Президент Жээнбековду аэропорттон Өзбекстандын өкмөт башчысы тосуп алды

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 12 дек 2017
  • Президент Сооронбай Жээнбековду Ташкент эл аралык аэропортунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Өзбекстандагы Кыргызстандын укуктуу элчиси Данияр Сыдыков тосуп алышты.
    Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.
    Расмий сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен тар курамда жана кеңири форматта жолугушуусу пландаштырылган, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Мындан тышкары Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү жасашат.
    Ошондой эле, Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушуусу болжолдонгон.
    Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков Ташкент шаарында Мустакиллик аянтына барып, Көз карандысыздык жана гуманизм монументине гүл коюу аземи болду. Ошондой эле, Өзбекстан Республикасынын биринчи Президенти Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду.

Комментарии •