Арманым бойго сыйбады секет, Ашыктык дарты кыйнады секет. Күйүтүм бойго сыйбады секет, Кургулук күчү кыйнады секет. Өзүңдү сүйдүм бир гана секет, Өзөгүм күйөт тим гана секет. Тактайын ырдап сүйүүмдү эми, Табалбайм башка бир дабаа секет. Жылдызы болбо жанымдын секет, Жыл өтпөй туруп сагындым секет. Айы сен болбо жанымдын секет, Ай өтпөй туруп сагындым секет. Өзгөчө кыздар элде көп бирок, Өзүңө гана багындым секет. Мерседес сымал зыркырап секет, Мезгилдер алга умтулат секет. Сай-сайдан ылдый суу агат секет, Саргайып жүрөк уланат секет. Самаган акын өзүңдү анан, Сагынбай кантип тура алат секет. Коктудан ылдый суу агат секет, Козголуп жүрөк ууланат секет. Каалаган акын өзүң деп анан, Какшанбай кантип тура алат секет. Арманым бойго сыйбады секет, Ашыктык дарты кыйнады секет. Күйүтүм бойго сыйбады секет, Курбулук күчү кыйнады секет. Өзүңдү сүйдүм бир гана секет, Өзөгүм күйөт тим гана секет. Тактайын ырдап сүйүүмдү эми, Табалбайм башка бир дабаа секет. Жылдызы болбо жанымдын секет, Жыл өтпөй туруп сагындым секет. Айы сен болбо жанымдын секет, Ай өтпөй туруп сагындым секет. Өзгөчө кыздар элде көп бирок, Өзүңө гана багындым секет. Мерседес сымал зыркырап секет, Мезгилдер алга умтулат секет. Сайдан кар ээрип агылар секет, Саргайып жүрөк уланат секет. Самаган акын өзүңдү анан, Сагынбай кантип тура алат секет. Коктудан ылдый суу агат секет, Козголуп жүрөк ууланат секет. Каалаган акын өзүң деп анан, Какшанбай кантип тура алат секет. Баскамын сенин артыңдан секет, Баргандан бирок тартынгам секет. Кайкалай бүткөн далыңды сенин, Кара бир чачың жайпаган секет. Өрттөнүп жүрөк жанчылды секет, Өзүңсүң жазаар жарпымды секет. Жылмайсаң түн да жарк этет аттиң, Жылдыздан түшкөн жансыңбы секет. Өрттөдүң, күйгөн күл калды секет, Өмүргө келген бир жанды секет. Төгүлгөн кундуз чачыңды эми, Төшөктөн көрөөр күн барбы секет? Күйгүздүң күйгөн күл калды секет, Күнүмдүк келген бир жанды секет. Жайкалган кара чачыңды эми, Жаздыктан көрөөр күн барбы секет? Кырдан кар ээрип агылар секет, Кыйноонун дагы жазы бар секет. Кыса бир кармап белиңден сенин, Кызыгуум бир күн жазылаар секет. Сайдан кар ээрип агылар секет, Санаанын дагы жазы бар секет. Саамайың сылап, бой балкып чиркин, Сагынчым бир күн жазылаар секет.
Арманым бойго сыйбады секет,
Ашыктык дарты кыйнады секет.
Күйүтүм бойго сыйбады секет,
Кургулук күчү кыйнады секет.
Өзүңдү сүйдүм бир гана секет,
Өзөгүм күйөт тим гана секет.
Тактайын ырдап сүйүүмдү эми,
Табалбайм башка бир дабаа секет.
Жылдызы болбо жанымдын секет,
Жыл өтпөй туруп сагындым секет.
Айы сен болбо жанымдын секет,
Ай өтпөй туруп сагындым секет.
Өзгөчө кыздар элде көп бирок,
Өзүңө гана багындым секет.
Мерседес сымал зыркырап секет,
Мезгилдер алга умтулат секет.
Сай-сайдан ылдый суу агат секет,
Саргайып жүрөк уланат секет.
Самаган акын өзүңдү анан,
Сагынбай кантип тура алат секет.
Коктудан ылдый суу агат секет,
Козголуп жүрөк ууланат секет.
Каалаган акын өзүң деп анан,
Какшанбай кантип тура алат секет.
Арманым бойго сыйбады секет,
Ашыктык дарты кыйнады секет.
Күйүтүм бойго сыйбады секет,
Курбулук күчү кыйнады секет.
Өзүңдү сүйдүм бир гана секет,
Өзөгүм күйөт тим гана секет.
Тактайын ырдап сүйүүмдү эми,
Табалбайм башка бир дабаа секет.
Жылдызы болбо жанымдын секет,
Жыл өтпөй туруп сагындым секет.
Айы сен болбо жанымдын секет,
Ай өтпөй туруп сагындым секет.
Өзгөчө кыздар элде көп бирок,
Өзүңө гана багындым секет.
Мерседес сымал зыркырап секет,
Мезгилдер алга умтулат секет.
Сайдан кар ээрип агылар секет,
Саргайып жүрөк уланат секет.
Самаган акын өзүңдү анан,
Сагынбай кантип тура алат секет.
Коктудан ылдый суу агат секет,
Козголуп жүрөк ууланат секет.
Каалаган акын өзүң деп анан,
Какшанбай кантип тура алат секет.
Баскамын сенин артыңдан секет,
Баргандан бирок тартынгам секет.
Кайкалай бүткөн далыңды сенин,
Кара бир чачың жайпаган секет.
Өрттөнүп жүрөк жанчылды секет,
Өзүңсүң жазаар жарпымды секет.
Жылмайсаң түн да жарк этет аттиң,
Жылдыздан түшкөн жансыңбы секет.
Өрттөдүң, күйгөн күл калды секет,
Өмүргө келген бир жанды секет.
Төгүлгөн кундуз чачыңды эми,
Төшөктөн көрөөр күн барбы секет?
Күйгүздүң күйгөн күл калды секет,
Күнүмдүк келген бир жанды секет.
Жайкалган кара чачыңды эми,
Жаздыктан көрөөр күн барбы секет?
Кырдан кар ээрип агылар секет,
Кыйноонун дагы жазы бар секет.
Кыса бир кармап белиңден сенин,
Кызыгуум бир күн жазылаар секет.
Сайдан кар ээрип агылар секет,
Санаанын дагы жазы бар секет.
Саамайың сылап, бой балкып чиркин,
Сагынчым бир күн жазылаар секет.
😢Элмирбек агайдын жаткан жери жайлуу болсун 🤲
айда-жылда ушундай эски ырларга кайрылып келип, уксаң. кадимки эле ырахат.
Укмуш
Омурзак Кайыпов ырдап жатат.
Ото келтиргенда дагы ырдап чыкса жакшы болот эле адеп эстрада менен ырдабай эле койун сыймык брат комус менен дагы ырдап чыгын
Элмирбек агабыздын ыры эле
❤❤❤❤
2025угуп жаткандар барбы
Бар да 😊
Бар
Гулбуго.арналган.ыр.экен.гукуш.деп
🎉🎉🎉
Аткарган Өмүрзак Кайпов
Сыймык
Элмирбектин ыры эмес экен да
Ээээй тууган Элмикенин ыры бул!
@@Damirbek-e8w экоо эки башка ыр экенго. Элмирбектики создору башка экен
Секет деген қыздың аты ма?
бейби деген сыяктуу
Нет
Сыймык эмес
Сыймык Бейшекеев мен сүйлөшкөм