Кечемде бир гана киши жок болду... Акын Акбар Кубанычбековдун видеомаеги

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 20 янв 2025
  • "Мурас", "Адамга адам керек", "Кечки Бишкек", "Сүрдөтпөчү", "Из калтыр", "Өмүр" деген ырларды уксаңыз керек? Элдин жүрөгүнөн орун алган бул ырлардын автору - Акбар Кубанычбеков.

Комментарии • 138

  • @ШарипаКалбаева-з4в
    @ШарипаКалбаева-з4в 7 месяцев назад +23

    Акбар,шаардагы мектепке үчүнчү же төртүнчү класста келгенсиң. Эгиздердин түгөйү элең. Айылдан жаңы эле келсең да эч кимден тартынбаган тың экениң билинген. Сабакка киргенде эле мен ырдайын деп баштайт элең. Ошол жылы мектепке кытай тилин окутуу долбоору боюнча кытайлар келген. Чакан концертке " Сары- Ойду" ырдайт деп Акбарды алып келдим. Маркум директорубуз : " Мурдун тарта бербегени,башкасы жокпу?"- деп эркелетип сурады. Тембриң сонун эле.Мурунду шур тартып алып,заңкылдап ырдап бердиң. Кытайлар талантыңа ыраазы болуп,кол чаап жатышты. Анан эле " Көк сулууну" ырдайм деп чыктың. Ал ыр сенин жашыңа туура келбейт деп койчумун. Бирок,кийин Аскат Мусабеков ьиздин мектепке келгенден баштап ырдап калдың. Бибигул эженин комузчулар ансамблинде түгөйүң Бегай, иниң үчөөң"Маш ботой", "Карөзгөйдү "сонун чертчүсүңөр. Кыргыздын мыкты уулдарынан болуп ,аманчылыкта болушуңду каалаймын

    • @mahabatasanbekova4996
      @mahabatasanbekova4996 6 месяцев назад

      Ооба билем, мен дагы Ошо ансамбльде чогу чертчумун. 69-мектепте окугам. Сиз мугалимсизби?

  • @АселБекбосун
    @АселБекбосун 6 месяцев назад +3

    Мен аябай тан калып отурам, Эмне деген таланттуу адам , кундогу кор оокат деп элибиздеги каймактуу инсандарды билбей калат турбайбызбы. Хит ырларды ырдап жаткан ырчылар созсуз ырдын овтору деп тааныштыра журбойсунорбу. Илгери ырчылардын ырынын алдына созу обону деп чыкчы эле. Акбар замандашым мындан дагы коп ырларды жарат, калемин дагы да курчусун, Уй булон менен бирге бактылуу болгула, омурун берекелуу болсун омийн

  • @AinuraJamanakova
    @AinuraJamanakova Месяц назад

    Азамат бала экенсиң,ананайын.
    Кудайым өмүрүңө,ден соолугуңа,чыгармачылыгыңа береке берсин.Дуйнөдө,эч бир элде жок,жогорку билим(Акылман чоң атанын мектеби)алган бактылуу бала экенсиң.Атыңда да ак,башкача айтканда актык бар экен.
    Элине ак кызмат кылган,адамдын дилин агарткан ,Айтматовдун изин баскан уул бол, оомийин!!!

  • @Дилара-я5с
    @Дилара-я5с 7 месяцев назад +41

    Концерттик кечеси мыкты денгелде болуптур,бир дем отуруп менен кордум.Коп жылдан бери Москва шарында эмгектенип бала чакабыз менен жашап журобуз.Концертен кийин Кыргызстаныма, тоолоруна оскон айылыма кетким келип кусалыгым артып, отуп кеткен ата энемди,жакындарымды эстеп коздоумо жаш келген эле, козумо жаш келгенде тамагыма бир камок келип туруп калды такалып,азыр бир жумадан ашкан болсо да ошол концертти коргонумо, тамагымдагы бир нерсе канча жутунсам да кетпей атат.Бул Кусалык окшойт.Озумчо Кыргызстаныма кетууну пландап журо турган болуп калдым акыркы ушул кундору.Кыргызстаным мен сени ❤❤❤❤❤❤❤

  • @dinaraniiazova1955
    @dinaraniiazova1955 7 месяцев назад +18

    Ат- Башыдан чыккан акын,алтын иним,жердешим,аман бол,бар бол,көп жаша!

  • @aishe312
    @aishe312 7 месяцев назад +5

    Жан дүйнөсү бай, терең ойлонуп акылы алысты көргөн адамдын ичи бир чоң аалам, мындай адамдар коомго бир гана жакшылыгы тийген, адамдын баркын билген , жакшы жаманды айырмалап билген, сүйсөда сүйүүсү таза, түгөйүнөн сурдөп турган адам, бул түгөйүнүн сүрдүүлүгүнөн сүрдөдү дегендик эмес бул - ыймандуулугунан кабар берет. Ошон үчүн динди сүйлөөрдөн мурда жан дүйнөнү байыткыла!Акбар инибиздей ыймандуу акылдуу жигиттерибиз көп болсун🤲

  • @ТезекбаеваЭлмира
    @ТезекбаеваЭлмира 6 месяцев назад +1

    Ар бир үйдө ушундай балдар болсун 🙏🤲🇰🇬💐

  • @АйшаАбышкаева
    @АйшаАбышкаева 7 месяцев назад +25

    Сонун жигит экен акылына шай,азамат өмурлуу бол ,чон атанды эскерүүн менин атамды эске салды 😢

  • @Эркингул-в1л
    @Эркингул-в1л 6 месяцев назад +1

    Акбар молодец ото манилуу кыргыз элиме Дем куч берген ырларды жазасын , ыраазымын элим учун куйгон жигитисин , мен сени биринчи жолу Караколдон чач тарачтан коргом иним аман бол 🙏

  • @БактиярСаитбекуулу
    @БактиярСаитбекуулу 7 месяцев назад +6

    Мен сыйлаган мыкты акындардын сап башында турат. Ырлары ото маанилуу, терен!

  • @aknazmuknaz4829
    @aknazmuknaz4829 7 месяцев назад +11

    Сөз баккан адам менен болгон маекти угуудан жан дүйнөң өзгөчө ырахат алат эмеспи... Жакшы маек болуптур. Акбар мырзанын чыгармачылыгы өркүндөп, көкүрөгү өргүштөп дагы көптөгөн ыр саптарын жарата берсин.

  • @КулнарКуренкеева
    @КулнарКуренкеева 7 месяцев назад +16

    Акбар сага мен өмүр тилейм,аман эле болчу,келечегин кенен,кеченди кайра- кайра көрүп жатам,ырларыңдын ар бир сабынын мааниси бар экен,жаш болсоң да чоң эмгек кылынсын,дагы- дагы ийгиликтерге жетишине тилектешмин,бар бол балам!!!

  • @dgm14
    @dgm14 7 месяцев назад +8

    Акбар Мырза суйлогон сайын козумо жаш келип атты ,создору журокко жетткен уккулуктуу экен 👍👍

  • @ЖылдызС
    @ЖылдызС 7 месяцев назад +1

    Менин да Аска соом кулаган😢2021 жылы,эстеп аябай😢😢 дым журогумду❤козгоп койдун Акбар мырза,кечени да коруп😢😢 дым мен алыста журом атама да топурак сала албадым....Арман болуп калат экен ,азыр жазып атып да 😢😢ыссык жаш куйалат ,жузумду жууп ❤рогум ыссып аттин атакем узаак жашайт ,атакемдин ден соолугун бекем деп журо бериптирин....ОЗУ да мен узаак жашайм дечи эле жаш кезинден,башынды бийик котор сен менин атымды (ФИО) алып журосун дечи эле

  • @Айчурок-ж7г
    @Айчурок-ж7г 7 месяцев назад +4

    Кыргызстанга барсам созсуз китебинерди алам, балдарыма кундо окутам😢😢

  • @ГулбайрусМурзалиева
    @ГулбайрусМурзалиева 7 месяцев назад +9

    Аябай сонун маек болуптур, ушундай жапжаш акылы тунук, акын балабыз бар экен го, Жараткан Аллахым колдосун, калемиң курчуй берсин, ишиңе ийгилик иним.Эң сонун сөздөр сүйлөндү,өзгөчө аталар жөнүндө сонун сүйлөдүң, Чоң атаңдын бейиши болсун.Туура айттың Акбар ,азыркылар мода кылган түнкү кийимди ата-энелер илгери эле кийишкен. Менин да эсимде ыраматылык Атам аппак кылып кийчү эле,ыштан көйнөк дечүбүз,бейиштери болсун өтүп кеткен Аталардын...

  • @ТБТ-ж5о
    @ТБТ-ж5о 7 месяцев назад +4

    Акбар Кубанычбеков сезим тал акын эле эмес уну да кооз экен Алга таланттуу бала Бар балагой

  • @kyrgyzboy6451
    @kyrgyzboy6451 7 месяцев назад +18

    Бүт хит ырлардын автору турбайбы. Жан дуйносу да таза, терең экени корунуп турат. Дагы коп ийгиликтер коштосун

  • @АлманКулубаева
    @АлманКулубаева 7 месяцев назад +13

    Ишинерге ийгилик.Сени бул дуйного жараткан Ата -Апана Ден соолук,коп жашасын.Атанын накта уулу дейт элем.

  • @ЖамалКерим-и9ж
    @ЖамалКерим-и9ж 7 месяцев назад +5

    Ох ох ох кандай мааниси терен, маныздуу,так,даана жазылган ырлардын автору Рахмаат сизге

  • @АйжанТокторбаева-е8й
    @АйжанТокторбаева-е8й 7 месяцев назад +3

    Азаматсың, ийгилик.

  • @jyparkankultaeva7301
    @jyparkankultaeva7301 7 месяцев назад +5

    Ушул берүүдөн мен сүйүндүм келечектен көптү үмүттөндүргөн муун бар экен
    Азамат жигит экенсиң кыргыздын жигиттери бар болгула маданиятка салымынды кошуп мыкты жазуучу бол өмүрун узун ден соолугун чың бактылуу болуп көөп ырларды жарата бер ийгилик каалайм

  • @СымбатСултаналиева-т2б
    @СымбатСултаналиева-т2б 7 месяцев назад +12

    Суйлогону орундуу жазган ырлары бир сонун жакшы жазылган экен ар бир ырын угуп чыктым балам коп жаша сага дагы чыгармачылык ийгилик каалайм ушундай жакшы чыгармаларды жарата бер орконун оссун бар бол

  • @django953
    @django953 7 месяцев назад +18

    Көптөгөн хит ырландын автору, мыкты жигит экенсиз, өнөрүңүз өркүндөй берсин, Кыргызымдын сыймы болуп жүрө бериңиз 👍

  • @zinakarmyshakova8278
    @zinakarmyshakova8278 6 месяцев назад

    Жаш акын экен, чооң чоң ырчыларга керемет ырларды жазып берген экен. Өзү ырдаса да үнү сонун экен, бар болгула, ийгилик

  • @Жумагул-ъ2щ
    @Жумагул-ъ2щ 7 месяцев назад +4

    Туун желбирей берсин алтын балам!!!!

  • @ГулжанГалдыбаева-т9п
    @ГулжанГалдыбаева-т9п 7 месяцев назад +10

    Бардык ырлары жагат мага концертинде окуган ырларын угуп эс алдым, бир чети козумо жаш келди. Журоктон чыккан ырлар журокко жетет.

  • @neka777
    @neka777 7 месяцев назад +14

    Сонун маек, сонун сөздөр. Терең адам экенсиз. Тарбияныз мыкты экени билинип турат. Абдан жакшы. Ырларга 😢😢😢

  • @КакуКаку-о5т
    @КакуКаку-о5т 7 месяцев назад +1

    Азамат Акбар Ыссык колдун жээни, ден соолукта бол, ишине ийгилик ❤❤❤

  • @Венера-ь9ж
    @Венера-ь9ж 7 месяцев назад +3

    Калемин курчуй берсин,аман бол!

  • @МайрамСултанкулова
    @МайрамСултанкулова 7 месяцев назад +4

    Акбар телегеин тегиз болсун !!! Эч качан арыба!!! Абдан Жан дуйнёмду ериттин, рахмат сага бар бол аман бол !!! Чыгармачылыгын оркундёй берсин, кёп ийгилик сага каалаймын!!! Азаматсын!!!

  • @Победа-к4с
    @Победа-к4с 7 месяцев назад +6

    Ден соолука,бакытка,Эл журогунон чыккан сый урматка,ырыскылуу берекелуу жашоого бай бол,бар бол,омурун Узун,орушун кенен болсун!!!!

  • @Надежда-л7г8в
    @Надежда-л7г8в 7 месяцев назад +8

    40 жаштын тегерегиндеги акын деп элестетчуумун,убагында журналистикага отпой калып,аргасыз физик мугалими болдум,баарыбир акындарды суйом,пенсиядамын❤

  • @МахбубаОсмонова
    @МахбубаОсмонова 6 месяцев назад

    Акбар сен. акын эле болбостон обончу да экенсиң да, эмне үчүн ырдап чыкбайсын, үнүң сонун экен.
    Турган жерде эле обондорду кураштыра берген касиетин бар экен
    Мен сенин талантыңды сыйладым, сөздүн берметтерин терип ыр жазасың
    Ырларынан атам мн апамды көрдүм

  • @AizadaMoldoisaeva
    @AizadaMoldoisaeva 7 месяцев назад +3

    Азыркынын Алыкулу❤

  • @asnu4306
    @asnu4306 7 месяцев назад +4

    Акбар,Алтыным!Омурлуу бол,ишинде,ийгилик ,Уй булолук Бакыт.Кыргыздын,Атактуу Инсандарынан бол.Ак Жол,Сага

  • @МайрашАлиева
    @МайрашАлиева 7 месяцев назад +2

    Азаматсын,ийгилик каалайм.чыгармачылыгын оркундой берсинАтБашынын Азамат уулу

  • @ГулбайраИсмаилова
    @ГулбайраИсмаилова 7 месяцев назад +2

    Азамат!Жакшы ырларды дагы да талыкпай жаза бер!

  • @АйгульСыдыкова-ч5н
    @АйгульСыдыкова-ч5н 7 месяцев назад

    Акбар балам сен жаштардын туусу болдун, сендей жаштары бар Кыргызым олбойт,очпойт, калемин курчуй берсин,коп жаша.

  • @Айчурок-ж7г
    @Айчурок-ж7г 7 месяцев назад +2

    Кандай гана керемет ой жугуртуу

  • @РахимКазымов
    @РахимКазымов 7 месяцев назад

    Маладец жакшы билимду екенсин

  • @ЭркинаАсековна
    @ЭркинаАсековна 7 месяцев назад +4

    Акбар Кубанычбеков керемет чыгармаларды жаратып, эл менен бирге, узун өмүр, чың ден соолукта болуңуз!!!
    Жөнөкөй, жайдары, жан дүйнөсү кенен жигит экенсиз. ТААЗИМ ❤🎉

  • @АйшаАбышкаева
    @АйшаАбышкаева 7 месяцев назад +5

    Болгон хит ырлар ушул баланыкы экен го азамат

  • @Нурсултан-д4о4ы
    @Нурсултан-д4о4ы 7 месяцев назад +1

    Сагыныптырмын поэзияны 😢❤Акбар омурлуу бол. Мага да ыр жазып берет окшойсун ойлоп жатам ошентип)

  • @ГулканМуктаровна
    @ГулканМуктаровна 7 месяцев назад +8

    Чыгармачылык ийгилик каалайм. Бар бол кыргыздын акын уулу

  • @БегайымШаймерденова
    @БегайымШаймерденова 7 месяцев назад +1

    Азамат! 👏👍Белгилүү ырларын автору экенин билбептирмин.

  • @Надежда-л7г8в
    @Надежда-л7г8в 7 месяцев назад +3

    Азаматсын уулум,акылынан айланайын,суйлогонун улуу адамдай,ошондуктан сага чон жаш берип атпайымбы,Элмирбек Иманалиевдей болсон,омурун узун болсун,жараткан колдосун

  • @ГулипаМамашова
    @ГулипаМамашова 7 месяцев назад +3

    Акбар мыкты акынсын. ❤Ийгилик каалайм.

  • @nuraiburukova1800
    @nuraiburukova1800 7 месяцев назад +7

    Жан дуйнонду ичине кирип чыккандай создорду таап суйлогон адам экенсин ээ 🎉🎉🎉

  • @ГулнараКорошова
    @ГулнараКорошова 7 месяцев назад +3

    молодец❤❤❤ мынча соонун ырлады жараткан

  • @BurulkanAnarbekova
    @BurulkanAnarbekova 7 месяцев назад +4

    Кыргызымдын сыймыгы болгон кучтуу сендей акындан озундой болгон билимдуу акын балдар торолсо абдан сонун болмок бир кыздын атасымын дегенинди уктум да

  • @Айчурок-ж7г
    @Айчурок-ж7г 7 месяцев назад +1

    Жылдыздарыбыздын жылдыздыгына сиздин салымыныз коп турбайбы

  • @Muhit.kg24
    @Muhit.kg24 7 месяцев назад +11

    Кыргыздын кырааны👍

  • @БейшегульМамырбаева
    @БейшегульМамырбаева 7 месяцев назад +4

    Акбар сен өзүнчө дүйнө экенсиң.Ак жол.Кече абдан жогорку деңгээлде өтүптүр.

  • @I_BROTHER_SPEEDLUCHOK
    @I_BROTHER_SPEEDLUCHOK 7 месяцев назад +6

    Кандай жакшы баласын Акбартай,Ат башылыкмын десен,тобом кокко жетип суйунуп жатам,Ат башыдан дагы сендей алп акын,коп кырдуу талант чыкканына,бардык ырларын сонун,аман жур жакшы ырларды жаза бер,алыскы Сахалинден ысык Салам!!!

  • @Feride1984
    @Feride1984 7 месяцев назад +1

    Коз тийбесин кандай сонун инсан,жигит.суйлогонун угуп бутпосо экен деп көрдүм.Ар бир созундо чечкиндүү,эх адам заты убагында баалап билеличи баркыбызды.Узааак жаша Акбар азамат,ийгилик сага.козумо жаш тегеренди ата энемди эстеп.

  • @asnu4306
    @asnu4306 7 месяцев назад +1

    Концерт,Сонун болду.Азаматсын.

  • @Эркингул-в1л
    @Эркингул-в1л 4 месяца назад

    Акбар сен кантип 30 жашта туруп ушундай терен ырларды жаздын ????? Как будто 70 ке чыгып баарын башынан откоргонсуп , таазим кылам

  • @аааа-х7ф1ч
    @аааа-х7ф1ч 7 месяцев назад +1

    АКБАР БАЛАМ САГА ЧЫН ДЕН СООЛУК УЙ БУЛОЛУК БАКЫТ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ИЙГИЛИК СЕН ЧОН АТАНДЫ АЙТСАН МЕНИН ОЗУМУН АТАМЫ ЭСТЕП КЕТТИМ МЕНИН АТАМДА АЯБАЙ ТАЗА КИЙИНИП ЖУРОР ЭЛЕ РАМАТЫЛЫК

  • @ТБТ-ж5о
    @ТБТ-ж5о 7 месяцев назад +2

    Сезим талдык назиктик чон атакесинин чон атакесинин эркеси Жашоодо кайраттуу бол бул калган дуйноо

  • @Назгул-п9ъ
    @Назгул-п9ъ 7 месяцев назад +4

    Шумшук артистер оздору ыр обон жазбаган артистер жок дегенде концерт берип журушкондо атарын айтып корсотуп таныштырып дурсо болотда

  • @Aurorawer
    @Aurorawer 7 месяцев назад +3

    Ар бир ыры хид болгон акын экен,бактылуу бол,

  • @aikerimgalieva8433
    @aikerimgalieva8433 7 месяцев назад +1

    Ой баскан саналарын
    Оорубас дүйнөмдү жараладын
    А балким жолугуп мен
    Айткым келет сага барын

  • @Жумадилуркулов
    @Жумадилуркулов 7 месяцев назад +5

    Бекем денсолук уйбулолук бакубат жашоо коп ырларды кутобуз оюун терен. Калемин курчуйберсин

  • @reinakurmanalieva2301
    @reinakurmanalieva2301 7 месяцев назад +4

    Саламатсызбы Акбар,сенин концертинди Туркиядан кордум,абдан жеткиликтуу жандан чыккан чыгармаларынды угуп жаным менин рахат алды десем болот,ишине ийгиликтерди каалап кетмекчимин ,экинчиден чыгармачылыктарын ийгиликтерди жаратышына тилектешмин.Акбар сени жаны тааныдым , сахнадан коргонумо кубанычтамын.

  • @botcomputer5390
    @botcomputer5390 7 месяцев назад +3

    Терен ыраазычылык билдиребиз! Абдан кызыктуу маек болуптур Ишиниздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

  • @Аксалкын-н3р
    @Аксалкын-н3р 7 месяцев назад +6

    Азаматсын 👍 Онорун оркундой берсин.

  • @Kochkorova1987
    @Kochkorova1987 4 месяца назад

    Ото кыйын экенго бул бала

  • @TheKg2014
    @TheKg2014 7 месяцев назад +1

    Садыр Жапаров ушундай акылдуу таланттуу Кыргыз жигиттерди колдоосуу зарыл!!!

  • @TheKg2014
    @TheKg2014 7 месяцев назад +2

    Уккун элэ келет маэк бутпосо дейсин ❤

  • @kurmanbubu_koicumanova8639
    @kurmanbubu_koicumanova8639 7 месяцев назад +1

    Акбар ошол чоң атаңдын бейишин берсин!
    Өзүнө өмүр берсин,сен ушундай адамсың чоң атанын тарбиясын өзүнө сиңирген.

  • @ТынчтыкАйтиев
    @ТынчтыкАйтиев 3 месяца назад +1

    Келинчегим деген туура айтылган сөз эмес.Түгөйлүк жарым деш керек.

    • @Asman236
      @Asman236 2 месяца назад

      Жэ зайыбым десе да туура болот,

  • @mirguldolotbaeva340
    @mirguldolotbaeva340 7 месяцев назад +2

    Акбар соонун ырдардын автору экенсин жаны билдим.Ийгилик!

  • @aigultatybekova1490
    @aigultatybekova1490 7 месяцев назад +4

    Динара Акулова начар аял менда бир жерден көрүп жаман коруп калгам аябай. Акбар сонун бала акын эле эмес сонун тамада тойду сонун алып барат.

  • @Алтынай-р2з
    @Алтынай-р2з 7 месяцев назад +1

    ❤🎉укмуш саптар Талаттуу ❤❤❤

  • @АйзадаТоктомушева-в2ф
    @АйзадаТоктомушева-в2ф 7 месяцев назад +1

    коз тибесин бактылуу бол калемин курчуй берсин

  • @chykamhoff2150
    @chykamhoff2150 7 месяцев назад +4

    Мыкты акын жигит.🎉🎉🎉

  • @Б.Б.А-ч1л
    @Б.Б.А-ч1л 7 месяцев назад +1

    Кандай гана керемет сөздөр эн башкысы бактылуу бол бул жашоодо ,өзүндү сакта көз тийбесин❤

  • @Laura-f6d
    @Laura-f6d 7 месяцев назад

    Концертти ыйлап кордум

  • @tilektynymseitovich9630
    @tilektynymseitovich9630 7 месяцев назад +2

    Омуруно береке,калемин курчуй берсин ✊

  • @Мирбек-н3э
    @Мирбек-н3э 7 месяцев назад +3

    Акын мырза мыктылыгын созундо,Сабырдуулук тике караар козундо,Кубантаарын жакын жургон Жубайын,Кыялдуулук жалгыздыка жетеленип,ой кыялдуу тургандыгын озунчо

  • @ArmanArman-cz9yq
    @ArmanArman-cz9yq 7 месяцев назад +3

    Патриот алтын баласын.❤❤❤❤❤

  • @ЗейнеОмаралиева
    @ЗейнеОмаралиева 7 месяцев назад +1

    Голосуда сонун экен ырдаса болмок

  • @cholyBakyt
    @cholyBakyt 7 месяцев назад +2

    Жигиттин гүлү, азаматсың. Калемиң курчуй берсин.

  • @АйсулууАлдыракова
    @АйсулууАлдыракова 7 месяцев назад +1

    Ак жол ийгилик мага жакты🎉🎉😢😊🎉😢

  • @АзаматОмурбеков-э5б
    @АзаматОмурбеков-э5б 7 месяцев назад +1

    Акбар кудай омурунду Узун кылсын

  • @КаныкейАдиева-ш3ъ
    @КаныкейАдиева-ш3ъ 7 месяцев назад +3

    Даанышман уулу кыргыз дын🤲💐

  • @gulsinashamshieva2079
    @gulsinashamshieva2079 7 месяцев назад +2

    Омурун Узун болсун чыгармачылык ийгилик каалаймын азаматсын Лейлектен

  • @alimajusubalieva7265
    @alimajusubalieva7265 7 месяцев назад +2

    Ишинизге ийгилик!!!

  • @guliyasatimboeva8274
    @guliyasatimboeva8274 7 месяцев назад +3

    Эн соонун азаматсын уй булолук бакыт чыгармачылык ийгилик дагы коптогон ырларды жаратып журо бер

  • @НурланСултонов-р9э
    @НурланСултонов-р9э 7 месяцев назад

    Ишинизге ийгилик

  • @gulkairsoronbaeva8159
    @gulkairsoronbaeva8159 7 месяцев назад +2

    Молодчик онорун оркундосун

  • @ЧолпонСыдыкова-э8е
    @ЧолпонСыдыкова-э8е 7 месяцев назад +2

    Ырларын журоктун тупкуруно жетет ,ийгилик

  • @Kesha321
    @Kesha321 7 месяцев назад

    Бир отуруп коруп койдум го. Сонун.

  • @ЗейнеОмаралиева
    @ЗейнеОмаралиева 7 месяцев назад

    Чон атасы жонундо айтканда козго жаш келди апамы эстеп

  • @КымбатМатураимовна
    @КымбатМатураимовна 7 месяцев назад

    Акбар оркунун оссун алтыным мен да энемдин койнунда уктаган кундорумду эсиме салдын.Атам жалгыз уулу болчу он учту тородум баарыны Аллыхым алды ушу сенин атандын алдына кетейин жалгызым аман болсун жугуртуп журуп мудуртуп алсын аманатыны десе мен да сага окшоп сен олсон мен да олом десем ок анпе омурурун суудай узун суудай тунук болсун деп дуба берет эле Эне Аталарыбыз бейиши болсун оомиин.

  • @elamanchildebaev1440
    @elamanchildebaev1440 7 месяцев назад +1

    Ушундай жигиттерден көбүрөөк интервью алыныздар

  • @ЗейнеОмаралиева
    @ЗейнеОмаралиева 7 месяцев назад

    Сонун майек болуптур эс аласын уксан

  • @БактыгульСыдыкбаева
    @БактыгульСыдыкбаева 7 месяцев назад +2

    Акбар ийгилик каалайм.

  • @СапаргулПазилова
    @СапаргулПазилова 7 месяцев назад

    Баалайбыз сизди , улуу акындардын катарын ,келечекте толлуктайт деп. Отто ойдону самай турган жагыныз бар экен . Жатык болсонуз келечек сиздики😊