Элмирбек Иманалиев менен Аккыз Абазбекова / Төкмө келсе төр бошот

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 15 сен 2024
  • Маданият

Комментарии • 455

  • @aselasel3534
    @aselasel3534 3 года назад +13

    Азаматсынар Элмирбек Аккыз.Мына Элмирбек Иманалиевтин шакирттери .

  • @Keyboard-Champion
    @Keyboard-Champion 3 года назад +256

    Аккыз карындашыбыз такылдап кыйын экен!! Акын кыздарыбыз көбөйгөнү көңүлдү көтөрөт!!

    • @БакуляАнаркулова
      @БакуляАнаркулова 3 года назад +14

      Азаматсын Аккыз 👍🏻 Изат эжене окшоп жакшы чыккыдайсын 🙏🏻Осо бер кызым 🙏🏻👍🏻🤲🏼💐

    • @НурияМамырова
      @НурияМамырова 3 года назад +6

      Азаматтар

    • @РозаА-ъ3м
      @РозаА-ъ3м 3 года назад +10

      оо айланайын кичинекей Элмирбек жаша омурлуу бол.

    • @РозаА-ъ3м
      @РозаА-ъ3м 3 года назад +11

      Оо балекет ко убагы келсе ИЗАТТАЙ болотко.

    • @user-hu2zh6fj7l
      @user-hu2zh6fj7l 3 года назад +1

      @@НурияМамырова Айпери
      З

  • @ЗамирбекСалибаев-х1г
    @ЗамирбекСалибаев-х1г 3 года назад +30

    Элмирбек Иманалиевдин обонуна салып ырдаптыр👍👍ушул обондо ырда элмир үка

  • @user-cy1xw7fn4z
    @user-cy1xw7fn4z 3 года назад +10

    Жаним Элмирбек садага болйун сага узуун омурлуу бол 100 го чык ден соолукта бол ырдап журо бер

    • @user-hp4om8xx4q
      @user-hp4om8xx4q 3 года назад +1

      Сиз дагы 100 гө жашаңыз

  • @ЖизньКино-л1э
    @ЖизньКино-л1э 3 года назад +43

    🤣🤣🤣🤣🤣🤣ОЙ ЭКООНУН АЙТЫШЫН КОРУП КУЛУП БИР ЖЫРГАП АЛДЫМ, АЗАМАТСЫНАР👏👏👏👏👏БАЛИ БАЛИ , ОСО БЕРСИН КЫРГЫЗЫМДЫН, ЧЫНЫГЫ ТАЛАНТТАРЫ СИЛЕРСИНЕР, АКЫНДАР, АКЫН КЕЛСЕ ТОР БОШОТ ДЕГЕН УЛУУ СОЗ БЕКЕРИНЕН АЙТЫЛБАСА КЕРЕК👍👍👍🙌🤲🙌🤲ОНОРУНОРГО ОНОР КОШУЛСУН, АЛЛАХЫМ КОЛДОП ЖУРСУН🤲🙌🤲🙌

    • @user-ii9qx5kx4b
      @user-ii9qx5kx4b 3 года назад

      Азамат.элмирбек.кудай.колдосун.онорунор.оссун.алтындарым.

  • @АйпериСамсунг
    @АйпериСамсунг 3 года назад +60

    Элмирбек олбоптур.Жаткан жери жайлуу болсун.АКЫН КЫЗДАРДЫН ЧЫГЫП ЖАТКАНЫ АБДАН КУБАНТАТ.АМАН БОЛГУЛА .КЫРГЫЗДЫН УЛУУ ОНОРУН ДАНКТАП ЖУРО БЕРГИЛЕ

  • @user-yn8kj1oj4n
    @user-yn8kj1oj4n 3 года назад +123

    Элмирбек ушул айтыштарды коруп ырыхат алса болбойт беле .....

  • @алмазсапарбеков-ч7р
    @алмазсапарбеков-ч7р 3 года назад +33

    Эльмирбек Иманалиев! Элмирбек Иманалиевдин ушугу обону менен аткаркарсан иним сонун жарашат экен . ✊

  • @СалтанатБагышева-д9р
    @СалтанатБагышева-д9р 3 года назад +199

    Жожолор десе чонойуп калыптыр, Талантынарга таазим унунорго береке

    • @user-yb8gx4rg6h
      @user-yb8gx4rg6h 2 года назад

      Омурунор Узун болсун силерди коруп кубанып Бир азда болсо жашаргандац болдук

  • @user-tf1ip6uk5s
    @user-tf1ip6uk5s 3 года назад +146

    Өмүрлүү бол Элмирбектин орун басары.

  • @user-ss4yd2ro2l
    @user-ss4yd2ro2l 3 года назад +15

    Ананайын Элмирбек менен Аккыз онорунор оркундоп оссун, атактуу алп акын болгула👍👍

  • @user-yh1if8zq5x
    @user-yh1if8zq5x 3 года назад +12

    Кичинекей Элмирбек чонойгон турбайбы ,уну да сонун болуп калыптыр , уну чыйкылдайт деп жатышчу эле,Аккыз экоонон умутубуз чон экен ,силерге кен келечек , дангыр жол , ден соолук , дайыма кутобуз силерди. 👍🙏🤲

  • @user-yv3zj5zu3q
    @user-yv3zj5zu3q 3 года назад +26

    Азаматсын Аккыз омурун узуун болсун,талантына таазим.

  • @Karasartova_64
    @Karasartova_64 27 дней назад +1

    Элмирбектин ырларын уккан сайын уккун келет олгон жок олбос болуп калды биз учун тируу бойдон кала берет

  • @arzykansagyndykova4086
    @arzykansagyndykova4086 3 года назад +40

    Элмирбек балам обонун дагы устатын Элмирбектей болуп журокту ыйлаттын талантына таазим кылам балам оркунун оссун балам.

  • @nurlannurlan623
    @nurlannurlan623 3 года назад +32

    Кызды сыйлап ырдаптыр молодец

  • @nurlannurlan623
    @nurlannurlan623 3 года назад +22

    Ширин бала дейт элем чоноюп каптыр омурун узун болсун Элмирбек

  • @elmiraraeva2952
    @elmiraraeva2952 3 года назад +23

    Ыраматылык Элмирбек устатыбызга ыраазычылык, бейишинен орун берген болсун Аллахым.Чоноюп бой жетип калышыптыр Элмиш мн,Темиш устаттын жолун жолдоп алп акын болсун,Чыйылдайсын, үнүң ичке дей бербе Аккыз!!!Бой жетип калыптыр Элмиш аял үндүү эмес,жигит үндүү эле болуп ырдап жатат,Аккыз

  • @user-kp5rg9fz1w
    @user-kp5rg9fz1w 3 года назад +12

    Аккыздын үнү таза тунук экен азаматсын

  • @user-xc6hu8it9i
    @user-xc6hu8it9i 3 года назад +5

    Менин чырагым Элмирбек
    Менин күнүм Аккыз
    Сиздерди аябай жакшы көрөбүс күндүгө көрөмүн

  • @ЗамирАлдаяров-й4ь
    @ЗамирАлдаяров-й4ь 3 года назад +7

    Кичинекей Элмирбек, Ак кыз экөөңөр тең таланттуу экенсиңер. Кыргыз элинин маданиятын, улуттук өнөрүн, кыргыздын жүзүн дүйнөгө тааныткан, мекенчил атуулдардан болгула! Кудайым силерге чың ден соолук, узуун өмүр, жаркыраган бактылуу келечек берсин!!!
    Оомийин!

  • @ЧыныгулЗулуева
    @ЧыныгулЗулуева 3 года назад +27

    Элмирбектин обонуна салып ырдаган балам өмүрүн узуун болсун устатынын атын өчүрбөй эстетип жүр ар дайым

    • @АнипаЖумалиева
      @АнипаЖумалиева 2 года назад

      Г

    • @user-uh7un7bj2z
      @user-uh7un7bj2z 2 года назад +1

      Элмирбек Иманалив Дин уулум Элимрбек Кыргысызтаныбызда Тынчттык Тынчттык Жана ТЫНЧТТЫК учун ,Чындыкты Чычалабазтан болгону болгондой боздоп ыйлап сыздап кетткени баарыбыздын Эли журтубуз арасында Биринчи чыгааныбыз эле жаткан жери жайлуу топурагы трико бооуп Бейиш бакчан жайнаган гулдоп турсун.Ооба откон 2010 чу жыл баарыбыздын Эли журтубуз кокурогундо сакталат туболкко Тархта Санжыра эпас документальный фильм Боло Бер Син дем эскерен.мен Оз колум менен жаздым. Атадан уулга деген чында Кымбатт Мырзалар Жана Айымдарыбыз БААРЫ кокурокко сактап кетебиз Элимрбек Иманалив уулуна чын журоктон Ыссык Салам...Кымбаттуу Элмирбек Иманалив уулум БААРЫБЫЗ сени уулум ДЕП Кабыл Ал баталарыбвз ката кетпептир БААРЫБЫЗ Кудайыбыз Бир ДЕП ЭСТЕП ЖУРГООНУБУЗ ЖАКШЫ ЖОРОЛГО .Эми эмне ДЕП Айтсам жарашат уулум Элимрбек Иманалив сага каалаймын Ала Тоосунун Арчачындай Узун омур Ала Тоомдун суусундай аппак мээридуу суйуу каалаймын..Ыссык Колудой чалкыган таптаза туптунук аппак мээридуу аппа терен конул каалаймын Жалпы Тыян Шандын суусундай таптаза аппак суузундай таптаза татынакай ар турдуу гулдорду таартуулайюыз анткени Биз МАНАС Ата быздын урпктарыбызды эс кимге бербей Биз мени Орконун осо бересин оркундоп, БИРИНЧИ байлык Ден соолук дегенде берекем, Кара Жаным,Как Журогум.Скет кетейиним Аман Эсен жур жаман коздон ,жаман создон,ушак айындардан,Боодо кырсыктардан.Боодо адамдардан Кудайым ОЗУ САКТАСЫН Жалпы Элибиздин атынан колдойбуз оомиин оомиин оомиин.Алга Алган Кыргысызтандын желегин желбирете Бер УраааУуааа Бали Балии

  • @АрзыматНурсапаев
    @АрзыматНурсапаев 3 года назад +8

    Экооо тен мыкты айтышыптыр азаматтар ишинерге ийгилик баардык кыргыз элин аллах озу колдосун

  • @arzykansagyndykova4086
    @arzykansagyndykova4086 3 года назад +9

    Айтыш десе эле созсуз бироонун кемчилигин чукубай сонун Жан жыргаткан ырларды ырдаган Элмирбек Иманалиев,бул бала Элмирбек дагы учтатындай обон созуп кулуп ,жакшы создорду тогуп ырдвп калыптыр абдан ыраазы болдум оркунун озсун балам ак жол сага.

  • @hgcfhbcvghccvjjggjk4760
    @hgcfhbcvghccvjjggjk4760 3 года назад +15

    коруп угуп жыргайсын омурлуу болгула алтындарым

  • @user-mx3fz8qg2n
    @user-mx3fz8qg2n 3 года назад +9

    Азаматтар,Элмирбек агабыз өлбөптүр да,булар айтышып жатса көзүмдөн жаш токтобой угуп отурдум,баракелде, каражандар бар болгула,чыгармачылык ийгилик каалайм😘😘😘👍👍

  • @АктанАманбаев
    @АктанАманбаев 3 года назад +6

    Элмирбек онорун оркундой берсин уком элмирбек агандай кучту бол жолун жолдо биз сени колдойбуз

  • @user-vi3re3ei5p
    @user-vi3re3ei5p 3 года назад +30

    Туура Кыргыз элинин каймактары, элиталары, аман болушсун

  • @АидаАсаналиева-с7ч
    @АидаАсаналиева-с7ч 3 года назад +6

    Эльмирбек өркүнүң өссүн, зоболоң көтөрүлүп, узуун жана маңыздуу болсун өмүр жолуң!

  • @user-ph8rc5yf2m
    @user-ph8rc5yf2m 3 года назад +59

    Мына биздин маданиятыбыздын келечектеги уюткулары!Омурлору узуун болсун! Кыргыздын Элиталары!

    • @user-gd6jw4rj4j
      @user-gd6jw4rj4j 2 года назад +1

      Жарим жыланач артистерди коргондон горо ушуларды Корсон жакшы азаматсынар экоон тен

    • @ГулбарчынАлибекова
      @ГулбарчынАлибекова 2 года назад

      Туура айтасыз, Кыргыздын элиталары, чыныгы жылдыздары ушулар👏👏👏

  • @dfghjjdfgyui985
    @dfghjjdfgyui985 3 года назад +22

    Азаматсынар! Элмирбек Иманалиев олгон жок ТОКМОЛОР ЭЛ ЖУРОГУНДО дайым жашай берет.Уланткыла токмолорЭмикенин ырлары дайым жанырып турсун,Эмике эл менен жашай берет ырларында!

  • @ЖолболдуТокторов
    @ЖолболдуТокторов 3 года назад +6

    Молодец сонун айтыш болуптур Аккыз сонун айтышыптыр онорунор осоо берсин!

  • @user-xn1wt5ve1w
    @user-xn1wt5ve1w 3 года назад +5

    Элмирбек Элмирбек устатындай алп акын болосун кудакала азаматсын балам🤲🤲🙏🙏🙏

    • @user-hp4om8xx4q
      @user-hp4om8xx4q 3 года назад

      Буюрса, айтканыңыз келсин оомийин оомийин оомийин

  • @user-vx4qm9js3n
    @user-vx4qm9js3n 3 года назад +56

    Азаматсынар алтындарым Алла тоонун арстандары устатынар Элмирбек Иманалиевдин балдары алга

  • @user-bd6wq5hf4v
    @user-bd6wq5hf4v 3 года назад +37

    Айтышты корсом эс аламын .Азаматсынар талантынар ташкындасын.

  • @user-tae1bts96
    @user-tae1bts96 3 года назад +13

    Элмиш Элмир ага бол келечектеги , Аллах колдосун , коп жаша 🤲🤲🤲

  • @айтоша-ш5ж
    @айтоша-ш5ж 3 года назад +2

    Агатайым менин 😍😘🥰🥰ийгилик каалайм сизге !!!!😘😘😍😍😘😘😘😘😘!

  • @user-yv3zj5zu3q
    @user-yv3zj5zu3q 3 года назад +8

    АЗАМАТСЫН ЭЛМИРБЕК ,ОМУРУН УЗУНБОЛСУН,УСТАТЫНДЫН ЖОЛУН ЖОЛДОЙТ ДЕП ИШЕНЕБИЗ ОМУЛУУ БОЛ.

  • @ГульханАлиева
    @ГульханАлиева 3 года назад +27

    Бала барчын елмирбек азаматсын

  • @user-ru3jf4pn8e
    @user-ru3jf4pn8e 3 года назад +23

    Элимирбек чонойуп голосу да соонун болуп калыптыр Аккыз неге аяал ундуу дейсин

    • @kichaikanalyeva9601
      @kichaikanalyeva9601 3 года назад

      Уну жакшына болуп калыптыр го Элмирбектин токтоо

  • @aityshalysh
    @aityshalysh 3 года назад +40

    Азаматсыңар кыргыздын төкмө акындардын жаркын келечеги Элмирбектин добушу эми чоң акындай таңшала баштаптыр өнөрүң өркүндөй берсин! Аккыз дагы келечеги кең төмөн акын болору байкалып турат

  • @user-ql6bm4jd1y
    @user-ql6bm4jd1y 3 года назад +9

    Элимрбек Аккыз онорунор оркундой берсин,озунорго ден-соолук берсин

  • @user-hz7im8mt8d
    @user-hz7im8mt8d 3 года назад +20

    элибиздин конулун которуп шанга бологон Элмирбек акыныбыздын жаткан жери бейиштен болсун омур берсин слерге бат баттан чыгып тургула.

  • @ЖумабекМамутов
    @ЖумабекМамутов 3 года назад +10

    Ертен менен суйунучтон коздон жаштамдыго саат алты болду Алайда малга чөп салайын деп туруп интернетке кирсем ушу екоо чокушуп атытырда бар болгула биздин жүрөгүбүз силер деп согот Елмирбек казактарга тең келчү еле жайы жаннатта болсун аа силер талыкпагылаа

  • @ааааааааа-щ2р
    @ааааааааа-щ2р 3 года назад +18

    Кубандырдынар. Аман болуп,коп ийгиликке жеткиле.

  • @user-tv4sh8xh8u
    @user-tv4sh8xh8u 2 года назад +1

    Аиии Машаллах Аккыздын ұнү Гүлбү Орозкул кызынын үнүнө аябай окшош экен, Аллахым силерди колдосун өзұңөр окшосоңорда өмүрүңөр окшобосун.

  • @user-dk6fy9wt9l
    @user-dk6fy9wt9l 3 года назад +13

    Бу жалганда Элмирбек Иманалиев тирүү!Чын дүйнөдө БЕЙИШин берсин! ЖАШ ЭЛМИРБЕК тиги өмүрү узун болсун КУДАЙ дан тилеймин!!!

  • @user-qe2yw4wh4t
    @user-qe2yw4wh4t 3 года назад +23

    Эх мына мен кыргызмын.!булар кыргызымдын элиталары .Алга алтындарым.

  • @bereketbereketov2447
    @bereketbereketov2447 3 года назад +17

    Ии кудайым бул бала чоңоюп калган тура . Кичинекей кезинде устаты менен эфирге келгенин көрдүм эле. Чыгармачылык жолун кең болсун ,балам. Устатындай чыгаан бол. Ийгилик каалайм

  • @marselsartbaev9878
    @marselsartbaev9878 3 года назад +9

    Жаштардын жаны онорлору катуукен оркундой бергиле

  • @jamshyt3343
    @jamshyt3343 3 года назад +33

    Азаматсын ,,Элмирбек

  • @user-qx2ty2fz7c
    @user-qx2ty2fz7c 3 года назад +6

    базар жок экоотен жакшы айтышаткен мурда кызыгып укчумеслем эми айтыш менен ооруп калдым окшойт 😀

  • @asylbekcataev4511
    @asylbekcataev4511 3 года назад +70

    Силердин айтышып атканынарды Элмирбек агайым коруп силерге ыраазы болуп отурган болуш керек кулуп жыргап учугумду улаган балдарым чонойуп осуп келип атат экен деп аттин козу тируу болгондо баарынардын тушоонорду кесмек

  • @aijanbakyt302
    @aijanbakyt302 3 года назад +3

    Элмирбек жымындап алып чоноюп калган турбайбы балалык доошу жигиттин доошуна озгорулуптур азамат Элмирбектин орун басары орконунор оссун баарынарды алла колдосун

  • @user-tynarbek_1974
    @user-tynarbek_1974 3 года назад +7

    Бар болгула жожолор. Келечегинер алдыда силердин. Ото кызыктуу айттыш болуптур.

  • @ЧикаЧика-т9л
    @ЧикаЧика-т9л 3 года назад +2

    Элмирбек балам омурун узуун болсун.Элмирбектин жолун жолдоп атын дагы акындыгында улай кор.

  • @madeline8706
    @madeline8706 3 года назад +17

    Азаматсянар! Өнөрүнөр өркүндөй берсин!👍👍👍

  • @ТурганбубуИманбекова

    Элмирбек уулум Аман бол талантына таазим устатындын жолун жолдо айланайын

  • @gulandalolueva1838
    @gulandalolueva1838 3 года назад +5

    Бар болгула урматту маданият жуздору!!!

  • @МахабатЖакыпова
    @МахабатЖакыпова 3 года назад +1

    Азаматтар.Элмирбек такшалып,сахнанын тарбиясын алып маданияттуу болуп осуп жатыптыр,омурлуу болсун.Аккыз дагы тарбияланат,осот.Келечек ээлери,оркунунор оссун.

  • @Omurbek-u5b
    @Omurbek-u5b 3 года назад +20

    Үнүңөргө,өмүрүңөргө Аллах берекесин берсин!

  • @user-qj7cx6mx1v
    @user-qj7cx6mx1v Год назад

    Кандай керемет айтыш барболгула алтындар!Элмирбек залкардын шакирттерин жатка таанып калдык оз балдарыбыздай баардыгы кыйын молодцы!Бирок Мундуз Усупектин он жагындагы Изаттын он жагында олтурган акындар ды биринчи коруп жатам

  • @user-dd1fh7rt3i
    @user-dd1fh7rt3i 3 года назад +5

    Эх быйыл аалымдарыбыз акындарыбыз бизди таштап кеткени ичти ачыштырат. Силер ошолордонда ашып откуло Аллахым омурунорду берсин

    • @user-hp4om8xx4q
      @user-hp4om8xx4q 3 года назад

      Оомийин оомийин оомийин

  • @user-lj4qo5sj4z
    @user-lj4qo5sj4z Год назад

    Аккыз Азамат,Изат Азамат ушундай кыздарды уйротуп,Элмирбектин чырагын очурбой жаркылдатып ырдап отурганынарга. Изат,Нурайым,Аккыз азаматсынар угунорго береке,бакыт таалай, ушундай кыздарды экранга коп коп чыгарыш керек,анан чыйылдаты суйуу ырын жаттап алып ызылдаткан кыздардан Коро,акын кыздар элдин корку,дайыма сын.дилибизден угуп колдойбуз!!!

  • @МахабатАйтикеева
    @МахабатАйтикеева 2 года назад

    Элмирбек Именалиевдин шакиртери аман болгула азаматсынар, устатынарга дуа кылгыла

  • @user-cc2kx5qi1f
    @user-cc2kx5qi1f 3 года назад +9

    Ой акыз кыз унун соонун экен э алтын унун очпосун орконун осун буйруса изатай атакту ырчы болосун

  • @user-wk9ik6gp7v
    @user-wk9ik6gp7v 3 года назад +1

    Азамат Элмирбек Иманалиевдин жолун ула азамат конулду котордун

  • @sayaksolto1556
    @sayaksolto1556 3 года назад +4

    Кыргызымдан айланайын! Төкмөлүк касиетти Жараткан бизге бериптир!Оосторунан ырлар чууруп төгүлүп!

  • @user-ni8up6pf8s
    @user-ni8up6pf8s 3 года назад +20

    Азаматсынар,унунорго береке,кыргыздын токмо онорун оркундото бергиле🤲🤲🤲

  • @bekturkarzhoduev2245
    @bekturkarzhoduev2245 3 года назад +1

    Элмирбек Гулбунун обону оурунорду узак берсин азаматсынар Элмирбек Тирудой сезилди

  • @user-yh1if8zq5x
    @user-yh1if8zq5x 3 года назад +6

    Асылбек сага ден соолук , онорун оркундой берсин , ишине ийгилик . 👍🙏🤲

  • @xfhjhjvff9339
    @xfhjhjvff9339 3 года назад

    Элмирбек Аккыз силерге денсоолук жана чыгармачылык ийгилик.

  • @user-xc6hu8it9i
    @user-xc6hu8it9i 3 года назад +27

    Эх, Элмирбек байке кандай инсандарды тарбиялап кеткенсиз!!! Эмирбек сиздин өзүңүз болуптур 😥😥😥😥😥

    • @ЧынарТокоева
      @ЧынарТокоева 3 года назад

      Бул кыздын келечеги кен жолу шыдырболот.Уну ачык таза.экен
      Эми менден бир кенеш.
      Эстекемдин Кыз Жигиттеги обондоруна салып айтышса уну мындан да шанкылдап ачылар эле.Бул обон негедир акындарды тизгиндеп артка тартып тургандай сезилет.Эстекемдин обондорунда ундор толук ачылып шаншып угулат аракет кылып корсо убагында корорбуз.Аккыз шыдыр кете турган талант экени билинип турат ,Ак жол садагасы!!!.

  • @user-ly4ty6du2e
    @user-ly4ty6du2e 3 года назад +4

    Азаматсын! ЭЛМИРБЕК! Сонун ырдаптыр

  • @meerimgylbaimatova2892
    @meerimgylbaimatova2892 3 года назад +5

    Эмилбек уулум коп жаша кулумсурогон козун жалындап журобер

  • @user-ks5kb2pe6d
    @user-ks5kb2pe6d 3 года назад +5

    Озу да Эльмирбекке окшош экен жымындап👍

  • @ЗикирНурбаев
    @ЗикирНурбаев 3 года назад +14

    Ото жакшы айтыш болду

  • @arstan5190
    @arstan5190 3 года назад +4

    Омурунорго аллахым береке берсин!тандайынарды такылдатып булбулдай сайрап акыйкатты айтып,элдин конулун которуп журо бергиле!Аман болгула!

  • @АидаУктамбаева
    @АидаУктамбаева 3 года назад +4

    Элмирбек молодец кучтуу акын болот буюрса

  • @user-vr2pd2wv2f
    @user-vr2pd2wv2f Год назад

    УТУР УТУР КОРСОТУП ТУРСАНАР , ЭЛМИРБЕГИБИЗДИН
    ЭМГЕГИ ЖАНЫП ТУРСУН .ЖАШ БАЛДАРДЫ ЭКИ ЖАКА КОП АЛЫП БАРБАГЫЛА , КАНАТТАРЫ КАТАЭЛЕГИНДЕ .
    ТОЙ ТОПОЛОНДОРГО КАТЫШТЫРБАГЫЛА .
    БАЛДАРЫБЫЗДЫ САКТАГЫЛА , ОНОРЛОРУ КУЧОЙ БЕРСИН .
    БАРЫНЫЗДАРГА ИЙГИЛИК , ДЕН СООЛУКТА БОЛГУЛА .РАХМАТ СИЗДЕРГЕ , БААРЫНЫЗДАРГА !!!

  • @user-ux3ml6ki6f
    @user-ux3ml6ki6f 3 года назад +4

    Азаматсыңар кыздар!!! Өркүнүңөр өссүн!!! Силерди көрүп кубанып турабыз!!!

  • @a.datkaiymaidarova3529
    @a.datkaiymaidarova3529 3 года назад +3

    Азаматсынар! Аябай Жакшы айтыш болуптур. Ырахмат силерге!🔆🔆♥️♥️ Кудайым ийгиликтерди узбой берсин баарыныздарга! Жакшы маанай!🌞🌞🌞

  • @Бактыбек-к1у
    @Бактыбек-к1у 3 года назад +40

    Сонун болуптур ундору 🔥✊

  • @АидаАлымбекова-ж1л
    @АидаАлымбекова-ж1л 2 года назад

    Азамат Элмирбек Кудай сени ар дайым колдосун 👍👍👍👍

  • @user-em3cz1ed3t
    @user-em3cz1ed3t 3 года назад +20

    Азамат Ак кыз

  • @user-ri7ot8vf9v
    @user-ri7ot8vf9v 3 года назад +4

    Аккыз унун талантын мыкты екен комузунун уну жакшы келишпей жатат болбосо соонун

  • @user-wj3ol1zc5c
    @user-wj3ol1zc5c 3 года назад +1

    Азаматсынар унунорго береке.Элмирбек Иманалиевтин балдары чоноюп калыпсынар, аман болгула.

  • @user-fo2ko7vu5h
    @user-fo2ko7vu5h 3 года назад +3

    Элмирбек Аллахым омурунду узун орушунду жайык кылсын аммимн

  • @МанзураТоктосунова
    @МанзураТоктосунова 3 года назад +18

    Азаматтар, оркунунор оссун.

  • @nurlanbektursumatov7194
    @nurlanbektursumatov7194 3 года назад +22

    Кыргызымдан айланайын,Аман болгула жожолор

  • @user-qq7bc7mb3l
    @user-qq7bc7mb3l 3 года назад +2

    Элмирбек алга сонун ырдайт.

  • @beksultankanarbaev2750
    @beksultankanarbaev2750 3 года назад +8

    Акматбек менен Изаттай жакшы айтышыпсынар, азаматсынар ийгилик!!!

  • @Duulatbekovna
    @Duulatbekovna 3 года назад +4

    Кандай Гана керемет,бар болгула кыргызымдын чыгаандары,сиздер менен сыймыктанам,Ден соолукта болгула дагы да кооптогон ийгилик,акындар бар кыргыз деген ат очпойт

  • @user-xj3wh6dv7f
    @user-xj3wh6dv7f 4 месяца назад

    Кудайга чексиз шугур кыламын Кыргыз болуп жаралганыма Кыргызым кандай касиеттуу эл

  • @user-gf5pk5xs7w
    @user-gf5pk5xs7w 3 года назад +5

    Кыргызымды кыргыз кылган ак тандай акындар.жаш акындарды коруп абдан кубандым,бар болгула,аман болгула

  • @dastanabdullaev6914
    @dastanabdullaev6914 2 года назад

    Экинчи копия Элмирбек Аллахым омурунду берекелуу кылсын оомин иничек

  • @user-vn7in1ob1j
    @user-vn7in1ob1j 3 года назад +3

    Элмиш азамат бар бол балам тарбиялуу экенинди корсоттун

  • @user-lx2hj4gz4c
    @user-lx2hj4gz4c 3 года назад +4

    Баарынарга чыгармачылык ийгилик!!! Бар болгула, аман болгула!!!

  • @НуркамилАбдыразаков
    @НуркамилАбдыразаков 3 года назад +1

    Нукура кыргыздын таланттары, элдин конулун ачат, коронгосу кээнен кыргызымдын токмо акындары, бар болгула.

  • @ТохталиСаматов
    @ТохталиСаматов 3 года назад +29

    Силер бар устатынар өлгөн жок, бар болгула өмүрүнөр узун болсун кагылайындар, силер м.н биз кыргызбыз