АСКАТ МУСАБЕКОВ "Жыйырманчы жаз"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 2 окт 2024
  • "Жыйырманчы жаз"
    с.С.Көкүлов
    о.Т.Казаков

Комментарии • 11

  • @AskatMusabekov
    @AskatMusabekov  2 года назад +5

    "ЖЫЙЫРМАНЧЫ ЖАЗ"
    Төгүлөт жамгыр, жамгыр көчөдө жаз,
    Негедир мен жамгырды жакшы көрөм.
    Жамгырды жашка окшотуп,
    Маанайым пас,
    Негедир сени эстесем жашый берем.
    Жыйырманчы жаз, келсеңчи,
    Жыйырманчы жаз, келсеңчи.
    Жамгырды жашка окшотуп,
    Маанайым пас.,
    Негедир сени эстесем жашый берем.
    Негедир сени эстесем жашай берем,
    Өрүктөр түгөл гүлүн ачкан кезде.
    Озүмчө өткөндү эстеп убайым жейм,
    Абасы жаз жыттанган таңда, кечте.
    Жыйырманчы жаз, келсеңчи,
    Жыйырманчы жаз, келсеңчи.
    Өзүмчө өткөндү эстеп,
    Убайым жейм.
    Абасы жаз жыттанган,
    Таңда кечте.
    Жазымдай жакшы көргөн жароокерим,
    Алыста, азыр сезбейт жаздын демин.
    Буулугам тар бөлмөдө сыртты карап,
    А сыртта жыйырманчы жазым менин.
    Жыйырманчы жаз, келсеңчи,
    Жыйырманчы жаз, келсеңчи.
    Буулугам тар бөлмөдө сыртты карап,
    А сыртта жыйырманчы жазым менин...

  • @КымбатЭже
    @КымбатЭже 2 года назад +3

    Аскат-мырза! Баракелде...! Бар болуңуз. Таланттынтыныз ташкындап турсун! Бишкек.

  • @zamirachyrakbaeva7683
    @zamirachyrakbaeva7683 2 года назад +5

    Аскар. Маладец балам. Омурун. Узун. Болсун . Мээрим эконор. Коп. Балалуу. Болгула деп эжекен.
    Куйорманын. Дордойдон. Жазды

  • @Alan-fq4hg
    @Alan-fq4hg 2 года назад +4

    Ырларга кылымдык жашоо тартуулайсыңго,чиркин 👏👏👏

  • @gbbvvv6622
    @gbbvvv6622 2 года назад +3

    Ыр да күч кубат болсунчу.эли журтума тынчтык,кыштан аман эсен чыгалы.согуш болбосун.аскат балама жузунчу жылдарды да ырдоо буйурсунчу.

  • @УрманбетоваАсель
    @УрманбетоваАсель 2 года назад +4

    Сонун ыр болуптур унуно береке👏👏👍

  • @НурабаханЖусупова
    @НурабаханЖусупова 2 года назад +3

    Суппер.жакшы ырды ,жакшы аткарыптыр.💯👍

  • @chynarasoronbaeva6832
    @chynarasoronbaeva6832 2 года назад +2

    💐👏👏👏👏👏

  • @НуржамалБайсалова-ж1ю
    @НуржамалБайсалова-ж1ю 11 месяцев назад

    Аскат рахмат бар бол дайыма, мага жаккан ырды сонун аткарыпсын. Ийгиликтерди каалайм сага.

  • @РахатАдиева
    @РахатАдиева 2 года назад

    Эмнеге именно жыйырманчы жаз.😁

    • @Кана-й9м
      @Кана-й9м Год назад

      Жыйырмадагы убагын эстеп жатат...