Анара Кулманбетова. Арман.

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 9 сен 2024
  • Быйыл ырдын пири болгон, залкар обончу, Кр эл артисти Рыспай Абдыкадыровдун 80-жылдыгы белгиленип, залкардын бейнеси, өмүр таржымалы, чыгармачылык жолу эскерилип жатат. Бул эски видеодо маркумдун дүйнөдөн кайткандагы көз ирмемдер жана архивде калган өзүнүн элестери бар экен.
    Видеодо коштолгон Түгөлбай Казаковдун "Арман" аттуу ыры, келиштире аткарган менин эжекем Анара Кулманбетова , эсил кайран жездем Кр маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бөкөнбай Боркеев Рыспай досун эскергенде көзүнө жаш алып эскерээр эле, армандап жүрүп досунун артынан а киши да дүйнө салды, жездемдин бир жетишкендиги досунун урматына "Рыспай" деп 10томдук китепти жазып, келечек муунга, ыр сүйүүчүлөргө белек кылып кетти.
    Жаныңар жаннаттык болгондур кыргыздын асылдары, ал жакта да КТРдин студиясында бириң ырдап бириң архивге жазып аткандай бирге жүргөндүрсүңөр, кантсе да кыргызга не деген баа жеткис, керемет баалуулуктарды калтырып кеттиңер, силер түбөлүк кыргыздын жүрөгүндөсүңөр.

Комментарии • 1