Айыл Банк чакан жана орто ишкерлик менен алектенгендерге “Береке” мобилдик тиркемесин иштеп чыкты

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 30 янв 2025
  • «Айыл Банк» ААК чакан жана орто ишкерлик менен алектенгендердин ишин жеңилдетүү максатында “Береке” мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу менен Кыргызстандын булуң-бурчун түрө кыдырып, тиркеменин түзүлүшү жана аны колдонуунун артыкчылыктары жөнүндө маалымат кербенин уюштурду.
    "Береке" мобилдик тиркемеси чакан жана орто бизнес ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында смартфон аркылуу бир катар салык жана банк кызматтарын көрсөтүү үчүн иштелип чыккан.
    Тиркеменин өзгөчөлүктөрү тууралуу банктын кызматкерлери Кара-Балта, Талас, Токмок, Кант, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Нарын, Базар-Коргон, Кара-Суу, Өзгөн, Ош жана Кадамжай шаарларынын коноктору жана тургундары менен менен жолугушууларды уюштурду. Презентацияга жалпы жонунан 10 миңден ашуун адам катышып, 7 миңден ашууну дароо тиркемени көчүрүп, колдонууга өттү.
    Айыл Банк бизнести жүргүзүүнү кыйла жеңилдете турган пайдалуу жана көп функционалдуу тиркемесин сунуштайт. Тиркемедеги уникалдуу жана керектүү аспаптардын болушу ишкерлерге онлайн режиминде салык милдеттенмелерин натыйжалуу жана оңой аткарууга мүмкүндүк берет. Жеке ишкерлер тиркеменин көмөгү менен каалаган учурда эсеп ачууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле патентти онлайн каттоо, аны аралыктан тапшыруу, QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алуу же эсепке заматта чегерүү мүмкүнчүлүктөрү каралган. Тиркеменин колдонуучулары ткошумча онлайн кызматтарды ала алышат.
    Айыл Банк сизге жакын, биз менен бирге болуңуз.

Комментарии •