Асанкалый Керимбаев - Шуулдаба теректерим

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 13 янв 2025

Комментарии • 37

  • @КубанСултаналиев-ч1ч

    Асанкалый Керимбаев улуу талант эле. Арабыздан эрте кетти аттин арман, жаткан жери жайлуу болсун. Ушул аганын ырларын чарчаганда эс аласын. Кандай керемет обондорду жаратып калтырып кетти элине.

  • @muktaromorov5396
    @muktaromorov5396 8 месяцев назад +11

    Ушул ыр менен ата-энелерибизди эстетип турган Асанкалыйга миң мертебе рахмат.Жайың жаннатан болсун.Оомийн!!!

  • @ЗамираМурзакматова-к3ш
    @ЗамираМурзакматова-к3ш 5 месяцев назад +6

    Кайран талант ылайым жаны жанатта болсун. Мниинда ыйлагым келет

  • @СалымжанКудайбердиев
    @СалымжанКудайбердиев 6 месяцев назад +5

    Керемет текст керемет обон! Керемет аткаруу!

  • @АйшаАбакирова-з3д
    @АйшаАбакирова-з3д 2 года назад +15

    Не Деген керемет ыр созу обону топ келишкен улуу талант Асанкалый Керимбаев! Сиздей талант Бир кылымда Бир жаралат эгерде жаралса Кайран кайталангыс улуу Инсан!

  • @gulnurattk4651
    @gulnurattk4651 12 часов назад

    Балалык. Радио. Керемет

  • @ИсабекМуратбеков
    @ИсабекМуратбеков 2 года назад +20

    Чон атамдын козу отуп,анын артынан агам отуп,кайра чон энем отуп,кайра эле дагы Бир агам олуп,жашоо-озу трагедия ушул ырды уксам Бир жолу ыйлап алам кайрандарым жайыныздар Жаннаттан болсун.

  • @ЖолборсСатиев-р8ч
    @ЖолборсСатиев-р8ч 9 месяцев назад +11

    Сөзү: Салижан Жигитовдуку.
    Обону: Асанкалый Керимбаевдики
    Аткаруучу: Асанкалый Керимбаев
    Жаткан жериңиздер жайлуу болсун,топурагыңыздар торко болсун! Оомийин.

  • @muktaromorov5396
    @muktaromorov5396 8 месяцев назад +5

    Аталарыбыздын элесин,кылган иштерин эстеп,өзүбүздү өзүбүздү сооротуп өтөбүз...

  • @匿名-g4p6d
    @匿名-g4p6d Месяц назад

    Түгөлбай мен сизди биринчи жолу Караколдон коруп көп жылдар бою сизге деген жылуу сезимди сактап келдим мен анда жаш кыз элем Сизге ден соолук бактылуу карылык каалаймын.

  • @ГулнараМинбаева-з6н

    Ырдын сөзү да, обону да абдан сонун, азаматтар

  • @КымбатЭже
    @КымбатЭже 4 месяца назад +4

    Кайран гана таланттуу инсан неге мынча мунканып ырдадын экен???... Аттин омурундун аздыгы ай...🥀🥀🥀😪😪😪.. Бишкек 2024-ж.

    • @Омур.с
      @Омур.с 3 месяца назад

      Токтогул акынды каматкан Керимбай болуштун урпагы деп айтып калышат, чын-тогунун ким билсин... Илгери ырдаган адамды бакшы деп,тектуу адамдар ото жек корушчу экен. Мумкун жанагы бумеранг(Кайтар дуйно)деген себеп болгондур,ким билсин. Асанкалый агабыз баары бир таланттуу адам да, мундуу болсо да ырлары уккулуктуу, уну керемет талант!

  • @shekerbekaliev2985
    @shekerbekaliev2985 Год назад +5

    Эн сонун ыр.Созу С.Жигитовдуку беле? Жайын бейиште болсун, Асанкалый аба!

  • @ermekkyrgyzbaev6931
    @ermekkyrgyzbaev6931 2 года назад +8

    СОЗ ЖОК . КАЙРАН АСАНКАЛЫЙ АГАБЫЗ . ЖАЙЫ ЖАННАТТЫН ФИРДАУСУНДА БОЛСУН . 😢😢😢☝🏽☝🏽☝🏽🤲🏻🤲🏻🤲🏻 АДМИН АЛЛАХЫМ ЫРААЗЫ БОЛСУН .

    • @Neymarjr-fb7hb
      @Neymarjr-fb7hb Год назад

      Бул киши да отуп кеткенби😥😢🥺менин атам жакшы корчу ырларын....атам да оттуп кетти,🥺😢😥

  • @НурайЧаянова
    @НурайЧаянова Год назад +2

    Ата эне баарыбызга аска зоо болот турбайбы.асанкалый агабыздын ушу ырын коп угам.атам ыраматылык меенетти суйгон киши эле.агайыбызга ыраазы болом керемет ырды калтырган.

  • @ИсраилКадыров-в5ц
    @ИсраилКадыров-в5ц 10 месяцев назад +2

    Ото сонун ыр асаке сиздей акындар коп болсун

  • @КутуКутуев-р4л
    @КутуКутуев-р4л Год назад +5

    Атамы эстеп ыйлап отурам

  • @СыргаТургенбаева
    @СыргаТургенбаева 2 года назад +15

    Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
    Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып.
    Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
    Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.
    Шуулдаба, терегим, теректерим,
    Шуулдасаң эсиме келет менин:
    Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
    Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
    Тоо койнуна кысылган кыштагымдай,
    Там-ташы бар түзөңдүн төш жагындай.
    Турар эле шуулдап миң түп терек,
    Тигип койгон атакем жаш чагында.
    Шуулдаба, терегим, теректерим,
    Шуулдасаң эсиме келет менин:
    Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
    Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
    Оо, анда мен бактылуу бир баламын,
    Оюн, күлкү, көпөлөк - уулаганым.
    Уктаганым байкабай калар элем,
    Угуп жатып теректер шуулдаганын.
    Шуулдаба, терегим, теректерим,
    Шуулдасаң эсиме келет менин:
    Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
    Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
    Атам өлүп, артынан апам ооруп,
    Айыкпаган дартынан каза болуп.
    Ошондо да теректер шуулдаган,
    Коштошкондой көрүнөө капа болуп.
    Шуулдаба, терегим, теректерим,
    Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
    Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
    Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
    Өтүп барат бул заман зуулдаган,
    Өтүп барат зуулдап улуу заман.
    Кайрандарым, а силер жатасыңар,
    Терек муңун туйбастан шуулдаган.
    Шуулдаба, терегим, теректерим,
    Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
    Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
    Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
    Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
    Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
    Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
    Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
    Шуулдаба, терегим, теректерим,
    Шуулдасаң ачышып каректерим.
    Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин,
    Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин

    • @shekerbekaliev2985
      @shekerbekaliev2985 Год назад +2

      Текстин жазып койгонунузга ыракмат!

    • @АрвСп
      @АрвСп Год назад +2

      Рахмат текстке

    • @Абдувап
      @Абдувап 15 часов назад

      Рахмат. Бар болунуз

  • @ЖенишбекЖолдош
    @ЖенишбекЖолдош 2 года назад +4

    Дайыма угамын

  • @ЖумабекЖумабек-х5ж
    @ЖумабекЖумабек-х5ж 19 дней назад

    ❤❤❤Ностальгия😢

  • @Anara-pr5qy
    @Anara-pr5qy Год назад +2

    Браво

  • @сапарбейшеев-п8ц
    @сапарбейшеев-п8ц 2 года назад +3

    Асан ага кандай адам эле .арты кайрылуу болсун 😢😢😥

  • @АкылбекМаматкулов-э1б
    @АкылбекМаматкулов-э1б 7 месяцев назад

    Азаматсынар

  • @АбдинасирЭрматов
    @АбдинасирЭрматов 2 года назад +4

    Керемет

    • @АртемАртемов-я8р
      @АртемАртемов-я8р Год назад

      Асоломалекум Кайран маркумдар Салижандын ыр сабына Асанкалы топ жараткан обонду угуп туруп ыйлайсын менин Атам энемди мен чонойгон жаш чагымды жазгандай. Мен учун бул ыр журоко кадалды аты аталган инсандарга бейишин берсин Алладан тилейм .

  • @MuratKokulov
    @MuratKokulov Месяц назад

    Ушул ырды укканда отто зейиним кейип буулугуп ыйлап алам атин арман эң биринчи иним андан кийин эң уулу агам, андан атам анан эң менин сүйүктүү апам анан экинчи агам бул дүйнө менен кош айтышты.Алардын өстүргөн дарактары ук ушул күнгө чейин щубулдап өсүп көктөп жатат атин арман. А бирок ата энем уч бир тууган . боорлорум жок

  • @КамалидинЭралиев
    @КамалидинЭралиев Год назад +4

    Асанкалый Керимбаевдиндеген керемет ыры бар эле. Ошонун оригиналы (өзүнүн аткаруусунда) болсо чыгарып койгулачы сураныч.

  • @РыскулБатыров
    @РыскулБатыров 11 месяцев назад +2

    Ушул обон ушул текст эч эсимден кетпейт ар дайым угуп турам