Это видео недоступно.
Сожалеем об этом.

ОРУНБАСАР КЫЗАЛАКОВ "ТАЛАСЫМ ТАНШЫЙТ". КАНАЛГА ЖАЗЫЛЫНЫЗДАР!

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 10 авг 2020
  • #талас #кыргызча ырлар2020 #кыргызча хиттер2020 #кыргызчакино
    Кыргызстандагы кино, музыка, ТВ корсотуулору, жанылыктары биздин каналда. Биз сиздерге таза жакшы жана маданий эргуу берген жанылыктар менен кабарлап турабыз!!!

Комментарии • 241

  • @user-db9sz9go6t
    @user-db9sz9go6t 3 года назад +86

    Кыргызстанда бир нормальный ырчы болгон экенин кеч билип калдым.окунучту ошундай таланттарга неге поддержка беришпегени.супер озунчо эчкимге окшобогон классный голос

  • @Nurislam_24
    @Nurislam_24 11 месяцев назад +26

    Мен бул ырды олллло жакшы коруп угам жаштайымдан . Мен 43 жаштамын. Таластан деле болбойм( Алайданмын). Бул чыгарманы Талас жергесинин Гимни деп эсптейм. Азыр да угуп отурам, козумо жаш тегенет. Кандай сонун талант эле😢. Рахмат сизге ушундай чыгарма калтырып кеткенинизге. 15.09.2023. 🙋‍♀️

    • @VAltaiRozarbrvRceb-rs1iq
      @VAltaiRozarbrvRceb-rs1iq 6 месяцев назад +1

      Я с Вами согласна , очень хорошая идея Гимн для своей маленькой Родины , где родились , выросли и живете, очень красивое исполнение и смысл песни

  • @user-yu3zk3ou1z
    @user-yu3zk3ou1z 7 месяцев назад +15

    Талас элине салам ,я фанат его обожаю голос ,Орунбасар Кызалаков менин журогумдо,салам Ала букадан .

  • @user-pj9sr2dz7t
    @user-pj9sr2dz7t 4 года назад +69

    Таластыктардын ар дайым журогундо оюнда сактала бермекчи аллахым бейиштен орун берсин

    • @azemaorozobekova1874
      @azemaorozobekova1874 Год назад +1

      Жеке эле Талас элинин эмес,талантты баамдап-баалагандардын журонундо сакталмакчы❤❤❤❤Жаткан жери жайлуу,ыйманы саламат болсун(

  • @user-bu2ko6se3i
    @user-bu2ko6se3i 3 года назад +134

    Таластын элине кайрылат элем ушундай талантты каякта сактап журдунор. Учурунда колдосонор болмок экен жада калса кочмондор оюндарында ырдаса. 😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭

    • @user-xb2yj1gv9i
      @user-xb2yj1gv9i 3 года назад +11

      Мактанат бирок колдон келбейт да

    • @aaasharsh802
      @aaasharsh802 3 года назад +6

      @@user-xb2yj1gv9i ошо дааа арман кун

    • @user-hd6xo3jb7j
      @user-hd6xo3jb7j 3 года назад +20

      Талас эле эмес Мамлекет колдосо болмокда тируусундо дуйнолук даражага которулмок

    • @elamanbaltabaevich6297
      @elamanbaltabaevich6297 2 года назад +9

      @@user-xb2yj1gv9i беш кол тен эмес. суйлойт десе эле суйлой бересинерби. Оюнар кыска неме окшойсунар.

    • @NK-fk6sv
      @NK-fk6sv Год назад +9

      Талас эли колдоп эле жүргөн башка жагыңар колдобой койгон бийлик баш болуп 😏

  • @svetoksvetikova1578
    @svetoksvetikova1578 Год назад +54

    Биз Алайданбыз.Атам баалап уккан ыр,баарыбызга жагат.Бейиши болсун агабыздын!

    • @Mr.Ooopss
      @Mr.Ooopss 8 месяцев назад +3

      Албетте. Кыргызсынарда. Кыргызстандын 40 бурчу тен баарыбыздыкыго. Атаныз музыканы тушунгон киши экен. Кобу убагында баалай алган жок бул кишини.

  • @user-ep2gc2uj8x
    @user-ep2gc2uj8x 3 года назад +68

    Баркталбай калган талант ☹️

  • @user-od7jg6sl6m
    @user-od7jg6sl6m 2 года назад +38

    Ар бир ырында кыргыздын баалуулуктары - Манасы, кочмон эл турмушу, акын-таланттары, кооз табияты чагылдырылыптыр. Убагында талантын баалай албаганыбыз окунучтуу...

  • @sanjaremilbekuulu5270
    @sanjaremilbekuulu5270 8 месяцев назад +12

    Коп убактан бери угуп журом,керемет. Таластык туугандарга Жалал абадтан салам.

    • @user-rt8dj1jt3x
      @user-rt8dj1jt3x 6 месяцев назад

      Эх мен Жалабадта бир жарым жыл болгом! Жалал - Абад жүрөгүмдө калды өмүр бою. Аман болгула! Жалал Абад эл эли кич пейил ак көңүл! ЭЛ

  • @user-mz9bx1ju7u
    @user-mz9bx1ju7u 3 года назад +28

    Баркталбай кетти , Бир чоң ТАЛАНТ Эхх Мындай үндүү ырчылар кездеше бербейт ААЛАМДА

  • @user-sf1xc7nf4w
    @user-sf1xc7nf4w 9 месяцев назад +9

    Талас элинин гимини эле кыргызды
    данкдаган ❤❤❤❤❤

  • @user-fu6tr2ky3t
    @user-fu6tr2ky3t 3 года назад +35

    Кечетен бери уга берип тажабадым.Наушникте гана угуп жүрөм жыргап,тимеле эргийсиң үнүнө.

  • @user-xf1rg6fq8z
    @user-xf1rg6fq8z 3 года назад +70

    Кандай озунчо эле укмуш талант эле .Олгонун билген эмес экенмин.ЖАТКАН жери жайлуу болсун.Кудайым бейиштен орун берсин.

    • @user-kx6pz1kg2w
      @user-kx6pz1kg2w 3 года назад +4

      Өзгөчө талант өзгөчө үн бейиштен орун берсин аллах

  • @ainurkozubekova5448
    @ainurkozubekova5448 Год назад +14

    Кочмондор оюнунда 2018 жылы ырдаган,ар бир област ордо кылып боз уй тигишкенде ортодо ырдап жатты чет элден келгендер Орунбасар ырдаганда чогулуп калышып жатты,биз деле карапайым эл сыймыктанабыз,жогору жактагыларды билбейм

  • @user-xf1rg6fq8z
    @user-xf1rg6fq8z 3 года назад +42

    Голос кандай сонун башка эч ким мындай ырдай албайт.

  • @user-lp9yk8vq8q
    @user-lp9yk8vq8q 2 года назад +41

    Маданият министрлигине кайрылам! Бул кишиге наам бергиле ! Эмне деген талант.

    • @user-kq7nx4jj7z
      @user-kq7nx4jj7z 11 месяцев назад +2

      азыркы учурда кыргызда маданиятты тушунчү министр жок ...министрликте жалаң колхоз дөөдурбайлар иштейт дейт...

    • @user-fs5bp1hi9v
      @user-fs5bp1hi9v 10 месяцев назад

      Эмиби?

    • @user-lp9yk8vq8q
      @user-lp9yk8vq8q 9 месяцев назад

      @@user-fs5bp1hi9v тирүү кезинде жазылган ой пикир окубайсыңбы

    • @Aziret.A
      @Aziret.A 8 месяцев назад

      Жок дегенде балдары атабыздын эмгеги элге синген деп журсунда

    • @Dinarakakoeva
      @Dinarakakoeva 8 месяцев назад +1

      Туура айтат наам бериш керек

  • @user-nk1cu6oc1e
    @user-nk1cu6oc1e Месяц назад +2

    Таластан Гимни❤❤❤❤❤ Таласым алтын бешигим!
    Жаткан жери жайлуу болсун бейиштик болсун🤲🏻

  • @ermektoktogulov7478
    @ermektoktogulov7478 3 года назад +16

    Менин Таласым🔥🔥🔥🔥 жаткан жери жайлуу болсун Орунбасар байке

  • @user-fm4vo9ou4l
    @user-fm4vo9ou4l 3 года назад +25

    Мага аябай жакчуу бул ырчынын стили такыр эле башкача эле,голосу болсо ушундай уккулукту ырлары башкалардыкынан айырмаланып турчу эле.

    • @adibadibadiadi424
      @adibadibadiadi424 3 года назад +1

      Бул озгочо талант эле ...эч кимди туурап ээрчибеген ...аттин ай ..😢😢😢😭😭😭

  • @beckbaiseitov
    @beckbaiseitov 8 месяцев назад +6

    Оркундой бер Таласым! Алга Кыргызстан 🇰🇬❤️‍🔥

  • @user-be5ys2wn4u
    @user-be5ys2wn4u 11 месяцев назад +2

    Имне ушундай ырчылар комускодо кала берет. Сонун ырдайт экенго

  • @user-vw2ml5zu7h
    @user-vw2ml5zu7h 3 года назад +8

    Таланты барлар бааланбаган заман азыр, акчалуулардын, сойкулардын, арам тамактардын, калптардын заманы азыр

  • @jarkinaykozubaeva853
    @jarkinaykozubaeva853 3 года назад +20

    Бул ырчы жигиттин ырларын эми угуп жатам ,аттин мурда билбей жургон экенмин ,аябай соонун уну бар экен эле ,кайтыш болгонун комменттерден окуп билдим ,ушунчалык таланттуу инсандарыбыз биринин артынан бири отуп кете бериптир , Аллахым жаткан жерин жаннаттан берсин !Арман дуйно!

  • @user-jd3te7wb5w
    @user-jd3te7wb5w 3 года назад +22

    Эх ажал нечен чыгаан кыргызымдын эр азаматтары жок болду жаткан жер жанатта болсун биздин журогубуздо жашайсыз кыргыз элим унутпайт.

  • @user-jf8xz9fg4c
    @user-jf8xz9fg4c Год назад +8

    10 жыл мурун телевизордон ырын угуп,интервьюсун коруп уну жагып,атайын базарга барып дискасын издеп таппай койдум эле. Мен учун биринчи орунда турган ун эле. Убагында колдогон эч ким жок таланты билинбей кете берди да,кайран инсан. Оз эли колдоп кетсе деле болмок ,мумкун тагдыры башка болмок беле ким билет эми.

  • @akjolalga7184
    @akjolalga7184 3 года назад +11

    Мындай талант чыкпайт эми,эч кимге окшобогон озгочо талант эле.

  • @user-cp3ky9xs3p
    @user-cp3ky9xs3p 11 месяцев назад +10

    Особый голос.Супер.Жалко что его нет с нами.

  • @gulmira7674
    @gulmira7674 11 месяцев назад +3

    Не деген Керемет үн.Кайталангыс талант !!!

  • @user-xf1rg6fq8z
    @user-xf1rg6fq8z 3 года назад +19

    Ушундай таланттарды которуш керек болчу.Каяктагы эле шерм.наам бергенче.

    • @user-pe3qd9or3u
      @user-pe3qd9or3u Год назад

      Жазгандарды.окуп.алып.козумо.жаш.толду.

  • @nurtileknurtilek7127
    @nurtileknurtilek7127 3 года назад +13

    Ээх отупкетиптир даа азыр билдим Билип билбей кылган куноолорун кечир аллахым

  • @user-px3xb6cb3z
    @user-px3xb6cb3z 2 месяца назад +1

    Ушунчалык уккан сайын уккуң келет, мындай таланттар жок бир кылымда бир жолу жаралган инсан эле жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун оомийин

  • @user-nc7td8ou4v
    @user-nc7td8ou4v 4 года назад +40

    Бул киши качан каза болду эле? Мен укпаптырмын жакшы ырдачу
    Ыйманы саламат болсун!

    • @ALAASKAPRODUCTION
      @ALAASKAPRODUCTION  4 года назад +1

      Эки жылдай болуп калды окшойт

    • @Tenir-uul
      @Tenir-uul 3 года назад +4

      Ушул жылы Менин туулган кунум болчу 4 январьда

  • @user-hp2dn8kh7z
    @user-hp2dn8kh7z 3 года назад +18

    Байкуш озгочо таланттуу адам эле кочмондор оюнунда кайра кайра ырдатып уктук эле жыргап.Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торколуу болсун,ырлары очпосун..

  • @user-tg7fm4ts1n
    @user-tg7fm4ts1n 11 месяцев назад +3

    Таласымм❤❤❤

  • @user-tm2vt8jw7n
    @user-tm2vt8jw7n 10 месяцев назад +4

    😢😢ии ушул ырчыны кичине кезимде ырларын укчу элем Ала Тоо таншыйт радиосунан.Кайтыш болуп кеткен турбайбы аттин😢мен сахнага чыкпай койгон окшойт деп ойлоп журупмун.😢😢😢чын эле эмнеге Мамлекет колдогон эмес бул ырчыны.Орунбасар ага жаткан жериниз жайлуу,нурлуу,кенен болсун,бейиште болун.Ушундай талант жаралат бекен дагы.

  • @user-fj7cv5yf8r
    @user-fj7cv5yf8r 3 года назад +12

    Эн сонун кыргыз жигити . Аялдары барктай албаган . Алаканга салып суйуп жашаш керек эле . Эх арабызда болгондо . Мен арманда калдым . Орунбасар жаткан жерин жайлуу болсун .

  • @sultanbeybarstenizbaev4926
    @sultanbeybarstenizbaev4926 3 года назад +16

    Жакшы ырчы эле элден чыккан, элдин ырчысы эле!!! Элдин баласы жана атасы эле!!! Жаткан жерин жайлуу болсун, Аллахым жарык жана жаннаттан берсин!!! Окунучтуу....

  • @baktiyarboronbaev3788
    @baktiyarboronbaev3788 11 месяцев назад +3

    Аттин дунуйо ай эгер казак болгондо Димаштын жанында ырдап журмок экен биз Кыргыздарынды кечир байке колдой албаптырбыз азыр горуп алып ичим ачышып атат

  • @user-pk7nb4jf4s
    @user-pk7nb4jf4s 3 года назад +15

    Ооо бул эмне талант созу музыкасы кайран киши убагында бааланбай жаткан жери жайлуу болсун

    • @user-oy2sx7eg2j
      @user-oy2sx7eg2j 2 года назад +2

      Ооба. Орунбасар. Кызалаковту. Убагында. Баратабадык. Ото. Талантуу. Жигит. Эле ырларын. Стили. Имузкасынын. Аранжировкасы. Ушунчалык. Укулуктуу. Эле. Ырдоо. Манерасы. Дагы. Башкача. Соонун. Болчу кыргыздын. Нагыз. Жигиттеринин. Элеси. Корунуп. Турчу. Эле. Кыргыз. Убагында. Барктай. Албады. Жаткан. Жерин. Жайлуу. Топурагын. Торко. Болсун

  • @user-zc1oc5cd1k
    @user-zc1oc5cd1k 7 месяцев назад +3

    Таластын Гимни болду окшойт

  • @taalaikaabaev4758
    @taalaikaabaev4758 11 месяцев назад +5

    Этно ырчы убагында таланты бааланбай калды, кайран жигит. Озу жок болсо да ырлары жашап келет.

  • @ulan6848
    @ulan6848 3 года назад +9

    Оорду бейиштен болсун! Окунучтуу отуп кеткени укпаптырмын кайталангыс талант

  • @user-cd7ce9ov9w
    @user-cd7ce9ov9w 3 месяца назад

    Кандай керемет үн жаткан жери жайлуу болсун сонун ырчы болгон убагында баркташ керек болчу🤲🤲🤲

  • @user-vp5gj2vj6w
    @user-vp5gj2vj6w 3 года назад +12

    Жаткан жери жайлуу болсун... жакшы обону үнү бар болчуу... эх эртели кечби баарыбыз бул дүйнөдөн кетебиз .. бири бирибизди сыйлап жашайлы мусулман бир туугандар... Аллах баарыбызды ыймандан алыстатпасын....

  • @user-vp7ie4sw9g
    @user-vp7ie4sw9g 8 месяцев назад +2

    Жайы жанната болсун, Фирдаус багынан кудайым орун берсин!!! 🙏🙏😔😢🌷🌷🌷🌷

  • @user-gf8id5dd5r
    @user-gf8id5dd5r 2 дня назад

    Унун сонун экен байке жайын жаната болсун😢😢

  • @user-gb7te8dj1c
    @user-gb7te8dj1c 9 месяцев назад +2

    Кандай сонун ун!!! Уккан сайын уккун келет. Жаткан жери жайлуу болсун🤲 Эх азыр тируу болгондо дагы кандай сонун ырлар чыкмак. Таш боор ажал аябайт экенда.

  • @asmanjer7451
    @asmanjer7451 Год назад +7

    Жаткан жери жайлуу болсун😢 эх… не деген уникалдуу талат эле… америкада жаралганда, дуйно жузу тааныган жылдыз болуп отмок дуйнодон😢

  • @user-jw9xe8zi9r
    @user-jw9xe8zi9r 3 года назад +6

    Аксыдан салам таластык туугандарга жана жакындарына конул айтам аркасы кайрылуу болсун

  • @user-hb6cr5kc2b
    @user-hb6cr5kc2b 7 месяцев назад +2

    Кайран талант,убагында барктай албадык.😢😢😢😢😢

  • @user-jm6kk5fm3m
    @user-jm6kk5fm3m 11 месяцев назад +2

    Каныкейдин үнүнө окшош экен ырларын уктум туугандарынан эмес бекен таластыктар алга🏆

  • @user-vb5nc8ni8l
    @user-vb5nc8ni8l 11 месяцев назад +2

    Бирчи жолу угупатам бир коргон элем будай ырчы бар беле сонун ырдайт экен козу тиру болгондо чыкмак экен окуннучту ушундай талатту адамдардын парктабай калсак терисинче олтуробуз коралбай колдосок Кыргыз атыбыз чыкмак казакдар коп биздин ырларды которуп ырдашат 😭

  • @YY-bc7dp
    @YY-bc7dp 2 месяца назад

    Каап, убагында баркташ керек болчу😢, колдоп коштоп койгондо, дуйнолук хитке айланмак ☝️.

  • @jumagulkutubaeva2493
    @jumagulkutubaeva2493 Месяц назад

    Арман дуйно,дагы бир улуу талант бааланбай калганы окунучтуу,озгочо ун,бийик талант,этномузыка комускодо калып калганы окунучтуу.😢😢😢😢бейиши болсун Оомиинь

  • @wolf.772
    @wolf.772 Год назад +1

    Ассалам Алейкум башкача Адам эле мен таанычым, кеч угуп калдым, кечир Орунбасар 😥

  • @user-vq2yq6ee1u
    @user-vq2yq6ee1u 11 месяцев назад +1

    Кайыптан келген жан окшойт!Бул Кишини билгендер гана чечмелей алышат.

  • @KanybekTemirbaev-fi7re
    @KanybekTemirbaev-fi7re 8 месяцев назад +1

    Кочмондор ойунунда ырдагында эх атин кандай сонун болмок

  • @user-jk3gt5mf2v
    @user-jk3gt5mf2v 11 месяцев назад +1

    Эмнеден каза болду экен, байкуш,🌹🌹 кыйын ырчы болмок экен

  • @Gorilla_89
    @Gorilla_89 11 месяцев назад +1

    Бул ырда Талас гимни кылса болот

  • @user-ci2hw8cn9c
    @user-ci2hw8cn9c 10 месяцев назад +1

    Ото озгочо ун экен, Мурда укпаптырмын, жайы Жанна а болсун..
    Тируу болгондо дуйнолук ырчы болушуна ишенич айтамын

  • @kukasiren8298
    @kukasiren8298 Месяц назад

    Ушундай укмуштуудай ун кимде бар азыр.кайталангыс ун🎉

  • @user-ic1yq6jk4c
    @user-ic1yq6jk4c 10 месяцев назад +1

    Эн сонун ун.

  • @user-bo1hn6qn2z
    @user-bo1hn6qn2z 3 года назад +4

    Кандай гана керемет инсан, ааламда жок ун,корсо убагында жогорудагы чимкириктер карап да коюшпаптыр акмактар, кем дуйно

  • @user-vx8kl8ll6q
    @user-vx8kl8ll6q 2 года назад +4

    Сонун ырлары бар клиптери бар.Издесениз табасыз.Ырдап чыкканына коп жыл болду.Жараган жигиттердин бири эле.Жаткан жери жайлуу болсун!

  • @user-mu2iw9ng1e
    @user-mu2iw9ng1e 10 месяцев назад +1

    Кайра кайра угам тажабайсын 😢😢

    • @user-mu2iw9ng1e
      @user-mu2iw9ng1e 10 месяцев назад

      Жаткан жери жайлуу болсун

  • @user-me1kb1ze5l
    @user-me1kb1ze5l 2 года назад +3

    Журок жете ырдайт экен кандай талант жаткан жери жайлуу болсун 😓😭🤲🙏🏻 бейиштен оорун берсин Аллахым

  • @user-mo5oy8xb7l
    @user-mo5oy8xb7l 5 месяцев назад +1

    Кандай гана талант ! Бааланбай кеткени
    Окунучтуу бирок ар дайым журогубдо😢

  • @VAltaiRozarbrvRceb-rs1iq
    @VAltaiRozarbrvRceb-rs1iq 6 месяцев назад +1

    Все песни доступные в соцсетях нашла и слушаю , очень жаль что его нет . Светлая память🙏

  • @user-pf6bs1ug9f
    @user-pf6bs1ug9f 2 года назад +3

    Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Аллах бейиштен орун берсин ааминь ажмаъин 🤲🤲🤲

  • @user-jh8ye8iy9t
    @user-jh8ye8iy9t 11 месяцев назад +1

    Жаткан жериниз жайлуу болсун аке

  • @user-ry9wv5dn5v
    @user-ry9wv5dn5v Год назад +1

    Таланту киши эле жактан жерин жайлуу болсун

  • @user-kq7nx4jj7z
    @user-kq7nx4jj7z 10 месяцев назад +2

    Кыргыздын маданиятында иштеген тийиштүү жетекчилери дегинкиси кыргыз маданияты ичинде музыкасы дегенге түшүнүктөрү жок ыр, обон, этно музыка дегендерди түшүнбөгөн дөөпүрөстөр иштегендери далил болду... Орунбасар накта кыргыздын коларидинен кичине көрсөтүп, кыргыздын ыры дегендин дүмүрчөгүн таштап кетти. Кайран гана Орунбасар ... Жаткан жери жайлуу болсун!

  • @azatzhalbiev
    @azatzhalbiev 3 месяца назад

    Керемет

  • @reinakurmanalieva2301
    @reinakurmanalieva2301 2 года назад +2

    Кандай окунучтуу бугун уктум жаман болдум жаткан жери жайлуу болсун!уй булосуно сабыр тилейм.🤲🤲🤲

  • @joobarjoomart8988
    @joobarjoomart8988 11 месяцев назад +1

    Байке жаткан жериниз жайлуу болсун😢😢

  • @aigulmalikova6325
    @aigulmalikova6325 11 месяцев назад +1

    Каныкей уурдап алганго бул ырчынын үнүн туурап
    Биринчи жолу угуп жатамын

  • @erkinakirov3888
    @erkinakirov3888 Месяц назад

    Кандай керемет ырдайт

  • @hadichetopchubaeva4290
    @hadichetopchubaeva4290 Год назад +1

    😢😢 үнү аябай жагымдуу.... кулагыңа жаңырып турат ар дайым....

  • @user-zt2et6fm4q
    @user-zt2et6fm4q 11 месяцев назад +1

    Ырларынын базары жакшы арбагы ыраазы болсун.

  • @user-ub3xh2iu3o
    @user-ub3xh2iu3o 8 месяцев назад +2

    Ээххх байке эрте жаралцпсыз и эрте кетиниз😢
    Байке таласты абдан жакшы корчу эле 😊 и буткул Кыргызстан 🇰🇬 деп турчу😢
    Просто балаган жокпуз
    Мамлекет азыр деле Бир жерди ыйгарып атын койуп койсо жакшы болмок эле го аты чыгып унун угуп турат элек.😢🎉

  • @user-me4ib6cs8o
    @user-me4ib6cs8o 4 месяца назад +1

    Эээх Сиздей Адам 1 эле жолу жаралган экенда

  • @helsinki2493
    @helsinki2493 2 года назад +2

    Ушундай таланттуу! Инсандарыбызды,көзү барында сыйлай билели! Үнү уккулуктуу экен, уккан сайын уккуң келет...!

  • @user-ie3lg3uo5c
    @user-ie3lg3uo5c 11 месяцев назад +1

    Озгочо ырчы болгон экен 😢

  • @user-us2vc6ij4e
    @user-us2vc6ij4e 11 месяцев назад +1

    Эх боорум унун да озгочо эле бир жарк этип очуп калдын бирок сенин жаркын элесин ар дайым биздин журогубуздо туболук жашайт жаткан жерин жайлуу майлуу болсун ыйманын жолдош болсун

  • @user-gw6fu4dj8w
    @user-gw6fu4dj8w 2 года назад +2

    Кыргызстанда талантуу адамдар аябай коп биз баалабайт экенбиз озубуз

  • @user-gb7te8dj1c
    @user-gb7te8dj1c 9 месяцев назад +1

    Голосу эч кимге окшобойт, озгочо уккулуктуу экен

  • @Chinarkan-gb8rl
    @Chinarkan-gb8rl 10 месяцев назад +1

    Неге убагында аты чыгып таанылбаган, ушундай ундуу ырчыбыз болгон экен, баркталбаптырда, окунучтуу

  • @emirmusabekov8673
    @emirmusabekov8673 3 года назад +12

    Таза кыргыз обон менен ырдачуу

  • @user-ew1zi1iu5e
    @user-ew1zi1iu5e Год назад +1

    Керемет голос, керемет талант.
    Жаткан жерин жайлуу болсун.

  • @user-td3ox3zl8x
    @user-td3ox3zl8x 3 года назад +4

    Азамат еч кайталангыс голос екен укмуш.

  • @baktilekmamatov2464
    @baktilekmamatov2464 2 года назад +11

    Ушундай жакшы ырчылар ырын угуп тойбойсун ичинде жашап Орунбасар Кызалаков Таалай Бектурганов Нурлан Тилебаев Кыргызыма мындай инсандар Бир эле жолу келди азыр жок мындайлар

  • @gulzanapolzavatel8658
    @gulzanapolzavatel8658 3 года назад +4

    Иий жаткан жери жайлуу болсун 🤲укпаптырбыз жакшы ырдачу да

  • @user-vr2vv7ih2z
    @user-vr2vv7ih2z 2 года назад +2

    Кыргыздын ырлары обондору ушундай болуш керек.

  • @user-yu3rh7zd1p
    @user-yu3rh7zd1p 3 года назад +7

    Жаткан жериниз жайлуу болсун

  • @AikaS-qu4yd
    @AikaS-qu4yd 18 дней назад

    Талантына таазим. Өкүнүчтүү өз кезегинде бааланбай калды

  • @user-vm2mt3bn5k
    @user-vm2mt3bn5k 11 месяцев назад +1

    Аллахым бейиштен насип этсин.😢

  • @sultanovasultanovna373
    @sultanovasultanovna373 3 года назад +1

    Аллахым чын дуйносунон берсин, жайы Бейиште болсун

  • @user-xb7ob3hv9x
    @user-xb7ob3hv9x 8 дней назад

    Алга Кызалаков

  • @Alhamdulillah88547
    @Alhamdulillah88547 10 месяцев назад

    Ото сонун ун.
    Ырларынын мазмуну да маанилуу. Канчалаган таланты бар адамдарыбыз бар. Жок дегенде ушул агабыздын ырын биро жарым ырдап чыкса Эмне дейсинер. Чубак Сатаевдин ырын баласы Кубанычбек Сатаев ырдагандай. Ынтымакта жашацлы, биримдикте, колдон келген жардамды бири-бирибизге сунайлы.Жаткан жайы Жаннатан болсун.

  • @user-ig7db4ct9q
    @user-ig7db4ct9q 9 месяцев назад

    Бул ырчыны аябай баарыбыз конул койуп кайра кайра угабыз эмнеге одного чейин колдоп койкшпады ото сонун таланттуу киши экен биз олгондон кийин угуп калдык ырын издесем откон деди