Коштошуу
HTML-код
- Опубликовано: 7 сен 2024
- КОШТОШУУ
Алыска сапар алдым, сапарым учак менен,
Алыстап сенден улам, бийиктеп учат денем.
Көп мезгил көрбөгөнгө, жүрөгүм ыза-муңдан,
Ачышат куйкаланып, тилгендей бычак менен.
Сен мендик болгонуңа, бактыма ыраазымын,
Сендейден ажыраткан тагдырга ызалуумун.
Бийиктеп учкан сайын, жер менен кошо алыстап,
Төмөндөп бар бакытым, бийиктейт ыза-муңум.
Ханышам, мейличи эми, ишенем келериме,
Үмүттүү мени күткөн көзүңдү көрөрүмө.
Кубаныч артып алып, боорума тартып алып,
Ишенем бир кездерде кучактап өбөрүмө. - Видеоклипы
Азаматсын иним унун очпосун
Унуно береке. Бар бол.
👍👍👍🔥🔥👏
🔥🔥🔥💪💪💪
🎉🎉🎉🎉