Баткенде таштандыны кайра иштетүүчү чакан завод ишке кирди / Өнүгүүгө карай

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 11 сен 2024
  • Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн Төө-Таш участкасында таштандыны кайра иштетүүчү чакан завод ачылып, ишке кирди. Завод азырынча желим таштандыларды кайра иштетүү менен чийки сырье даярдайт. Долбоор ишкерликке жагымдуу шарттарды түзүү жана экологияны коргоого багытталган иш аракеттердин алкагында жүзөгө ашып отурат. Ишканада азырынча желим бөтөлкө менен целлофан баштыктар кайра иштетилүүдө. Жакынкы күндөрү ушул эле жерге кошумча ишкана түптөлүп, алынган сырьедон желим ящиктер менен суу түтүктөрү жана синтепон өндүрүлө баштайт. Район аймагынан таштандыны чогултуу жагы да эске алынып, ал үчүн атайын белгиленген аймактарга сорттолуп топтолуучу таштанды челектери коюлган. Ишкананын айдоочусу аларды кыдырып чогултуп, ташып келип турат. Азыркы тапта 30га жакын жаңы жумуш оруну түзүлгөн. Өндүрүш толук кандуу ишке киргенде дагы кошумча жумушчулар тартылат. Муну менен аймактагы миграция маселеси дагы кайсы бир деңгээлде жөнгө салынууда. Дубандагы кайра иштетүү ишкананын ишмердүүлүгүнө менен аймактык кабарчыбыз Максатбек Акылбеков кызыгып көргөн.
    📣 БИЗДИН БАРАКЧАЛАРГА ЖАЗЫЛЫҢЫЗ | ПОДПИСЫВАЙТЕСЬ | SUBSCRIBE
    - RUclips (Ала-Тоо 24): www.youtube.co...
    - FACEBOOK: / utrkkg
    - INSTAGRAM: www.instagram....
    - TELEGRAM: t.me/ktrk_live

Комментарии • 15