*"Ак булуттар"* Сөзү:О.Султановдуку Обону:А.Керимбаев *Аткаруучу*: *Самат Гулжигитов* Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып, Силерди, ак булуттар, жолдош кылып. Мен келип алтын кумдуу көл жээгине, Отурам эскерүүдөн ичтен сызып. Сезгендей айрыларды коркор элем. Алтын кум, сен баарына орток элең. Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга, Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем. Кайгынын каран түнүн жарык кылар, Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар. Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен, Айдалып баратканда ак булуттар. Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги, Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди? Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага, Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи
*"Ак булуттар"*
Сөзү:О.Султановдуку
Обону:А.Керимбаев
*Аткаруучу*: *Самат Гулжигитов*
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Отурам эскерүүдөн ичтен сызып.
Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.
Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.
Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи
Укмуш!!!
Чыныгы талант эхчиркин унуно таазим ❤
Талантище Самат 😊
❤❤❤
Чыныыгы журоктон чыккан ыр ,атаганат десенчи ,тагдырдын оордугу❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
Сонун талант
Бар бол иним унуно береке...
Кем болбо.иним.унуно береке Уй.булоон.менен.бактылуу.бол
Колдун АК куусунан ысык Салам.
👋👋👋👋👍 супер.
Зор
Анча мынча артисттер мындай ырдай албайт го.
Бах.. Чиркин. О. М. У. Р.. Ай. Ай..
БИЗ КЫРГЫЗДАР ЖАШООНУН ӨЗӨГҮБҮЗ, БИЗ КЫРГЫЗДАР ГАНА УШУНДАЙ ЫРДЫН, ОБОНДУН КАЙМАГЫН УГАБЫЗ!!!!