«Эки уулдан кийин, кыз перзентин күтүп жаткан….»: Жалал-Абадда 31 жаштагы келин каза болду
HTML-код
- Опубликовано: 5 окт 2024
- Жалал-Абадда төрөт үйүндө каза болгон Майлуу-суулук келиндин жакындары нааразычылыгын билдирип Жалал-Абад облустук төрөт үйүнүн алдына чогулушту.
Жыйналгандар төрөт үйүнүн башкы дарыгери келин эмне себептен өлгөндүгү тууралуу түшүндүрмө берүүсүн талап кылышты.
31 жаштагы маркум Айпери Базарбаева 10-июнь күнү Майлуу-Суу шаардык бейтапканасынан Жалал-Абад облустук төрөтканасына көз жаруу үчүн мед айымдын коштоосунда келген.
Анын бир тууган жеңеси Эркинай Эргешованын айтымында Айпери эки уулдан кийин, үчүнчү перзент кызын күтүп жатканын айтат.
Подробнее www.turmush.kg...