Кыргызча минусовка караоке ТҮНКҮ СЕРЕНАДА тексти менен

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 19 сен 2022
  • 🎵 Турар Кожомбердиевдин сөзүнө жазылган Бабаравшан Тургунбаевдин "Түнкү серенада" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.
    🎤МЕЛИС ЭЛЕБЕСОВ - Түнкү серенада ырынын үнү бар (плюс) варианты • МЕЛИС ЭЛЕБЕСОВ - Түнкү...
    🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
    🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
    ✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
    ✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
    ☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
    ☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
    🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
    🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
    🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
    👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
    💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
    ❗ ЭСКЕРТҮҮ:
    © Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
    Мелис Элебесовдун өздүк ютуб-каналы: / @melis_elebesov
    #ыркесе #мелисэлебесов #тункусеренада #karaoke_kg #yrkese
    ======================================================
    Түнкү серенада
    Мелис Элебесов
    Сөзү: Турар Кожомбердиев
    Обону: Бабаравшан Тургунбаев
    ==================================
    Жарыкты кууп тебелеп,
    Жылдызды көккө себелеп.
    Түн келди жумшак, жыпжылуу,
    Көз кылып Айды тегерек.
    Жымырайт жылдыз түмөндөп,
    Ай санайт баарын түгөлдөп.
    Аккуулар ойнойт өркөчтүү
    Толкунду минип, жүгөндөп.
    Кучактап жумшак булуттай:
    - Сүйөмүн, - дедиң унутпай.
    Ошол сөз кызыл гүл болуп,
    Жүрөктөн өсөт уруктай.
    Унутпайм өрттүү кезимди,
    Өчүрбөйм ошол сезимди.
    Сүйүүдө кармайм туу кылып,
    Жылдызга толгон көзүңдү.
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии • 4

  • @Yrkese
    @Yrkese  Год назад +1

    🎵 Турар Кожомбердиевдин сөзүнө жазылган Бабаравшан Тургунбаевдин "Түнкү серенада" ырынын караокеси тексти менен.
    ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз:
    👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет!
    📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)!
    📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз!
    ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!

  • @user-js2td2hw5c
    @user-js2td2hw5c Год назад +1

    Сонун чыгыптыр азаматсыздар ийгиликертер көп болсун дагы чыгарып тургула !

    • @Yrkese
      @Yrkese  Год назад +1

      рахмат

  • @user-rf8zo3ho7z
    @user-rf8zo3ho7z Год назад

    Жаш кезди эстейсиң го.👏👏👍