Казакстан Республикасынын Вьетнамдагы элчиси Канат Тумыш мырзага Сиздин улустун улуу күнү “Нооруз” майрамына карата Кыргызстан элине арналган куттуктооңузду жалпы элибиз менен бирге мен да кубануу менен кабыл алдым. Сиздин бул куттуктооңуз эзелтеден кою короолош, айылы аралаш, бир тууган боордош казак-кыргыз элинин ынтымагынын чыңдалышына, биримдигинин бекемделишине чоң салым кошот. Залкар инсандарыбыз Мухтар Ауэзов, Чыңгыз Айтматов, Мухтар Шахановдор эки элге данакер, “алтын көпүрө” болушкан. Сиз да ошол жолду улап, казактын элге төбөсү көрүнгөн азамат уулу, мыкты дипломат катары көп иштерди аткарып келесиз. Андыктан Сизге бекем ден соолук, үй-бүлөңүзгө бакыт-таалай каалоо менен бирге, ары жооптуу, ары сыймыктуу жумушуңузду ийгиликтер коштоп, казак элиңизге талыкпай кызмат кыла беришиңизге тилектешмин. Алматы шаарынын "Мурас" этномаданий бирикменин Төрагасынын орунбасары Манас Тышыбеков
Чоң рахмат, Казак Кыргыз бир куштун эки канаты. ❤❤❤
Азаматсыз элчи мырза, ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз ❤
Терен ыраазычылык Сизге ишинизге ийгилик ❤
Азаматсыз
Чон Рахмат!
Казакстан Республикасынын Вьетнамдагы элчиси
Канат Тумыш мырзага
Сиздин улустун улуу күнү “Нооруз” майрамына карата Кыргызстан элине арналган куттуктооңузду жалпы элибиз менен бирге мен да кубануу менен кабыл алдым.
Сиздин бул куттуктооңуз эзелтеден кою короолош, айылы аралаш, бир тууган боордош казак-кыргыз элинин ынтымагынын чыңдалышына, биримдигинин бекемделишине чоң салым кошот. Залкар инсандарыбыз Мухтар Ауэзов, Чыңгыз Айтматов, Мухтар Шахановдор эки элге данакер, “алтын көпүрө” болушкан.
Сиз да ошол жолду улап, казактын элге төбөсү көрүнгөн азамат уулу, мыкты дипломат катары көп иштерди аткарып келесиз.
Андыктан Сизге бекем ден соолук, үй-бүлөңүзгө бакыт-таалай каалоо менен бирге, ары жооптуу, ары сыймыктуу жумушуңузду ийгиликтер коштоп, казак элиңизге талыкпай кызмат кыла беришиңизге тилектешмин. Алматы шаарынын "Мурас" этномаданий бирикменин Төрагасынын орунбасары Манас Тышыбеков