Көк бөрү боюнча Чүй облустук чемпионаты жыйынтыкталды

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 20 сен 2024
  • Чүй облусунда көк бөрү боюнча 5 күндүк турнирдин мыктылары аныкталды. Жаштар жана муундар арасындагы ынтымакты чыңдоо кубогу бүгүн Сокулук районундагы "Белек" ат майданында майрамдык салтанат менен жыйынтыкталды.
    Кыл чайнашкан таймашка жалпысынан аталган облустан 31 команда катышып, алар үч категорияга бөлүнгөн. 16 команданын ичинен мыкты болуп Жайыл районунун командасы табылды. Биринчи орунду алганы үчүн 250 миң сом, алтын медаль жана кубок менен сыйланды. Ошондой эле жаш курагына жараша 1-чи орунду 50 жаштан жогору -Сокулук району, 40 жаштан жогору - Аламүдүн району жеңип чыкты.
    Белгилей кетсек, «Чүй Ынтымагы» кубогу үчүн мелдеш 30-мартта башталып, бүгүн 3-апрелде аяктады. Турнир Чүй облусунун көк бөрү федерациясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов тарабынан уюштурулду. Таймаштын жалпы байге фонду 1 млн 250 миң сомду түздү.

Комментарии •