Айчүрөк Иманалиева "Тоо булагым арманым" (Original audio version)
HTML-код
- Опубликовано: 22 фев 2021
- #АйчүрөкИманалиева #Ретроыр #80х90х2000жылдар
Сөзү : С. Алтымышовдуку
Обону : Т. Асанакуновдуку
Тоо койнунда жалгыз булак,
Шыңгыр добуш үн салат.
Добушунда туңгуч сүйүүм муңканат.
Алгач ирет көрүшкөнбүз,Жылдыздарды кучактап.
Күбө болгон ак сүйүүмө мөлтүр булак.
Ажарынан тун сүйүүнүн, ый-кумарынан,
Махабат, сени тапкам тоо булагынан.
Кайырма:
Тоо булагым, айлансаң,
Көз жаш менен арманга.
Тоо булагым, сени менен,
Кошулайын дайрага.
Таң сүргөндө мага айттың,
Наз жүрөктүн арманын.
Сенден башка бар эле деп ардагым.
Андай болсо айтчы неге,
Наз жүрөктү алдадың?
Жүрөгүмдү сага деген жараладың.
Ажарынан тун сүйүүнүн, ый-кумарынан,
Махабат, сени тапкам тоо булагынан.
Кайырма
Бүгүн келдим мөл булакка,
Ушул кезди сагынып.
Кайта дагы махабатка мен багынып.
Толкундарда мөл булактын
Көз жаш жатты агылып.
Жүрөгүмдүн муңдуу күүсү жаңырып.
Ажарынан тун сүйүүнүн, ый-кумарынан,
Махабат, сени тапкам тоо булагынан. Видеоклипы
Өзүңүз эле жакшы
Аябай соонун ырдаган, ошол кезде популярный болгон, унуно береке
Красивая песня. Прекрасное исполнение. Шикарная женщина!
Ошондо эле көрүнгөндүн ырын тартып алып ырдачу экен эле.
Айчурок аткаруучу гана.... Понял тупица
Бул ырды биринчи Айчүрөк Иманалиева ырдап чыккан, андан кийин башкалар ырдаган.Маалымат үчүн.
😂
👎👎
@@polpol9092 эмне деп дөөдүрөп атасың чындыкты билбей...Бул Айчүрөк эжеге таандык ыр, биринчи ырдап чыккан...Автор чоң рахмат, ушул ретро ырын издеп таппай жүрдүм эле таап алдым...Бар бол Легенда эжекебиз, сизди жакшы көрөбүз❤❤❤