ИИМ: Эркебек Аширходжаев милициянын ардагери Чоюнбек Сагынбаев менен жолукту

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 27 июн 2024
  • Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүүнүн алкагында ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев жана Чүй ОИИББнын башчысы Каныбек Абдырахманов, Чүй ОИИББнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Кабылбек Бешимбаев ички иштер органдарынын ардагери 93 жаштагы Чоюнбек Сагынбаев менен кезигип келишти.
    Эркебек Аширходжаев ардагер атага көп жылдык кызматы жана Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Жолугушуу учурунда Эркебек Аширходжаев ардагерге ыраазычылык кат жана баалуу белектерди тапшырып, Чоюнбек Сагынбаев сыяктуу инсандар өзгөчө урмат-сыйга жана жогорку баага татыктуу экенин белгиледи. Министрдин орун басары ардагерге чың ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.
    Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесин белгилөө өлкөнүн тарыхында мыйзамга жана элге кызмат кылуунун кылымдардан бери келе жаткан салтын билдирген маанилүү окуя болуп калат. Быйылкы тарыхый жылда Ички иштер министрлиги өздөрүнүн кылым карыта өмүр сүрүп келе жаткан ардагерлерин урматтап, алардын мыкты сапаттарын үлгү катары алышып, милициянын татыктуу жана ар намыстуулук менен улантууга умтулуп жатышат.
    ИИМдин Басма сөз кызматы

Комментарии •