Бир ырдын баяны: "Балама"
HTML-код
- Опубликовано: 4 окт 2024
- Эсенгул Ибраевдин сөзүнө жазылган Эсенбек Мааданбековдун "Балама" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#эсенгулибраев
#эсенбекмааданбеков
#гүлмайраммомушева
#балама
"Балама"
Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекелеп жарпым жазарым.
Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым
Катылган сыр, ойду ачарым,
Каткырыгың көңүл ачарым.
Картайганда арка-бел болор,
Кагылайын, орун басарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын, орун басарым
Көңүл төтө кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим,
Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан, асыл данегим.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кандан чыккан, асыл данегим.
Сизге рахмат биздин апаларыбыз уккан ушул ырларды, ар дайым ырдашчу,азыр озулору жок
😢🙏
Кандай гана мыкты текст, мыкты обон, мыкты аткаруучу. Эң эң соонун.
Гулмайрам эже ырынызга жан киргизген озунун сонун аткаруусу менен, кандай сонун обон жазгансыз, кылымга тете!👍🤗🙋
Бул ырды Гулбу орозкул кызы ырдап журбоду беле Бакыт Мамаевдин ыры дешчуу эмес беле
Ал кез алтын кез болчу да
Кудайга сени турткондон башка кыларга эчтеке жок экенда.
Чиркин.