Социалдык фонддун 2024-жылдагы ийгиликтери жана пенсиялык реформалар: Төраганын кайрылуусу

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 6 фев 2025
  • Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев:
    Урматтуу мекендештер!
    2024-жыл Социалдык фонд үчүн жогорку көрсөткүчтөргө бай жыл болду. Январь-ноябрь айларында камсыздандыруу төгүмдөрү 66 миллиард сомдон ашты, бул өткөн жылга салыштырмалуу 8 миллиард сомго өстү.
    Пенсиялардын деңгээлин жогорулатуу - биздин башкы максатыбыз. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып минималдык пенсия 6900 сомду түздү, ал эми орточо пенсия 10 621 сомго жетип, 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйдү. Индексациянын натыйжасында бардык пенсионерлер жашоо минимумунан жогору деңгээлде камсыз болду.
    Пенсиялык системада бир катар реформалар жүргүзүлүп, базалык бөлүк жогорулатулуп, төлөө шарттары жакшыртылды. 2025-жылы пенсиялык камсыздоону жакшыртууга багытталган иш-чараларды улантабыз.
    Улуу муунга камкордук көрүү - мамлекетибиздин ыйык милдети!

Комментарии • 27

  • @НурбекТилекбеков
    @НурбекТилекбеков Месяц назад +7

    Социалдык фондунун жалпы жамаатына терен ыраазычылык, ишиниздерге ийгилик каалайм.

  • @nurjamalchokeeva7290
    @nurjamalchokeeva7290 Месяц назад +4

    Абдан сонун, АЗАМАТ

  • @АлинаКубанычбековна-ю3в

    Социалдык фондунун жамаатына ден соолук ишинерге ийгилик жаны жылда жаны жаны жетишкендиктер каалаймын

  • @nietalisherov4435
    @nietalisherov4435 Месяц назад +1

    соц фонд ийгилик каалайм

  • @АннаИванова-к4ч7х
    @АннаИванова-к4ч7х Месяц назад +3

    Рахмаат дагы кобуроок кошуп койгулаа силерге да чын ден соолук ишинерге чон чон ийгиликтер болсун 🎉🎉🎉

  • @altynbekisabaev1789
    @altynbekisabaev1789 Месяц назад +2

    Социалдык фонд жамааты ишиниздерге ийгилик каалаймын сиздерге Аллах раазы болсун

  • @ОмурбекОморов-б5ч
    @ОмурбекОморов-б5ч Месяц назад +3

    Социалдык фонд алга. Карыялардын батасы тийсин.

  • @КымбатНурбайева
    @КымбатНурбайева Месяц назад +2

    Пенсияга кошкула даарыларга жетпей жатат

  • @АнарканБекирова
    @АнарканБекирова Месяц назад +1

    Рахмаат силерге да жаны жылда ишинерге ийгилик Ден соолук Уй булолук Бакыт каалайм быйыл эн жакшы ийгиликтер жараттынар чоон рахмаат

  • @GuldanaAkberdikizi
    @GuldanaAkberdikizi Месяц назад +1

    Жаны жылыныздаар менен, ийгиликтер коштосуун кирип келген жылыбызда дагы

  • @ElmiraSharipova-h9k
    @ElmiraSharipova-h9k Месяц назад +1

    Ишинерге ийгилик Аллахым ыраазы Болсун оомииин.

  • @Azamat-pl9yx
    @Azamat-pl9yx Месяц назад +1

    Сизге бекем ден-соолук, ишинизге ийгилик каалайм!

  • @user-nk7cm2fz1t
    @user-nk7cm2fz1t Месяц назад +1

    Соц фонд ишинерге ийгилик каалайм❤

  • @Гулпарис-ц1к
    @Гулпарис-ц1к Месяц назад

    Азамат

  • @ЛатипжонМамадалиев
    @ЛатипжонМамадалиев 26 дней назад

    55 чыксак жакшы болот эле биз чыгатурганда 58 жаш кылып эми мынчага кобойду дейсинерда

  • @GulaiTilekova
    @GulaiTilekova Месяц назад

    Пенсия аз , карапайым элдин пенсиясы эч нерсеге жетпейт , эмне учун 100 мин сом чектейсиздер эл турмушу текши болуш керек 2:20

  • @iniatkan-dc4tn
    @iniatkan-dc4tn Месяц назад

  • @DhdhDhdh-xh5ez
    @DhdhDhdh-xh5ez Месяц назад

    Жыргаттын

  • @AnvarjonRoziqbayev
    @AnvarjonRoziqbayev Месяц назад +1

    Соцфонд вперёд

  • @tologonniyazaliev2984
    @tologonniyazaliev2984 Месяц назад

    🎉

  • @АйкаАйаар
    @АйкаАйаар Месяц назад

    Жашым 55те пенсияга чыгунун жашын узартып жибердерби мен ощондо канча жылда чыгамын эмгек стажым 35 жыл

  • @zghggffgsssfghbbczz5768
    @zghggffgsssfghbbczz5768 Месяц назад

    55 тен баалага 58 ге жылдырасынарбы мен чыккандан кийин чыгарсанар эмне болмокуф

  • @ДамираАрапчикеева-р5в

    Азыр 3000 алгандар бар качан котордунор эмне баарына текши которбойсунор

  • @АрзыканЖайнакова-ф2я

    Пенсионерлерге 11 озгортуу киргизилди деп айтып жатасынар,пенсия аз болгону 6900 сом деп калп какшайсын,группадагыларга качан кошосунар,алар 2,3 минден эле алышат,аларга качан кошулат же инвалиддер биздин олкодо 2- Чи сорттогу адамдарбы,Эгер Алиев инвалид болуп калса 2 мин сом алса жашай алат Беле,жамандык каалабайм,бирок Кул жеймин Дейт куйрукту,кудай билет буйрукту,алдыда эч Ким эмне болорубузду билбейбиз,инвалиддер деле алланын сыноосундагы адамдар,аларга биринчи ирээтте жардам керек,эч Ким жумушка албайт,иштегенге мумкунчулугу жок,жардамга муктаж адамдар,аларын пособиесин которушсо боло,алар жонундо эч Ким,Жогорку жактагылар соз кылгысы келбейт.

  • @ЗарипаДжусупова
    @ЗарипаДжусупова Месяц назад

    Саламатсынарбы жаны озгортулгон пенсияны ала келсек баягы эле алган пенсияга бир аз кошулга Эмне учун 70 жаштан ашкан карыларга кобуроок кошсо болбойбу Союздун убагында иштедик да пенсия албай калган убактыбыз келе жатат Ошого чейин карыларды кубандырып турсанар болмок А Жапаров бюджеттен эптеп атып коштук пенсияга деди эле Бизге бербей эле чонтогуно салганы туура эмес Убактыбыз отуп бара жаткан карыларга конул буруп койсонуздар

  • @АйкаАйаар
    @АйкаАйаар Месяц назад

    Жашым 55те пенсияга чыгунун жашын узартып жибердерби мен ощондо канча жылда чыгамын эмгек стажым 35 жыл