Медер Кадыршаев "Кайыр кош"
HTML-код
- Опубликовано: 22 сен 2024
- #МедерКадыршаев #Кайыркош #Ретроыр
"Кайыр кош"
Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Сен менден кеткиң келди, кеткин эми,
Таңга окшош таалайыңа жеткин эми.
Өзүңдү элестетип турар мага,
Өксөсү басылбаган жаздын жели.
Каректен кайгы жашым токтобой эч,
Кусага тебеленет курган жүрөк.
Мен үчүн татып келет бир кылымга,
Өзүңсүз өтүп жаткан ар бир мүнөт.
Кайырма:
Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай,
Мен сени сагынармын, перзенттин добушундай.
Сен мени сагынарсың, перзенттин добушундай,
Эч качан бүтпөгөндөй күн сапары,
Менин да сагынычым бүтпөйт эми.
Курманы болсом мейли махабаттын,
Сагынып жүрүп гана жалгыз сени.
Кайыр кош, бакыраң көз бактым менин,
Эңсетер эми мени сенин демиң.
Жашатар шыңгыр күлкүң, кардай жүзүң,
Жалбырактай жупжумшак эриндериң.
Кайырма:
Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай,
Мен сени сагынармын, перзенттин добушундай.
Сен мени сагынарсың, перзенттин добушундай,
Мен сени сагынармын, сен мени сагынарсың.
Шайырбек арапов сизге чон рахмат биз ушул клибин тапай журдук эле сизге аллахым ыразыболсун деп нурланбек кыдыршаев иниси
Чыныгы талант, конур ундуу агабыз классика болуп кала берет туболукко.
Аттиң...эмне деген талант эле. Көзү тирүүсүндө баркталбай калды. Медербек Кыдыршаевди эскерүү кечесин уюштурушса сонун болмок. Көпчүлүк колдойт деп ойлойм. Эл сагынды Медерди💝😓😓😓
Благодарю Вас от имени сестер и братьев Медера,Мы выражаем вам глубокое уважением за то,что вы не позволяете забыть истинных талантоа.Желаю вам успехов и прцветаний в жизни.
С уважением,сестра Медера Клара Кыдыршаева👃👃👃
Прослушала все песни Медера.😢Расстроилась..сколько песен он мог бы написать,исполнить.
Шайырбек байке ушундай эски ырларды коп коп чыгарыныз э 🙂👍
Авамго!!!! Чоон рахмат. Жаткан жериниз жайлуу болсун Медербек ава!!!!! Сизге дагы чоон рахмат автор, мен издеп жатым эле видеолорун.
Элесиниз очпой эсибизде сакталуу Медер аке...........
Супер голос ыр деп ушуну айтыш керек
Камера интернетда жакшы нерсе экенго болбосо бул кишилердин жузун кайдан кормок элек тирик адамдай ырдап жатат сооктору сопот болуп кетседа жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
Кайран досумай.жаткан жерин жайлуу болсун.алахым бейиштен орун берсин.мындай адамдар только беишке чыгыш керек унунон да ушунчалык кичи пеил адам эле раматылык
Ар бир замандын озунун жылдызы болот
Бизге чейинкилер кандай суйуп уккан биз буларды кайра угуп балалыка умтулуп барабызго эх сонун кундор отуп кетти
Кутуевти, Бектургановту, Кыдыршаевти Жанындагы эле жургон наадандар жутуп алышкан , коро албай ичтери тарып орттонуп олуп жатып, ошол наадандар азыр эл артисти , эмгек синирген эл артисти болуп журушот , арам гана биттеп олгурлор!!!!!!
Кандай керемет ун. Бир убакта экообуз кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында чогуу иштедиа эле. Размат, Ким тартып, сактап калса дагы. Медердин элеси биздин эсибизде туболукко сакталат
эски кошуна жакшы киши эле талантуу мырза -парижден болот
Керемет таза үндүү таланттуу инсан эле. Кайран талант😢.
Керемет аткаруу.
Буйруса ескеруу консерти болот
МЕДЕРДИН ЫРЫН УГУП ЖАШ КЕЗИМ ЭСИМЕ ТУШТУУ. АТТИН ЫРЫН АЯБААЙ КУНТ КОЮП УКЧУУ ЭЛЕМ.......
" Айсулуу " ырын да соонун ырдаган го !!! Шайыр байке ошол ырды да чыгарып беринизчи , сураныч !!!!
Турусбек Жумалиевдин,Гумира Рыспаева,Нуриза Абазованын ретро ырларын жуктонузчу.
Ностальгия...
Ассалоому алейкум 🙂
Салам Шайырбек Арапов! Мен даМедер Кыдыршаевди бийик баалаймын,... ... Сизден отунуч"" Жар-Жар"" ырын биринчи М. КЫДЫРШАЕВ алып чыккан да ошону суроо концертинен берип койсон-десем Чынгыз Мырзаев ал ыры жок деген. Чон отунуч шартын болсо изилдеп чыгара аласынбы, - деп пенсионерка Токмок он, 🙏Рахмат.
Шайырбекке чоң ыраазычылык
Аллаhым ырайымына алсын 🤲
Астра гүлү деген ыры бар элего
Шайыр кандайсын телефон номеринди жазып койчу байланышабыз Ноокаттан болом сагындым сени
Саламатсызбы угуп бала кезиме кайттым ,рахмат чоон! Роза Заитова деген ырчы кайда кеткен?