @manzurasaipova3952
    @manzurasaipova3952 Год назад +3

    ما شاء الله تبارك الله جزاك الله خيرا كثيرا

  • @user-ph1xe6ok9l
    @user-ph1xe6ok9l Год назад +4

    Аллах Таала раазы Болсун.

  • @user-bt3vn6zf6w
    @user-bt3vn6zf6w Год назад +8

    МааШааАллах кооп жашаныздар🤲🤲🤲

  • @user-xp2gh1rn7m
    @user-xp2gh1rn7m Год назад +3

    Азамат экен . Бар болсун инибиз Мухаммада ли. МашаАллах.

  • @user-me1sj6rl3z
    @user-me1sj6rl3z Год назад +4

    Азаматсын куранды эн сонун окудун коруп суйундук женишин кут болсун.Улукбек Марипов сизге да Ден соолук ишинизге ийгилик коп жакшы иштер жасалып жатат

  • @user-sn1pv1jr7c
    @user-sn1pv1jr7c Год назад +1

    Абдан жакшы илимине береке берсин жаратканым,дагы коп коп ийгиликтерди багынта беришине тилектешмин,мен Туркияда мигрантмын балам куран курсунда быйыл 3 курста окуп жатат ал да Туркияда иншаллах силердин даражага жеткиргенге насип этсин уулумду аман бол дагы да ийгиликтерди жарата бер

  • @user-cx3xs9xv8n
    @user-cx3xs9xv8n Год назад +1

    Маашаллах,Маашаллах,Маашаллах!!!

  • @user-ez6ew3uk7g
    @user-ez6ew3uk7g Год назад +1

    Молодец 👏👏👏👏 ☝️🤲👍💪❤️💯

  • @user-du7jm4kr5d
    @user-du7jm4kr5d Год назад +2

    Атаэнесине ырахмат

  • @gdhhdghiyr4810
    @gdhhdghiyr4810 Год назад +1

    Аллах озу рыскынды кен кылсын иним ! Аамиин !

  • @user-ed6nb6je5k
    @user-ed6nb6je5k Год назад +2

    Мааша Алаах азамат.

  • @Goodofootball
    @Goodofootball Год назад +2

    Ма шаа Аллах
    Аллахим берекесин берсин инибизге

  • @Mba1981
    @Mba1981 Год назад +1

    Мен дагы куттуктайм и сыймыктанам азаматсын иним✊

  • @nuriktemu7738
    @nuriktemu7738 Год назад +2

    Молодец кудаанды жаттаган адам, ал тируу кураан болот.

  • @user-lg3is5it6o
    @user-lg3is5it6o Год назад +2

    Машаллах аллах ыраазы болсун . Биздин балдарыбызга , неберелерибизге жуксун ооомииин

  • @user-bt3vn6zf6w
    @user-bt3vn6zf6w Год назад +2

    Кандай соонун бактылуулук

  • @user-qu8jw2my1r
    @user-qu8jw2my1r Год назад

    Аллах разы болсун мени неберелерим дагын сендей ыймандуу жигитерден болсун оомин

  • @hellohello2538
    @hellohello2538 Год назад +1

    Семья сы жонундо дагы айтип бергилечи. Чаткалдык баланын

  • @user-hk9yb8eg7h
    @user-hk9yb8eg7h Год назад +2

    Азаматсын.

  • @usonjorobekov9415
    @usonjorobekov9415 Год назад +1

    МаашАллах МаашАллах Аллахым раазы болсун

  • @user-ne2su8hi5z
    @user-ne2su8hi5z Год назад +2

    Азамат молодец красавчик

    • @user-jt6ic2bv2l
      @user-jt6ic2bv2l Год назад +3

      Аллах ыразы болсун .Ата энене Устазына чоон рахмат Машаа Аллах.

  • @gulruhjakparalirva8805
    @gulruhjakparalirva8805 Год назад +3

    Маашаалла Алла разы болсун

  • @ruslanaliev4870
    @ruslanaliev4870 Год назад +2

    Аллахым ыраазы болсун сизден

  • @baiaman8886
    @baiaman8886 Год назад +1

    Бизге дагы насип кылсын ушундай кааары балдар

  • @user-dp1qw8pr8l
    @user-dp1qw8pr8l Год назад

    Молодец Дагы да ийгилик болсун Марипов тоже молодец!!!