Салиха аял,сенин аракетин менен келбейт.Ал Раббисинен корккон такыба адамга өзү келе турган ырыскы

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 15 сен 2024
  • "Солиха аял"деген ким?
    - "Солиха аял-эркек үчүн жалган дүйнөнүн эн жакшы белеги🎁. Жолдошунун бактылуу болуусунун себеби.
    Солиха аялдын белгилери:
    1⃣ Өзүн жана үйүн күйөөсү барында да, жогунда да сактап, күйөөсүнүн жек көрүүсүнөн оолак болот.
    2⃣ Намаз, орозо сыяктуу ибадаттарга бекем болот.
    3⃣ Айтылган осуяттарга акылы жана жүрөгү менен кулак салып, жаңжал, пикир келишпестиктен ыраак болуп, адам менен баарлашууну өздөштүрөт.
    4⃣ Көркөм кулк-мунөз жана адептүү мамиле менен зыйнаттуу болот.
    5⃣ Жаман жана уяттуу сөздөрдөн өзүнү сактайт жана үнүн бийик көтөргөндөн сактанат.
    6⃣ Динге бекемдик менен адеп-ахлакта динге каршы келбеген бардык иштерле жолдошунун талаптарын аткарып, ага моюн сунат.
    7⃣ Күйөөсүнө жылуу жүз менен карап, анын жүрөгүн элжиретип сар-санаасын женилдетет.
    8⃣ Перзенттерине мыкты тарбия берип, аларга дин менен жакшы күлк-мүнөздү үйрөтүү, илим алууга жана жакшылыкты жакшы көрүүгө багыт берет
    9⃣ Күйөөсү үчүн жасанып, жыпар жыт менен арууланат.
    1⃣0⃣ Сабырдуу болуп ( Солиха аял күйөөсүнүн колунун жукалыгына сабыр кылып, анын колунан келбегенин талап кылбайт).
    1⃣1⃣ Кайын журтуна кадырлуу мамиле жасап, улуусуна урмат, кичүүсүнө кызмат көрсөтөт.
    1⃣2⃣ Үйдөн сыртка чыкканда күйөөсүнүн уруксаты менен гана чыгат.
    1⃣3⃣Кайсы бир нерсени айткысы келсе же бир нерсени сурагысы келсе, ылайыктуу убакыт тандап айтат.
    1⃣4⃣ Бой көтөөрүү менен текеберчиликтен качат.
    1⃣5⃣ Күйөөсүнө болгон сүйүүсүн көрсөтүп, анын сезим-туйгуларын сыйлай алат.
    1⃣6⃣ Күйөөсүнүн катасын бетине ачык айтпай, айла-амал, акыл- эрктүүлүк менен үндөөгө аракеттенет.
    1⃣7⃣ Күйөөсүн башка эркек менен салыштырбайт, анын алдында башка эркектердин жакшы сапаттарын айтып мактабайт.
    1⃣8⃣ Гыйбат сүйлөбөйт.
    1⃣9⃣ Башка бирөөну жамандап , ушактап айтып келбейт.
    2⃣0⃣Жубайлык жашоодогу сырларды сыртка чыгарбайт.
    2⃣1⃣ Аманатка бекем болот.
    2⃣2⃣ Күйөөсүнүн уруксатысыз нафил орозо кармабайт.
    2⃣3⃣ Кийиминде, жүрүм-турумунда, сөзүндө эркектерге тийешелү сапаттардан алыс болот.
    Мына ушундай сыпаат-тарбиядагы аялдар Жаннат ээлери болушуна Куран-Сүннөттө көптөгөн далилдер келген.
    Аллахтын элчиси ﷺ айтты: "Эгер аял киши беш маал намазын окуса, Рамазан айында орозосун кармаса, зинадан (ойноштуктан) сак болсо жана күйөөсүнө баш ийсе, андай аялга "жаннаттын каалаган эшигинен кир" -деп айтылат!"". Ибн Хиббан. Хадис сахих. "Сахих аль-джами’", 660.

Комментарии •