Малды эмес өлгөн адамды жиликтегиси келген министр
HTML-код
- Опубликовано: 8 фев 2025
- Ар дайым Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сынга кабылып келген Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кечээ комитеттин жыйынына катышып, кайрадан эле кагуунун алдында калды. Министрдин ишмердүүлүгүнө ичи чыкпаган эл өкүлдөрү Бейшеналиевдин дары саясатын сынга алышты. Алар өлкөдө дары-дармек жетишсиздигине байланыштуу маселе барган сайын курчуп жатканын белгилешип, министрдин реформасынан дайын жок экенин бетине айтышты. Жеке даарыкыналардан арзан болот деген максатта түзүлгөн Эл аманда эмнеге дарылардын баасы кымбат деген суроого, министр аталган аптеканы Неман жеке дарыканасына салыштырып, экөө тең бирдей дарыкана деп, бул жолу да балп этти. Бейшеналиевдин дары саясатына ичи чыкпай жаткан Жогорку Кенеште бул жолу көз жумгандардын айрым органдарын донор кылууга уруксат берүү маселесин көтөрүп эл өкүлдөрүнүн оозун ачырды. Министр Кыргызстанда донор табуу эң негизги көйгөй экенин айтып, көз жумгандан кийин жана ыктыярдуу донор болууга уруксат берүү каралып жатканын кошумчалады.
Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор
Телеграм каналыбызда
Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз
t.me/azamatlive
Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇
/ @azamatlivekg
#кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар