Титаник | Абдиламит Матисаков | аудио китеп | аңгеме

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 29 авг 2023
  • Кыргыз эл жазуучусу Абдиламит Матисаков сыясы кургай элек аңгемесин мага окууга жиберди. "Титаник" - бул Анталиядагы мейманкана. Эс алууга барган ата-эне менен сезондук иште жүргөн өзгөндүк Зуура, түрдүү жагдай-шарттагы кыргыздарды бир жерде жолуктурган, деңиз жиреп жөнөп берчүдөй турган "Титаник"... Кимди эмне түйшөлтүп, кандай ойго салып турат? Аңгемеден угуп, пикир калтырыңыз.

Комментарии • 34

  • @abdilamitmatisakov6625
    @abdilamitmatisakov6625 11 месяцев назад +7

    Төрөкул, сага чоң ракмат,сенин доошуң менен окулган чыгармалар экинчи өмүр алгандай сезилет, анткени таланттуусуң , кыргыз адабиятына,маданиятына Титаниктей эмгек жараткан адамдардын бирисиң, талантыңа береке!

    • @user-jo7vp5vu5x
      @user-jo7vp5vu5x 9 месяцев назад

      Сизге да чоон рахмат

  • @Nuriza_Paizidinova
    @Nuriza_Paizidinova 11 месяцев назад +5

    Мына сага🔥🔥🔥 Аңгеме деп ушуну айт. Биздин Матисаков Абдиламит Мурзаевич агайыбыздын дагы бир мыкты чыгармасы ар бирибиздин жүрөгүбүздөн орун алат👍👍👍 Агайдын шакирти болгонума дагы бир ирет сыймыктануу менен айтат элем,агай сиз мыктысыз,калемиңиз дагы да курчуй берсин👏👏👏
    Сиздин мыкты окуучуңуз Нуриза Пайзидиновна!!!

  • @user-dp2mb5hb2h
    @user-dp2mb5hb2h 11 месяцев назад +3

    Автор алтын менен күмүштүн ширелишкениндей жылдыз сөздөр, тесмедей шыңгыр сөздөр, жүзүмдөй ширин сөздөр, бирин-бири ээрчиген эгиз сөздөр, уккулуктуу, күчтүү сөздөр менен Эгемендигибизге эң сонун аңгеме-белек калыптыр!
    Абдан ойго салды. Ар бир сүйлөм, диалогдордо олуттуу ойлор оор жүк көтөрүп турат. Чыгарманын аталышында айтылчу чоң идея катылган. Доор, жылдар алмашса да добушу жаңырыктаган, мезгил боёктору түк өчпөгөн, муз жирегендей муңайым (шаңдуу эмес) жүргүнчүлөрдүн маанайын чагылдырган чыгарма экен. Жунус абанын Ала-Тоого келгендеги көңүлүнүн бир аз ачылышы алдыдагы улуу үмүт, тилек, ийгиликтердин жылмайышындай жылуу сезим тартуулаган таттуу чыгарма болуптур. Баракелде, бар болуңуз, балдай аңгемелердин багбан жазуучусу, эл сүйгөн, элин сүйгөн биздин агай!..☀️🔥
    Көрктүү окуган жигитке чоң алкыш!🙏

    • @user-lj2xm6py5x
      @user-lj2xm6py5x 11 месяцев назад +2

      Төрөкул иним,бүгүнкү майрамыңар менен!Мыкты чыгармалар окуп, кыргыз элинин булбул үндүү таланттуу уулу болуп жүрө бер. Матисаков агайыңдын "Титаник" агемесин келиштире окупсуң, эки жолу уктум, мыкты экен!

    • @DoorovT
      @DoorovT  11 месяцев назад

      @@user-lj2xm6py5x чон рахмат!

  • @user-yl7su3lc1b
    @user-yl7su3lc1b 11 месяцев назад +2

    Абдан жакшы чыгарма болуптур экинчи болугу чыкса соонун болмок зуура Кыз жонундо .слон рахмат🎉

  • @user-ym8gg7jl6b
    @user-ym8gg7jl6b 11 месяцев назад +2

    Ооба Титаник отельи Антальяда Кундуда😅

  • @aizadakalik319
    @aizadakalik319 4 месяца назад +2

    Торокул Дооровдун ар бир окуган чыгармасы жан дуйнонун "терапиясы".Ушунча чыгарманы КРдан алыс журсок кайдан таап окуйт элек...Ыраазыбыз чон, Торокул!

    • @DoorovT
      @DoorovT  4 месяца назад +1

      Чоң рахмат жылуу пикириңизге! Бул мага күч-дем берет.

  • @gulantemirbaeva9846
    @gulantemirbaeva9846 11 месяцев назад +2

    Экөөңө тең чоң рахмат. Көпкө чейин ойлонуп жаттым. Мазмууну терең...

  • @tophcubai6435
    @tophcubai6435 9 месяцев назад +1

    Азаматсың үкам, таза менин тилимдеги чыгарма экен

  • @user-fu3le5wi1r
    @user-fu3le5wi1r 7 месяцев назад +1

    Рахмат чоң ыраазычылык билдирием

  • @user-yi9me5kg9o
    @user-yi9me5kg9o 11 месяцев назад +2

    Кандай кана соонун ангеме👍авторго, дикторго чоон рахмат, оркундой бергиле⚘

  • @user-hz2gf2bk7f
    @user-hz2gf2bk7f 11 месяцев назад +1

    Мыкты аңгеме. Бир сөз менен айтканда шедевр.

  • @user-pt2it6uw1t
    @user-pt2it6uw1t 11 месяцев назад +2

    Мыкты! Абдиламит агайдын стилистикасы укмуш! Ийгилик каалайм агай!

  • @user-cz7mg3uj7z
    @user-cz7mg3uj7z 10 месяцев назад +3

    Укмуш окуган даагы чыгармаларды кутобуз

  • @user-wu2zx2os8t
    @user-wu2zx2os8t 11 месяцев назад +3

    Унунуз соонун сизге ийгилик!

    • @DoorovT
      @DoorovT  11 месяцев назад

      Чон рахмат!

  • @user-mr8fv2lf8o
    @user-mr8fv2lf8o 11 месяцев назад +2

    Мыкты чыгарма, уккулуктуу үн коштоо, бар болунуздар.

    • @DoorovT
      @DoorovT  11 месяцев назад

      Рахмат!

  • @Nurdin-dp7rg
    @Nurdin-dp7rg 9 месяцев назад +1

    Ээ канчалаган Зууралар сыртта журот.

  • @user-vj1uy2yw7d
    @user-vj1uy2yw7d 11 месяцев назад +1

    Жан досум, «Титаник» чыгарманды окуган окуучун да укмуштуудай кублуштуруп окуду. Угуп жатып, коз алдымда Сени менен алтындай болгон Жаныл аяшымды элестетип кеттим. Жан досум аяшым экоон дуйнону коп кыдырып, мигранттардын жашоо турмуштарын да жакшы билгендигинден, Зууранын турмушун чагылдырыпсын. Чынында, чет олколордо коптогон жаштарыбыз ар кандай жумуштарда иштешип, Кыргызстанда калган ата - энелерине, туугандарына жардам беришет, а кээ бирлери эптеп жашоонун кыйынчылыктарында журушот. Сенин жан дуйнон бай элдик жазуучулардансын, чыгармачылыгын «Титаниктей» оркундой, мейкиндикте сузуп, коптогон чыгармалар жарык коро берсин!

  • @user-uf9gn2ti9t
    @user-uf9gn2ti9t 11 месяцев назад +1

    Мазмуну терең соонун жазылыптыр,окуганы да чыгармага.жан киргизип окуптур .Ден соолукта болуңуздар асыл адамдар.

  • @user-wr8st8rr2c
    @user-wr8st8rr2c 11 месяцев назад +1

    Бүгүнкү күндүн көйгөйүн көтөргөн аңгеме экен.Чынында балдарыбыз жаштарыбыз тентип барбаган жери деле калбады окшойт.Анан эмне кылышсын өлкөбүздө жумуш жок болсо...Келген эле ажоолор ажыдаарга айланып өз кызыкчылыгынан чыгалышпаса?Элге жерге күйгөн инсан келсе өлкөдө жумушчу орундарын ачса,тентибей алар да өз жеринде иштемек!

    • @DoorovT
      @DoorovT  11 месяцев назад

      туура айтасыз. Өтө оор суроолорду сюжетке өтө этияттык менен киргизип, эң башкысы жасалмалуугу жок, чыныгы турмуштун картинасына кошуу деген - чоң талант.

  • @Nuriza_Paizidinova
    @Nuriza_Paizidinova 11 месяцев назад +1

    Төрөкул Дооров агай да мыкты окуптур,бали!!!

    • @DoorovT
      @DoorovT  11 месяцев назад

      Рахмат

  • @user-jq8we1cj6e
    @user-jq8we1cj6e 11 месяцев назад +2

    👍👍👍👏👏👏

  • @-shr97
    @-shr97 8 месяцев назад +1

    👍👍👍👍👍

  • @user-nx5hx9sy6r
    @user-nx5hx9sy6r 11 месяцев назад +1

    ❤❤

  • @user-kw8gc3gc8j
    @user-kw8gc3gc8j 11 месяцев назад +1

    ❤❤❤

  • @jumashdatka1489
    @jumashdatka1489 9 месяцев назад

    👍👍👍👍

  • @tophcubai6435
    @tophcubai6435 9 месяцев назад +1

    Азаматсың үкам, таза менин тилимдеги чыгарма экен