Акбар Кубанычбеков Кантип барам

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 3 окт 2024

Комментарии • 24

  • @Orosbekova_a1
    @Orosbekova_a1 2 года назад +7

    Кантип барам алдына Жараткандын?
    20 января
    Мен жаралдым. Дүйнөдө жашап жүрөм.
    Баскан жолум каткырык, мазак - түмөн...
    Коомдун жутуп алгандай аӊ сезимин,
    Койкоёмун, турса да артып күнөөм.
    Келсе кокус, акыркы таӊ аткан күн...
    Куу кекиртек - себеби азаптардын.
    Алма шактай сооп байлап мөмө бербес,
    Кантип барам, астына Жараткандын?
    Жай намазга жаш төгүп ыйлай албай,
    Ата-энемдин бутун өөп сыйлай албай.
    Жакыр тарткан чөнтөгү, жан дүйнөсү,
    Элим үчүн жан кейип туйлай албай.
    Кантип барам, астына Жараткандын?
    Чүкө болуп үмүтүм өкчөлгөн миӊ,
    Чиеленген багытым төрт бөлгөнмүн.
    Чындыкты жаап, тилимдин калп айтканын,
    Акыретте сүйлөсө көз көргөнүн,
    Кантип турам астында Жараткандын?
    Баба жолун байытып улабасам,
    Байкуш көрсөм жүзүмдү бура качам.
    Кара курсак тогуна топук кылып,
    Бир жетимдин башынан сылабасам.
    Кантип турам астында Жараткандын?
    Азгырыктан адашкан кайталбасам,
    Ар ишиме мактанып айгайласам.
    Көпүрөнү балалык куруп берген,
    Ичкен досту ичпе деп айталбасам.
    Кантип турам астында Жараткандын?
    Туман басып көзүмдү дардаӊдасам,
    Түккө турбас акча үчүн жалмаӊдасам.
    Ар мүнөттө жүзүмдү алмаштырып,
    Адам болбой калуудан арданбасам.
    Кантип турам астында Жараткандын?
    Алганымдан артыгын бералбасам,
    Ар намыска азыртан келе албасам.
    Кур напсиме мойнуман жетеленип,
    Убакытты пайдама жеӊе албасам.
    Кантип барам астына Жараткандын?
    Жасалгандай таптаза тунук нурдан,
    Гүл жыттанган кыз дүйнө кызыктырган.
    Мээ айланып жүзүнөн өпкөн кезде,
    Мээримдүүнүн өзүн да унуттурган.
    Кеӊкейемин өмүрдөн түр күткөнгө,
    Эмне таптым, түбөлүк түркүк жерде???
    Айткылачы?..
    Кайсы кылган ишиме мактанайын?
    Силер менен коштошуп, күн бүткөндө...
    АКБАР КУБАНЫЧБЕКОВ

  • @УЛАНАбдыкадыров-п7в

    Керемет саптар.. Ачуу чындык..

  • @ГулайТентимишова-к6р
    @ГулайТентимишова-к6р 2 года назад +1

    Калемин курчуй берсин азаматсын иним.Омурун узун , ден соолугун чын болсун

  • @ГулмираМамбетказиева-б9щ

    Ооба кантип барам жараткандын алдына мен😥😥😥😥😥

  • @nurbolotnurbolot6026
    @nurbolotnurbolot6026 7 лет назад +5

    Азаматсын Акбар супер...

  • @ДастанУрматбекович-э9г

    Кандай создор.

  • @ainurao.m.g.3095
    @ainurao.m.g.3095 3 года назад +1

    Азаматсың Акбар. Аллах ыраазы болсун.

  • @ХадижаАзиза-р1б
    @ХадижаАзиза-р1б 4 года назад +2

    Журок тупкурундогу арман...:'(

  • @akylbektagaev9984
    @akylbektagaev9984 6 лет назад +3

    Зор

  • @АйнагулМанасова
    @АйнагулМанасова 2 года назад

    Сонун, ыр саптар,ийгилик.

  • @КИРГИЗСила-с2в
    @КИРГИЗСила-с2в 5 лет назад +4

    👍👍👍👍👍😓😓😓

  • @элизаветта-к2ы
    @элизаветта-к2ы Год назад

    СУЙЛОЧУ АКЫН..СУЙЛОЧУ...
    ЧАН БАСКАН СЕЗИМДЕРДИ....УЙЛОЧУ...
    БЕЙИШТИН НУР...ЖОЛУНА СУЙРОЧУ...

  • @БубуканышДооронбекова

    Ма ша Аллах

  • @ТемиркановЭлназар
    @ТемиркановЭлназар 3 года назад +2

    👍

  • @КалмираАшымбекова
    @КалмираАшымбекова 2 года назад +1

    АК соз.

  • @kanyshaiashiralieva7688
    @kanyshaiashiralieva7688 2 года назад

    Кантип барам алдына Жараткандын?
    Мен жаралдым. Дүйнөдө жашап жүрөм.
    Баскан жолум каткырык, мазак - түмөн...
    Коомдун жутуп алгандай аӊ сезимин,
    Койкоёмун, турса да артып күнөөм.
    Келсе кокус, акыркы таӊ аткан күн...
    Куу кекиртек - себеби азаптардын.
    Алма шактай сооп байлап мөмө бербес,
    Кантип барам, астына Жараткандын?
    Жай намазга жаш төгүп ыйлай албай,
    Ата-энемдин бутун өөп сыйлай албай.
    Жакыр тарткан чөнтөгү, жан дүйнөсү,
    Элим үчүн жан кейип туйлай албай.
    Кантип барам, астына Жараткандын?
    Чүкө болуп үмүтүм өкчөлгөн миӊ,
    Чиеленген багытым төрт бөлгөнмүн.
    Чындыкты жаап, тилимдин калп айтканын,
    Акыретте сүйлөсө көз көргөнүн,
    Кантип турам астында Жараткандын?
    Баба жолун байытып улабасам,
    Байкуш көрсөм жүзүмдү бура качам.
    Кара курсак тогуна топук кылып,
    Бир жетимдин башынан сылабасам.
    Кантип турам астында Жараткандын?
    Азгырыктан адашкан кайталбасам,
    Ар ишиме мактанып айгайласам.
    Көпүрөнү балалык куруп берген,
    Ичкен досту ичпе деп айталбасам.
    Кантип турам астында Жараткандын?
    Туман басып көзүмдү дардаӊдасам,
    Түккө турбас акча үчүн жалмаӊдасам.
    Ар мүнөттө жүзүмдү алмаштырып,
    Адам болбой калуудан арданбасам.
    Кантип турам астында Жараткандын?
    Алганымдан артыгын бералбасам,
    Ар намыска азыртан келе албасам.
    Кур напсиме мойнуман жетеленип,
    Убакытты пайдама жеӊе албасам.
    Кантип барам астына Жараткандын?
    Жасалгандай таптаза тунук нурдан,
    Гүл жыттанган кыз дүйнө кызыктырган.
    Мээ айланып жүзүнөн өпкөн кезде,
    Мээримдүүнүн өзүн да унуттурган.
    Кеӊкейемин өмүрдөн түр күткөнгө,
    Эмне таптым, түбөлүк түркүк жерде???
    Айткылачы?..
    Кайсы кылган ишиме мактанайын?
    Силер менен коштошуп, күн бүткөндө...
    АКБАР КУБАНЫЧБЕКОВ

  • @tursunkuljabaeva7977
    @tursunkuljabaeva7977 2 года назад

    Азаматсың 👍

  • @АбдыСабыров
    @АбдыСабыров 6 месяцев назад

    👍🏼🤲🏻

  • @КумарбекБайышбеков

    Чындык саптар

  • @samsungzte1848
    @samsungzte1848 5 лет назад +3

    Асел

  • @nurbekryskulov4046
    @nurbekryskulov4046 11 месяцев назад

    😢

  • @guluwaitbaeva1482
    @guluwaitbaeva1482 5 лет назад +2

    👍