АБШЫР-АТАНЫ СЕЛ АГЫЗЫП...

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 27 июн 2024
  • Кечээ, 28-июнда жааган жамгырдын кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр- Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
    Ал жакка Ноокат шаардык №71 ӨККБдан жана Кызыл-Кыя шаардык ӨКБдан 10 куткаруучу саат 22:50дө жетишип, издөө иштерин башташкан. Жеринде 65 куткаруучу иш алып барган.
    Маалыматка ылайык, суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам суудан өтө алышпай калгандыгы аныкталган. Азыркы учурда жеринде куткаруу жана издөө иштери уланууда.
    Белгилей кетсек, 28-июнда саат 16:10 чамасында Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр- Ата айылында нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына сел суулары түшкөн.
    Натыйжада 1 ички чарбалык көпүрөнү, №37 ЖТИге караштуу 1 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген. 7 адамды сел суулары агызып кетип, 5 адамдын жансыз денелери табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.

Комментарии • 1

  • @user-lp7nt7pt1n
    @user-lp7nt7pt1n 21 день назад

    Ушул.кыйналган элимдин ичинде ,чондордон да бар болду бекен?Эл эле кыйналат!