Той күтүнүп ак жоолукчан, Бой жеткен белең билинбей. Келгин куштай колдон учкан, Кезинде кантем күйүнбөй. Таалайыңа талпынасың, Башынан дүйнө ушундай. Мөлт этсе да тамчы жашым, Бакыт жок ушул учурдай. Кайырма: Аруу кызым, ананайын, Жар болгунуң жакшыга. Балапансың мага дайым, Айлансаң да ак кууга. Сага берем ак батамды, Бактылуу бол, нур кызым. Кубандырып эне-атаңды, Тунук болсун турмушуң. Жарың менен дүйнө жаркын, Башыңа алтын куш конуп. Эркелегиң үйдө калсын, Жаңы үйгө баргын кут болуп. Атала көр, жакшы келин, Ак жоолук түшпөй башыңан. Билгизип да ак тилегим, Биринчи бийге чакырам. Кайырма.
Кудай буюрса кыздуу болсом ооо кызым куйоого кетип атканда ушу ырды озум ырдап берем 😌😌😌😌😌🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻
Кандай сонун ырдын мааниси ❤❤❤❤❤❤❤
Той күтүнүп ак жоолукчан,
Бой жеткен белең билинбей.
Келгин куштай колдон учкан,
Кезинде кантем күйүнбөй.
Таалайыңа талпынасың,
Башынан дүйнө ушундай.
Мөлт этсе да тамчы жашым,
Бакыт жок ушул учурдай.
Кайырма:
Аруу кызым, ананайын,
Жар болгунуң жакшыга.
Балапансың мага дайым,
Айлансаң да ак кууга.
Сага берем ак батамды,
Бактылуу бол, нур кызым.
Кубандырып эне-атаңды,
Тунук болсун турмушуң.
Жарың менен дүйнө жаркын,
Башыңа алтын куш конуп.
Эркелегиң үйдө калсын,
Жаңы үйгө баргын кут болуп.
Атала көр, жакшы келин,
Ак жоолук түшпөй башыңан.
Билгизип да ак тилегим,
Биринчи бийге чакырам.
Кайырма.
Со
Сиз мыктынын мыктысыз
Соонун ыр💯💥
Соонун ыр экен.
👍👍👍👍👍👍