"Мутакалим" коомунун 25 жылда аткарган иши жана ийгилиги

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 21 янв 2024
  • 25 жылдык маараке...
    Кечээ (22-январда) Бишкектеги «Novotel» мейманканасында дин тутуу эркиндигинин күнүнө жана «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин 25 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү.
    Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Динара Ашымова, БУУнун Кыргызстандагы координатору Антье Граве, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Гүлназ Исаева, Акыйкатчынын бөлүм башчысы Бурул Турдуева,, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Эратов Равшан ажы, Кыргызстан жана Бишкек епархиясынын, Кыргызстан католикалык чиркөөсүнүн өкүлдөрү катышып, сөз сүйлөп, "Мутакалим" коомунун 25 жыл аралыгында бир топ ийгиликтерге жетишкендиктерин баса белгилеп, мааракеси менен куттуктап, "Мутакалим" коомунун жетекчиси Фронтбек кызы Жамал айымга сыйлыктарын тапшырышты.

Комментарии •