"13 жашар баланын арманы" КР эл артисти Орозбек Кутманалиев

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 4 ноя 2024

Комментарии • 65

  • @АбдихалилАмираев-р3ц
    @АбдихалилАмираев-р3ц 8 месяцев назад +18

    Калган омуру Бейишинен болсун залкар .

  • @Mirbek-x7t
    @Mirbek-x7t 5 месяцев назад +46

    2024 коргондор барбы?азыр Россиядамын балдарымды сагындым

    • @82-yk6cz
      @82-yk6cz 4 месяца назад +1

      менда россиянын четинде угуп жатам

    • @МаликИсмаилов-ц7и
      @МаликИсмаилов-ц7и 4 месяца назад

      Меназыр коруп атам Россиядан мартта келгем балдарыны сагынсан бул убактылуу нерсе бираз чыда баары жакшы болот кыжаалат болбо

    • @Flooki890Flooki89
      @Flooki890Flooki89 Месяц назад

      Эсен аман үйүнө кайт тууган.

  • @АнараАбдраманова-с3б

    Кайталангыз талант! Жеткирип тогуп салган! Ыйлабаган Жан жок болсо керек! Орозкул байке бейишиниз болсун!!!

  • @ТынымканКиркиева
    @ТынымканКиркиева 2 года назад +19

    Кандай кана Арман ыры.Козунон озунон озу жаш агат.😢😢🤧🤧👍👍💔💔

  • @user-ux7gf5ie9t
    @user-ux7gf5ie9t Год назад +15

    👍👍👍Кайран залкар! Эмне деген залкарлар отту. Аллахым бейишинен оорун берсин сизге!🤲

  • @chyndyk6399
    @chyndyk6399 2 года назад +15

    Керемет чыгарманы улуу Инсан мыкты аткарыптыр...

  • @СултанШанусупов
    @СултанШанусупов 5 месяцев назад +6

    Кыргыз Элибиздин залкар комузчусу дастанчы кино актёр Орозбек Кутманалиевдин жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Илгерки дастандарды берилген рольдорду ийине жеткире аткарчуу эле ыраматылык. Кобунчосун терс каармандардын жаман орой кишилердин рольдорун аткарчуу эле. Бирок жашоодо озу жакшы киши болгон.

  • @Абдыкадыровабдыкадыров

    Орозбек Кутманалиев дастан да айткан экен да мен биринчи корушум ойлогом актёр эле болгон го деп бейишин берсин

  • @СабираЭгембердиевна
    @СабираЭгембердиевна 2 года назад +38

    Шалталыктарды көрүп кубанычта болуп ыйлап да алдым. Кандай гана таланттуу адамдар өтүп кетишти. Шалта айылы алга, ийгилик каалайбыз.

    • @samatkusanov7769
      @samatkusanov7769 2 года назад +3

      Саламатсызбы, сиз залда олтурган кишилерди тааныйсызбы? Бул кайсы жылы кайсы жерде болгон концерттен узунду билбейсизби?

    • @zinatarbaeva746
      @zinatarbaeva746 Год назад +2

      Бул акын Какен Алмазбеков дүң чыгармачылыгына арналган "Лира кечеси" 1991-жылы,23-февралда өткөн.Акындын биринчи жана акыркы ТВ на тартылышы.Ал ушул 1991-жылы,сентябрда катуу оорудан кийин каза болгон.Мен карындашы-Арбаева Зинат.

    • @АнарбайМаразаев-л2ъ
      @АнарбайМаразаев-л2ъ Год назад +1

      ​Алтын ырчылар

    • @Мояжизнь-ч2о
      @Мояжизнь-ч2о 16 дней назад

      ​@@zinatarbaeva746Зинат эже Саламатсызбы. Мен Какен аганын ырларын ,дастандарын такай угам, окуйм. Клара Ниязова жетектеген Поэзия Ордосунун мүчөсү болом
      Какен ага менен Орозбек Кутманалиев асылдар бейиштин төрунө болушсун .

  • @АлайАлай-щ7э
    @АлайАлай-щ7э Год назад +13

    Кандай залкар адамдар,азыр аз.

  • @НурланКучуков-в1ч
    @НурланКучуков-в1ч 2 года назад +14

    Кйран кишлер кыргыстын сыймыгы какен алмасбеков менен оросбек кутмалев ✊👍❤🇰🇬

    • @улутынтымагы
      @улутынтымагы 5 месяцев назад

      Сен озу кыргызсыңбы,бир сүйлөм тогуз сөзүңдө 12 ката.кайран,кишилер,кыргыздын Какен,Алмазбеков,Орозбек,Кутманалиев

    • @МырзабекТойчиев
      @МырзабекТойчиев 3 месяца назад

      😂😂😂😂😂

    • @SairagulJALILOVA
      @SairagulJALILOVA 2 месяца назад

      З тамгасын мектепте корбодун беле жалан с го

  • @EralyAzymatov
    @EralyAzymatov 6 месяцев назад +2

    Ото кардуу коргон.адам.менин Ата бол кино каарман. Болгон эсте😢🎉🎉❤❤❤❤

  • @БаатырСалиев-г6р
    @БаатырСалиев-г6р Год назад +7

    Ушул ырды азыркы ажырашкан жаштар тушунуп,маани берип,укса кайра жарашса керек

  • @usmantolomushev1868
    @usmantolomushev1868 Год назад +4

    Байкабай атасы жаны отуп кеткен досума коюп бере коюп,,ыйлаттым,, мынча керемет создор,, куюлатго шорулдап)) ар бир созу журокту тилгилеп((

  • @НинаОмурзакова-к4д
    @НинаОмурзакова-к4д 4 месяца назад +1

    Коп жыл отту радиодон угуп ыйлаганбыз анда жекшемби куну кутмандуу кун беруусунон берилген дастан болду

  • @Nurzigit-j9d
    @Nurzigit-j9d Месяц назад +2

    Ата,канындан буткон эй баламын,
    Кабыл ал айткан ай саламым.
    Конулум канча калсадан,
    Козумдон учуп ай караанын.
    Корунуп "жарк"деп тушсо деп мен,
    Коп зарлап жолун ай карадым.
    Деги Бир коргон кунун курсунчу,
    Атаке тируулой жетим баламын ээй.
    Атаке адаты болгон эй кайгыруу,
    Аз чыгар ай мендей кайгыруу.
    Азаптын өзүн ай турбайбы,
    Атадан тирүүлөй айрылуу.
    Кабыргам катып эй күч толбой.
    Канатым кабат ай кайрылуу,
    Конумуш болуп ай баратат.
    Атаке көз жашка эле жүзүм чайгыруу.
    Мен атасын көрсөм эй бирөөнүн,
    Ачышып кетет ай жүрөгүм.
    Адашкандын эй айыбы жок,
    Ал айланып тапсаң ай туногун.
    Кетпейтко таштап ай балдарын,
    Келер деп койуп ай жүрөмүн.
    Анан тирүүлөй жүргөн ай кишиден,
    Атаке узулсун кантип күдорун ээй.
    Атаке туягын тулпар эй кордойбу,
    Тууруна туйгун конбойбу.
    Бөлүнгөн кайра бириксе,
    Боксоргон нерсең ай толбойбу.
    Укканын барбы эй атаке,
    Уясын бузган ай торгойду.
    Томуктай ошол ай макулук,
    Атаке торгойчеле болсоң болбойбу.
    Атаке барчында канат сабалап,
    Бала үчүн кылат эй далалап.
    Айланып алыс эй кеталбай,
    Аккуда балаң ай каралап.
    Атсаң да болбой айкырып,
    Аюу да коргой ай мамалак.
    Атаке сендей ай боору таш,
    Эмнеге эле адамда жаралат ээй.
    Апам чыгарып күчүн эй жашкеле,
    Чыдамаксан болот ай жакшы эле.
    Бир кокуй неме экениң,
    Же билсечи байкуш ай башта эле.
    Сендеги сырды ал кезде,
    Сезбесе керек ай жаш неме.
    Убалдан коркуп эй койбогон,
    Атаке ушунча эле боорун таш беле.
    Мен ар кимден ушак эй кеп угам,
    Атакең башка аял алды ай деп угам.
    Баарынан бирге эй ойногон,
    Мен балдар жаман ай корунам.
    Тозушса балдар эй атасын,
    Мен томсором айлам ай жогунан.
    Тойпоңдоп чуркап эй менделе,
    Атаке тозчу эмес ай белем жолуңдан ээй.
    Ата журт деген иий сөз артык,
    Аталуу үйдүн ай өзү артык.
    Аталуу кандай эй жыргал деп,
    Мен ар кимге коём ай көз артып.
    Өзгөлөр кийер эй жибектен,
    Өзүңө тийер ай бөз артык.
    Жамасаң болбойт эй башканы,
    Атаке жаманда болсоң өз артык эйй.
    Атаке кулакка күлкү жаңырып,
    Мен кусадар болдум ай сагынып.
    Кээде сен кирсең түшүмө,
    Кетчүдөй жүрөк ай жарылып.
    Ойгонуп кетсем эй өзүн жок,
    Ошондо түтөп ай канырык.
    Калтырып кеткен ай үйдөгү,
    Атаке кастьюмун жытайм жамынып ээй.
    Атаке ичине түшүп эй жалындын,
    Мен ичигинди далай жамындым.
    Атаке сыздатса балдар жетимдеп,
    Сынган айтпа эй шагымдын.
    Жоготкон түрүн ай атасын,
    Жогу да менин ий багымдын.
    Жаттатып койчун эй бир келип,
    Атаке,Жытыңды эле абдан сагындым.
    Ата азыр мен 13 эй жаштамын,
    Акактай тунук ай жаш чагым.
    Бирин да билбес эй кезимде,
    Бир оюнда ай башканын.
    Күлкүнү суйбой эй эмитен,
    Мен куйутту болон ай баштадым.
    Айыбым бар белең эй болбосо,
    Атаке айтчы эмнеге эле минтип таштадың ээй.
    Атаке 6 чыккан эй Капарын,
    Ал асылын көрбөй ай атанын.
    Күнүгө сени эй миң айтып,
    Күйүтүн козгойт ай апамдын.
    Ал байкуш кайдан эй тушунсун,
    Атадан көзүн ай катаарын.
    А түгүл мен да билбепмин,
    Сендей атабыз а таштап качарын.
    Атаке Нурайым 4 эй карады,
    Шорлуунун бири ай ал дагы.
    Атакем бүгүн ай келет деп,
    Ал жол карап жүрүп ай жадады.
    Ал байкуш антип эй томсоруп,
    Жол тоскон бойдон ай калабы.
    Атаке кантип эй чыдайсын,
    Биздей сыздатып эле койуп баланы ээй.
    Атаке бир кезде скулосу Гүлайым Азыр 1 жарым жашта эй Гүлайым.
    Ата деп койот ал деле,
    Анда жок азыр ай убайым.
    Атасыз калдык эй бул күндө,
    Арга жок ай кандай айкуло.
    Бар бекен сендей эй пендеде,
    Атаке баланын а бүтпөс убайым ээй.
    Апакем күлсөң ай кулобуз,
    Ал күйсө кошо эй куйобуз.
    Жеңилин жерден ай алгыдай,
    Жетсекчи бойго ой бирөөбүз.
    4 бирдей ий наристе,
    Биз жөө жүрүп ойноп жүрөбүз.
    Ата сен таштап кеткидей,
    Деги айтчы эмне эле биздин күнөөбүз эй.
    Атаке түтөгөн жүрөк ий арманын,
    Мен туголдоп айта албадым.
    Бармагым басып эй бул катка.
    Бактысыз сенин ай балдарын.
    Атадан тирүү эй айрылып.
    Армандуу күндө калганын.
    Кат менен кошуп жиберди.
    Атаке кайгысы муңун зарларын.
    6:17

  • @КлараНиязова-е4ъ
    @КлараНиязова-е4ъ Год назад +13

    Кайран залкарлар! Бейишиңерди берсин!
    Кечээ эле Какен Алмазбековдун, Орозбек Кутманалиевдин кичи мекени Шалта айылына барып, Какен Алмазбековдун поэзия кечесин өткөрүп келдик. Эли толкундануу менен кабыл алышып, ыраазы болушту. Залкардын арбагы бир козголуп алса керек! Келгенден кеткенче акындын обондуу ырлары жаңырып турду. Шалта орто мектебинде жайгашкан айылдык китепкананын атын Какен Алмазбеков атындагы китепкана-деп, айылдык кеңештин токтому менен бекиттирип, ачылыш жасап кайттык. Кечеге акындардын дөө -шаалары жана мамлекеттик кызматкерлерге чейин барып катышып сөз сүйлөшүп, эмдиги жылкы 90-жылдыгына жакшы даярдыктарды көрүшүп кол кабыш кылып мамлекеттик деңгээлде өткөрүүгө сөз беришти. Эли толкуп, сыймыктанып турду. Залкардын артында эли бар, алар өлбөйт да өчпөйт! Кечени уюштуруп, өткөргөн "Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмеси болду.

  • @alihanrahatbekov8824
    @alihanrahatbekov8824 5 месяцев назад +6

    Ата, каныңдан бүткөн баламын,
    Кабыл ал айткан саламым.
    Көңүлүм канча калса да,
    Көзүмдөн учуп карааның.
    Көрүнүп “жарк” дей түшсө деп,
    Көп зарлап жолуң карадым.
    Көргөн бир күнү курсунчу,
    Ата, тирүүлөй жетим баланын.
    Туягын тулпар кордойбу,
    Тууруна туйгун конбойбу?
    Бөлүнгөн кайта бириксе,
    Бөксөргөн нерсең толбойбу.
    Укканың барбы, атаке,
    Уясын бузган торгойду?!
    Томуктай ошо макулук,
    Ата, торгойчо болсоң болбойбу?..
    Балалуу көлдүн өрдөгүн,
    Баласы үчүн өлгөнүн.
    Бүк түшүп өлгөн бала үчүн,
    Бүркүттү дагы көргөнмүн.
    Асырап бала бакпаган,
    Айбандын бирин көрбөдүм.
    Жылдыздай жанган балаңды,
    Ата, жырткычча неге көрбөдүң?!
    Барчын да канат сабалап,
    Бала үчүн кылат далалат.
    Айланып алыс кете албай,
    Ак куу да бала каралап.
    Атсаң да болбой, айкырып,
    Аюу да коргойт мамалак.
    Атаке, сендей боору таш,
    Деги адамда кантип жаралат?!
    Апам чыгарып күчүн жашка эле,
    Чыдамыш болот жакшы эле.
    Бир кокуй неме экениң,
    Билсечи байкуш башта эле.
    Сендеги сырды ал кезде,
    Сезбесе керек жаш неме.
    Убалдан коркуп койбогон,
    Ата, ушунча бооруң таш беле?!
    Ар кимден ушак кеп угам,
    Башка аял алды деп угам.
    Баарынан бирге ойногон,
    Балдардан жаман корунам.
    Тосушса балдар атасын,
    Томсоруп айла жогунан.
    Тойпоңдоп чуркап мен деле,
    Ата, тосчу эмес белем жолуңдан?!
    Турмушта болот салтанат,
    Турса да гүлдөп чар тарап.
    Ызы-чуу түшүп биздин үй,
    Мас болуп баарын талкалап.
    Томкоруп тоону келгенсип,
    Жатчу элең кээде чалкалап.
    Анда да байкуш апакем,
    Сенин айыбыңды турчу калкалап…
    Боору таш сендей жаралган,
    Болбостур деги адамдан.
    Айыгар күнүм бар бекен,
    Ачышкан жүрөк жарамдан?
    Убалдан коркпос жанагы,
    Таш жүрөк немең жаңы алган.
    Апамдан өйдө көрсөң да,
    Кантип анча өйдө көрдүң балаңдан?
    Ичине түшүп жалындын,
    Ичигиңди далай жамындым.
    Сыздатса балдар “жетим” деп,
    Сынганын айтпа шагымдын.
    Жоготкон деген атасын,
    Жогу да менин багымдын.
    Жыттатып койчу бир келип,
    Атоу, жытыңды абдан сагындым.
    Бак-таалай мага мунарык,
    Баратат улам тунарып.
    Канчалык бүтөт десем да,
    Кайгыга кайгым уланып.
    Кайгынын жетпей түбүнө,
    Кетти окшойт катым чубалып.
    Ушунун баарын сен келсең,
    Ата, унутпайт белек кубанып…

  • @ЖаркынбекТоконоев-э3г

    Баарын ойго салган залкар талант Бали...

  • @jamalshamatova4665
    @jamalshamatova4665 2 года назад +20

    Орозбек Кутманалиевдин Карагул ботом деген ырын да чыгарсанар,, суранабыз...

    • @xxi-9379
      @xxi-9379  2 года назад +6

      Макул аракет кылалы

    • @МанзураСултаналиева
      @МанзураСултаналиева 2 года назад +7

      Кандай Гана керемет адамдар Какен Алмазбеков менен Орозбек Кутманалиев аталарыбыз менен Бут Шалта айылы сыймыктанабыз.Залкар адамдар эч качан олбойт.

    • @АбдыкадырАнарбаев-м6о
      @АбдыкадырАнарбаев-м6о 5 месяцев назад

      Карагул ботомду угалы.

  • @ALIA-5067
    @ALIA-5067 2 года назад +13

    Мына Дастан уккан сайын уккун келетго чиркин

  • @КаныбекБанкиров
    @КаныбекБанкиров 6 месяцев назад

    Абдан мыкты ыр экен журогум ооруп чыкты

  • @Proxy172
    @Proxy172 6 месяцев назад

    Ушул Эски артистерди коп, коп чыгарып турсанар жакшы болот эле буларды сагындык

  • @Proxy172
    @Proxy172 6 месяцев назад

    Кайран кишилер бейишин берсин Аллахым

  • @KG-iy2gv
    @KG-iy2gv Год назад +2

    Таза талант

  • @aijank8169
    @aijank8169 2 года назад +7

    🔥🔥👍👍👍

  • @МаматисаОлжобаев-в1л
    @МаматисаОлжобаев-в1л 5 месяцев назад

    Мындай чыган инсан кайра келбейт Аллах бейишин берсин

  • @ЧолпонТоктоналиева-ь1ф

    Кайран акындар оттунорго дуйнодон сизди жакындан корбой калдым

  • @Ulukbek_Dastanchy
    @Ulukbek_Dastanchy Год назад +2

    ❤❤❤❤❤❤❤❤

  • @Кымыз1986
    @Кымыз1986 9 месяцев назад +2

    Атакем менин кайдасын😢

  • @shamil.b4770
    @shamil.b4770 2 года назад +4

    😢😢😢

  • @НазгулБекманова-ю7и
    @НазгулБекманова-ю7и 2 года назад +6

    👍👍👍

  • @ЧинарМамыралиева
    @ЧинарМамыралиева Год назад +4

    ❤😢

  • @chynyhanazimjanova7088
    @chynyhanazimjanova7088 2 года назад +14

    Буулугуп ыйлабас журогум ыйлады

  • @amangeldibarktabasov8672
    @amangeldibarktabasov8672 11 месяцев назад +3

    Жүрөгүң тилинип кетет го 😢😢😢

  • @МухамедКачыбеков
    @МухамедКачыбеков 2 года назад +11

    Коруучулордун оюнда ырдын гана мазмунуна баа беруу азырчы кридитти кантип жабам деп жатып эмне жонундо ырдаганын билбейзин а

  • @Ай-периКутманалиева
    @Ай-периКутманалиева 2 года назад +8

    💐👍😔

  • @ТолгонайЖолдошева-ж2ю
    @ТолгонайЖолдошева-ж2ю 4 месяца назад

    90 жылдар эле,автобуста,кызым 20 тыйын тыпыр берчи деп,бир киши,Ош базардан тушуп калды эле,мага айткан,Какен Алмазбеков дегенди тааныйсынбы деп сураган,он уч жашар баланын арманын мен жазгам деген эле,бирок автор,куураган аракка айланып кеткен экен,бейишин берсин Жаратканым, ырайымына алсын,

  • @Нурлан-я3к
    @Нурлан-я3к 2 года назад +3

    Заман отуптурда

  • @AziUmu-d9c
    @AziUmu-d9c 5 месяцев назад

    Курманбек дастанын да айткан аны да чыгаргылачы

  • @KulbaraAldayarova
    @KulbaraAldayarova 2 дня назад

    😢😢😢😢😢😢😢

  • @gasykg4788
    @gasykg4788 5 месяцев назад +1

    Ырдын автору Орозбек атам турбайбы...кайран залкарым...

  • @ТороайымКачкынчиева-р4э

    Мына акын жеп ушуну айтат уксан ыйлагын келет

  • @kyzylgulunal2292
    @kyzylgulunal2292 6 месяцев назад

    😢😢😢😢атасыз оскондор укса сыздайт го

  • @aidamir-ly4zu
    @aidamir-ly4zu Год назад +1

    Мэрес кишинин да козунон жаш чыгат го

  • @yntykyrgyz2183
    @yntykyrgyz2183 Месяц назад

    3:06

  • @ОмурбекБатырбекуулу-ф1ъ

    Башка аял алса да тируу болгону жакшы эмеспи

  • @asmanjer7451
    @asmanjer7451 Год назад +2

    Залкар

  • @НазгуляИсакулова
    @НазгуляИсакулова 2 года назад +3

    😢😢😢

  • @ЖумагульАлмеизова
    @ЖумагульАлмеизова 7 месяцев назад +1

    👍👍👍👍👍