Мыктыбек Мыйманбаев - Серенада / Жаны ыр Хит 2024

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 27 сен 2024
  • Сөзү: Темирлан Рустамов, Обону: Замир Токтоев
    «Серенада»
    Күн батып тез эле,
    Билинбей эч эле,
    Ай менен сырдашып,
    Сагынган түндөр..
    Сага жолукканда,
    Жүрөгүм сүрдөсө,
    Сүрүн басчу эле,
    Жылмайган көздөр!
    Сүйүүдөн ырларды,
    Жүрөгүм тындады.
    Жамалың көрбөсөм,
    Сагынып келем.
    Сезим булукканда,
    Сага жолукканда,
    Сагынган санаамды,
    Мен Ырдап берем…
    Кайырма;
    Серенада ырдап келем,
    Жалгыз жаным өзүңө.
    Кыялымда мен жашаймын,
    Кара жаным көзүңдө.
    Серенада ырдап келем,
    Терезеңдин түбүнө.
    Сен дегенде чарчабаймын,
    Ырдай берем күнүгө…
    2:
    Кусалык токтобой,
    Күнүгө ошол ой,
    Жолугуп калсак биз,
    Жаным жомоктой.
    Бир өзүңдөн гана,
    Мен сезимди каалап,
    Сүйөм деп айтмакмын,
    Көзүңө карап…
    Жылдыздуу күлгөнүң,
    Бал таттуу сөздөрүң,
    Сүйүүмдү күчөттүм
    Катып жүрөккө.
    Сезимди түшүнбөйм
    Жаштыгым үчүн дейм
    Өңүмдө көрбөсөм
    Түшүмдөн издейм…
    Кайырма;
    Серенада ырдап келем,
    Жалгыз жаным өзүңө.
    Кыялымда мен жашаймын,
    Кара жаным көзүңдө.
    Серенада ырдап келем,
    Терезеңдин түбүнө.
    Сен дегенде чарчабаймын,
    Ырдай берем күнүгө…

Комментарии • 36