Бир ырдын баяны: "Аманат"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 13 ноя 2022
  • Кыялбек Урманбетовдун сөзүнө жазылган Тобокел Кашарбаевдин "Аманат" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #КыялбекУрманбетов
    #ТобокелКашарбаев
    #МедерКыдыршаев
    #Аманат
    "Аманат"
    Жан курбум, жашыбай жакшы кал, курбум,
    Жамынып түндү узадым,
    Жазганы ошол тагдырдын.
    Кош дечи, арманга бирок кошпочу,
    Айланып келем ыр болуп,
    Айрылуу эмес, коштошуу.
    Өмүрдө ыйык түнөгүм,
    Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
    Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
    Жан курбум, жаштыгым шамдай жандырдың,
    Ардактап алгын өчүрбөй,
    Астында калса жамгырдын.
    Агарып, ай нуру менен таралып,
    Ал күндөр кирет түшүмө,
    Айрылуу эмес, аралык.
    Өмүрдө ыйык түнөгүм,
    Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
    Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
    Жан курбум, жабыкпай жакшы кал, курбум,
    Өзүңдү түнгө тапшырып,
    Сөзүмдү сага калтырдым.
    Кош дечи, а бирок көзгө жаш алба,
    Ар убак жүрсөң эскерип,
    Айрылуу эмес, ажал да.
    Өмүрдө ыйык түнөгүм,
    Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
    Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии •