Нурайым Акылбекова / Арданып Журом (cover by Nuraiym)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 20 май 2023
  • Нурайым Акылбекова
    «АРДАНЫП ЖҮРӨМ»
    с,о: Кутман Садыбакасов
    Видеограф: Айбек Акматов
    админ тел: +996 700 83 82 84
    Супасын чачса таң жарык,
    Суюлуп жылдыз, шам жанып.
    Булбулдар керип көкүрөк,
    Бутактан учса жанданып.
    Торгойдун үнүн жактырбай,
    Томсоруп жүрөм арданып.
    Көңүлүңгө жаккан пери зат,
    Көрүнөт экен пир болуп.
    Көмөкөй сыздайт муңканып,
    Көксөтпөй эркем бир жолук.
    Ызаага батып зарыктым,
    Ый менен ырым бир болуп,
    Көзүңдүн көрүп ирмемин,
    Көөхарды чанып иргедим.
    Кыйылып сенден кете албай,
    Кыйноону тарттым билбедиң.
    Жарыгым бирок зор бакыт,
    Жалганда жашап жүргөнүң.
    Жанга эм жаркын күлгөнүң,
    Жалындайм уксам сүйлөмүң.
    Кумардай, ушул сагыныч,
    Кусадан гана үндөдүм.
    Жабыкпа, эркем өзүңдү.
    Жар кылыш үчүн сүйбөдүм.
    #monomedia

Комментарии • 1,2 тыс.

  • @MonoMediaKG
    @MonoMediaKG  10 месяцев назад +28

    www.youtube.com/@Nuraiym_Akylbekova Нурайым Акылбекованын расмий RUclips каналына катталыңыздар.
    Өзүңүздүн ой пикириңизди комментарииге калтырыңыз.
    Биздин Видеолор жаккан болсо лайк басып, досторуңуз менен бөлүшүп коюңуз!
    Суроолор, сунуштар болсо : +996 (700) 83-82-84 кайрылыңыздар

    • @user-ew6tm5ki7p
      @user-ew6tm5ki7p 9 месяцев назад +4

      Ушол Кыз мага жакты

    • @user-qz3dy1nl4b
      @user-qz3dy1nl4b 8 месяцев назад +3

      😊😊😊😊

    • @user-jk2op1fg9i
      @user-jk2op1fg9i 7 месяцев назад +2

      Бактылуу бол туболугун туз болсун

    • @KG-wp8fs
      @KG-wp8fs 7 месяцев назад

      Ютуб каналы кандай

    • @user-ki1rp7du8k
      @user-ki1rp7du8k 6 месяцев назад +2

      Жаным дауысың қандай жақсы бақытты бол

  • @kyrgyztv2089
    @kyrgyztv2089 Год назад +1241

    Ким Нурайымдын чыгармачылыгын сыйласа.
    👇👍

    • @bekbolotabdalimuulu9106
      @bekbolotabdalimuulu9106 Год назад +5

      Сиздин да чыгармачылыгынызды сыйлайм

    • @user-wq3eq9py1x
      @user-wq3eq9py1x Год назад +3

      Сыйлайбыз бирок адамдык сапаты өтө пас окшойт концертке барбаптыр го ошончо адамдын шагын сындырып бир адамдын көңүлүн оорутсан канча кыжаалат болосуң

    • @user-su9oh6xp1p
      @user-su9oh6xp1p Год назад +5

      ​@@user-wq3eq9py1x концертке ырдаганы эч ким чакырган жок го

    • @user-qg7jy1rx2j
      @user-qg7jy1rx2j Год назад +11

      Адамдар эмне болуп баратат. Биржан экоонун ортосунда эмне болуп жатканын ким билет. Биржан Биржан бир казака аябай жалынды го оз кызын котормолобой

    • @user-ev6it8hb7g
      @user-ev6it8hb7g 11 месяцев назад

      ​@@user-wq3eq9py1x .6😮7т у

  • @JegdhBxhdh-se8gg
    @JegdhBxhdh-se8gg Год назад +81

    Жаны телефон алдым биринчи сени коруп лайк бастым

    • @user-cs1sz3cr2j
      @user-cs1sz3cr2j 10 месяцев назад

      😊

    • @user-cs1sz3cr2j
      @user-cs1sz3cr2j 10 месяцев назад

      😊

    • @user-pp6sr2ed2x
      @user-pp6sr2ed2x 9 месяцев назад +2

      Бугун жаны эшек алдым менда сенин каментин окуп лайк бастым❤

  • @user-il6yg8ks8b
    @user-il6yg8ks8b 11 месяцев назад +145

    Нұрайым қарындасым, Алла тіл-көзден сақтасын, өнерің өрге жүзсін. Әр-қашан бізді әдемі әндеріңмен қуантып жүре бер.Қазақстаннан сәлем.

  • @user-dr6in6zl3r
    @user-dr6in6zl3r 11 месяцев назад +65

    Калайык калк , жаш чырпыктай осуп бараткан талантыбызды сындырбайлы. Азыр жаш, келечеги такшалат....

  • @user-dr7sp3xn5s
    @user-dr7sp3xn5s Год назад +151

    Нурайканын личный жашоосуна киришпейле койолучу ,аяп кетем ушул кызды ,бул кыз али жаш келечеги алдында ,чыгармачылык ийгилик каалайм жолун ачык болсун ,бактылуу кыз бол ,ырдаган ырын соонун кызым 🎉🎉🎉❤❤❤❤

    • @user-ps2bg2iw9q
      @user-ps2bg2iw9q Год назад +9

      Туура айтасыз бирөөнүн талкалоого биздин акыбыз жок

    • @user-vu5ym4wy3i
      @user-vu5ym4wy3i Год назад +6

      Колдоыйм❤❤❤

    • @user-lm3mb7xi9m
      @user-lm3mb7xi9m Год назад +1

      ​@@user-ps2bg2iw9q
      З

    • @user-fb6eo9ko1z
      @user-fb6eo9ko1z 10 месяцев назад +1

      Туура ким кайсы жолду корсотко ошол жака баса турган убагы ,суйлогондо чечим м н суйлобойт бул кыз байкашымча созду да продюссерине карап суйлойт го

    • @user-vu5ym4wy3i
      @user-vu5ym4wy3i 10 месяцев назад +2

      Ошул жашда шончолык эптеб журетго. Ийгилик каалайым

  • @user-yk6qe2sw2f
    @user-yk6qe2sw2f Год назад +234

    Созолонткон мукам үнүң өчпөсүн,
    Келечегиң жаш чыбыктай көктөсүн.
    Кыргыз элдин булбулу бол таңшыган,
    Эч убакта күлгүн жүзүң чөкпөсүн.
    💐💐💐💐💐

    • @timurlanmomunov5293
      @timurlanmomunov5293 Год назад +9

      Кыргыз кызы онорун оркундой берсин Аллахым суук создон сактасын суук коздон сактасын таалыкпай эмгектене бер жаш талант эми чынардын чырпыгысын дагы келечек алдыда жакшы иштер алдыда алга кызым

    • @nigorahodjamova9974
      @nigorahodjamova9974 Год назад

      Х

    • @user-cp7ys2id9r
      @user-cp7ys2id9r Год назад +2

      Соонун кыз мага бардык ырлары жагат бактылуу кыз бол алтыным ❤😊

    • @manasaanada1234
      @manasaanada1234 Год назад +5

      Нурайка синдим игилик сага кыргыздардын булбулусун Алга Алга чын Ден соолук унуно берек жаркырап жайнап жузунон жылмайу кетпесин

    • @user-oc4tb7ep9m
      @user-oc4tb7ep9m Год назад

      ​@@manasaanada1234 ❤❤

  • @user-fx8hl7jy9u
    @user-fx8hl7jy9u 11 месяцев назад +129

    Үнүңө береке, өркүндөп өсө бер!
    Сени менен кыргыз эли сыймыктанат алтын кыз.

  • @sanzharerkinbek849
    @sanzharerkinbek849 Год назад +198

    Нұрай дауысын керемет! Бұрыннаң бері тындап келемін, осылай ерекше болып жүре бер👏

    • @user-yl3hn7eh4j
      @user-yl3hn7eh4j Год назад +4

      Жаным Нурайка
      Жаркылдап жүрө берсин.Биржан экөөңөр
      Ырдаганынар аябай
      жанга угумдуу болот.
      Суранабыз кайрадан
      ырдап чыккыла.
      Зоболон зоодой.
      Бактынар Тоодой болсун.

  • @user-qp4cp4mw3v
    @user-qp4cp4mw3v Год назад +209

    Нурайка кучугум журок ооруду чын созум элдин бата тилектери кабыл болуп сенин журогунду ооруткандар эсине келишеер Кызым кудайдан сураналы отунолу Сага бир зор быкыт келсин !

    • @gulmirakokoeva1450
      @gulmirakokoeva1450 Год назад +8

      Соонунгооо

    • @user-ot7mm9zb2o
      @user-ot7mm9zb2o Год назад +11

      Жожом чыгармачылыгына ийгилик омур узуун болсун,🤴🌹♥️🇰🇬💪💐

    • @user-wc4ye5vx7i
      @user-wc4ye5vx7i Год назад +9

      Нурайка ийгилик
      Кыргыз кызы деген наамды даалайларга данктап мактап журо бер
      Синдим

    • @user-gs2hb9wp6y
      @user-gs2hb9wp6y Год назад +8

      😄😄 мунун жүрөгүн ким оорутуптур ?

    • @user-us1uv5qm5v
      @user-us1uv5qm5v Год назад +6

      Нурайым омурун узун бактылуу таалайлуу келечеги кенг болсун

  • @user-so6qe8oy4z
    @user-so6qe8oy4z Год назад +235

    Аман бол, көз тийгенден ,сөз тийгенден кудайым өзү сактасын, ❤

    • @user-ff9xl1ot2t
      @user-ff9xl1ot2t Год назад +2

      Аминь

    • @user-qj1ov8uj8v
      @user-qj1ov8uj8v 10 месяцев назад

      онорун оркундосун берекем ит уроберет кербен отоберет демекчи жаман суйлогондор да аман боло беришсин конул бурба алга дайыма алга кадам таштай бер

  • @user-td5cy9bh7g
    @user-td5cy9bh7g Год назад +62

    Супасын чачса таң жарык,
    Суюлуп жылдыз, шам жанып.
    Булбулдар керип көкүрөк,
    Бутактан учса жанданып.
    Торгойдун үнүн жактырбай,
    Томсоруп жүрөм арданып.
    Көңүлүңгө жаккан пери зат,
    Көрүнөт экен пир болуп.
    Көмөкөй сыздайт муңканып,
    Көксөтпөй эркем бир жолук.
    Ызаага батып зарыктым,
    Ый менен ырым бир болуп,
    Көзүңдүн көрүп ирмемин,
    Көөхарды чанып иргедим.
    Кыйылып сенден кете албай,
    Кыйноону тарттым билбедиң.
    Жарыгым бирок зор бакыт,
    Жалганда жашап жүргөнүң.
    Жанга эм жаркын күлгөнүң,
    Жалындайм уксам сүйлөмүң.
    Кумардай, ушул сагыныч,
    Кусадан гана үндөдүм.
    Жабыкпа, эркем өзүңдү.
    Жар кылыш үчүн сүйбөдүм.

  • @user-dp8nb5xj9c
    @user-dp8nb5xj9c 7 месяцев назад +5

    Өзгөчө бир башкача тунук үн.Өмүрлүү бол Нурайка.Кызымдайсың, сени жакшы көрөбүз.Жаман көздөн ,суук сөздөн алыс бол садагасы.

  • @fjdhrhdjjdjrj9717
    @fjdhrhdjjdjrj9717 Год назад +36

    Нурайым берекем Биржан экоон бальзам дарыдай журогубузго Кирип.келдинер эн сонун чыгармалар мн ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

  • @user-ub9oo1jx5c
    @user-ub9oo1jx5c Год назад +484

    Апагым, аяй кызым, кичинекей кыргыз эрке кызым, кыйналбай эле ырды кооздоп ырдап коет да аяй кызым! Омурлуу, бакыттуу бол жожом кызым!

    • @zalkargulamjanov575
      @zalkargulamjanov575 Год назад +6

      Соонун ,ийгилик.бактылуу бол .

    • @user-om6nf2ty2s
      @user-om6nf2ty2s Год назад +7

      Талантын ташкындай берсин ийгилик

    • @alidarbishev8127
      @alidarbishev8127 Год назад +2

      Керемет!!! Кайра кайра уктумго. Игилик сага тентек Кыз.

    • @user-us1uv5qm5v
      @user-us1uv5qm5v Год назад +2

      Кыргызымдын сыймыктуу кызы бол

    • @user-sg7zg7if8l
      @user-sg7zg7if8l Год назад

      Соонун ийгилик каалаймын кыргыздын эрке,таланттуу кызы

  • @user-zv6ph5rc3v
    @user-zv6ph5rc3v Год назад +3

    Нурайым эже мен сизди жакшы кором ❤❤Нурайым эжени жакшы коргондор барбы бир ❤

  • @user-ux7bd7kd6g
    @user-ux7bd7kd6g Год назад +34

    2023-жылдын ээн мыкты ырчысы болот экенсин карындашым буйруса🔥🌹👍☝️🇰🇬

  • @user-vb8vs8jo3p
    @user-vb8vs8jo3p Год назад +64

    Азыр жаш эч нерсеге тушуно элек бала бойдон эркелеп жатат кыргыз элине

  • @user-nb6cy3lw8q
    @user-nb6cy3lw8q Год назад +14

    Мен 10 жолу кордум, эртен да 10 жолу кором, ар куну 10 жолудан корорм карындашым😊

    • @user-qh6dh6ve1i
      @user-qh6dh6ve1i Год назад

      Карындашын болсо корсунда

    • @user-ek2kn6qx3j
      @user-ek2kn6qx3j 3 месяца назад

      Мен да кечке көрөм,❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤ . Алтын кыз да бул уну кубулжуйт уккан сайын уккум келип🎉🎉🎉

  • @user-so8oe8tj5b
    @user-so8oe8tj5b Год назад +12

    Экоонун Тен журогу бирин бири издейт тоскоол болбогулачы сураныч суйуу Бир келет

  • @user-ft8gm1sq4w
    @user-ft8gm1sq4w Год назад +21

    Нурайка сен Биржан менен ырдачы коркунно корк кошулат ырларынна озуно биз силерди жакшы коробуз бут кыргыз элим

  • @user-pu3zl8nz3w
    @user-pu3zl8nz3w Год назад +72

    Сен бактылуу кызсың өркүндөп өсө бер өзүң сүйгөн бала м-н бактылуу бол

  • @user-db8zp2js4c
    @user-db8zp2js4c Год назад +80

    Нурайымды колдлгулачы, кыргыз элимдин чыгаандары, Сыймык, продюсери Бермет, жана башка маданият адамдары!!!! ❤❤❤❤❤

    • @user-hm7py7wi4s
      @user-hm7py7wi4s Год назад +3

      Элди сыйлаш керек анан эл көтөрөт

    • @user-hm7py7wi4s
      @user-hm7py7wi4s Год назад +2

      Ким коркутуп жатат бул кыздын апасы эле баарын кылып жатат окшойт эч кандай сөз жок өздөрүн өздөрү эле которуп жатат булар

    • @user-yz1kq4yz9o
      @user-yz1kq4yz9o Год назад +8

      ​@@user-hm7py7wi4s Элди сыйлабагыдай, эмне кылды? Эгер концерт болсо, ал жерде анын аты аталган жок, сүрөтү да жок жерге кантип барат? Өзүңөр чакырылбаган жерге конок болуп барат белеңер?

    • @ShamilOsmonbekov
      @ShamilOsmonbekov 11 месяцев назад

      ​@@user-hm7py7wi4s❤❤❤❤❤

  • @user-yr6fk5el7c
    @user-yr6fk5el7c Год назад +11

    Нурайка карындашым молодец берегись себя

  • @damiraabsamatova334
    @damiraabsamatova334 Год назад +35

    Жеке концерте аракет кыл сени колдой тургандар коп

  • @user-co1ml5de8i
    @user-co1ml5de8i Год назад +58

    Нурайка Биржан экоон тен келесин бирине бирин. Ар кимдин созун укбай журогундун созун ук! Кийин окунуп каласын....

    • @vera002
      @vera002 Год назад +2

      Биржанды продюссери кошпой атат окшойт.Нурайдын артынан которулуп алышты.Пайдасын коруп туртуп коюшту казактар.

    • @user-gm8vs4rz5y
      @user-gm8vs4rz5y Год назад

      Арданып журо бер.

    • @user-yt2xn3fk1z
      @user-yt2xn3fk1z Год назад +1

      Биржанга тен эмес.Билим,таалими ото томон экен.Бул кыз Биржанды бактылуу кылбайт.Алыс эле журогой.Биржан созсуз оз тенине жолугат.

    • @user-yt1yp8dd9w
      @user-yt1yp8dd9w 10 дней назад

      ​Ооба интерьвю берип айтты го

  • @user-ed8hg3xy4f
    @user-ed8hg3xy4f Год назад +26

    Эмнеге Нурайымды эрге бере албай эле эл кыйналат, жөн койгула жаштыктын доорун сүрсүн, окусун , билим алсын эми эле 18ге чыкты го.

    • @jannijannijan454
      @jannijannijan454 Год назад +6

      Ошо да Нурайым окуп билим алыш керек, билимдүү кыз болуш керек. Жаштыктын доорун сүрүш керек.Турмуш куруу эртелик кылат, Нурайым аябай жаш, бала эле бойдон.Эрге тий дегендерин түшүнбөйм. 😲Нурайым жаш али.

    • @jannijannijan454
      @jannijannijan454 Год назад +1

      Ошону айтсаң, жаш кызга улам эр жөнүндө жазышат. Эми 18 жашка толду, окуш керек, билим алыш керек.

    • @gdggzy5542
      @gdggzy5542 11 месяцев назад

      Ооба окусун ил мин оркундотсун турмуш качпайт озу бутуна туруп анан турмуш жонундо ойлонсун онорун оссун алтын кыз кыргыздын шам чырагы бол

  • @user-of4ix1no4m
    @user-of4ix1no4m Год назад +26

    Эчкачан Арман бактысыз суйуу ырларын ырдабачы ..нурайка...сен Али жашсын ..бактылуу шандуу ырлардан ырдасан ..

    • @user-mr5li3tt3d
      @user-mr5li3tt3d Год назад

      Эрик Шерик, сенден да жакшы соз чыгат экен ээ

  • @aimeerimamatbaeva7948
    @aimeerimamatbaeva7948 Год назад +9

    Нурайым болду буйруса ыр хит болот

  • @user-hm9zs8dp3c
    @user-hm9zs8dp3c Год назад +9

    кыргыздын кымбатсын деген ырды кундо 10 жолу уксам еми бул ыпды 20 жолу угам

  • @ramina_osm
    @ramina_osm Год назад +523

    Кичинекей кыздын капа кылбагыла,Эми осуп онуп келе жатат.Негатив жазып журогуно оорутпагыла.Жаман соз жанды оорутат.Ким менен ырдасан дагы,жалгыз ырдасан дагы онорун орго чапсын,озун кыргыздын кызы деген наамды бийик бийик коколотуп журо бер.Откондо жаздым эле сени Биржан менен аябай жакшы тааныдык,экоонор Тен татыктуусунар элдин алкышына,Ошон учун концертин ага карындаш болуп чогуу ырдап,Эл кутуп жатат,элдин алкышын,батасын алгыла, ата эненер суйунуп тоболору кокко жетсин.Кийин экоонор чогуу ырдабасанар да аранарда ынтымак,жакшы мамиле коштоп журсун Экоонорго Тен бул дуйнодо чон Бакыт каалайм.🤲🤲🤲🤲🤲🔥🔥🔥🔥🔥🌹🌹🌹🌹🌹👏👏👏👏👏

    • @user-qv8ti6nj7w
      @user-qv8ti6nj7w Год назад +33

      Коралбастык ичитарлар ыр сонун жеткизип ырдаган клип дасонун мазмуну дасонун жыргап угуп жатабыз Нурай Ичи тарларга конул бурба ырдайбер биз уга беребиз

    • @user-tu7vf6qe2c
      @user-tu7vf6qe2c Год назад +21

      Асалоому алейкум уа рахматклооху баракаату унуно Береке синдим бар бол алтыным Биржан экоонорду Алаахым жылдызынарды окшоштуруп койнон бактылуу бол ❤

    • @user-sr4ku7dr3v
      @user-sr4ku7dr3v Год назад +20

      Ии жаным капалыгын ыр менен жеткизиптир.Онорун осо берсин.

    • @user-bc8ci4um8l
      @user-bc8ci4um8l Год назад +22

      Биржандын атын чыгарган Нурайдын керемет уну!!! Нурай кыз жылдызын жанып Аллах колдосун!!!

    • @ambassadoratomy
      @ambassadoratomy Год назад +3

      Цццццццццццйцйцйцйцййцйцйцййййцйцйцййййцйцйцйцццйцйцц

  • @user-ql2ie3lf1f
    @user-ql2ie3lf1f 11 месяцев назад +54

    Нурайымды суук коздопдон , жаиан создордон сактасын.Булбулдай унуно береке Бактылуу бол🤲

    • @farxodalimov3677
      @farxodalimov3677 10 месяцев назад

      Assalomu alaykum. Raxmat. Yaxshi niyatlaringizni Allox amalga oshirsin. Omiyn

  • @user-is6lx9sv4m
    @user-is6lx9sv4m 11 месяцев назад +32

    Бөлексің Нұрайым , Астанадан сәлем🇰🇿🇰🇿🇰🇿🇰🇿👍👍👍👍👍асқақтай бер алға🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @user-yh1bl5xm1l
    @user-yh1bl5xm1l Год назад +60

    Нурайка жаш эркетай кызым укмуш ырдапсын журоктон журоко жеткирип, Жараткан колдоп жашоодо мунайбай Бактылуу болуп, чыгармачылыктын туу чокусуна жеткирип ЖЫЛДЫЗын жансын!🤲👍👍😘😘🥰🥰👏👏👏

    • @user-gm8vs4rz5y
      @user-gm8vs4rz5y Год назад +6

      Кудайым тилегинди берсин!!!Сонун ыр экен Эч качан мунайба
      .Журогунду,сезиминди ук.

    • @user-rl7re1bf6h
      @user-rl7re1bf6h Год назад +5

      Нұрайым қыз өте әдемі керемет ыр болыпты жарайсың алғалай бер чооң сахналардан өзіңді көрүге Жаратқан нәсіп етсің

  • @user-ne3mt2js1h
    @user-ne3mt2js1h Год назад +7

    Кутман Садыбакасовдун ыры болсо керек эле... Жакшы ырдапсын.

  • @user-cq5nx4vm8v
    @user-cq5nx4vm8v Год назад +8

    Барсан ушул кыздын концертине барышын керек да любой ырды келтирет

  • @cmf_kz
    @cmf_kz Год назад +6

    Ушул кыздын ырын уккан сайын уккун келет ыйлагын да келет

  • @user-nz3qr8oo9v
    @user-nz3qr8oo9v Год назад +50

    Ииий алтын кыз десе сонун ырдайсын да бакиылуу бол бактын тоодой болсун

  • @user-rl3hl7sd8g
    @user-rl3hl7sd8g Год назад +44

    Карындашым көз тийбесин Ырларын кайра кайра угабыз өтөө адамга жагумдуу ырдайсын.

  • @user-ye8vw3ph2p
    @user-ye8vw3ph2p Год назад +7

    Ееех садагам
    Алтыным бактылууу талааайлу болчу коз тийбесин

  • @user-yz3vd1mv2o
    @user-yz3vd1mv2o Год назад +43

    Торгойдун үнүн жактырбай, томсоруп жүрөм арданып... Нурайым кызым жактырган адамыңды көңүлүн алып койгун ,кийин өкүнүп калбагыдай бол, Тунук махабат каалайбыз. Чыгармачылык ийгиликтерди жарата бер.

  • @user-pv1xy4iv3k
    @user-pv1xy4iv3k 9 месяцев назад +13

    Керемет🎉 таланты қыз...Алла тіл көзден сақтасын❤..даусы қандай керемет

  • @user-vt4rb4ey5e
    @user-vt4rb4ey5e Год назад +11

    Жаман комент жазгандар тан калам бул кыз жаш баралына келгенде баары жакшы болот казак туугандар бул кызга жакшы создозду жазышат жакшы соз жан эргитет пейлибизди ондойлу

  • @user-nr8mx8ww8h
    @user-nr8mx8ww8h Год назад +45

    Нурай любой ырга жан киргизе ырдайт❤❤❤Ийгилик 🎉

  • @user-pu3zl8nz3w
    @user-pu3zl8nz3w Год назад +19

    Бала сүйсө бактылуу кылат

    • @user-nd4qr8hb5q
      @user-nd4qr8hb5q Год назад +4

      Эн туура ойду айтыпсыз

    • @uigdfyhvcchhvddov5149
      @uigdfyhvcchhvddov5149 Год назад +3

      8Чоон рахмат кызым журогум солкулдап ыйладым ырынды угуп балинцада жаткам журогум ооруп бул коз жашым суйунууштун жашы сен дей кызым боьгондо еки дунуйодо ыразы блмокмун кыз ым жок Биржанга барба Они кидалшики Буга емне кылып журду кечирим сураш керек болчу Еми Талантын Ансыз деле оркундой берсин Ошол Казактарды айткан сайын кыжырым кайнайт

    • @HcckkxgdlotllRxxfxf-ix4zp
      @HcckkxgdlotllRxxfxf-ix4zp Год назад +3

      @@uigdfyhvcchhvddov5149 эжеке рахмаат чоон энелер майрамыныздар мн куттуктайм мен Нурайымдын апасы Нурайым сиздин да кызыныз

    • @uigdfyhvcchhvddov5149
      @uigdfyhvcchhvddov5149 Год назад +1

      Рахмат Нураайдын Мамасы сага айтаарым Нурай биздин Асмандагы Жылдыз Жакабыздагы Кундуз Еки Козундун Карегин Кандай сактасан Нурайды ошондой сактагын Сага Аманат силерди коргум келет ооруп балинцадамын убакыт келер бир кун жоукканга

    • @HcckkxgdlotllRxxfxf-ix4zp
      @HcckkxgdlotllRxxfxf-ix4zp Год назад +1

      @@uigdfyhvcchhvddov5149 ооба Рахмат чоон кудай буйруса жолугушабыз

  • @NurtilekBaimyrzaev
    @NurtilekBaimyrzaev Год назад +23

    Аябай сонун ыр экен мага жакты Нурайым сага ийгилик каалайм азаматсын

  • @user-gt5gu4wv4h
    @user-gt5gu4wv4h Год назад +23

    Эмне деген керемет үн, уккан сайын уккуң келет чиркин.👏👏👏👍👍👍🔥🔥🔥

  • @user-pv8ov4ox6u
    @user-pv8ov4ox6u Год назад +8

    Кызым сен Периштесин!

  • @user-tr8yr8qn2q
    @user-tr8yr8qn2q Год назад +33

    Мага жалгыз ырдаганы жагат казак жигитсиз озун соонун жеткире ырдайсын

    • @user-il6yu1vh3o
      @user-il6yu1vh3o Год назад

      Чынында ал бузат жеткизе албайт

    • @jannijannijan454
      @jannijannijan454 Год назад

      Ооба , Нурайым жалгыз да жакшы ырдайт.

    • @user-yk5lw4gl3u
      @user-yk5lw4gl3u Год назад

      Талантын осо берсин

  • @user-vu4we4tt7i
    @user-vu4we4tt7i Год назад +79

    Сен ырдаган ырдын жаманы жок эн сонун унуно береке Биржан экоондон дует кутобуз🔥🔥🔥

    • @user-gf1uv2ul5o
      @user-gf1uv2ul5o Год назад

      Нурай сыр болбосо канчанчы жалко болосун

    • @user-sh3pw1ul4o
      @user-sh3pw1ul4o 11 месяцев назад

      Нурай беш алты жыл музыкалык мектепте окубасан деле ,Сенин унун баардык тонго тушот,профе стонал ырчылардан ашып тушосун,сага окутпай эле Кызыл диплом бериш керек

  • @user-vt4rb4ey5e
    @user-vt4rb4ey5e Год назад +13

    Нурай кызым Биржан баланын сени чындап суйорун билинди сенде сезим болсо жок дебе кыз жигит болуп журо бер 3 жылсыз турмушка чыкба билим ал суйуу кылмыш эмес го Аиданы корчу суйуу су учун канча казактар каршы болсо да кыргыздын кызынженилбешин билгизди

  • @a_m_a_n401
    @a_m_a_n401 Год назад +99

    Кандай гана талант. Унуно береке карындашым. Ийгилик каалаймын.

  • @user-zy9hl9ny4h
    @user-zy9hl9ny4h Год назад +10

    Укпай турупилайк❤

  • @Erkayum.Mersaeva
    @Erkayum.Mersaeva Год назад +6

    Азаматсын

  • @Shorts_750k
    @Shorts_750k Год назад +18

    Сенин унун абдан соонун керемет Биржан экоондон дует коргубуз келет кайгырган ырларды ырдагын кызым шандуу ырлардан ырды жаашоон жарык болсун сага бакыт каалаймын

  • @user-nz3qr8oo9v
    @user-nz3qr8oo9v Год назад +115

    Кайсы ырды ырдасан да коркуно чыгара ырдайсын да азамат 😘😘😘

  • @user-kc7qz2nr3b
    @user-kc7qz2nr3b Год назад +13

    Бар бол Нурайым. Сени жамандап жазгандар бир казакка кошомат кыласынар,алар бизди котормолобойт,биз оз кызыбызды колдоп жакшы соз жазалы. Мин жакшы болсо дагы башкасы,мен кыргыз кызын колдоймун.Ийгилик сага Нурайым.🎉

  • @user-zt6zq1gy7m
    @user-zt6zq1gy7m Год назад +78

    Нурайымга кучтуу продюсер керек

    • @user-qg5kl2mk1q
      @user-qg5kl2mk1q Год назад +1

      Мынча шаштынар секинден болот

    • @jannijannijan454
      @jannijannijan454 Год назад +3

      Продюссер жок экен, болсо жакшы болоор эле, билбегенин үйрөтүп, жетелеген жакшы эле да.🤔.

    • @user-ce9jp9dj5p
      @user-ce9jp9dj5p Год назад +1

      Нурайдым продюсери ЭЛ!

    • @CholponaiBekmametova
      @CholponaiBekmametova Год назад +1

      @@jannijannijan454 продюсери бар Ким айтты жок деп

    • @jannijannijan454
      @jannijannijan454 Год назад

      @@CholponaiBekmametova продюссери ким?
      Продюссери жок экен дешкен эле.

  • @user-yj4xk8ut9h
    @user-yj4xk8ut9h Год назад +14

    Азаматсын Нурай ырдай бергиле Биржан экоонор ага карындаш болуп. Ичи тар короалбастардын айткандарына конул болбогуло . Ит уро берет, кербен журо берет . Силердин кербенинер узаак узака журо берсин.

  • @user-pd1rj5uh6p
    @user-pd1rj5uh6p Год назад +21

    Эн сонун,унуно береке.

  • @aza_gamer
    @aza_gamer Год назад +84

    Нурайым эже сизге ийгиликтерди гана тилейбиз чыгармачылык ийгилик, жакшы ниет жарым ырыс дегендей жакшы ниет кылсаныз баары жакшы болот!!!

  • @user-hj9yx9dr5q
    @user-hj9yx9dr5q 7 месяцев назад +5

    Нурайка биз сени менен сыймыктанабыз бактылуу келечеги кең жаштардан бол үнүң өчпөсун 😘😘😘

  • @user-ef4xt7mn6n
    @user-ef4xt7mn6n 8 месяцев назад +11

    Неужели Кудай возродил Нурайым❤ - настоящую кыргызку с кыргызким именем, кыргызский настоящий свой голос из покон веков пели кыргызы. 🙏 Удачи тебе красотка! Голос - бриллиант!

  • @jypargulalimbaeva47
    @jypargulalimbaeva47 Год назад +23

    Вауууу сооонун ырдапсын,ийгилиик

  • @rassrass2820
    @rassrass2820 Год назад +34

    Эң сонун чыгыптыр кызым үнүнө береке.👍💋

  • @user-dq1dv7kd1n
    @user-dq1dv7kd1n Год назад +57

    Нурайка сен жашсың таланттуусун, Биржандын сага болгон сүйүү сезимдери аябай жанып турганы ачык эле көрүнүп турат. Бирок силер азыр турмуш курганга аябай эрте, жаштыгыңарды өкүнбөгөндөй тургандай кылып өткөргүлө. Бирок экөөнөр мамилеңерди үзбөй кыз-жигит болуп калгыла.

    • @threedancenowkids7264
      @threedancenowkids7264 Год назад +5

      Биржандан да мыкты жигиттери бар гой Кыргыздын

    • @user-mr5li3tt3d
      @user-mr5li3tt3d Год назад +3

      Биржан эч качан Суйгон эмес, озунун жеке кызыкчылыгы учун хайп кылып жургон

    • @user-tt6rq1rq1q
      @user-tt6rq1rq1q 11 месяцев назад

      Ллшх1яыыы

  • @SamsungSamsung-nw3xr
    @SamsungSamsung-nw3xr Год назад +7

    Нурайым сага класс классикалык ырларыды ырдоо жарашат

  • @user-vz2ol1tw3q
    @user-vz2ol1tw3q Год назад +91

    Азаматсын !!! Эч кимге салыштырып болбойт Нурайымдын талантын

  • @user-dt4gy5fo8j
    @user-dt4gy5fo8j Год назад +27

    молодец унуно береке 😍😍😍😍

  • @user-ii6gh3gw4m
    @user-ii6gh3gw4m Год назад +128

    Молодец, что сказать, кроме похвалы, исполнение от души и для души, если меня задевает твоё исполнение, человека далёкого от Кыргызской эстрады! Браво!!! Вперёд!

    • @user-ry4cs3dn3j
      @user-ry4cs3dn3j Год назад +1

      Юж

    • @user-ry4cs3dn3j
      @user-ry4cs3dn3j Год назад

      Ю
      .
      .
      Ю.ю.
      Юлия
      )
      .
      Юю
      Х.

    • @nasikatmyrzakulova3405
      @nasikatmyrzakulova3405 Год назад +3

      Нурайка очпосун добушун чыгармачылык Ийгилик.Нурайка сага шандуу ырлар жарашат жашсын.Мундуу ырлар сага топ келбейт.Таластан.

  • @user-vy3xj9om1e
    @user-vy3xj9om1e Год назад +11

    Нурайка кызым сен Биржан менен гана бактылуу болосун апанын тилеги окунуп калбаш керек да кийин

    • @ajaraatamkulova5888
      @ajaraatamkulova5888 Год назад +4

      Ушу жабыштырганды койгулачы,Аны биз чечбейбиз ьуйругу болсо болот ,мен дагы дуэттин фанатымын,Эми болбосо болбойтта эмне кылалы. Эки команда болуп кетик окшойт фанаттар. Мен кантседа озубуздун кызыбыз тарап сын анын тандоосун сыйлайм

    • @user-qv8ti6nj7w
      @user-qv8ti6nj7w Год назад +2

      Мындан кийин армандуу ыр ырдабагын Алтын кызым бактын бажырайып ачылзын

  • @seitekakmatov8129
    @seitekakmatov8129 Год назад +17

    Сонун клип

  • @cholponkarybai7392
    @cholponkarybai7392 Год назад +16

    Алтын кыз Нурайка чыгармачылык ийгилик. 🎉🎉🎉Эн негизгиси бактылуу бол.Ак жол!!!

    • @user-ng4hk9ol7y
      @user-ng4hk9ol7y Год назад

      Алтын кыз нурайымчыгармачылык ийгилик каалаймын келечекте бактылуу бол суйгонунду тап 🍊🍎🍏🍓

  • @user-ik4du8pm9j
    @user-ik4du8pm9j Год назад +7

    Нурайка ото соннун ыр болуптур кобунун журогун орутттун,,,,,,

  • @user-yz1zl4tc8q
    @user-yz1zl4tc8q Год назад +9

    Азаматсын ырларын мага аябай жагат оркундой бер

  • @user-ye5gr2ju1i
    @user-ye5gr2ju1i Год назад +11

    Укмуш

  • @user-fi3kx9or9e
    @user-fi3kx9or9e Год назад +13

    Ыр жакшы экен сонун чыгыптыр. Гавай сонун болуп калыптыр Турция сыяктуу. 20жолу уктумго улам улам угуп жатам

    • @moi.zelenyi.sad312
      @moi.zelenyi.sad312 Год назад

      Гавай эмес. Парк ынтымак жакта бар ошондой жер. 🥰

  • @user-vn1pd4oi4p
    @user-vn1pd4oi4p Год назад +14

    👏👏💐 Карындаш келечегин кен болсун

  • @user-ch4vj2xm4r
    @user-ch4vj2xm4r Год назад +12

    Нурайка красавица аябай соонун ырдайсын унун жакшынакай кандай ыр болбосун ото соонун ырдайсын бут ырларын жагат мага синдим ийгилик каалайм сага булбулдай унун очпосун эч качан сени жакшы коромун 👍🥰👏🌹❤️

  • @nurzatabdymametova1675
    @nurzatabdymametova1675 Год назад +9

    Жонокой кийим жонокой ыр периште Кыз баары сонуун анча мынча клипти коруп тажайсын бул ырдан эс алып уктум дем Алышта соооннуууууууун

  • @user-fo2jt3sq8r
    @user-fo2jt3sq8r 8 месяцев назад +3

    Бу киз бунча ширин киргиз элининг келажаги кошикларини кайта кайта эшитим иллохим бахти хам озидек ширин болсин ❤❤❤❤❤❤❤

  • @user-kb1tz3od4z
    @user-kb1tz3od4z Год назад +12

    Кагылайын кара кыз
    Унуно береке жожо
    Омурлуу бол кара кыз❤

  • @user-gg6zz7bz2n
    @user-gg6zz7bz2n Год назад +46

    Онорун осо берсин коп бийик бийик ийгиликтер болсун сени ар дайым колдойм Нурайка сулуу кыз ❤

  • @Gjfhgdh-ov6on
    @Gjfhgdh-ov6on Год назад +22

    Үнүңүзгө береке мен ардайым сизди колдойм

  • @huanlopes2591
    @huanlopes2591 Год назад +5

    Нурайка сен кучтуу бол ❤❤❤

  • @user-vb8vs8jo3p
    @user-vb8vs8jo3p Год назад +9

    Нурайка сонун баардык жагы
    Биржан билимдуу озуно ылайыктуу экоо ырдаса эле эч нерсе болбойт

  • @jannijannijan454
    @jannijannijan454 Год назад +7

    Кутман Садыбакасов ырдаган дагы бир жакшы чыгарма бар экен
    " Сезим жанары " деген ошол ырды да ырдап койчу. Ошол ырды сенин аткарууңда уккубуз келди.

  • @KasimbekKenenbaev-kg9cj
    @KasimbekKenenbaev-kg9cj Год назад +42

    Азаматсын дурус! Нурайка алга алга Кызыл-жар Бишкек Кыргызстан

  • @user-dg1ox9gf6c
    @user-dg1ox9gf6c Год назад +10

    Башка ырчылар озунун тусуну ойлоп кандай чыгам деп ырташса, А Нурайым эже ушунчалык ырына берилип журоктон ырдайт бул жашоодо бардык жакшылыктарды сизге калайм

  • @user-ux8he7bj6t
    @user-ux8he7bj6t Год назад +16

    Нурайка алтын кыз унуно береке,аман бол!

  • @user-ol8qf8hb2n
    @user-ol8qf8hb2n Год назад +7

    Үнү өзгөчө, бар бол сиңдим.жаман-жакшы создорду эки жака таштап туз жолдо басып кет.Баарын убакыт даарылайт, ордуна койот.❤

  • @user-gh8wq1ek6f
    @user-gh8wq1ek6f Год назад +30

    Молодец супер унуно береке сонун ырдайсын омурун узуг ден соолугун бекем болсун биз сени колдойбуз алга❤❤❤

    • @user-qv8ti6nj7w
      @user-qv8ti6nj7w Год назад

      Кошконун менен кошо кары бактылуу бол тилегине жет жаман создон жаман коздон сактазын омурун узун болзун ширин кызыбыз

  • @nurjamaleshimbekova9133
    @nurjamaleshimbekova9133 Год назад +27

    Кандай гана талант.Ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн сени сулуу Нурайка

  • @user-rp5gg7lw3h
    @user-rp5gg7lw3h Год назад +30

    Ананайын карындашым кудайым колдосун жаман создордон жаман коздордон Аллахым сактасын

  • @user-ty4ig3xt8j
    @user-ty4ig3xt8j Год назад +7

    Ананып кетейин унуно береке коз тийбесин

  • @user-rf2jq9cf8m
    @user-rf2jq9cf8m Год назад +21

    Жанм менин сага жетбей эле арманда калып кеттимго 😢

  • @user-rj1wz1nb5d
    @user-rj1wz1nb5d Год назад +9

    Ар бир ырдаган ырды коркуно чыгарган чыныгы талант. Бактылуу бол кызым.Чыныгы сени суйгон инсан менен бактылуу бол. Озун жапжаш болсон да суйуу ырларын тим эле шумдук ырдайсын да кызым

  • @AkbariToktosunova
    @AkbariToktosunova Год назад +6

    УНУНДОН Сенин,, !!,,,АЛЛАХЫМ.бактынды ачсын,ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ИЙГИЛИК!!!!

  • @user-li2qm6hd3t
    @user-li2qm6hd3t Год назад +10

    Алтын кыз унуно береке аллахым колдоп журсун Сенин омурун келечегин али алдыда жаман коз жаман создон аллахым колдосун

  • @user300k12
    @user300k12 Год назад +24

    Нурайым кызым кандай ыр болсо дагы жакшы аткарасын. Бул ырын дагы жогорку дэнгеелде аткардын. Жашсын, Келечегин алдыда. Чон ийгиликтерге жетиш. Омурун узун денсоолукта болуп аман эсен бол . СЕНИ сыйлап талантынды баалап, сага чыгармачылыгына жолок болуп бийик которгон эр жигит жолуксун .Бактылуу бол.