Өмүрзак Кайыпов, Элзар Өскөнбаева / Жандуу үн
HTML-код
- Опубликовано: 29 сен 2024
- Марал радиосунун расмий сайты - maralfm.kg/
Биздин Facebook баракчабыз -
/ maralradio
Биздин Одноклассники баракчабыз - ok.ru/maralradio
Бизди Twitter аркылуу да окуп туруңуз - / radiomaral
Instagram социалдык тармагында - / radio_maral
Ал эми бизди жалпы интернет айдыңында #РадиоМарал #МаралРадиосу #MaralFM #КыргызстанЖаңылыктары #Марал_шоу #марал_түз_эфир хэштегдери аркылуу тапсаңыздар болот.
© Радио Марал
Каректен нуруң төгүлүп,
Кат-каттап санаам бөлүнүп.
Кайгыга салдың, карындаш,
Картайган кезде көрүнүп,
Мен картайган кезде көрүнүп.
Таң кылайып чыгыштан аткан кезде,
Талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде.
Мезгил торун тынымсыз токуй жүргөн,
Мээнеткеч күн түнөккө жаткан кезде.
Махабатым сизге арнагам…
Ууртуңдан күлкүң төгүлүп,
Үгүлүп, санаам сөгүлүп.
Убайга салдың, карындаш,
Улгайган кезде көрүнүп,
Мен улгайган кезде көрүнүп.
Бүлдүркөндөр ширесин төккөн кезде,
Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде.
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдай,
Сагынычтар туш-тушка учкан кезде.
Махабатым сизге арнагам…
Болумуң толгон ай белең?
Болжошуп күтчү жай белең?
Бой тумар сындуу, периштем,
Боз улан кезде кайда элең?
Мен боз улан кезде кайда элең?
Жемиш бактар ширесин төккөн кезде,
Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Арабыздан көп күндөр өткөн кезде.
Махабатым сизге арнагам…
Корбосон сени бироо кыйнап жатабы сени корбой кой.Унунорго береке
Кыргыздын алп талантары
👍👍👍👍👍❤❤❤❤🥰🥰
Улан менен Каныкейге жетпейт экенсинер
Азаматтар
Жоок алардан ашат
Туфта полный 😂Ким корот болду экен ушундайларды
Мен кором
@@ПрооРооототото молодец