Балага канча айында, кандай тамак берилет?| Жаныгуль Сулайманова| Алдей

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 26 окт 2024

Комментарии • 106

  • @ALDEY1
    @ALDEY1  11 месяцев назад +9

    ⚠Жаныгүл бөлүшкөн таблицаларды бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот:
    drive.google.com/drive/folders/1fD8ICqMvs4VzfC3igK-piXY5sh1ir543?usp=sharing

  • @AbdullahAnarbaev
    @AbdullahAnarbaev 10 месяцев назад +21

    Кыргызча пайдалуу кеңештер үчүн ыраазычылык билдирем. Туңгуч кызым азыр 7айлык болду. Ушул темада изденип жаткам. Көп маалыматтарды алдым, амал кылганга да аракет кылабыз буюрса. Бул подкасттан өзүм үчүн алган маалыматтар ушулар болду:
    1. Эне кош бойлуу учурунда түрдүү, туура тамактанышы керек экен.
    2. Төрөгөндөн кийин да эне жетиштүү өлчөмдө суу ичип, мөмө-жемиштерди аз-аздан кошуп,түрдүү тамак-аштарды жылуу жеш керек.
    3. Бала 6айга чейин жалаң эне сүтү менен азыктануусу керек. Суу да бербеш керек.
    4. Балага кошумча тамак бергенде жемиштерден баштайбыз. Мөмө-жемиш салган упчу да сунушталбайт экен. Балага кашык менен же өзү колуна алып жегени жакшыраак.
    5. Балага 6ай болгондо эле өзүбүз жеген нерселерди эле бербей, тамакты ылгап, туз,шекер кошулбаган, дымдалган тамактарды бериш керек. Балага туура тамактанууну үйрөтүү үчүн өзүбүз ошондой режимге өтүшүбүз керек.
    7.Балага шам-шум жегени да дайыма жаныбызда алып жүрүүбүз керек. Алма, түрдүү жаңгактарды салып алсак болот.
    8. Балага бал, сүт азыктарын 1жашка чейин берүүгө болбойт. Жумуртканын агы да 8айга чейин берилбейт.
    9. 9айдан баштап 3 маалдан тамак берип башталат.
    10. Баланын дени сак өсүүсү үчүн, иммунитетин көтөрүү үчүн дарыларга, витаминдерге эмес, туура тамактанууга көңүл бурушубуз керек.
    11. Тамактанып жатканда телефон коюп берген эң туура эмес адат. Анткени бала тойгонун билбей, рецепторлор да иштебей, тамака болгон кызыгуусу да жоголот.
    12. Эне сүтүнүн жакшы болуусу үчүн эне стресстен узак болуп, туура, толук кандуу тамактануусу керек. Баланы эмизип жатканда көңүл буруп, мээрим төгүп эмизүү, эмизип бүткөндөн кийин суу ичүү керек.
    Өзүбүздүн денебиз кандай аманат болсо, балабыздын ден соолугу да бизге аманат экен. Чынында көп нерсе тамактануудан көз каранды экенин түшүндүм.

  • @Adinorbakytova
    @Adinorbakytova 2 месяца назад +1

    Азыр эле көрдүм, бүгүнтөн баштап туура тамактанууга өтүшүбүз керек деген чечим чыгардым 👌🏼✅ ушул жака жазып койдум атайын дагы бөлүшөм эмнеден баштадым

  • @BegimaiSherimkulova
    @BegimaiSherimkulova 10 месяцев назад +4

    Ар бир ата-эне билиш керек болгон, пайдалуу кенештер айтылды. Кайсы бир денгээлде улуттун ден соолугуна кам көрүп жатканыныздарга ыраазычылык 🤲👍👍

  • @Burulai_Nomanzhan
    @Burulai_Nomanzhan 11 месяцев назад +10

    Аябай сонун пайдалуу интервью болуптур, как раз биринчи кызым азыр 5 ай болду кошумча тамак боюнча изденип жаткам, дагы кошумча кыргыз тилинде жакшы пайдалуу маалымат болду мен үчүн. Негизи эле баардык апалар көрүш керек бул интервьюну. Ишиниздерге ийгилик, элге пайдалуу болуп жүрө бериңиздер.

    • @ТаалаАсанбекова-х1ж
      @ТаалаАсанбекова-х1ж 11 месяцев назад +1

      Кошумча тамак 6 айдан башталат.... Эмгизуу эртен менен анан 6 да бутту ал эми тушто полдник кошумча тамак беруу кк

    • @Burulai_Nomanzhan
      @Burulai_Nomanzhan 11 месяцев назад

      @@ТаалаАсанбекова-х1ж күндүзү эмизбей эле коюш керекби ошондо?

  • @Rahima_Isamidinovna
    @Rahima_Isamidinovna 5 месяцев назад

    Ыраазычылык билдирем, эң соонун кенештер!Жандуу мисалдар менен түшүнүктүү тилде жеткирип бердиңиз!
    Ушул темада дагы уюштуруп туруңуз

  • @s7s8r19
    @s7s8r19 11 месяцев назад +2

    Эн биринчи сизге ыраазылык ушушндай пайдалуу суроо-жооп кылып турганынызга айыл жеринде билбегендер коп угуп озуно аябай пайдалуу маалымттарды алдык.Биринчи эле боюнда баштап торогондо деле момо жемиштерди жей беруу чындыгында баланын ашказанына барып бала колика ич катуу болот деп ойлойт элем.Экинчиден балдарга магазиндин даярына кызыкпай уйдон ар кандай тустогу жашылчалар м.н берууго аракет кылам.Азыр 3-чу кызым 7-айлык болду экооно йогурт печеьелерден даярдап берчуумун чоон рахмат ишиниздерге ийгилик дагы ушундай пайдалуу эфирлер коп болуп турсун

  • @sweets_kunduz
    @sweets_kunduz 11 месяцев назад +5

    Саламатсыздарбы?
    Пайдалуу кеңештерге бай соонун подкаст болуптур.
    Кыргызча ушундай маалыматтарды чыгарып жатканыңыздарга ыраазычылык.
    Менин балама 4 ай болду. Интернеттен кошумча тамак берүү боюнча көп нерселерди изденип жаттым эле, кыргызча чыкканын көрүп сүйүнүп кеттим улуу муунга көрсөтөйүн, угузайын деп.
    Болбосо балаңа суу бер, биолакты азыр берип башташ керек, кийин эч нерсе жебей коёт ж. б. у. с. сөздөрдү угуп жатам.
    Суроо биолакт, айран тууралуу эмнеге бербеш керек экенин кенен айтып бериңиздерчи.
    Мен балама бергим келбейт. Анткени ашказанын тилип кетет деп окугам.

  • @АйжамалОрозбекова-б2б
    @АйжамалОрозбекова-б2б 11 месяцев назад +3

    Саламатсыздарб? 🎉🎉 Мен коптогон пайдалуу кенештерди, маалыматтарды алдым🥰 Балдардын тарбиясына гана эмес ден соолугуна, туура тамактануусу учун да кенеш бергенинерге рахмат😇 Менин биринчи балам болгондуктан коп нерсени билбейм, эми экинчим боюмда бар буюрса силердин каналынардан коп кенештерди алам😇😇 Эне да бала да жакшы, пайдалуу тамак жегенди уйронолу🥳 Ден соолугубузду бузуп албайлы

  • @ТолкунТынышова
    @ТолкунТынышова 10 месяцев назад

    Мен бул телеберууну калтырбай коруп келем, мага аябай пайдалуу, тун балабызды туура тарбиялоо учун ар тараптан изденип калтырбай кором, эн мыкты маек учун чоон рахмаат❤

  • @danielbezhelov4832
    @danielbezhelov4832 11 месяцев назад +3

    Жылдыз эже рахмат чоон биз Нура айылынан корбуз дайыма пайдалуу кенештерди алабыз мага жакканы 6 айга чейин суу бербеш керек деген жооп жакты билбейт элек эми билип алдык биздин Алайдагы Нура айылдарына айымдарга айтып жатам корунуздор ушу програманы деп сиздерге чоон рахмат 🎉🎉🎉🎉ишиниздерге ийгилик дагы кооп нерселерди айтып элдерге пайданыздарды тийгизе бериниздер кудайым сиздерди колдосун оомин 🎉🎉🎉

    • @ALDEY1
      @ALDEY1  11 месяцев назад

      Чоң рахмат, көрүп жана бөлүшкөнүңүз үчүн😍😍😍

  • @aiganyshbolotbekkyzy912
    @aiganyshbolotbekkyzy912 11 месяцев назад +3

    Саламатсыздарбы! Билимдүү энеден билимдүү коом жаралат. Билимдүү коомду чыгаруунун алгачкы кадамы - баланын туура, пайдалуу тамактануусун камсыздоо.
    Уулум 7,5 айлык, кошумча тамак берүү алдында көп маалымат сурадым, окудум, жана алган маалыматтар сиздер айткан маалыматка дал келди.
    1) 6 айга жакындап калганда кошумча тамак берип баштадым.
    2) Жалкоо апа болбой, дайым жаңы (свежий) кылып жашылчаларды парга бышырып, андан пюре жасап берип жатам.
    3) Сууну да кошумча тамак менен бере баштадым, себеби сүттү сууга алмаштырып, сүттөн эрте чыгып кетүү ыктымалы бар экен.
    4) Пюрелерге шекер, туз кошпой жасаймын. Фруктоза жемиштерде жетиштүү себеби.
    5) Смесь берүүдөн баш тарттым, бир гана эне сүтү баланын иммунитетин бекемдейт жана пайдалуу азыктар менен камсыздайт.
    6) 8 айга жакындап калдык, эми ботко (каша) берүү алдындамын. Эң маанилүүсү боткону майдаланып сатылма эмес, үйдөгү гречка, овсянка ж.б. глютенсиз азыктарды сууга бышырып берем деп жатам. Малдын сүтүн кошпостон.
    7) Андан соң 9 айынан кийин кадимки тамак аштарды майда кесим кылып берүү планда бар.
    8) Эң башкысы таттуу, ачуу, өтө майлуу куурулган, газдалган, фастфуд ж.б баланын, ал гана эмес чоң адамдын ден соолугуна зыян алып келген тамак ашты өзүбүз жебейли деп атасы экөөбүз бири бирибизге сөз бердик.
    П.С. Сүтүм аз деген апаларга кеңеш, чыкпаган сайын эмизе бериңиз, бала эмген сайын мээге сигнал кетип, бала тойбой жаткан тура деп сут келет. Анан да стресстен алыс болуп, уйкунун кандырып, өзүңүз оорубаңыз. Смесь эмес, 2 жашка чейин эне сүтүн эмип чоңойгон бала оорубайт. Бардык апаларга ден соолук, жаркын маанай, толгон мээрим жана чыдамкайлык каалаймын!

    • @НургизаАнарбаева
      @НургизаАнарбаева 10 месяцев назад

      Азаматсыз!

    • @МайрамСеркебаева-р9б
      @МайрамСеркебаева-р9б 9 месяцев назад

      СИЗден мыкты сунуш болду
      Мен сизге педиатр катары баа бердим
      Дагы бир сунуш бала 6 ай болгондо гемоглобинди текшерип кою зарыл,себеби гемоглобин тушсо иммунитет да тушот,анемия оорусу
      Вит Д ны да балага беруу керек,бул Итий( рахит )оорусунун алдын алуу.
      Бизде оскон жер жемиштерди балага беруу керек,анткени биздин организм бизде оскон тамак ашка конгон. Ошондой эле ар бир балага берилуучу колом,анын консистенциясын да козомолдоо зарыл.

  • @MarseloCook
    @MarseloCook 11 месяцев назад +4

    Соонун подкаст болду,ишинерге ийгилик ,аман эсен эки болунуп ал татына кыз

  • @АминМукашев
    @АминМукашев 11 месяцев назад +2

    Сонун кенеш болду балама 4 ай болдук кошумча тамак бойунча изденип жаттым эле.Ишиниздерге ийгилик эже

  • @A5555A
    @A5555A 11 месяцев назад +4

    Аябай пайдалуу кыргыз тилинде подкаст болду,чоон рахмат) Бугун менин балам да 6айга толду ,мен учун эн керектуу кенештерди алдым,ар дайым жаныма ланчбоксго балам жактырган турдуу жемиштерди алып журууго аракет кылам 🍱

  • @Faiza.suluum
    @Faiza.suluum 11 месяцев назад +4

    Соонун идея, белек менен да ата-энелерди кызыктырганга болот.
    Кайрадан угуп эмнени түшүндүм деп дагы берүүгө маани берип көрүшөт деген ойдомун

  • @kausarte
    @kausarte 11 месяцев назад +3

    Балам быйыл коп ооруду витамин берсемби деп ойлоп жаткам эми туура тамактанууга конул бурам. Жалкоолонбой. Уй булобузду да сиз айткандай ар кимге ар кандай тамак жасабай аларды да кондуруш керек экен да. Бир жолу педиатр туз сахар кошпой бер десе тан калгам бирок бала жей берет экен ал таттуубу же тузу жокпу билбейт да. Соонун маалыматтар болду чон рахмат эмкиде эми туура тамактануунун рецептери болсо сонун болмок👍 сухофрукты жонундо да идея жакты жана ланч бокс да керек экен

  • @KG-ul1rw
    @KG-ul1rw 11 месяцев назад +5

    Сонун кеңештер рахмат чон

  • @batmukpikobbb3910
    @batmukpikobbb3910 11 месяцев назад +21

    Адис болсо да менин деңгээлимде эле жооп бериптир суроолорго. Айлантырып-айлантырып, ичти бышырып...

  • @АйданаАзимкызы
    @АйданаАзимкызы 11 месяцев назад +3

    Эн соонун маалыматтар бизге мотивация болуп жатат ар биз соз дагы да кутобуз😍😍

  • @tabigatdaam
    @tabigatdaam 11 месяцев назад +8

    Биринчи кызымды аябай күтүп , 28 дашымда төрөп. 6айга чейин эч кошумча ьамак бербей. Кеңеш менен кашаларды берип. Кийин тамакка кошконумда жебей койду. Азыр 4 жашта дагы эле тамак жебейбиз. Ызы чуу, урушуп отуруп тамак жегизем. Экинчи аызымы кыргызчылыктай эле 4айдан баштап аздан тамак оозуна салып баштагам. 2жашта өтө тың. Тамакты, щорпону кадимкидей өзү эле ичип алат. Чоң кызым тамак, мясо не хочу деп баягы эле перекустарды жегиси келип отура берет . Буйруса үчүнчүмү да кадимки эле 4айдан баштап тамактан ооз тийгизе баштайм.

    • @КымбатСултаналиева-г5н
      @КымбатСултаналиева-г5н 10 месяцев назад

      Ооба мен да 28жашымда тородум 4айынан эле балам тамак сурап баштаганда берип баштагам адыр 7ай баарын жейт. Негизкиси бул кенештер туура бирок самый лучший эксперт это мама деп коет го.

  • @АйкаНурмамат
    @АйкаНурмамат 11 месяцев назад +3

    Аябай кутуп жаткам, чон рахмат❤

  • @БарчинайКулматова-з6т
    @БарчинайКулматова-з6т 11 месяцев назад +5

    Немелерди, пайдалуу деп эле так так айтса болмок коргончо кысылып кеттим, пайдалуу тамак эмне аттарын айтса болотпу?

  • @ЗаринаЖапарбекова
    @ЗаринаЖапарбекова 11 месяцев назад +1

    Алып баруу 🎉🎉 эн жакшы денгелде болуп жатат чоон рахмат

  • @СагынбековаАйдай
    @СагынбековаАйдай 10 месяцев назад +1

    Мен дайыма калтырбай кором сиздин интервьюларынызды дайыма пайдалуу маалыматтарды алам рахмат ишинизге ийгилик

  • @alinakasenova4465
    @alinakasenova4465 10 месяцев назад

    Пайдалуу маалыматтар болду. Чооң рахмат!
    Мага пайдалуу болгон маалымат:
    1. Түрдүү тамак жасоо, жер жемиштерди көп кошуу
    2. Камыр тамактан көрө семейство бобовых азыктарын кошуу
    3. Тамак учурунду балага телефон карматпай, жанында отуруп чогу тамак жеш керек.
    4. Эшикке чыгаарда жаныбызга ланчбокс алып алуу

  • @Нури-ы2б
    @Нури-ы2б 11 месяцев назад +3

    Ниблер безопасно 5 айдан карматса болот 9, 10 айдан баштап без ниблер колуна карматса болот, бирок жанында карап отуруш керек баарибир какайт чон жутуп алса банан болсо деле.

    • @КымбатСултаналиева-г5н
      @КымбатСултаналиева-г5н 10 месяцев назад

      Ооба мен да ниблер мн бердим башында эмчектен алыстаган жок, кийин тиши чыкканда колуна берип баштадым жакшы жеп жатат буюрса

  • @АйсалкынЭркебаева-л6в
    @АйсалкынЭркебаева-л6в 6 месяцев назад

    Эн туура

  • @ГулзатДубанаева
    @ГулзатДубанаева 10 месяцев назад

    Мен торогон до эле баардыгын жей берем, бирок муздак сууга кол салбайм кечке жылуу жатам 40 кун. Балам эч нерсе болгон эмес 5 ти тородум баардыгын да эле ошондой тамактандым. Атам урушат эле. Баланын и и ооруйт деп, урушса деле болбой жей берет эле, бирок жакшы эле кылган экен мин.

  • @ГүлбараОрозмаматкызы-к4м

    Чоң рахмат. Гинеколог Айганыш Кадырбекованы да чакырыңыздарчы сураныч.

  • @МанасТургунбаев-ж6я
    @МанасТургунбаев-ж6я 6 месяцев назад

    Ошондо иммунитетти көтөрүү үчүн эмне кылыш керек болду?

  • @Айнура-э3с
    @Айнура-э3с 11 месяцев назад +1

    Соонун кенештер 💣

  • @nuraiymsamarbekova6126
    @nuraiymsamarbekova6126 10 месяцев назад

    Балга кошулам,чындык менин балам буйруса 1жаш 1 ай,тамагы кызарыптыр,оозун суртуп тур оозул болбойт дешкенге,бере койгом, аллергия болду.Аллахыма шугур дагы озу сактады,буттарына бир нерселер чыгып Кетти, педиатр да урушту.Улуу баламда болгон эмес экен,2ди да ошентип ойлосом жооок,болбойткен

  • @АйдайАбдылдаева-ю8в
    @АйдайАбдылдаева-ю8в 5 месяцев назад

    Беруу абдан пайдалуу экен рахмат бирок адистин соз байлагы аябай аз экен (

  • @ГулсараЭсендикова-ф8ц

    Саламатсызбы!

  • @dilbaraimadalieva4109
    @dilbaraimadalieva4109 11 месяцев назад +1

    Сонун

  • @ayturganaytkulova335
    @ayturganaytkulova335 11 месяцев назад

    Суу бербеш керек дегенге кошулбайм. Суу бериш керек кайнатылган муздаган комнатный температурадагы суу. Кошумча тамак 6 айдан башталыш керек деп ВОЗдун рекомендациясы бар. Ниблерди биз колдонгонбуз, чакап калбаш учун жакшы эле буюм. Биринчи овощи, андан кийин фрукты бериш керек. Кашаны дагы кошумча даамы жогун бериш керек. Кызым 2 жарым жаш, суу ичет бир гана. Чай, сахар ичпейт такыр. Прикормду 6 айдан баштаганбыз. Айрым эле (болгарский перец, помидор) нерселерди жебесе баарын жейт

  • @Нури-ы2б
    @Нури-ы2б 10 месяцев назад

    Сут менен сууну 50-50 кылып аралаштырып каша жасап берем суу менен даамы анча болбойт жакшы жей бербейт, сахар салбайм момо жемиш кошом аябай даамдуу каша болот.

  • @planeta_55
    @planeta_55 11 месяцев назад +1

    Биз эми Америкада жашаган жокпуз. Балдарга кок алма, сабиз сыяктуу жемиштерди тиши чыгып келаткан кезден бираздан тиштетип жедире бериш керек. Дукондогу бут витаминдерде барыбир кошулмалар болот. Таттууну гана чектеш керек. Негизи чеснок жеген балдар болот.

  • @AisalkynBeishenova
    @AisalkynBeishenova 6 месяцев назад

    Так жооп берсе болмок,жооп бергенче кыйналып кеттим

  • @ЖаныбекАсанова
    @ЖаныбекАсанова 7 месяцев назад

    Жайда суу бериш керек 1 кашык 2 кашык жылуу кылып берип койобериш керек наборот 30 градуста чон адам зорго чыдайтко суу болок сут болок барибир

  • @kyrgizstan2023.
    @kyrgizstan2023. 11 месяцев назад +1

    Не жесен да аз же болду

  • @НургулЕшалиева
    @НургулЕшалиева 10 месяцев назад

    Менин кызым жаны 6ай болду эмне беришти билбейм алма банандан баштадым

  • @beksultanmoidunov6970
    @beksultanmoidunov6970 10 месяцев назад +1

    Мен корупле кыйналып кеттим бул кызды

  • @МайрамСеркебаева-р9б
    @МайрамСеркебаева-р9б 9 месяцев назад

    Саламатсызбы,Жаныгул кесиби боюнча ким

  • @AiguliaOmuralieva
    @AiguliaOmuralieva 10 месяцев назад

    Менин кызым 1 жаш 7 ай болду, арык болуп жатат,эмне жегизем салмак кошуш учун?

  • @ЕлизаАкимова-н8к
    @ЕлизаАкимова-н8к 10 месяцев назад

    Саламатсыздарбы менин эки жашар кызым жакшы тамак жебейт ага эмне себеп болушу мумкун билгендер кенеш бере кетесиздерби?

  • @ЧолпонУланбекова-ы8д
    @ЧолпонУланбекова-ы8д 11 месяцев назад +2

    Ото эле адис катары жооп уга албадым:( толук кыргызча эмес же толук орусча эмес:((
    Томонку денгээлде 😢

    • @ЧолпонУланбекова-ы8д
      @ЧолпонУланбекова-ы8д 10 месяцев назад

      Жылдыз эже сураныч дагы бир улуу муундагы адисти чакырынызчы сураныч.

  • @maxatayismanova1802
    @maxatayismanova1802 9 месяцев назад

    Боюнда бар кезде витаминдер кан аркылуу ототда.А после род сут менен отот журналис туура эмес айтип алды.

  • @bermetamirbekkyzy6408
    @bermetamirbekkyzy6408 2 месяца назад

    Мен жей берем нени болсо Памидор суу жүзүм кээ бирин гана тергейм.

  • @saikalrajabalieva9350
    @saikalrajabalieva9350 9 месяцев назад

    Эчкинин сүтұн берген туурабы?

  • @ТамараМирланбек
    @ТамараМирланбек 11 месяцев назад

    Бизде тузу жок атала менен шорпо бере беришет тузу жок кыстап эле башка тамак жедиришпейт баланын ичин ооруйт деп

  • @Adinorbakytova
    @Adinorbakytova 2 месяца назад

    👍🏻

  • @АйнараРымбаева
    @АйнараРымбаева 11 месяцев назад

    Менин балам 7 ай болду анан педиатрлар уч маал тамак бер как положено дедиго а бул жерде 9 айдан дейтго 😅

  • @ГулсунайКаразакова
    @ГулсунайКаразакова 10 месяцев назад +1

    🫀🕌✈️🕋🤲💐

  • @Жазгул-е9х
    @Жазгул-е9х 7 месяцев назад

    Суу бериш кк. Мен кипиток берем 2айдан баштап 1кашык аз аздан. 4айдан кийин кошумча жесе суусайт. Мени чакыргыла 😊мммм дей бербей

  • @JamilaAnarkulova-yi2qz
    @JamilaAnarkulova-yi2qz 10 месяцев назад

    Ушу кечке эле 5 баласын айта берет

  • @БегайымКубанычбеккызы-н2ы
    @БегайымКубанычбеккызы-н2ы 11 месяцев назад +1

    👍👍👍👍

  • @aselesenova6661
    @aselesenova6661 11 месяцев назад

    6 айдан башташ керек деп жатпайсызбы?
    Мен 1чи баламды журо берипмин 6 ай десе 6айга чейин бербей.Кийин вообще жебей койгон.Экинчи баламда 4айга жеткизбей берип баштадым уйронду ошол айдан эле.

  • @NN-rv5sj
    @NN-rv5sj 10 месяцев назад

    Быламык же буламык пы ? Жонундо сурабапсызда аявай кутком. Анткени таныштар 4 айынан баштап беришчу жасалышы: унду кууруп сут кошуп сахар кошуп 😮бул зыян го ?

  • @FatimaMamatkerimova-x4x
    @FatimaMamatkerimova-x4x 10 месяцев назад

    Тамак ичип тезтез эмизсе эмчектин суут беездери тез тез сут иштеп чыгат

  • @Айкокул-н2я
    @Айкокул-н2я 11 месяцев назад +1

    Витаминди тамактан алалбагандар копта каяктагы нерселерди суйлоп башты катырып атасын

  • @АйзатТаирбекова-х1е
    @АйзатТаирбекова-х1е 3 месяца назад

    Эне эмне жесе балага түз таасир этет

  • @ЗаринаЖапарбекова
    @ЗаринаЖапарбекова 11 месяцев назад +2

    Мен торогондон баштам баарын жей берем ичи коно берсин деп чон апам айтат коп жер жемиш же деп

    • @MeerimAbdumannapva
      @MeerimAbdumannapva 11 месяцев назад

      Мен дагы баарын эле жеп жаттамын

  • @ГулчехраДуйшеева-м4р
    @ГулчехраДуйшеева-м4р 10 месяцев назад

    Суу бербей кантип болсун торолгондон баштапле берип келтабыз москвада бербесен сразу билип койот суу бер дешип урушат

  • @klikii8260
    @klikii8260 10 месяцев назад

    Кенеш берген адис орус тилдуу адис окшойт,такалып,оюн толук кандуу адамга жеткире албай эле кыйнала берет экен.

  • @AisalkynBeishenova
    @AisalkynBeishenova 6 месяцев назад

    Неме неме неме кылып деп😂

  • @ямама-в4ю
    @ямама-в4ю 11 месяцев назад

    Миф эмес эле туптура биз ачыган тамак жесек бала тоже отравления болотко связан все таки
    Просто кээбири эч нерсе болбойт любой тамактан
    Кээбири реакции кылат

    • @NN-rv5sj
      @NN-rv5sj 10 месяцев назад

      Тура минимальный доза жесем да баламда реакция болот

  • @NN-rv5sj
    @NN-rv5sj 11 месяцев назад

    Мурда уйдун сутун берип багышкан экен, азыр мен торогондон кийин сут чай ичип озумда бала да аллергия болуп на коровье белок 😮аллерген нерселер коп эле, особенно если у детей атомический дерматит😢

    • @sezimsezim7489
      @sezimsezim7489 11 месяцев назад

      Мен сутсуз чай иче албайм боюмда бар кезде торогондон кийин деле ичип жаттым аллергия болбоду

  • @aima2
    @aima2 11 месяцев назад

    Врачтар балага суу бер дешет го, мен 6 айга чейин суу бербей журдум интернеттен коруп бербегиле дегенди коруп. Эми азр балам 2 жаш почти суу ичпейт вообще

    • @БегимайАкылбекова-ж2м
      @БегимайАкылбекова-ж2м 11 месяцев назад

      Берет

    • @АксулууСултаналиева-э5х
      @АксулууСултаналиева-э5х 11 месяцев назад

      Кимди угушуңду билбейсиң. Бул жакта төрөлгөн үчүн суу бердирди педиатрыбыз 1 ч ложкадан өлчөмү менен. КР га барып калып ал жактагыны уктум 6 айга чейин эчтеке жегизбедим. Эмнеден жаңылдым билбейм каша печеньеге араң үйрөттүм ошондо деле. Азыр 1,5 жаш түрлөп фрукты берейин десем банандан башка эчтеке жебейт. Тамак бираз жеп калганына сүйүнүп отурам,анча жебегенге каны азбы деп ойлоп атам

    • @aigimaanarbaeva7877
      @aigimaanarbaeva7877 10 месяцев назад

      Бизде да ушундай,суу бербей журуп азыр 1 жаш ичпейт такыр

  • @АселСъездбек
    @АселСъездбек 11 месяцев назад

    созунун аягына чыкпай ар кайсыны айтып кетет экен

  • @FatimaMamatkerimova-x4x
    @FatimaMamatkerimova-x4x 10 месяцев назад

    Саламатсызбы.матканы тушуп калганына. тушойун деп калганына.андай фтзаряткаларды кылыш керек ошол боюнча виде тартынчы.торогон аялдарга керек жел астыдан чыгат.ботко кайнагандай секин секин тарат алган сайын.😊

  • @NN-rv5sj
    @NN-rv5sj 11 месяцев назад

    Индейка эн жакшы да диетический жалан кызыл эт жеген да туурамес

  • @АлтынайКурманбаева-о4ц
    @АлтынайКурманбаева-о4ц 11 месяцев назад

    Алма банан берип баштаса каша жер жемиштерден отказ берип баштабайбы себеби алма банан таттуугоо

    • @ayturganaytkulova335
      @ayturganaytkulova335 11 месяцев назад

      Биринчи прикорм ошого овощилерди бериш керек. Цветная капуста, брокколи и т.д. Анан фрукты

  • @МээримАбдраева-м7у
    @МээримАбдраева-м7у 10 месяцев назад

    Смесьтте отурган балдаргачы? Эмизгенде 6 Айдан болсо , ив отургандаргачы? Канча Айдан баштасак болот?

    • @NN-rv5sj
      @NN-rv5sj 10 месяцев назад

      На Ив прикорм эртерек башталатко 4 айдан жана педиатр определит с чего начать овощи каши же мясной пюреденби деп

  • @Арлирещка
    @Арлирещка 7 месяцев назад

    Ошондой, неме деп эле жудойтко, бир созду эле айландырып немелерди деп атып тажаттыго

  • @ТамараМирланбек
    @ТамараМирланбек 11 месяцев назад

    Мен Москва да тородум врачтар кайсыл тамакты жебеш керек ошолорду айтат сок ичпеш керек сут ичпеш керек капуста сабиз жебеш керек деп айткан

    • @ТаттыбубуАсыранова
      @ТаттыбубуАсыранова 11 месяцев назад

      Сабиз капуста Жакшы го. Эне сабиз жегени суту кобойот.

    • @ТамараМирланбек
      @ТамараМирланбек 11 месяцев назад

      @@ТаттыбубуАсыранова врачтар ошентип айтышканда баланын ичин оорутасынар деп ичи кобот деп

  • @АдилетСапарбаев-у3г
    @АдилетСапарбаев-у3г 11 месяцев назад +2

    Шорпо го мейли,жалан атала кордо ичип кыйналгам олло

  • @nurkyznurlanbekova1224
    @nurkyznurlanbekova1224 11 месяцев назад

    Москвада раддомдо озулору алып келип берген суу бергиле деп

  • @aiselkimelisbekovna2197
    @aiselkimelisbekovna2197 11 месяцев назад

    Жакшы эле айтты кошулам создоруно, но 6 ай суу бербеш керек деген туура эмес! 6 ай кечке сут иче берчи не болот экенсин да ладно 6 ай эмес бир кун суу ичбей журчу!
    Бир эркек детский врач айткан, атын унутуп атам, кайнаган сууну ылымылык кылып бергиле, ошол суу бербегенинердин айынан опколору кургап калып атат бала деген чанкайт да деп куйуп бышып айткан!

  • @JainagulTagaibekovna
    @JainagulTagaibekovna 5 месяцев назад

    Угуп буткучо бул жакта мен жудоп кеттим. Буну баарыле билетко. Адис болгондон кийин грамматно суйлосо болмок

    • @nurjanat-st2mm
      @nurjanat-st2mm 5 месяцев назад

      Айланайын эч нерсе жакпайт кыргыз элиме,өзүнүн ушул жазганын громатно болгонсуп

    • @nurjanat-st2mm
      @nurjanat-st2mm 5 месяцев назад

      Баары билгенин кайдан билдин сен,сурап чыккансып