Мүлктү кайра сатуудагы салык салуу тууралуу

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 15 сен 2024
  • Батир, үй же унаа сатууда төмөнкүлөрдү эске алуу керек:
    1️⃣ Эгерде мүлк 1 жылдан аз убакытка менчигинде болуп, аны кайра саткан учурда, андан алынган кирешеден киреше салыгын төлөө керек.
    2️⃣ Эгерде мүлк 1 жылдан кийин сатылган болсо, анда мүлк канча суммага сатылганына карабастан, салык төлөө талап кылынбайт.
    📌 Мисалы, мүлктү 3 млн сомго сатып алып, бир жылдын ичинде кайра 3,5 млн сомго сатты дейли. Киреше 500 миң сомду түздү жана бул суммадан 50 миң сом киреше салыгы төлөнүшү керек.
    ❗ Бул жаңы норма эмес. Ал Салык кодексинин мурунку редакцияларында да болгон, бирок 2022-жылга чейин ээлик кылуу мөөнөтү 2 жылды түзүп келген, ал эми азыр бул мөөнөт 1 жылга кыскарган.
    📍 2022-жылдан баштап киреше салыгы курулушка, жасалгалоого жана оңдоого кеткен чыгымдарды алып салгандан кийин эсептелет (чыгымдарды тастыктаган тиешелүү документтер болгон учурда).
    🔍 "Кадастр" жана "Унаа" органдардын маалымат базалары Салык кызматынын маалымат базасына интеграцияланган. Бул мүлктү сатып алуу-сатууларга талдоо жүргүзүүгө жана салык мыйзамдарын бузуу учурларын аныктоого мүмкүндүк берет.
    ❗ Маанилүү! Эгерде салык органынын чечими тапшырылган учурдан тартып 15 күндүн ичинде салык калдыгынын толук суммасын жана туумдун жарымын төлөсө, туумдун калган 50 %ын төлөөдөн бошотулуу мүмкүнчүлүгү бар.
    Толук маалымат: sti.gov.kg/ky/...

Комментарии •