СӨЗСҮЗ УК!!! КЫРГЫЗГА УЛУУ НАСААТЫН КАЛЫГУЛ ОЛУЯ АЙТЫП КЕТКЕН ЭКЕН
HTML-код
- Опубликовано: 29 сен 2024
- Нускоочу, ойчул акын Калыгул олуя 1785 жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүнүн Карой-Сарой жеринде Бай аттуу оокаттуу,төрт түлүгү түгөл адамдын үй-бүлөөсүндө туулган.Калыгулдун ырларында акыр заман идеясы көбүрөөк орун ээлесе да,санат,насыят,адамдын жүрүм-турумун сындаган,жаштарды адептүүлүккө чакырган саптары да арбын.
Олуя зат 1855 жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу деген жеринде 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтат.Сөөгү азыркы Ысык-Көл районунун Кара-Ой(Долинка) деген жерине коюлган.
обону: Жолболду Алибаев- КРнын Эл артисти
КАНАЛГА КАТТАЛГАНДЫ УНУТПАҢЫЗДАР!
©m studio
Калыгул
Бай уулунун акыр заманын акырет жонундо толук берсенер
Мен да угууну каалар элем. Чыгарсанар???
телевизордон неге чыгарбайсынар ушундай ырларды коп коп чыгарсанар боло телевизордон кайдагы суйдум куйдум олдум деген ырларды койуп койосунар
Ээн туура чындык
Бир жылда ар турдуу ырларды берип турса болмок ? Ата бабабыздан калган ырлар унутулбайт
Эч качан
Жолболду агабызга рахмат Олуйа атабызга бейишин берсин Оомийин Куйдум чокко караганда ушундай ырларды берип тургулачы сураныч
туурада теледен бергиле
Телевизордон мааниси жок, уксан кыжырын келген шайтандын ырларын чыгарышат.
Ким акча толосо ошонун ырын коётта телевизорго
Рахмат сага Олуйя !!!!!!
Калыгул олуя 200 жыл мурда еле азыркы жашоону таасын айтып койгон екен да чиркин Олуя
Калгул олуяа олгон жок кан дай чындыкты айткан тасим ырлар на жаткан жери жайлу бн бей ишин Насип кылсын олуяабыска
@@БакытОмуржазиев-г5к 0
@@БакытОмуржазиев-г5к Так жазчы!
Мунун баарын Пайгамбарыбыз с а в алдын ала айтткан акындар динден кабардар болгон ошого
Ыр деп ушуну айт....мааниси манызы тарбиясы учкул соз мн айткан
Жоомарт
Керемет
Илгеркилер туура айтышкан.
Жаткан жери жайлуу болсун.
Турдакун Усубалиев Калыгулдун урпактары бир уруудан !
Ооба туура
Кундо эртен менен же кечинде уй-булобуз менен отуруп уксак,аттин ,аксак-тескегибиз азайып ,улуу-кичуубуз ордубузду билип,Кыргыз кандай экенин дунуйого Дагы да билдирет элек.
Ото сонун ырдатыр
Ассолому Алейкум туугандар 2:54 мин 3 чейин кисинде мээни чырмасабы
Клас
Кыргыз ушулар менен кыргыз .
КАЛЫГУЛ АТА ЖАТКАН ЖЕРИНИЗ ЖАЙЛУУ БОЛСУН, АЛЛАХЫМ БЕЙИШТИН ТОРУНОН БЕРСИН, ЖАЙЫНЫЗ ГУЛ БАКЧА БОЛСУН, ООМИЙИН!!!
Дизлайк баскандардын баардыгы кыргыздар эмес.
Барган сайын Элден ыйман ынтымак ырыскы кетип бара жатат кайдан эмнени кимден жесем деп бийлик байлык а умтулуп Каада салт. Батышты туурап окунучтуу
Телеканалдын баарына ушундай Кыргыз нукура ырларын милдеттуу турдо койдуруш керек,кыргызча уйронсун баары😠☝️✊💪🤲
Туура айтасыз орус болуп калдык
Олуя атабыз бейиш и болуп, арбагы ыраазы болсун. Жол болду агайга бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик. Маданият министирлиги ушулар менен жаштарды суугарып синируу керек го
Чыныгы акын деп ушуларды айтыш керек
Азыркы адамдар баарын унутуп байлыктын артынан тушуп калдык.Бул насаатарды беш убак намаз окугандай эсибизден чыгарбаш керек.Эх кайран олуялар Арман Арман.
Азыркы артистердин ыры жагымсызсуйдум олдум деп ырдашат жарды ырлар мурдагы ески ырлардан берсенер телевизордон ыр ушуларды айткыла
Сонун👍👍👍❤
Намаз окугандар аларэл бузарлар пул учун кул болгондор.
@@ayjamalayjamal8025койсоңчу 😮
Калыгул атабыздын насааттарын обонго салып чыккан Жолболду Алыбаевдин эмгеги ото зор.Ж .Алыбаевге чыгармачылык ийгилик каалайм
Калыгул олуя атабыздын руху шат болсун. Жаткан жери жайлуу болсун.🙏🙏🙏. Керемет акылдуу, корогоч жан болгон экен!!! Анын бул акылман создору азыр да актуалдуулугун жоготкон жок!!! Алла андан ыраазы болсун 🙏🙏🙏.
Аткаруучу - обончуларыбызга да алкыштар болсун. Алла ыраазы болсун 🙏🙏🙏
Айтканыңыз келсин!
з
Б.,джэшл
Ьтьщ
Калыгул Бай уулу азыркы боло турган заманды мындан 200 жыл мурда эле алдын ала коруп айтып кеткен. Ал киши бул замандын беш кундук, Адам бир келип кетуучу жай, убактылуу, опаасыз, отуп кетуучу жай экендигин айтып кеткен.
Перевод кылып дуйного таратыш керек кичи Кыргызстана га суктана турган
Чондор кырып буттуго кыргыздын кыраандарын аларды угуп билип
Перевод кылсаң болбойт
Китеп кылып перевод кылып жазыш керек өмүр баянын кошуп
*меня*
Кандай акылдуу сөздөр! Азыр ушундай данышмандар калбай калганынан адам ызы чуу болуп, оңоло албай жатабыз! Илгеркилер окубай чокубай эле эстүү болущкан. Азыр даяр илим билимди, акыл , насааттарды турмушта дурустап колдоно албай , ызы чуу болуп атабыз. Эх, кыргыз элим, каерге барып токтоп, бири бири бирибизди сыйлап, көрө адбастыкты таштап оңолор экенбиз?
Азыр окуйт бирок...."Кантип байыса болот" деген гана принцип менен окуйт.... байлык адамды бузат да...билинбеей бузулуп бараткансыйбыз....
Мурункулар исламдын негиздерин, шарият жолдорун, араб тилинде Куран китебинен, молдолордон окуп уйронушкон. Ошондуктан, алар ыйманы кучтуу, адамгерчиликтуу, тил билги, акылдуу, зирек болушкан. Билгендерин болушкон, жакшылыкты
Жакшылыкты таратып, даабат кылышкан. Ошолордун жолуна тушууго убакыт келди окшойт. Болбосо, ыйманыбыз алсызданып, ынтымагыбыз ыдырап, напсибиз бузулуп баратат. Ойлонолу, туугандар, кеч боло электе.
@@БактыгульЖолдошова Союз убагында гыга караганда дабат , дин жолунда жүргөндөр көбөйдү. Бирок ач көз, эки жүздү , жегичтер көбөйүп кетпедиби.
Калыгул Олуя жаткан жериниз Бейш болсун. Сиздей Акылдуу Адамдарды Кыргызстандын Эли еч качан унутпайт. Рахмат эн сонун ырларга.
Болотбек! Чоон Рахмат балам!
Ишине Ийгилик!!!
Эй айныган Болот эмесЖолболду.
Тамтаган ырчыларды жоготуп илгеркилерди коп чыгарыш керек теледен
Таамай айтылган Калугул Олуя деп аты чыккан инсан .Алла раазы болсун!!!👍👍👍👍👍🤲🤲🤲🤲🤲
Дизлайкты азыркы жегичтердин,саткын,жугундукорлору басты да алыстан душман келбейт.
Арбагы ыраазы болсун!
Аминь!
ИншаАлла дин менеети токтобой болуп турса Калугул олуйядай адамдар дагы чыгат Кудайым буйурса
Nub opportunities to oooiioi9iifitit 9:30pm and other protection tkl
Калыгул олуяны,азыркы дин боюнча кабыл албайт го,Манасты жомок деп айткандан кийин.Отуп кеткен Кыргыздын улуу инсандарын,олуя болобу,эпос болобу динге аралаштырбай эле суйлогулочу,ото эле кыргыз тарыхын терен билгенге окшобой
Дагы коп насааттарын чыгарсаныздар
Арбагы ыразы болсун амин
Өтө керемет ❤️
Илгери "Мурас"деген китептен окудум эле.Ошол китепти таппай журом.Бут илгерки акындардын ырлары камтылган.
Бизде да Мурас китеби бар казалдар түрүндө
Менде ошол китеп бар
@@Kyrgyzcha_yr кантип таап алсак болот китепти
@@ТороМоро ал китеп азыр сатыкта жок. Кыргызстанда деле өтө аз кишиде болсо керек. Адабиятчы болгондугум үчүн бул китеп мага өтө баалуу😄 болбосо берет элем... Сураштырып көрүңүз 🤷🏻♀️
@@Kyrgyzcha_yr сиз Кыргызстанда кайжеринде турасыз?
Кыргызда кандай гана кыраакы Олуялар болгон, керемет👍👍👍👍🔥🔥🔥🔥🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Ээ Аллахым кыргыз элибизге ыйман ынсап тынчтык берекор, эл башчы журт башчыларыбызга акыл эс ыйман берекор эл жерибиз учун акыйкат иштеп беришсин.
Кыргыздын чыныгы мырзалары👍🏼👍🏼👍🏼👍🏼
Эң мыкты мазмундуу насаат ыр экен.
Ютубтун астына ырдын текстин жазып койсоңор, жаттап алып комуз менен биз деле ошентип дастан кылып олтуруштарда де жамаат арасында ырдай жүрсөк...маанисиз ырлардан көрө уккулуктуу да нускалуу да болчудай...
Ушундай наасат ырларды мектеп программасына киргизсе жакшы болмок себеби окуучулар кыргыз Ким экенин билип чонойот эле .Аттин.ай
Калыгул атадай коп болуптур ушул акылмандарды мектеп окуу китебине киргизиш керек ар бир окуучу балдар билип тааныш керек союз убактысында бизге кыргыз акылмандарды айткан эмес азыркы осуп келе жаткан муундарга таанытыш керек ар бир создун муунун мугалимдер балага тушкндуруш керек кара соз менен
Ушундай бир мезгил келет элдин жакшы коргон байлыгы кой болот. Эл шаардан качып кыр ашып кой багып калышат деген экен Калыгул олуя.
Дизлайк кайсы макоолор басты экен
Жолболду үнү өзгөчө да чиркин!
Болуш Мадазимов го.
Бул ырларды англисче жана башка тилдерге которуп корком окуш керек ! Ошондо Кыргыздар ким экенин дуйно элдери билишет !!! Кыргызды Кудай суйгон эл !
Кайра кайра уккум келип кечке уготам 🤤😍😍😍👍👍👍👍👍
Калыгул олуя жонундо фильм чыгаргыла!
Абдан туура,Кен экрандуу фильм чыгарышса жакшы болот эле
БАРАКЕЛДЕ!! Ушундай санат, термелерге Эл муктаж! Олуя атабыз КАЛЫГУЛДУН ар бир сөзү тарбия таалим!(Кипрден)
КЫЗДАР КЫЗ БОЛГОНУН УНУТУП АЧЫК ЧАЧЫК КИЙИНИП ЭРКЕК БАЛДАР КУЛАГЫНА СОЙКО ТАГЫП УШАК АЙТЫП ТАР ШЫМ КИЙИП ЭРКЕК ЭКЕНИН УНУТУП БАРАТАТ. АЯЛЫН КЫЗГАНГАН АЯЛ МАМЛЕКЕТТИ КЫЗГАНАТ ДЕГЕН. АЗЫРКЫ ЭРКЕКТЕР АЯЛЫН АЧЫК КИЙИНТИП ДОСУМ МЕНЕН БИЙЛЕ ДЕЙТ. ЗАМАН ОРДУН ДА АДАМДАР БУЗУЛДУ. ЭСКИ АДАМДАР ДАЙ АДАМ КАЛБАДЫ. АТТИН АЙ.
Калыгул Бабанын создору ото курч болгон экен! Муну жеткиликтуу ырдаган Жолболду Алыбаев агай экен! Ар бир кыргыз маанисин билип угуп журуубуз керек!
Ырын кайсы сайттан кочурсо болот?
Ким ырдап жатат мукам үндүү экен..
Жолболду Алыбаев
Калыгул олуя атабыздын
насааттарын радио,телевизордон берип
турса,жаштарыбызга ыйман,
карыларга нарк,элибизге
олбос кенч болоор эле.
Ырахмат эн сонун
Алдыны көрө билген
Олуя бангодой болгон
Кадырын көзү тирүү кезде кыргыздарбаалабайт
олуя атабыз 200 жыл мурун ушул заманды айткан экен да
Укмуш Рахмат сизге 🌹
Калыгул - кыргыз философиясынын мыкты өкүлү. "АСКАР, АСКАР ТОО АКЫРЫ ЧАП БОЛОТ ..."
Бул эски ыр модога жараша уккула деп айткандар🐂👈 тушундунорда!ушундай ырлардан отору жок мааниси жок ыр укканча ушул жакшы!бул силерге моргенштар эмес тантыган
Эмнеге Омар хаям Алишер Навоини мактайбыз. Мына биздин олуялар алардан жакшы рубаилерди калтырып кетишкен. Биз бул олуяларыбыздын нассат ырларын чыгарып дунуйого таркатышып керек. Билишсин кыргыз кандай улуу эл болгонун.
Улутчул болбо, тууганым, алар дагы мактоого татыктуу чыгыштын улуу классиктери, алар дагы улуу философияны калтырышкан.алар дагы кайталангыс инсандар.
Отоо маанилуу кайра кайра угамын
Чоон рахмат эмгегинизге. Калыгул ата менин чон чон атам болот. Калтырган коментарийлерге да ыраазычылык билдирем.
Аллах ыраазы болсун Сизге Калыгул Ата, Аллахым ОЗ ырайымына алсын!
Ушундай Улууакындардын китебин мамлекетэс алып чыгарса сатып алуучулар коп коп болмок.
Дагы рептен дагы сонун болуптурго.Айткандарынын баары туура экен.
Созду туура жазалычы сураныч
Калыгул олуянын насаатарын кобуроок чыгаргылачы.
Керемет тарбия таалим,дейт ушуну.
Жолболду Алыбаев ага коп жашаныз, ден соолукта болунуз.
Кызаргандын баарысы
Манат болот турбайбы.
Кылган иштин баарысы
Адат болот турбайбы.
Ырдагандын баарысы
Санат болот турбайбы.
Аттууну коюп, жөөнү айтам,
Арбак конгон дөөнү айтам.
Катар-катар лөктү айтам,
Калп айтпаган төптү айтам.
Көкүрөк чечен болбосо,
Көзү көрүп не кылат.
Жан кыйналат дебесек,
Жардылыктан ким өлөт?
Кара килең болбой, кар кетпейт,
Капсалаң болбой, жут болбойт.
Кара өзгөй болбой, доо болбойт.
Шагылы болбой, зоо болбойт.
Шайыры болбой эл болбойт,
Пейили жакшы кем болбойт.
Чаң созулат тамандан,
Жакшылык келбейт жамандан.
Булбулдун мукам үнү бар.
Тайлактын таза жүнү бар.
Коргондуу жердин ору бар,
Улуктун катта зору бар.
Экинин бири болбогон
Кембагал эрдин шору бар.
Аскар, аскар, аскар тоо
Аягы барып чап болот.
Атадан алтоо болсоң да,
Сыйлашпасаң, жат болот.
Теректин түбү тыт болот,
Жаман адам кырт болот.
Каарына алганда,
Ак жайдын күнү жут болот.
Ак бөкөн келип жыгылат
Алдын казып ордосо,
Ак шумкар келип илинет,
Саятчы алдын тордосо.
Ийри жыгач түз болот,
Тезге салып оңдосо.
Ак шумкар келип илинет,
Саятчы алдын тордосо.
Ийри жыгач түз болот,
Тезге салып оңдосо.
Душманына кор болот,
Өз тууганын кордосо.
Бу дүйнөдө не карып?
Сатылбаган бөз карып.
Айтылбаган сөз карып,
Замандашы болбосо,
Карыя болоор тез карып.
Кадырын жеңе билбесе,
Бойго жеткен кыз карып.
Эл жакалай конбосо,
Бетегелүү бел карып.
Каз-өрдөгү болбосо,
Айдың чалкар көл карып.
Улук адыл болбосо,
Убара болот эл карып.
Жалтаңдын башы зоо болот.
Жаман менен дос болсоң,
Акыры бир күн доо болот.
Жакшы менен дос болсоң,
Өлгүчөктү коштошот.
Жаман менен дос болсоң,
"Баягымды бергин" деп,
Эки айдан кийин мушташат.
Кетсе дөөлөт колуңан,
Келмеги кыйын мал кайтып.
Келе деп келсе бересең,
Кейитет жанды саргайтып.
Чырпыгың сынса талыңдан,
Чынар болбойт ал кайтып.
Чындап ажал келген соң,
Чыккан жан келбейт ал кайтып.
Өткөн өмүр -качкан куш,
Колуңа келбейт ал кайтып.
Катынды мээнет чырмаса,
Каяша айтат эрине.
Жардыны мээнет чырмаса,
Аштыгы чыкпайт жерине.
Жакшыны мээнет чырмаса,
Жакыны менен кас болот.
Баланы мээнет чырмаса,
Сары карт чыгып, таз болот.
Келинди мээнет чырмаса,
Кайненеси кас болот.
Кызды мээнет чырмаса,
Атасынын төрүндө
Көп олтуруп кор болот.
Тузду мээнет чырмаса,
Даты чыгып шор болот.
Манапты мээнет чырмаса,
Түбү менен кор болот.
Атты мээнет чырмаса,
Аягынан басынат.
Төөнү мээнет чырмаса,
Котур болуп кашынат.
Байды мээнет чырмаса,
Ашканага жашынат.
Кырчын айтат талмын деп,
Кемер айтат жармын деп.
Чымчык айтат кушмун деп,
Чырпык айтат салмын деп.
Жекендүү көлдүн бал камыш,
Жылкы салса, от жанат.
Уулу жаман болгон соң,
Дөбөдөй болгон атасын
Төө үстүнөн ит кабат.
Булбул үнүн эшитпей,
Буралып гүл ачылбайт,
Муңдуунун үнү басылбайт.
Күкүк үнүн эшитпей,
Күн жайланып ачылбайт.
Күйүттүү болгон адамдын
Күндө үнү басылбайт.
Боло турган азамат
Болоттон кылыч байланып,
Жоого тийсе, сүрү бар.
Тамды тешээр уурунун
Сабы кыска чоту бар.
Боло турган жигиттин
Жүрөгүндө оту бар.
Аргымак мойнун ок кесет.
Азамат мойнун жок кесет.
Аргымактын азганы-
Аркы-терки басканы.
Азамат эрдин азганы-
Көчкөндө жөө басканы.
Аргымакта жал жок деп,
Жолго таштап кетпеңер.
Азаматта мал жок деп,
Жоого таштап кетпеңер.
Өзөндүү сууга тал бүтөт,
Өлбөгөн кулга мал бүтөт.
Мал бүткөнчө иш кетет,
Ага-инидей дос кетет.
Куурай чыкпас куу такыр,
Куурай чыгып бергенде,
Кулун чуркап өтө албайт.
Мал жыйылып күткөндө,
Айдап журтка жете албайт.
Жаман атты буйга мин,
Түнөп калган уйга мин.
Чанач алып, сууга мин.
Ишенимдүү жакшы атты
Көтөрүлгөн тууга мин,
Кулак тунган чууга мин.
Атың кашаң болгон соң,
Аштан, тойдон калган соң-
Күлүктүгү не пайда?
Алганың сулуу болгон соң,
Аркырап беттен алган соң-
Сулуулугу не пайда?
Этекти кессең, тон болбойт,
Эзелки душман эл болбойт.
Желкени кессең, тон болбойт,
Жеткилең бийик жол болбойт,
Жээн-тагаң эл болбойт,
Жеке тамчы сел болбойт.
Жалгыз өлсө, чуу чыкпайт,
Жар куласа, суу чыкпайт.
Ак чыңгыл тоонун этегин
Адис мерген кийиктейт.
Алганы жакшы жолукса,
Азамат көөнү бийиктейт.
Ак кула аттар кимде жок,
Жүгүрбөсө тайча жок.
Ага-тууган кимде жок,
Сыйлашпаса, жатча жок.
Бедери жок торкодон
Бек токуган бөз жакшы.
Медери жок туугандан
Бек сүйлөшкөн жат жакшы.
Алтындуу ээр атка бап,
Атка тынчы жок болсо,
Алтынын алып, отко жак.
Акылдуу тууган болбосо,
Акырын айтып, жатка жак.
Күмүштүү ээр атка бап,
Күлүккө тынчы болбосо,
Күмүшүн алып, отко жак.
Күйөөр тууган болбосо,
Күлө багып, жатка жак!
Азыркы акындар капа болбогула ,накта акын,накта уйкаш создор ушундай болуш керек .
Уккула элим нурлан насиптин ырын укпай ушул ырды
Кандай гана сонун чыгарма,
Айткан сөзү тарбия.
Ан сайын уккуң келет.
Таарыхыбызды унутпайлы
Рахмат
Туптууура
Эң сонун
Жаткан жери жайлуу болсун олуянын
Айтканы айткандай
Келип жатат100жыл
Мурун кылычсыз
Кырат кытайлар
Кызыкпа кыргыз
Кызыкпа ачка калсаң
Дагы деген азыркы
Президент элди
Келечекти ойлош керек
Болчу Кытайдан качып
Жолду бекер салган жок
Биздин жол биз
Салган жол деп
Элүү жыл аренда алсаболду карттар
Чыкпайт түрк араб
Орустар менен алака
Эмнеге түзбөйт ажобуз
Кандай Гана таамай создор
Олуяа атабызга чексиз таазим
Укмуш
Садыр Жапаровдун голосуна окшош экен голосу
😂
Аябай укмуш жеткире аткарган.Кудай омурунузду берекелуу кылсын Жолболду ага, бактылуу карылыктын доорун сурунуз.
Олуя Алланын досу буларга акырете коркунч жок бейиш болот калыгул олуя га ☺️☺️☺️✊
Вот это насаат!!
👍👍👍🤔🤔🤔
Какие слова)) надо учиться. Познавательно))
👉🇰🇬😃👈🤗
Кызыргандын баарысы-манат БОЛБОЙТ турбайбы!
Кылгын иштин баарысы- адат болбойт турбайбы!
Ырдаганын баарысы-санат болбойт турбайбы!
@@ГуляимИманалиева туура, Нурлан Насип же Гуланданын ыры санат эмес да.
🌹🌹🌹👍👍👍
Бальи
"Атың качак болгон соң, аштан тойдон калган соң, күлүктүгү не пайда?
Алганың жаман болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда?"
Калыгул Бай уулунун, Санчы сынчынын, Арстанбек Буйлаш уулунун,Сарт акенин,Кыдыр акенин,чыгармаларын айтып кеткен мурастарын,санат ырларын Телевизордон көп берсеңер жакшы болот эле.Башты ооруткан,антпе минтпе,тигинтпе,ал болбойт,бул болбойт деген диний каналдар,берүүлөр өто көбөйүп кетти.Аларды көрүп алып,оомо кыргыз арабдашып,ашынган исламдашып салт санаасынан,маданиятынан чанып атышат.
Рахмат сиздерге дагы чыларсаныздар жакшы болот эле
Кыргыз
Тик Токо ушуларды жутко керек
Калугул олянын насаатынтелефонго толук жазып койгула жаш муунда р окуп акыл алышсын
Туптууура айтыптыр
Бекеринен Калыгул олуя деп айтышпаптыр Аллах ыразы болсун
Соз жок жакшы ырлар