Арстанбек Буйлаш уулу "Тар заман" Асылбек Маратовдун аткаруусунда

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 2 авг 2017

Комментарии • 60

  • @user-hm6um2pe8o
    @user-hm6um2pe8o 4 года назад +13

    Илгерки ырлар айабай кучтуу мен дайыма комуз ырларын угам ото манилуу

  • @user-lx8cm1yr3p
    @user-lx8cm1yr3p 4 года назад +13

    Арстанбек атабыз азыркы заманды оз убагындале коро билип айтып койгон экен

  • @user-xh5nh4sr8d
    @user-xh5nh4sr8d 2 года назад +4

    Аллаха чексиз шугурлор мактоолор булсун Кыргыз экениме .

  • @user-vx6sr1rz3h
    @user-vx6sr1rz3h 4 года назад +14

    Ото керемет ото таасирдуу акыл -насаат создор

  • @user-yw6dp6wu2q
    @user-yw6dp6wu2q 4 года назад +6

    2020 уккандар барвы

  • @bnufbloybn2048
    @bnufbloybn2048 6 лет назад +20

    Арстанбек Буйлаш олуя акын болгон экен .тендеши жок болгон экен .

  • @user-nr9ym7ip1j
    @user-nr9ym7ip1j 2 года назад +1

    Арстанбек атабыз уч кылым мурда жашаса да, акылга салып азыркы биздин заманды таамай айткан экенда

  • @user-rv9oo5xd9o
    @user-rv9oo5xd9o 6 лет назад +11

    Алп акын Арстанбек ага.👏👏👏👏👏👍

  • @user-xr8vo7bm1f
    @user-xr8vo7bm1f 3 года назад +2

    Азамат сонун айтыптыр

  • @umarbokoev6708
    @umarbokoev6708 6 лет назад +9

    Асылбек жарайсын агам ушунундан жазба

  • @user-hs3pq4lh9f
    @user-hs3pq4lh9f 5 лет назад +8

    Тар заман эми Уйгур элине келди

  • @user-df4re3yv8r
    @user-df4re3yv8r 4 года назад +4

    Азаматсын Асылбек!

  • @bdfshdhhd7954
    @bdfshdhhd7954 6 лет назад +6

    Алаа ыразы босун силерге муундан мунга бизге жеткиргенирнерге шугур

  • @abdylabekjunusov3691
    @abdylabekjunusov3691 3 года назад +2

    Азаматсын талантына таазим

  • @asylbekakyn
    @asylbekakyn 6 лет назад +12

    Чоон рахмат бар болуңуздар...

    • @kubanakunov4939
      @kubanakunov4939 5 лет назад

      Азматсын! Асылбек
      Менин классташым болот. Марат уулу Асылбек.

  • @anichkakusobaeva8117
    @anichkakusobaeva8117 2 года назад

    Азаиатсын АСИЛБЕК Кандай таасирдуу создор таамай айтып ырдайсын.

  • @EmirlanAkimbaev
    @EmirlanAkimbaev 2 года назад +3

    Замана ырын ырдайлы,
    Илгеркинин санатын
    Артыбызда сөз калсын,
    Бирден терип сындайлы,
    Сөз жакшысын ылгайлы.
    Уламадан улаган,
    Улуулар сөздү кураган.
    Илгеркинин жакшысы,
    Олуя сындуу бакшысы,
    Өңү сары, көзү көк,
    Орус чыгат деп айткан,
    Узун чөптүн баарысын
    Оруп чыгат деп айткан,
    Кыска чөптүн баарысын
    Коруп чыгат деп айткан.
    Эки башын кайкайтып,
    Кайык чыгат деп айткан.
    Мейил кадыр болом деп,
    Зайып чыгат деп айткан.
    Калем алып кат жазган,
    Безер чыгат деп айткан.
    Калпты чындай сүйлөгөн,
    Эсер чыгат деп айткан.
    Акыр заман кишиси
    Башка болот деп айткан.
    Адеби жок сүйлөгөн,
    Кашка болот деп айткан.
    Конушу такыр, чөбү жок,
    Ташка конот деп айткан.
    Эгиндин нурку азайып,
    Ачка болот деп айткан,
    Акыр заман адамы -
    Бакыл болот деп айткан,
    Эгини өнүп, чөп чыкпай,
    Такыр болот деп айткан.
    Андан кийин замана
    Акыр болот деп айткан.
    Акыр заман адамы
    Аалым болот деп айткан.
    Аяттын сөзүн бек тутпай,
    Заалым болот деп айткан.
    Аганын тилин ини албай,
    Жайыл болот деп айткан.
    Капыр менен аралаш
    Ошондо айыл конот деп айткан.
    Замананын адамы
    Молдо болот деп айткан,
    Акыр заман жакындап,
    Келип калды деп айткан.
    Оо армандуу дүнүйө,
    Булут минсең жетпейсиң,
    Мурункунун наркына,
    Буркурайсың түтүндөй,
    Бул замандын артына.
    Байыркынын мингени
    Кылтылдаган ат болгон,
    Кыргызга ким чак болгон?
    Баатырлары көп болгон,
    Байыркыга сөз болгон,
    Кыраандары көп болгон,
    Кылым арта сөз болгон.
    Жомогу жолдо айтылган,
    Жоругу жолдо камтылган.
    “Манасын” айтып баптаган,
    “Семетейин” септеген,
    Анча-мынча ырчыны
    Ашка-тойго келтирбей,
    Ана-мына дедирбей,
    Боз балдар эле эптеген.
    Кыргыз кырда ырдаган,
    Кыз-кыркыны сындаган,
    Тоо башында ырдаган,
    Топ карыя сындаган.
    Ашка, тойго чакырып,
    Аземдеп күлүк чабуучу.
    Ырчылар чыгып ортого
    Сөз гүлүгүн табуучу.
    Мурункунун наркында
    Казак, кыргыз калкында,
    Миң жылкыда жорго жок,
    Миң түтүндө молдо жок,
    Кызыл кагаз пулу жок.
    Эки бөлөк үйү жок,
    Элүү башы бийи жок.
    Араба менен чана жок,
    Торпок менен тана жок,
    Жасоол деген балаа жок,
    Ыстарчын деген жалаа жок,
    Набакты деген тамы жок,
    Үйөз башы чоңу жок,
    Болуш деген бийи жок,
    Суу башында бекет жок,
    Карагай башы зымы жок,
    Кагаз жазар пезер жок,
    Калп айтуучу эсер жок,
    Нечен түрдүү кесел жок,
    Шарият сөздү билбеген,
    Адамды көзгө илбеген,
    Орус деген осол жок,
    Каары катуу каапыр жок,
    Кайкалап баскан майыр жок,
    Жасалоочу соту жок,
    Жазаңды берчү оен жок,
    Калктын болчу көңүлү ток.
    Байырыда кыргыздын
    Баласы бараң атчы эле,
    Баракатта жатчы эле.
    Кыздары кымкап кийчи эле,
    Кылыгы журтка тийчи эле.
    Не бир азаматтар бар эле,
    Бала жолборс баштанган,
    Кылычынан кан тамган,
    Каңгайга чейин жол салган,
    Не бир байбичелер бар эле,
    Сарамжалы сан эле,
    Салтанаты мол эле.
    Эми баатырлары пас болду,
    Балакет каапыр кас болду.
    Кымкап кийген кыздардын
    Тал-талдап өргөн чачтары,
    Осмо койгон каштары
    Түйдөктөлүп жүн болду.
    Эндик жапкан беттери
    Кызылы өчүп, боз болду,
    Кыйын заман кез болду.
    Каса элечек байбиче
    Кара жоолук салынып,
    Казан кармар күң болду.
    Кайсы бирин айтайын,
    Кадеми кетип кыргыздын
    Кандай гана күн болду?
    Кайран өткөн илгерки
    Жарды-байы белгисиз,
    Кунан-тайы мингисиз,
    Кулу-бийи белгисиз,
    Маңдайлашып жоону алган,
    Таңдайлашып доону алган.
    Эми жыты кетти жалбыздын,
    Баасы кетти кундуздун,
    Байымы кетти кыргыздын,
    Барбардигер кудурет,
    Пааналаган пендеңе
    Кандай күндү туугуздуң?
    Эми кайран заман куурулар,
    Капыр менен мусулман
    Камырдай болуп жуурулар.
    Кайран гана кыргыздын
    Кылычы кетер кынынан,
    Кыздары кетер сынынан,
    Келиндер кетер келбеттен,
    Уландар кетер уяттан,
    Катындар кетер наркынан,
    Карылар кетер баркынан.
    Эми заман бузулду,
    Кыл жоргоң жоор ат болду,
    Кыл торко тонуң бөз болду.
    Мурункудан барк кетти,
    Каада-нуска нарк кетти.
    Кулалы болду болушуң,
    Кыйын го кыргыз оңушуң.
    Наркы кетти карынын,
    Урматы кетти уулдун,
    Кымбаты кетти кызыңдын,
    Кыябы кетти узуңдун,
    Кайран заман бузулдуң.
    Кызыл-тазыл көчүң жок,
    Кымкап кийген кызың жок,
    Кылымга кетер сөзүң жок,
    Кылычың чабар баатыр жок,
    Оо армандуу дүнүйө,
    Байыркыны ойлосом,
    Байтерек түгүл, чырпык жок,
    Байыр кылар бийиң жок,
    Баш калкалар ийин жок,
    Ынтымак курган айыл жок,
    Ызаат кылар байың жок,
    Карагайда чайыр жок,
    Каран тутар жайың жок.
    Айта берип эрте-кеч
    Арстанбектин ичи чок.
    Кыйытып айтар сөз келди,
    Кыйын заман кез келди.
    Бир күнү айтар солдат деп,
    Колуңдагы балаңды
    Колмо-кол мага кармат деп,
    Анда кандай кыласың,
    Ошондо чыгар жыласың.
    Асты заман бузулду,
    Беш убак намаз усулду,
    Бейили менен окубай,
    Пендең көрөр кусурду.
    Азаматтан ал кетти,
    Аргымактан жал кетти,
    Адырга толгон мал кетти,
    Айры өркөчтүү нар кетти,
    Желе толгон бээ кетти,
    Короодогу кой кетти,
    Козу, улагы тең кетти,
    Калың берип, кыз албай,
    Каада-салтты буза албай,
    Же колунда малы жок,
    Кокуйлап жигит бой кетти.
    Мындай заман кез келди,
    Арстанбек айтар сөз келди.
    Кокондуктун сарттары
    Кокуй ишти баштады,
    Кой көтөрүп, пул берип,
    Эки кылып эсебин
    Эсиңди жаман кетирди,
    Чом минген сартың эсирди.
    Байыры кыргыз көрбөгөн,
    Пул жыйнаган эсерди.
    Аргымак азып жооруду,
    Азамат көөнү ооруду.
    Күлүгүң азып жооруду,
    Гүлдөй көңүл ооруду.
    Боз балдарың муңайды,
    Баштагыдай көркү жок,
    Кыз-кыркының чунайды.
    Оо армандуу дүнүйө,
    Тоо-ташыңдын көркү жок,
    Өөрүп жүрчү түлкү жок,
    Өргө толгон мүлкү жок,
    Күмүш кармар зергер жок,
    Күлүк чабар эрлер жок.
    Кайберен атар мерген жок,
    Калк арасы бөксөрдү,
    Арстанбек айтып теңселди.
    Көркү кетти жериңдин,
    Мүлкү кетти элиңдин,
    Күлкүсү өчтү эриңдин.
    Аргымак ат мине албай,
    Алгы сөздөн биле албай,
    Саны кетти жашыңдын,
    Сыны кетти башыңдын,
    Сыйы кетти ашыңдын.
    Тар заман келди такымдап,
    Заманың келди закымдап
    Тайган иттей такымдап
    Азапка калган кайран эл
    Эми гана кайда жашындың

  • @onlyforinternet1816
    @onlyforinternet1816 2 года назад

    2020 жыл 10 февраль айында уктум. Баарынарга бакыт каалаймын

  • @damirishenbekov1754
    @damirishenbekov1754 5 лет назад +2

    Ушул ырларды жонотуп койгулачы вадсаптан

  • @user-mq7kz8lt1j
    @user-mq7kz8lt1j 6 лет назад +4

    Азаматсын

  • @user-fg1vc5rr2c
    @user-fg1vc5rr2c 6 лет назад +27

    Акыл накыл сөздөр кыргыздан чыккан, кыргыз болуп төрөлгөнүмө сүйүнөм жана сыймыктанам

  • @user-tt8uk9uq2d
    @user-tt8uk9uq2d 4 года назад +5

    Абдан жакшы дастан арстанбек мурун эле билген да кыргыздардын кези келип жоголуп кетерин

  • @user-yh5lu1gc2i
    @user-yh5lu1gc2i 3 года назад +4

    Ескилер.акылдуу
    Болушкан.азыркылар..арак.ичип.тупой.болуп.калганбыз.арак.меени.чиритет.екен.

  • @user-dm6gq1cc6w
    @user-dm6gq1cc6w 2 года назад

    Азаматсын омуруно береке баатыр

  • @aigulsodaeva3455
    @aigulsodaeva3455 3 года назад +1

    👍👍👍👍👍👍

  • @user-tb4uq1cv9v
    @user-tb4uq1cv9v 3 года назад +1

    👍👍👍👍👍👍👍

  • @user-ru8vy6kk5t
    @user-ru8vy6kk5t 4 года назад +2

    👍👍👍👍👍👍👍👍👍

  • @user-sh6uy4pb2t
    @user-sh6uy4pb2t 3 года назад +1

    Маладец

  • @AisanatDautova-kf4ks
    @AisanatDautova-kf4ks 6 месяцев назад

    Ошондо эле азыркы жашообузду билген турбайбы.

  • @user-fv4bg5tl8b
    @user-fv4bg5tl8b Год назад

    Уну абдан сонун, кучтуу жигит экен

  • @zy5057
    @zy5057 3 года назад +1

    👍👍👍

  • @user-mr7iz3tm1q
    @user-mr7iz3tm1q 3 года назад +3

    Саламатсызбы! Сураныч ушул видеону жиберип коё аласызбы.

  • @user-tm4on5qn4f
    @user-tm4on5qn4f 2 года назад

    6 айчалык жолдордон аш бышымда суйлошкон сыры болот деп телефонду билгендей айткан екенда баардык созу азыркы учурда болуп жататго 😢

  • @silverblack1816
    @silverblack1816 3 года назад

    Молодчик, ай молодес !!!

  • @edilahmedov6691
    @edilahmedov6691 6 лет назад +3

    Чыныгы кыргыз экенсин

  • @user-wk5tn8dm6y
    @user-wk5tn8dm6y 3 года назад +1

    Калыгул олуяны айтыптыр

  • @hek_matyar5701
    @hek_matyar5701 5 лет назад +17

    Ушуну жаш балдарга эмнеге пропогандалабайсынар?озубуз деле балдарга корсотсок болот элэ!

  • @user-gh6uy2lz9l
    @user-gh6uy2lz9l 5 лет назад +5

    Бул Калыгул Бай уулунун айткандары го

    • @user-sq2io8eq3k
      @user-sq2io8eq3k 5 лет назад +1

      Калыгул мн Арстанбек шакирти болот

  • @user-uv7lm2eq9c
    @user-uv7lm2eq9c 5 лет назад +3

    карагайдын устундо чыны болот дечи эле

    • @user-uv7lm2eq9c
      @user-uv7lm2eq9c 5 лет назад

      чыны менен жургузгон зымы болот дечи эле

  • @user-fu2rk3zo8t
    @user-fu2rk3zo8t Год назад

    Асылбек азаматсыз

  • @noruzchoubekov6757
    @noruzchoubekov6757 8 месяцев назад

    Карылардан кеп уктук,
    Уламадан сөз уктук.
    Ошондо орус чыгат дечү эле,
    Миң үйлүүгө баш болуп
    Болуш чыгат дечү эле.
    Буйрук менен кондурган
    Конуш чыгат дечү эле
    Ушу заман тар заман,
    Азуулуга бар заман.
    Бечарага зар заман.
    Заманың келди закымдап,
    Тайган иттей такымдап
    Улуу суунун баарысы
    Чулук болот дечү эле.
    Кичүү атанын балдары
    Улук болот дечү эле.
    Жаан-жуун азайып,
    Шамал болот дечү эле.
    Адамзаттын билгени
    Амал болот дечү эле
    Кыш көбөйүп, жигиттер,
    Жай азаят дечү эле.
    Карындагы жыйылган
    Май азаят дечү эле.
    Короодогу айдаган
    Кой азаят дечү эле.
    Оюн, күлкү түгөнүп,
    Той азаят дечү эле.
    Көч алды болоор орусуң,
    Сары журт болоор конушуң.
    Жайлоо тургай, төр кайда,
    Ачып кирээр көр кайда?
    Казак, кыргыз жыйылып,
    Бата кылып алсак бейм?
    Кашкардагы Бадөөлөт
    Ата кылып алсак бейм?
    Байыркыдан барк кетти,
    Каадалуу нуска нарк кетти.
    Жардылардан барк кетти,
    Каада, нуска, нарк кетти
    Онжогой куйрук күрөң ат
    Орустан чыгат дечү эле,
    Оң кулактуу миз казан
    Колодон чыгат дечү эле.
    Шумдуктуунун баарысы
    Баладан чыгат дечү эле
    Акча, теңге түгөнүп,
    Тыйын чыгат дечү эле.
    Атасынан баласы
    Кыйын чыгат дечү эле.
    Кала-коргон көбөйүп,
    Кент түгөнөт дечү эле.
    Тегерете урдурган
    Коргон чыгат дечү эле.
    Тегеректин баарысын
    Кагаз менен иштетип,
    Соргон чыгат дечү эле.
    Кийинкинин баарысы,
    Буту-колун жашырбай,
    Дөрбөл чыгат дечү эле
    Алматыдан аттанып,
    Орус келе жатырай,
    Кыска чөптүн баарысын
    Коруп келе жатырай.
    Узун чөптүн баарысын
    Оруп келе жатырай.
    Бул орусту карасаң,
    Ченчи салып, жерди алды,
    Бээден туулган керди алды.
    Карды салык Байды алды,
    Кача турган жайды алды.
    Качканың кайда кутулду,
    Туурадан салды тозокту
    Кармап алды Кулжадан,
    Балбай менен Шоорукту!
    Сууга чыккан жекендей,
    Орус келсе, сыйлайсың
    Ак сакалдуу акеңдей.
    Илгерки кары калыптыр
    Сууга түшкөн текедей.
    Бул орусту карасаң,
    Суу-сууга салды бекетти,
    Болуштарды карасаң,
    Катынындай кекетти
    Жасоолдор келет шарактап,
    Жардынын жалгыз атын карактап.
    Жасоолдо ылгабай минди айгырды.
    Жакшылардын баарысы:
    «Чын ушундай болдум» - деп,
    Жатып алып кайгырды.
    Алтын, күмүш түгөнүп,
    Кызыл кагаз бул болду
    Куран жатып, үстүнөн
    Кат жүгүрөт дечү эле.
    Ошо каты көтөрүп,
    Ат жүгүрөт дечү эле.
    Өзү сары, көзү көк
    Орус чыгат дечү эле.
    Ошол орус чыкканда,
    «Бир, эки» деп санаган,
    Тыйын чыгат дечү эле.
    Атасынан баласы
    Кыйын чыгат дечү эле.
    Ошол орус чыкканда,
    Эки башы кайкайган,
    Кайык чыгат дечү эле.
    Мейли кадыр болом деп,
    Элечегин булгалап,
    Зайып чыгат дечү эле.
    Ошол орус чыкканда,
    Кара жол кылаар көлүңдү,
    Эсепке алаар жериңди.
    Кайсаңдаар сенде чама жок,
    Капкандай чабаар белиңди.
    Ой, журтум, көрөрсүң
    Араба менен чананы,
    Бага көр торпок менен танааны.
    Бакпасаң торпок менен танааны,
    Зили түбү сактаарсың сары таланы.
    Солдаттыкка берээрсиң,
    Ичиңден чыккан Баланы
    Карагайдын башында,
    Чыны болот дечү эле,
    Чыны менен жүргүзгөн,
    Зымы болот дечү эле.
    Алты айчылык жолдордон
    Алты күндө сүйлөшкөн
    Бу капырдын сыры болот дечү эле
    Устаранын мизиндей,
    Оодарылган дүнүйө.
    Жасоолдорун кийгени
    Катар-катар дүрүйө.
    Жасоолдор минди жакшы атты,
    Жардынын баарын какшатты.
    Жасоолдор минди күлүктү,
    Элге салды бүлүктү.
    Ушул заман болгондо,
    Мусулман көрөөр бүлүктү
    Акыр заман болгондо,
    Кой азаят дечү эле.
    Журтта ургаачы көбөйүп,
    Бой азаят дечү эле.
    Бойго жеткен кыздардын
    Баштагыдай көркү жок,
    Той азаят дечү эле.
    Кыз он бешке чыкканда,
    Энеси баш бербей,
    Боюн күүлөйт дечү эле.
    Эмки азаматтын баарысын
    Катыны бийлейт дечү эле.
    Элечегин булгалап,
    Зайып чыгып жыйынга,
    Чечен болот дечү эле.
    Ушул кийинкинин баарысы,
    Бечел болот дечү эле
    Шум жалгандын белгиси -
    Карагайдын таңында,
    Элик болду элибиз.
    Каптаган тузду көтөргөн
    Көлүк болду эдибиз,
    Башка чапса, былк этпес,
    Өлүк болду элибиз

  • @Nurdan001
    @Nurdan001 9 месяцев назад

    2:22

  • @mts9201
    @mts9201 6 лет назад +6

    Ватсап менен жибере аласызбы?

    • @aibekkubanychbekov6305
      @aibekkubanychbekov6305 6 лет назад

      Mt S номеринизди жазып койунуз жиберип койом☺️

    • @Face__Game
      @Face__Game 5 лет назад

      Tubemate менен көчүрсө болот

    • @azizjuzubaliev8675
      @azizjuzubaliev8675 5 лет назад

      Магада болсо вотсаптан жонотуп койунузчу 0700357138

  • @sherlockholmes3476
    @sherlockholmes3476 2 года назад

    Жени жок менен эсен амандын айтышын айтып берсе жакшы болот эле ушул акын

  • @sherlockholmes3476
    @sherlockholmes3476 2 года назад

    Бул акын жакшы аткарат негизи

  • @user-iq1pf5ju7c
    @user-iq1pf5ju7c Год назад

    Мен кыргыз болгонума сыймыктанам.Комуз куусу ергиттет улуу залкар комузчу Ата бабаларга таазим